Жеңишбек Ысманов: “Айылдан учкуч болом деп келип, опера ырчысы болдум”

“Саламатсызбы? Менин дагы бир сүйүнчүм бар. Кечээки концертте мага келечеги кең жаш талант катары “Паваротти” сыйлыгын ыйгарышты”.

Мына ушундай кубанычтуу кабарды алыскы Италияда эмгектенип келе жаткан кыргыздын дагы бир чыгаан уулу, опера ырчысы, мыкты тенор, маектешим Жеңишбек Ысмановдон алдым. Буга чейин күн мурун каарманыбыз менен кенен маек курган элек.

– Саламатсызбы, Жеңишбек мырза, биз менен баарлашууга убакыт тапканыңыз үчүн чоң рахмат.

– Саламатчылык. Буга чейин чындыгында убактым болбой жатты. Учурда Миландан Модена шаарын көздөй поездде сапар тартып баратам, 2 сааттык бош убактым бар. Бүгүн кечке “Pavarotti d’oro” деген аталыштагы чоң маараке концертте ырдайм. Жыл сайын өтүүчү бул мааракеде Лучано Паваротти атындагы алтын төш белги менен операнын белгилүү таланттары сыйланышат.

– “Операнын тарыхында легендарлуу тенор” деген атка конгон Лучано Паваротти ырдаган “Арена Ди Верона” опера сахнасында сиз дагы ырдадыңыз…

– Бул тууралуу мага телефон аркылуу айтышканда аябай кубандым. Себеби аталган сахнада эмне деген гана дүйнөлүк таланттардын изи калбаган. Бир чети болуп көрбөгөндөй чоң сүрдү, жоопкерчиликти сезип, толкунданып турдум. Кыргыздардан тарыхта эң биринчи болуп ал жерде мен ырдадым.

– Дегеле операнын мекени делген Италияга кандайча барып калгансыз?

– Бир ирет Санкт-Петербургдан дүйнөгө аты таанылган опера ырчысы Никола Мартинуччи менен таанышып калдым. Ал мени Италияга чакырып, өзү сабак берүүгө макулдугун берген болчу. Бирок Никола Мартинуччи гастролдук сапарлары абдан көп болгондугуна байланыштуу мени өзүнүн устаты Сара Сфорни Кортиге жиберген. Ошол күндөн тартып устатым катары Сара айымдан сабак алып келем. Италия – классикалык музыканын башаты эмеспи, мында атаандаштык абдан күч. Себеби дүйнөнүн мен-мен деген таланттары көксөгөн жер. Ошентсе да, Кудайга шүгүр, Европанын чоң-чоң сахналарында опералык чыгармалардын баш каармандарын ойноп келем. Мисалы, Вердинин “Риголетто” операсында Герцогдун ролун, “Травиттада” Альфреддин ролун, Пуччинин “Богема” операсында Рудольфтун ролун аткардым.

– Бала чакта ким болом дечү элеңиз? Музыка дүйнөсүнө кандайча келип калдыңыз?

– Балалыкта мен учкуч болом дечүмүн. Ал тилегим менен мектепти аяктаганда шаарды көздөй бет алдым. Суворов атындагы аскердик училищени аяктагандарга авиациялык факультетке тапшыруу жеңилирээк болот дешкенинен, байкемди ээрчип ошол жакка бардык. Карасам бүт эле менден жаш балдар жүрөт, көрсө, ал жерге 8-класстан кабыл алат экен. Анын үстүнө бизде бул жаатта окуу жай да жок экен. Башка университеттерге барсак, кабыл алуу экзамендери бүтүп калыптыр.

Бир күнү балконго чыгып алып гитарада ойноп, ырдап отурсам, бир бейтааныш байке “жигит, түш бери, чогуу ырдайбыз” деп калды. Түштүм, ырдатып көрүп, “талантың бар экен, филармонияда 2 жылдык музыкалык студия бар, ошол жакка тапшырбайсыңбы” деди. Эртеси эле байкем экөөбүз филармонияга жөнөдүк. Ырдоо жагында орун жок калып, мен чопо-чоор бөлүмүнө өтүп кеттим. Ичимдеги ырдасам деген тилегим күч ала берди. Бир күнү вокалдан берген Улукмырза Полотов агайдан мени угуп көрсөңүз деп сурандым. Жаш экенсиң, көзөмөл менен окусаң жакшы эле болот деп, ошондон баштап агай сабак бере баштаган.

– Анан кандайча опера жаатына өтүп кеттиңиз?– Бир күнү эле Улукмырза агай консерваторияга тапшыруумду сунуштады. “Сенин европалыктардыкындай өзгөчө үнүң бар, ал жактан соло ырдоо бөлүмүн танда. Сенден опера ырчысы чыгат” деди. А мен опера деген эмне экенин билчү эмесмин да, жаман оюмда агай мени менен иштешкиси келбей, башка жакка түртүп жатат деп ойлоп койдум ичимден. Бирок агайым чынында эле сезген экен. Эртеси мага бир кассета алып келип берди, “угуп көр”деп. Ал Лучано Павароттинин аткаруусундагы “Риголетто” операсындагы “La Donna e mobile” деген чыгарма экен. Мына, ырчы болсом, ушундай ырчы болоюн деген тилек ошол кассетаны укканда жаралды. Ага чейин эстрада ырчысы болууну ойлоно баштагам.

Негизи эле мен устат жактан жолдуу болдум. 2001-жылы консерваторияга тапшырганымда Керим Турапов агай дагы ошол жакка сабак бергени келиптир. Мени шакирт катары агайга бөлүштү. Улукмырза агайым мага туура жолду көрсөткөн болсо, үнүмдү таптап опера ырчысы кылган Керим агай болду. Мен өзүм да көп изденчүмүн. Консерваторияда түнкү 11ге чейин отура берер элем. Айта кетпесем болбос, менин опера ырчысы катары калыптанышыма абдан чоң салымын кошкон адамдардын бири – концертмейстер Юлия Алексеевна Бабич болду.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз…

– Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы айылда 1984-жылы 20-майда төрөлгөм. Атам Эргешбай Ысманов, апам Гүлай Карабаева, беш бир туугандын эң кичүүсү, эркеси менмин. Бир агам, 3 эжем бар. Апамдын ырга болгон шыгы мага көбүрөөк өткөнбү деп калам. Ымыркай кезимде апам иштеген жеринен бир концертке катышып, күн сайын даярданууга барарда мени бешикке бөлөп, эмизип коюп кеткенин айтып калат.

Эмгек жолуңуз качан башталган?

– Консерваторияда окуп жүргөндө эле, 4-курстан баштап Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында солист-стажёр болуп эмгектене баштагам. 5-курста алгачкы ирет чоң сахнада Чайковскийдин “Евгений Онегин” операсынан Ленскийдин ролун ойнодум. Болгондо да Кыргыз Эл артисти Керим Орузбаев менен башкы ролго чыктым. Ошентип айылдан учкуч болом деп келип, опера ырчысы болуп калдым, азыр 7 жылдан бери келишимдик негизде Италияда жашап, иштеп келем.

Чолпон Сүйүнбаева, «Супер-инфо», №728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.