Акындын армандуу күзү

“Санаамдай сапырылган сан булуттар,
Сиз кеткен жакты көздөй сапар алат

(Айгүл Узакова)

Ырлары менен окурманды арбап алган акын Айгүл Узакова былтыркы жылдын 12- сентябрында 63 жаш курагында бул дүйнө менен коштошуп кеткен. Акындынкурдашы, сырдашы Калбүбү Сариева жана сүрөтчү Бек Жайчыбеков ушул 8-октябрда Айгүл Узакованын туулуп-өскөн айылы Бостериде эстелиги коюлганын, аты айылынын бир көчөсүнө берилгенин, акындын жылдыгы өткөрүлүп, акындын канаттуу ырларын окуп, жоругун эстешкенин айтып берди.

Айгүл Узакова өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында чыккан биздин жаштык кезибиздин сүйүктүү акыны болду.

“Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү.
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен…”

деген саптарын жадыбалдай жат билип, “Шамал, шамал, бузба чачымды…” деген ырын ырдап, акын ырга салган махабаттын шарапатын коштоп жашадык. Жаз жана күз серияларынын ырларын угуп, моокумубуз канчу. Мына эми күз мезгили өз сүрөтүн тартып турганы менен, күздү сүйгөн акын арабыздан кетсе да, анын ырын сүйгөн окурмандар, аны жакындан билип, акын катары барктаган замандаштары эскерип жатышат. Өзгөчө акындын сырдашы, курдашы акын жана философ Калбүбү Сариева эже баштаган топ Бостериге барып, акындын элесине таазим кылып келишти.

 

Калбүбү Сариева, акын, философия илимдеринин доктору:
“Айгүл акын мезгилинен эрте туулуп, эрте жашап, эрте өтүп кетти”

–Бостериге Айгүлдүн ашына барып, көчөсүн, эстелигин ачып келдик. Айгүл абдан жакшы акын болчу. Ырлары жеңил, жандуу, турмушка жакын, ички сезимдерди жакшы берчү. Басмаканада 50 жылдыгын белгилеп жатканда жазуучу Бейшебай Усубалиев сөз сүйлөп “Айгүл адам эмес!” деп айтып калды. Бир эле жолу айтпай, аны үч ирет кайталады. Биз баарыбыз унчукпай, бир кызык абалда калдык. Анан бир убакта “Айгүл – акын!” деп айтканда, жүгүбүз мүрүбүздөн түшүп, жеңилдей түштүк. Айткандай, Айгүл акын болчу.
Айгүл акын эле эмес, башка да көп жакшы сапаттарга ээ эле. Тили сайрап турчу, сөзмөр, сүйлөгөндө тили гүлдөп турчу. Психолог, адамга жакшы таасир эте алчу. Эгер азыркы заманга туш болгондо ал жакшы ди-джей болмок. Анан да бир актердун театрын ачып алып оюн көрсөтсө, көптөгөн көрүүчүлөрдү тарта алмак, бул жагынан ал Марина Сасонова сыяктуу орустун артисттеринен ашса ашмак, кем калмак эмес. Мен Айгүлдүн өзүнө да айттым эле, ал мезгилинен эрте туулуп, эрте жашап калды. Мына эми эрте да кетти.

 

Бекбосун Жайчыбеков, белгилүү сүрөтчү:
“Поэзия көлүнө чөмүлүп, толкунуна агылдык”

–Акын Айгүл Узакованы эскерүү үчүн Ысык-Көлдү карай акындын калемдештери, достору, кесиптештери жөнөп калдык. Узун жолду кыскартып, Айгүлдү эскерип, ырларын окуп, ага арналган ырларды угуп, ак дилибиз менен кечке маал Бостериге, жакын туугандарынын үйүнө жетип келдик. Чайдан соң малга бата кылынып, дасторкон үстү акырындап поэзия кечесине айланды. Бизди күтүп алган классташы, жакын тууганы, ыр жандуу адам Бейшен коштоп, жакын достору Калбүбү Сариева менен Бактыгүл таштап, жаш акындар уйкуну унутуп, түндүн бир оокумуна чейин поэзия көлүнө чөмүлүп, толкунуна агылдык.
Эртеси эрте туруп бак араладым, казан кайнаткандар менен кобурашып, айыл жөнүндө, Айгүлдүн туугандары жөнүндө баарлаштым. Жакын тууганы Кылычтын үйүндө биздин кыздар менен чай ичип, Токо аксакал менен казак кызы Риза жеңеникине келип, бешбармак жедик. Айгүлдүн кабырына келип куран окудук, айтылуу Көчмөндөр оюну өткөн ат чабыш майданына келдик. Көрсө ушул кереметтүү көл жээгиндеги ат майданынын маңдайындагы кичинекей, бирок келечеги кең көчөгө кайран Айгүл акындын ысымы берилиптир. Салтанат болуп, эл алдында аттуу-баштуулар, меймандар, жаш акындар сөз сүйлөп, ыры ырдалды, кызыл тасма кесилди. Мындай сый-урмат акын тирүүсүндө көрсөтүлбөсө да, арбагы көрүп, ыраазы болуп жаткандыр деген ой биздин ой-сезимибизге аз да болсо канааттануу алып келди.
Бул жүрүштүн уюштуруучусу окумуштуу, акын жана жөн гана күйүмдүү адам Калбүбү Сариева болду. Камбыл, бардык адамдар менен тил табыша билген, жакын досу Айгүлдүн туугандарын да, жердештерин да, жерин да жакшы билген Калбүбү барган-келгенде да маанайыбызды да, кардыбызды ачырбай чоң капчыгынын берекесин төгүп келди. Анын демилгеси менен ары барганда да, келгенде да көл жээгине токтоп, кереметтүү көлдүн касиеттүү суусуна жүзүбүздү чайдык.

Айгүл Бакеева, «Политклиника», 10.2016-ж.

 

Айгүл Узакованын ырлары

КӨЛ ТҮСТҮҮ КӨЙНӨК КИЙИП БҮГҮН ТҮНҮ

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.
Качанкы кайрылбаган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөң экен.

Ал түндө чертер сенин терезеңди,
Сыдырым желге ийилип жаш бутактар.
Алыстан сапар тарткан каркыралар,
Сагынып көл үстүнөн жаз кучактар.

Анда сен эстей албай тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың:

Ал — үмүт бийиктикте жанып турган,
Сагыныч сени көздөй шашып турган.
Өкүнүч көңүлдөгү аяр сезип,
Сезимге бир муңайым жашынышкан.

Аны сен изде, ташып кайра толуп,
Шатырап кызыл кечте жамгыр болуп.
Издегин жүрөктөгү арзуу болуп,
Жазында таңды тосчу жаңы ыр болуп.

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен.
Эсиңе түшө калган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөң экен,
Чын эле мен түшүңө кирсем экен…

 

КҮЗ ЖӨНҮНДӨ САНАА ТАРТЫП СИЗ ДЕЛЕ

Күз жөнүндө санаа тартып сиз деле,
Жашылданат турбайсызбы алдыртан.
Бир өмүрдө эки келбес күндөргө,
Бир сырыңыз бар өңдөнөт алдырган.

Сан жалбырак сабалаган дарактын,
Сагынычын кимдер кантип сезди экен?
Узун түндө жамгыр үнүн утурлап,
Күздү тоскон сулуу караан сиз бекен?..

Кантипайтыпберсемэкенанда мен,
Табышмактууалкүздүнсулуулугун.
Алда-неден айбыгып аяр каткан,
Сиз көп кирчү түштөрдүн жылуулугун.

Балким сизде болор бир аз таңдануу,
Ал жөнүндө айтып кирсем үнүм пас.
Мен да сиздей токтоо карап тагдырга,
Болуп калгам кайгы-шатты унутпас.

Жылуу-жумшак кыял менен узайсыз,
Көңүл күзгө жетелейт бак аралап.
Санаамдай сапырылган сан булуттар,
Сиз кеткен жакты көздөй сапар алат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.