Фейсбуктагы табылгалар

Алма Түсүпбекова, казак акыны

СЕНИ САГЫНДЫМ

Айдың көлдөн жалгыз аккуу көргөндө,
Жамы-тирлик жанга келип төнгөндө,
Күндөр өтсө шаңдуу, муңдуу, шерменде,
Сени сагындым…

Сагынычка кандай гана жан чыдар?
Өткөн күндөр сезимимди камчылар,
Тереземди каккан кезде тамчылар,
Сени сагындым…

Аян болуп мен жазуучу дастанга,
Аялуу сыр тунган кезде асманга,
Айсыз түндөр тумчуктура басканда,
Сени сагындым…

Асыл өмүр арманда өтүп аңгырап,
Алым куруп турган кезде шалдырап,
Калкып келип кулаганда жалбырак,
Сени сагындым…

Колума алып өзүң жазган каттарды,
Кезип келем биз жүрүүчү бактарды,
Көргөн кезде кулап жаткан ак карды,
Сени сагындым…

Жакшылыкты кабар берип эртеңим,
Чакырганда жылбай турат эрте күн,
Бирок, бирок… кажыганда келте муң,
Сени сагындым…

Кыргызчалаган Темирбек Алымбеков

 

Жыргалбек Касаболотов

ТУЛПАР ТУШУНДА

Артымдагы милдеттерим такымдап,
Алдымдагы асыл максат закымдап,
Баскан жолдон башка тарап көрүнбөй,
Барчусуна баратамын жакындап.

Кээде карап Күн төбөдөн тийгенин,
Кээде байкап түндө чырак күйгөнүн,
Айтор, эптеп аман чуркап келатам
Арасында айланкөчөк дүйнөнүн.

Азайгансып каталарым кетирген,
Акыл-эсим мурдагыдан жетилген.
Бир кемтигим – каректерим карыккан.
Бир өксүгүм – туяктарым кетилген.

Кыялдарым элес албай башканы,
Кырды көздөй кетип барам, ашканы.
Кысталганым – кубатымдын тозгону,
Кыйналганым – кыя жолдун таштагы.

Алыс калып асыл кездин көктөмү,
Азыр гана эске түшөт, кеткени.
Амалым жок, алга жыла бербеске –
Артта калсам – ажалымдын жеткени…
22.10.2016

 

Зайырбек Ажыматов

* * *

Күз күчүндө. Кар, жамгыры уланат,
күндөп-түндөп жалбырактар куланат.
Гүлүн ачып, бирок дагы жашайм деп,
күзгү роза бак ичинде муңаят.

Турган дале жакшылыктан түңүлбөй,
күзгү гүлдөр менин кечки сүйүүмдөй.
Тажаалданып турса дагы, а бирок,
таажылары куурап барат билинбей.

Күзүндө да жалбырагы жабылбай,
күйүп турган тамырында жалын бар.
Алтын түстүү бариктерин төгүшүп,
алда качан тонун чечкен кайыңдар.

Күндөн күнгө кечки суук карышат,
күз боегу бардык жерге жабышат.
Кызыл чоктой күзгү роза бир гана,
кызыл бойдон кар алдында калышат.

Гүлдөр, гүлдөр жашоодон түк түңүлбөй,
күйүп турган жүрөгүмдөй, жүлүндөй.
Кереметин чачып кетер өлгөнчө,
кечки роза менин кечки сүйүүмдөй.
(Күзгү махабат ыр түрмөгүнөн
25.11.2012

 

Рахат Аманова

* * *

Сулуулукту тартуулап,
Суу кар жаады эртелеп,
Сары-жашыл жалбырак,
Жуунуп алды тал-терек,
Ай артынан ай өтсө,
Аппак сулуу кыш келет.)
1987-жыл,октябрь

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.