Амирбек Усманов менен рухий кедейчилик туурасында сөз

“Бардык жакшы нерселер үчүн китепке милдеттүүмүн”.
Максим ГОРЬКИЙ

Маектешибиз Амирбек УСМАНОВ акыркы чейрек кылымдан бери массмедиа тармагында эмгектенип келет. Анын ичинде 20 жылдан ашуун мезгил “Азаттык” радиосунда иштеп, 1995-жылдан бери Прага шаарында жашайт. Окурмандарга “Кабуснамени” орусчадан кыргызчага которгону маалым. О.э. “Чаувайдан Чехияга канат кагып” аттуу публицистикалык жыйнагы жана “Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен” аттуу китеби чех тарыхчысы Петр Кокайсл менен бирдикте жазылып, кыргыз, орус, чех тилдеринде жарыкка чыккан.

(1-МАЕК)

– Амирбек байке, сиз ар дайым рухий көрөңгө издеп жүргөн адам экениңизди билебиз. Ошондон улам өзүңүз менен адам баласы рухий азыкты эрте же кеч алып калары кандай болору туурасында сөз учугун улагым келет. Дегеле рухий азыкка кеч же эрте жетүүнүн өзү эмне?

– Руханий азык. Бул термин мен эр жетип, бирок дүйнө таануум калыптана элек кезде абдан эле популярдуу эле. Биз маяк туткан интеллектуалдар: илимпоздор, акын-жазуучулар, художниктер, актерлер менен артисттер руханий азык жөнүндө көп айтышчу. Ал балким ошол учурда үстөмдүк кылган коммунисттик идеологияга байланыштуудур. Кийин Кыргызстан Москвадан күнкорсуз болуп калгандан кийин эмнегедир бул абдан маанилүү термин унутулду. Ошого руханий көрөңгө жөнүндө эстеп жатканыңа чоң ырахмат. Мен терминдин семантикасына токтолбой, сурооңо жооп бергенге тырышайын.

Руханий азык менин түшүнүгүмдө өсүп бараткан жаш адамга эң обол ата сөзү, эне сөзү, улуулардын сөзү менен кошо келет. Бул сөздөр күн сайын таалим-тарбия, акыл-насаат иретинде айтылгандыктан, алар акырындап мээге сиңет, көкүрөккө отурат. Ал эми сен экөөбүз маегибизде адамдын өзү тапкан руханий азыгы тууралуу сөз кылмакчыбыз. Туурабы? Мындай биз өзүбүз жыйнаган руханий көрөңгөнү биз биринчи кезекте китептен алабыз деп ойлойм. Албетте, театр менен көркөм фильмдер да руханий азык болуп берет. Бирок мен театр менен музыканы аябай сүйсөм да, алардын мааниси китепке жетпейт деп ойлойм. Анткени театрда же фильм көрүп жатканда, сиз каармандардын тагдырына бооруңуз ооруп же ичиңиз ачышканы менен, бир жарым же эки саатка созулган окуянын (спектакль менен кинофильмдин) байкоочусу катары отурасыз.

Ырас, мыкты спектаклдер менен фильмдер сиз менен көпкө чейин жашайт. Бирок алар китептей руханий азык болуп бере албайт. Китепти окуу эмгекти, ой жүгүртүүнү, даярдыкты талап кылат. Анткени китептерге адамзаттын бүтүн тажрыйбасы топтолгон. Көркөм адабият окурман менен купуя сырдашат, ички кылдарыңды күүгө салат, ички дүйнөңдү сага аңтарып берет. Мисалы, Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык“ роман-эпопеясын окуган адамды Наташа Ростова менен Пьер Безуховдун образы өмүр бою жандап жүрөрүнөн күмөн санабайм. Кызын мал-дүйнөлүү жетим Пьер Безуховго, үй-бүлө курбай жатып чирип бүткөн ыймансыз уулун сүттөй таза Наташа Ростовага үйлөнтмөк болгон князь Курагиндин образычы? Курагиндей жогорку чөйрөдө чөкпөй өз иштерин бүткөрүп жүргөн адамдарды бүгүнкү Кыргызстандын бийлик эшалонунан боо-боо менен жолуктуруу мүмкүн. Ата-бала Балконскийлер мекенге төш койгулабай ак кызмат кылуунун үлгүсү.

Же Жек Лондондун “Мартин Иден” романындагы кажыбас мээнеткеч Мартин Иден. Ал өз максаты үчүн кандай күрөшүү керектигине жана көздөгөнүнө жетүү кандай мээнетти талап кыларын үйрөтөт. Бул китептердин күчтүү каармандары бизди жашоодо чыйралтып, өз абийириң менен жашоого үйрөтсө, терс каармандар алардын жолун кайталабоого тарбиялайт. Ошентип адам соолубас руханий азыкка ээ болот. Эгер адам дүйнөлүк адабияттын, анын катарында кыргыз адабиятынын мыкты үлгүлөрү менен канчалык эрте таанышса, ошончолук пайдалуу. Себеби көркөм дүйнөгө ошончолук эрте кирип, табити жана моралдык критерийлери эрте калыптанат. Моралдык критерийлери бийик адамдар өзүнө өзү чыккынчылык кылып, пас кадамдарга оңой менен барышпайт деп ойлойм.

Албетте, руханий азыкка такыр жетпей калгандан көрө кеч болсо да анын көрөңгөсүнөн даам татып, бир торбо кылып болсо дагы аздектеп көтөрүп жүргөн жакшы. Себеби руханий азык адамга тамак-аштан да кымбат оокат. Анткени, адамга руханий азык, байыркы грек ойчулу Сократтын сөзүн буруп айтканда, мазмуундуу жана адамдык абийириңди сактап жашоо үчүн керек.

– Илгери жомок билбеген чоң ата, чоң энелерибиз болбосо керек. Себеби бала кезибизде кандай кары кишиге кезикпейли, сөзсүз жомок айтып берер эле. Азыр балага жомок айткан карылар чанда кезиккендей туюлат, бул эмнеден?

– Туура айтасың, Олжоке! Бирок мен сенден айырмаланып жомоктун көбүн жайлоодо тайэжелеримден уккам. Ырас, чоң энем, апам, авам (атам) да бизге жомок айтып беришкени менен жайлоодо очокту бойлой отуруп уккан жомоктор баарынан кызыктуу болчу. Ошо жаш кезде уккан кыргыздын классикалык жомокторунун көбү, менин байкашымча, жаш балдар үчүн картайды. Ал жомоктор мультфильм жана балдар үчүн көркөм фильм тартканга жакшы негиз болуп бере алат. Бирок азыркы телевизор жана компьютер менен чоңойгон шаардык балдардын көңүлүн биздин балалык курагыбыздагыдай өзүнө бура албайт. Мен билгенден: өткөн кылымдын 70-80-жылдарынан тартып, адегенде теле көрсөтүүнүн, анан видиктердин үстөмдүгү башталды. Ата-эне үчүн жомок айтып же окуп бергенден көрө мультфильм, болбосо кино коюп берген жеңил болуп калды да өзүнөн өзү эле жомок угуу көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн адаттан тыш көрүнүшкө айланды.

Мен өзүмдү мактабайын, балдарым кичине кезде аларга дайыма жомок окуп бергенге аракет кылдым. Бирок китептеги уккандан балдарым тез жадашчу. Сыягы менин жомок окуп берүү чеберчилим начар окшойт. Аларга китептин жомогун уккандан да сүрөттөрүн көргөн кызыктуу болчу. Бирок өзүм ар кандай шумдук окуяларды ойлоп айтып берсем, кызыгып угуп, эртеси кайра айтып берүүнү сурашчу. Ошондой эле балдар ырларын кызыгып угушчу. Анткени ырларда ритм бар да. Бул нерсе неберелеримде да кайталанууда. Ушундан келип Айфон жана компьютерлердеги оюндар жана мультфильмдер жомокторду жеңди. Ошондуктан азыркы балдар сөздү кулак менен угуп, аңгеме же жомоктун мазмунун эсинде түйүп эмес, экрандагы окуяларды көрүп чоңоюшууда.

– Сиздин оюңузча жомок дүйнөсү наристе дүйнөсүн аруулук касиетке жетелейби, тарбиялайбы?

– Албетте! Жомоктордо каармандар жакшы жана жаман болуп бөлүнөт эмеспи. Алдамчы түлкү, ач карышкыр, сук сагызган, ууру жөнүндө жомокту угуп жатып, бала эмне жаман, эмне жакшы экенин ажырата баштайт. Жаман нерселерди жасабаш керек экенин акырындап түшүнөт. Ушинтип баланын дүйнө таануусу башталат.

– Ушу жакында эле “Кыргыз эл жомокторун” абыдан кунт коюп окуп чыктым, байыркы элдик жомоктордон даанышман ойлорду издеп, ошонун негизинде өзүнчө чыгарма жараткым келди. Аталган китеп акылга кенч сюжеттерге абыдан бай болгону менен бирок эң өкүнүчтүүсү, ошол жомоктор тээ илгери оозеки түрүндө кандай жыйналса, кийин китеп түрүндө жарыкка чыкканда да ийине жете иштелбегенин көрүп, абыдан кейидим. Ал тургай грамматикалык каталары четинен табылат. Бул эмне, балдарга жасалган кайдыгер мамилебизденби же кыргыз авторлору өрнөктүү текст кура албаганынанбы? Кандай деп ойлойсуз?

– Абдан туура байкоо. Мен адабиятчы эмесмин. Ошого байкаганымды айтайын. Кыргыз эл жомоктору эл оозунан кандай жыйналса, китепке ошол бойдон кирген да жаңы мезгилдин балдарына ылайыкташкан эмес. Жыйнакка кирген жомокторду биздин чоң аталар менен чоң энелер угуп чоңоюшкан. Кыргыз эли жазма адабиятка ээ болгонго чейин жомоктор жөн гана жаш балдарды алаксытуу үчүн кызмат кылбастан, аларды тарбиялоонун, дүйнөгө көзүн ачуунун руханий каражаты да болгон деп ойлойм. Андыктан алардын философиялык мазмуну терең жана улуу курактагы адамдар үчүн кызыктуу жана баалуу. Ошон үчүн жаш балдар кыргыз жомокторун угуп жатканда мазмуунун жакшы түшүнбөй, андан көрө мультфильм же кино коюп берүүнү суранышат.

Жомоктор арийне балдардын жаш курагына ылайык болушу шарт. Ганс Христиан Андерсендин “Дюмовочка”, “Калай солдат”, “Өңү серт өрдөк” деген жомокторун, ага-ини Гримдердин “Карышкыр менен жети улак” жана “Бремендик музыканттар” жомокторун, Редьярд Киплингдин “Мауглисин”, Александр Пушкиндин “Балыкчы жана балык” жөнүндөгү жомогун баарыбыз эле билебиз. Бул жомокторду балдар да оозун ачып угушат. Анткени алар балдардын жашын жана кабыл алуусун эске алып жазылган. Бизде Тоголок Молдонун гана балдарга айтып бергендей жомоктору бар. Башка акын-жазуучулар да жазгандыр, бирок алардын жомоктору Тоголок Молдонун жомокторундай жеңил эмес. Бул өзүң байкагандай балдарга болгон кайдыгер мамиленин натыйжасы болсо керек. Анткени биздин акындар өрнөктүү текст кура албайт деп ойлобойм. Балдар үчүн жомоктор жана чыгармалар улуу курактагылар үчүн жазылган повесть же романдарга караганда алда канча көп акылды, байкоочтукту, аларды түшүнө билүүнү, тексттин жөнөкөй, бирок кызыктуу болуусун талап кылат.

Биз демейде жашыбыз өйдөлөгөн сайын балдар айткан сөзүбүздү, аңгемебизди укпайт деп наалып калабыз го. Бул биздин балдар менен улуу кишилердин тилинде сүйлөшкөнүбүздөн болуп жатканын түшүнгүбүз келбейт. Алар космостук ылдамдыкта жашап, а биз орустардын “Жигулисинин” ылдамдыгында жашап жатканыбыздан улам, алардын кызыкчылыктары да такыр башка. Ал эми грамматикалык катага таң калуунун кереги жок. 1990-жылдан кийинки муун кандай шартта окуганын билесиң да. Азыркы муун алардан да сабатсыз болору күмөнсүз. Бүгүн каалаган адамдын баары билим деңгээлине карабай дипломдуу боло алат. Университтер менен институттар : “Кел айланайын. Пулун төлөсөң болду” деп турушат. Мындай жагдайда грамматикалык каталарды кой, медициналык жана инженердик оркойгон катачылыктар болору айкын.

– Даа бир кейиштүү көрүнүш бар: орус тилиндеги, ал тургай казак тилиндеги балдар адабиятын карасаңыз, жеткинчектердин жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша жарыкка чыгып аткан китептер өтө арбын. Арасында өспүрүмдөрдүн логикасын өстүрөр окуу куралдарынан тартып, табият таануу, дүйнө таануу боюнча түрдүүчө энциклопедиялар, ал гана эмес балдарды туура тарбиялоо багытындагы адабияттар толтура. А кыргыз тилинде андай китептерди таппайсың! Мунун өзүн кандай түшүнөр элеңиз?

– Олжоке, абдан туура маселени козгодуң. Жеткинчектердин жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу сапатуу китептер орус тилинде, менин байкашымча, СССР кыйрагандан 10 жылдай өткөн соң көп пайда болду. Бирок обол чыккан китептер англис, немес, француз тилдердеги китептердин котормосу же аларды туурап жазылган китептер болду. Ал китептерге удаа эле жеткинчектерге арналган түрдүү энциклопедиялар орус тилине которулуп жатты. Бүгүн ырасында эле, орус тилинде балдардын жашына ылайыктап чыгарылган сапаттуу китептер көп. Мен, бешене экен, 1995-жылдан Прага шаарында жашап калдым. Ошондуктан Чехиянын, Европанын китеп рыногун экссоветтик өлкөлөрдүкү, өзгөчө, Кыргызстандыкы менен салыштыра алам. Анын үстүнө бу жакка көчүп келген учурда балдарым жаш болуп, англис тилиндеги мектепке барышкандыктан, алардын тили, кругозору тез кеңисин деп, ар тармактардан өз жаш курагына ылайыктап китептерди, анын ичинде энциклопедияларды сатып бергенбиз.

Ал жылдары өзүң билесиң, өлкө жетекчилигинде академик, илим докторлору азыркыдан алда канча көп болгонуна карабай, китеп дүкөндөр жабылып бүткөн. Китепканалар да тозуп, иштебей калган. Мындай жагдайда жеткинчектердин жаш курагына карап китеп чыгаруу, бул маанилүү жумушка акын-жазуучуларды тартуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес эле. Шүгүр, акыркы жылдары жандануу байкалат. Ошентсе да, балдар энциклопедиясына байланыштуу бир-эки сунушпу, ойбу, кыстара кетейин. Менин оюмча, мал чарбасы, анын ичинде, кой-эчки, уй-жылкылар боюнча; ат жабдыктар, көчмөндөрдүн идиш-аяктары, бозүй, аң уулоого пайдаланылчу куштар менен бүркүттөр боюнча; сүт азыктары жана кыргыздын улуттук кийимдери боюнча кыргыз тилинде энциклопедия жазылса, аларды жазган адамдар сөз издеп кыйналмак эмес. Себеби береги тармактарга байланыштуу кыргыз сөздөрү абдан бай. Жана бекерге “Кыргыз мал жандуу эл” деп мактанбайбыз. Бул тууганчылыкка да тиешелүү.

Ал эми техникалык жактан канчалык аракет кылбайлы, орустар сыяктуу эле немис, англис сөздөрүн кеңири колдонууга мажбурбуз. Балдар энциклопедиясы, деги эле энциклопедия салаасы Батышта канчалык өнүккөнүн жана ат жабдыктарга байланыштуу бир мисал. Мындан он жылдай мурда кудам Сейит Жаанбаев Прага келгенде, китеп дүкөнгө ээрчитип бардым. Ал киши кыргыздын салт-санаасын мыкты билет. Өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенген педагог. Ал киши чех тилиндеги ат жана аттын жабдыктары тууралуу энциклопедияны көрүп, башын чайкап: “Ээ, куда! Ушундай китеп болсо кыргызда болушу керек эле го?!” – деп өкүнбөдүбү…

Балдар адабияттына байланыштуу кайра эле өзүм көргөн окуяны айтып берейин. Сен билесиң, азыр АКШда жүрөм, бир жарым жаштагы неберени эрмектеп. Аны аптасына үч мертебе жергиликтүү китепканага алып барам: окутканы жана ойноткону. Окуу башталганча жаш бөбөктөргө арналган калың тыштуу, көркөм иллюстрацияланган түрдүү темадагы китептерди барактайбыз, көрөбүз, окуйбуз демекчи. Же аң-сезим өстүрчү, сандарды үйрөнчү оюнчуктарды ойнойбуз. Он чакты компьютер да бар. Анда каалсаң жөн эле оюн ойно, кааласаң логикалык оюндарды ойно. Неберемдин сабагы 40 мүнөткө созулуп, андан 1-2 жаштагы 15 наристе англис, испан тилдеринде мугалим менен чогуу ыр ырдашат, китеп окушат, ойношот. Заттардын аттарын үйрөнүшөт. Ырас, балдарга кошулуп, аларды алып келген ата-энелери же чоң ата-чоң энелери да отурат. Ушинтип балдар жаш кезинен чөйрөгө аралашат, китеп менен жакындашат.

Окутуучу аялдын ушу жумадагы сабакта айтышынча, библиотекада 5 жашка чейинки балдар үчүн испан тилинде 300дөн ашуун аталыштагы түрдүү китептер бар экен. Англис тилинде, арийне, андан да көп. Баса, библиотекада балдар үчүн да, чоңдор үчүн да орус тилиндеги сонун китептер бар. Бөбөктөргө арналган бул сабактар бекер. Библиотека да бекер. Китептер жөнүндө сөзүм узун болот окшойт, Олжоке…

10-12 жаштагы балдар үчүн Шекспир, Наполеон, Авраам Линкольн (АКШнын 16-чы президенти), Нельсон Мандела жана башка тарыхый адамдар тууралуу тили абдан жөнөкөй, иллюстрацияга бай китептер бар. Мектеп жашы улуулаган сайын китептер да татаалдай баштайт. Өзүм Скотт Фицджеральд, Джон Стейнбектин жана башка биртоп жазуучулардын мектеп окуучулары үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн китептерин көрдүм, айрымдарын (Стейнбектин Of Mice and Men (“Мышык жана адам”) романын ушундай вариантта окудум. Эсиңде болсо керек, жапондор Достоевскийдин кайсы бир романын адамдар окуса пайдалуу деп, текстин жөнөкөйлөтүп басышкан.

Бул айткандарым азырынча биз үчүн жомок да. Азыр котормо китептер көп, начар которулгандары да көп. Мындай китептер чыкпай жатканын өлкөдөгү экономикалык абалга, жетекчиликке шылтап актанса болот. Бирок кыргыз той-ашка, балдарын пул төлөп окутканга, пара бергенге акча таап жатпайбы. Демек, жашообуздун азыркы этабында көпчүлүк кыргыз китепке акча бөлгөнгө, балдары чыныгы билимдүү адам болуусуна кызыкдар эмес. Ошого Бишкектен алыс чыксаң, жол боюндагы кайсы чоң базарга барба, жалаң диний китептер сатылууда. Арзан. Биздин эл китепке жана билимге болгон мамилесин өзгөртмөйүн, Кыргызстан өнүкпөйт. Жанага Бангладеш, Пакистандын абалына жакындай берет.

Биз балдарга арналган китептер жөнүндө сөз кылгандыктан, мен кол астымдагы эки китепке токтоло кетейин. Кыргыз жана орус тилдериндеги эки китеп тең былтыр “Белый пароход-эдукейшен” басмасынан 1000 нускада чыккан. Котормочусу Алчикеева Эльнура. Китептер орусчадан которулуп, орусча тексти кыргызча текстине удаа берилгендиктен, мисал келтиргенде эки тексти кошо жазууга туура келет. “Игровая площадка Непоседа” деген китеп “Тентектер оюн аянтчасы” деп аталат. Непоседа деген “Көчүгү жер тийбес” же “Тынчы жок” болсо туура болмок. “Решение математических задач” болсо “Математикалык жолдор менен эсеп чыгаруу” болуп которулган. Береги китептин ичиндеги каталарга убакыт коротпой эле койоюн.

“Эмнени жүктөп алсак” деген экинчи китептен: “Среди спелых фрутов лежат красные хрустящие яблоки. Они одинаковые и по форме, и по цвету”. Которулганы: “Эзиле бышкан жемиштер арасында кытыраган кыпкызыл алмалар катар тизилип турат. Алардын өңү да, түзүлүшү да бирдей”.

Береги эки сүйлөмдү эркин которулган дечү болсок да, алманын түзүлүшү деген сөздү кайда жашырабыз? Бул эки китеп тең үч адис тарабынан макталган. Мындай алашем китептер базарды каптап баратканы – балдар адабиятын жана окуу китептерин чыгарууну эч ким көзөмөлдөбөйт деген пикирди жаратат. Мен башкача айта албайм.

– Биз бала кезден окуп чоңойгон “Байчечекей” журналынын нускасына көп жылдан бери байкоо салып келатам. Нускасы 2-2,5 миңден ашканын көргөнүм жок. Ушундан улам бизде балдары эне тилинде ыр жаттап, жомок окуганына ата-энелер өздөрү кайдыгерби деген ой туулат! Болбосо акыркы эл каттодо кыргыз тектүү улутундагылар 3,5 млиилиондон ашуун болсо керек эле, бул эмнени түшүндүрөт?

– Олжоке, “Байчечекей” журналындай көзгө басар журнал тууралуу кеп – болочок муунду тарбиялоо жөнүндө эмеспи. Бул журнал өкмөт тарабынан каржыланыш керек жана илгеркидей эле ага мектептерде төмөнкү класстардын балдарын жазылтыш керек. Андан тышкары, журналдын жамаатына “Байчечкейди” рекламалаганга массмедиа жана өкмөт шымаланып көмөктөшүүсү керек. Ошондо башка гезит-журналдар жана китептер үчүн окурман даярдалат. Окуганды сүйгөн балдар тарбияланат. Мен жогоруда диний китептерге бекер көңүл бурганым жок. Алар арзан жана ар кадамда сатылып жаткан үчүн көпчүлүк үй-бүлөлөрдө бар. Муну мен айыл-кыштактарды кыдырып жүргөндө көрбөдүмбү. Ал эми “Байчечекей” журналынын аз нускада чыгып жатканы – коомдо балдар эне тилинде гезит-журнал окубаса деле чоңоёт, адам болот деген түшүнүк бекем орногонун көрсөтөт (Баса, Совет заманында “Кыргызстан пионери” гезити да бар эмес беле). Ушундай абалдан улам парламентте оюн кагазсыз жөндүү түшүндүрө албаган, бирок жогорку билимин тастыктаган дипломдуу “эл өкүлдөрү” пайда болууда. Мындайды легендарлуу парламент учурунда элестетүү кыйын эле.

Кыргызстандын шартында бул абалды өкмөт жана жергиликтүү бийликтер чечкиндүү аралашмайын, ишти алга жылдыруу татаал. Бирок интеллигенция жапатырмак киришип, маселени ММК тынчтыпай козгой берсе, ата-энелер да ойгонот деп ойлойм.

– Амирбек байке, Сиз менен болгон биринчи маекке абыдан терең ыраазычылыгымды билдирем. Буюрса, экинчи маегибиз да окурмандарыбызды олуттуу ойго саларына терең ишенип турам. Эмесе бүгүнкү сөз тизгинин ушуну менен жыйа туралы…

Маектешкен Олжобай ШАКИР, «Коом жана мен», 22.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.