“Куттуу билимдеги” чындык маселеси

 

Кыргыз элинин улуттук оозеки чыгармачылыгы менен катарлаш жазма маданияты кошо жашаганы тарыхта белгилүү. Ал эми жазма адабиятыбыздын байыркы үлгүлөрүнүн ири өкүлү, албетте, Баласагындык Жусуптун байыркы түрк тилиндеги “Куттуу билим” чыгармасы.

“Куттуу билим” оозеки фольклордук чыгармалар сыяктуу эле адамзаттын турмушуна эң керектүү тарбиялык мааниси күчтүү темаларды, укук жана милдеттерди түздөн-түз чагылдырып турат. Мисалы: адамдардын жүрүм-туруму, үй-бүлө, аял-эркек мамилелери, балдарга тарбия берүү, конокко баруу же тосуу эрежелери, мал чарбачылыгы, устачылык, дүйнө, өмүр-өлүм жөнүндө философиялык ойлор жана толгон-токой адам баласынын касиет-сапаттары, кылык-жоруктары баяндалып, адамдар бири-бирине кырдаалга жараша кандай мамиле кылыш керектиги жөнүндө көрсөтүлөт. Бул адамдык касиет-сапаттардын ичинен биз карай турган маселе –  чындык жана чынчылдык.

“Ак ийилет бирок сынбайт” дейт эл оозунда. Жусуп Баласагын да “Куттуу билимде” чындык, чынчылдык ар дайым жеңип чыгаарын жана чындык бар жерде ийгилик, жеңиш, адилеттик, атак-даңк, тынчтык, бийлик, орноп тураарын айтат.

“Адам болсун жылдыздуу, жүзү жарык,
Элге керек чындыкты жүрсүн алып.
Адам эле жүзү жарык, жылдыздуу,
Сөзү балдай, таамай айткан чындыкты”
– деген саптар, дегеле, кандай гана киши болбосун чындыктан танбаш керектигин баса белгилейт. Муну менен акын чындыктын адам баласынын жашоосунда канчалык деңгээлде маанилүү экендигин көрсөтөт. Ал акылдуу, боорукер, адептүү, жоомарт ж.б. адамдык жакшы сапаттардан мурда, биринчи кезекте чынчыл болуу керектигин эскертет.

Тарбиялык, логикалык-философиялык ой жүгүртүүлөргө, маалыматтарга бай “Куттуу билимде” жалпы эле ааламдагы адам жашаган коомго тиешелүү ыйман, акылмандык, руханий-нравалык байлык, үй-бүлөлүк ар кандай маселелер, жалпы коомдук ынтымак, биримдик, материалдык өнүгүү, байлык, бийлик, салт-санааны барктоо, урмат-сый ж.б. көп түрдүү темалар камтылган. Булардын ичинде адамдык мыкты сапатты туюндуруучу касиет – чынчылдык. Чындык жана чынчылдык адамзат жашоосунда кандай кызмат аткараарын бул чыгармадагы саптардан мисал келтирүү менен Жусуп Баласагындын адам баласына кайрылуусу, үндөөсү же чакырыгы катары системалуу түрдө беш чакырык деп атап, аныктоого аракеттендик. Чындыктан чыккан беш чакырыктын биринчиси:

“Чынчыл, түз, адилеттин жолун жолдо,
Кыйшык, жаман алпарбайт жакшы жолго.
Адилеттүү, ак иштеп, чындык десең,
Бийлигиң козголбостон турат бекем.
А эгер бүт ааламды алам десең,
Анда деле айтаарым чынчыл бол сен”
– деп, акын кандай иште болбосун чындыктан жазбаган адам ийгиликти багынтаарын ташка тамга баскандай айтат. Бул – “Чындык ийгиликке жеткирет!” дегенди түшүндүргөн алгачкы чакырык. Ал эми:

“Акылдуу бир адамдын сөзүн укчу,
Ал экен элге башчы, чынчыл, мыкты.
Жалган эмес, чындыктын жолун жолдо,
Чынчыл, түз бол – сен асты кежир болбо.
Адилет, чынчыл бектер куттуу келет,
Кутун төгүп элине бакыт берет.
Айтыптыр элге жаккан адам жакшы,
Чынчылдыктан ал тапкан атак-даңкты.
Наадандарга жолобо, бузуп тынат,
Чынчыл менен бир болсоң, түзөп турат.
Баарын угуп ажырат жалган чынын,
Чынчылды ал да, кууп сал калпычысын.
Абийирдүүлөр дос күтөт жакшылардан,
Тапсам дейт акылы бар чынчыл адам.
Азаматты эки сапат багыттайт:
Чындык сөзү, ак эмгеги карытпайт”-
деген саптарда чынчылдык адамдык мүнөз-сапаттардын ичинде түз жолго салуучу, туура багытты көрсөтүүчү, атак-даңкка жеткирүүчү, кут дааруучу, достукту бекемдөөчү эң негизгиси “Адамдыкты” аныктоочу эки сапаттын бири экендигин эскертет. Демек, экинчи чакырык “Чынчылдык – эң мыкты сапат!”.

“Куттуу билимде” бийлик өкүлдөрү, эл башкаруучулар кандай сапаттарга ээ болуш керектиги, калк менен мамиле түзүүдө же болбосо элдин ишеничине кирүү үчүн, мыкты башкаруучу болуу үчүн эмнелерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы жөнүндө да кенен сөз болуп, чындыктан тайбаган, адилеттик менен иш алып барган, чындык менен адам укуктарын сыйлаган башкаруучу гана чыныгы бийлик ээси боло ала тургандыгы айтылат. Бийликти сактап туруунун жолдорунун эң негизгиси бийлик ээсинин жана анын ишенимдүү адамдарынын баарында адамдык жакшы сапаттардын башкысы – чынчыл болуулары шарт делет. Мисалы:

“Бийликтин эң негизи – адилеттик,
Чындык барда козголбой турат бийлик.
Бектик күчтүү, адилет жолу менен,
Бектин жолу – чындыкта жүрүү кенен.
Бийлик менен улуулук урматталат,
Чындык менен укукту жүрсө кармап.
А эгер бүт дүйнөнү алам десең,
Чынчыл бол дилиң менен ишиң менен.
Адилет деп кимди айтат чыны менен?
Адамды ак чындыктан ийилбеген!”
Чыгарманын башкы каарманы Күнтууду – “адилет” концептинен түзүлгөн. Анын образы аркылуу акыйкаттыкты сүйгөн, чынчыл, адилет, ак кызмат өтөө үчүн жан дили менен аракеттенген эл башчысын көрүүгө болот. Мындан үчүнчү чакырык келип чыгат: “Чындык, адилеттик бийликти сактап турат!”.

Адилеттүүлүк, адилет аткарылган иш жана адилет бийлик ээсинин көрөңгөсүн чындык жана чынчылдык мүнөз түзүп турат. Чындык эч качан ийилбейт, ийилсе да сынбайт, ал ар дайым түптүз жана бекем, ишенимдүү болот. Чындык менен аткарылган иштин жыйынтыгы да адилеттүү аяктайт. Мамлекеттик мыйзамдар чындыктын негизинде түз жана адилет, туура аткарылса ошондой эле бийлик башчылары да чынчыл мүнөздө адилеттүү иш алып барса алар жашаган коом ар дайым тынчтык жана кут ичинде жашайт. Чыгарма ушул сыяктуу калкты башкаруу, элдин ишенимине кирүү жана алардын ишенимин актоо, адилеттүү иш алып баруу сырларын терең ачып бергендиги менен бийлик башчыларына да табылгыс байлык экенин баса белгилөөгө болот.

“Сүйлө десе – чындыкты ачык сүйлө,
Так жаса айткандарды толук күндө.
Туура сөздөн чексиз пайда табаарсың,
Жалган сөздөн каргыш-сөгүш алаарсың.
Туура сөздү сүйлөй билгин тартынбай,
Кыйшык, калптан качкын өчүк касыңдай.
Туура сөз сага айтса таарынбагын,
Ачык сөздүн өзөгү чындык дайым.
Чындык сөздү кулак салып угалык,
Чындык сөздүн түп атасы тууралык”.

Чындык жана туура айтылган сөздү уга билүү жана сиңирип алуу да өзүнчө бир жакшы сапат. Чындыкты укпаган кежир жана укса да уккусу келбеген акылдуусунган адамдардын тобу да кездешет. Мындай адамдардан алыс болууга үндөгөн автор, “Чындыкты УК жана андан ТАНБА!” деген төртүнчү чакырыкты жар салат.

“Чындык ачуу болсо да чыдоо керек,
Чындык сөздөн өзүңө пайда келет.
Сөз чынынан бузулбайт, баалай жүргүн,
Калп-чынды, ак-караны айра билгин!
Бирок да чындык сөздөр күнөө делбейт,
Сөзү ак, чындык дайым таттуу келбейт”-
деген саптарда таасын айтылгандай, чындык дайыма эле таттуу боло бербейт жана кээде өз ордун таап “отура албай” да калат. Муну ачуу чындык жана кечиккен чындык деп атайбыз. Ачуу чындык, бул түшүнүктүү, ал эми кечиккен чындыкка бир мисал келтирсек, адам алданып же жалган жалаа менен күнөөлүү болуп калган учурда бир нече убакыт өткөндөн кийин акталышын, чындыктын ортого чыгышын кечигип болсо да чындык жерде калбайт, кечиккен чындык деп түшүнөбүз. Бирок ошол убакыттын ичинде чындыктан ажыраган адамдын көңүлү, сезимдери, бүт жашоо-турмушу астын-үстү болорун Жусуп Баласагын өзүнүн “Куттуу билиминде” катуу эскертип, ошол кырдаалга ар дайым туруштук берип даяр болууга, сынбоого, чыдамкай, сабырдуу болууга үндөп: “Чындык чыдамкайлыкка тарбиялайт!” деген бешинчи чакырыкты таштайт.

“Бир караганда дастанда олуттуу конфликттик окуя, кырдаал жок болгону менен, адамдардагы сапаттардын ортосунда кагылыш курч мүнөздө чагылдырылат. Мисалы: адалдык-арамдык, марттык-сараңдык, акылмандык-акмактык, сылыктык-оройлук, эмгекчилдик-жалкоолук, сөзмөрлүк-чоркоктук, кичипейилдик-төрөпейилдик, сезимталдык-ташбоорлук. Булар эч убакта компромисске келбей турган түбөлүктүү карама-каршылыктар”- деп адабиятчы, академик А.Акматалиев таамай белгилегендей, чыгармада түздөн-түз каармандардын же карама-каршы түшүнүктөрдүн ортосунда курч окуялуу конфликттер жаралбаганы менен чындык маселеси боюнча чындык-калп, чынчыл-калпычы (жалганчы), туура сөз-кыйшык сөз, ак-кара түшүнүктөрүнүн оң-терс, жактарын, туура жана туура эмес жолдорун аныктоо менен адамга кайсыл учурда пайда же зыян алып келээри жөнүндө автор каармандардын суроо-жооптору аркылуу окурмандарга абдан эле терең түшүнүк бере алган.

Дүйнө, коом ак менен каранын, жакшы менен жамандын, эркек менен аялдын гармониясынан жаралганына таянып бузукулук бар жерде адилеттик, калп бар жерде чындык, ичи тарлык бар жерде жоомарттык кашкайып көрүнүп турарын айта алабыз. Жыйынтыктап келсек, адамдык карама-каршы сапаттар дайыма жанаша жүрөт жана жаман сапаттар жакшы сапаттарды айырмалап көрсөтүүгө көмөк берет.  Улуу ойчул, даанышман Жусуп Баласагын мындай адамдык түрдүү сапаттардын ар бирине кенен токтолуп, ач көздүк, ичи тарлык, жалган, калпычылыктын адамга тийгизген зыяндуу жактарын көрсөтүү менен адилеттик, чындыктын коомдогу пайдасын дагы да терең жана элестүү ачып берген.

Орто кылымдан калган бул баа жеткис эмгек жалпы эле түрк элдеринин, анын ичинде, ошол ойчул акын, философтун туулуп өскөн аймагын мекендеп жаткан кыргыз элинин улуу сыймыгы. Жусуп Баласагындын бул чыгармасы бир адамга же бир нече адамдардын тобу үчүн жазылган чыгарма эмес. Ал жалпы АДАМ баласы  (адамзат) үчүн жазылган жана жашоодо адам деген атка татыктуу болуу үчүн туура багыт көрсөтүүчү шам чырак. Бул чыгарма окурмандын жашын же өтүп жаткан мезгилди ылгабайт, ким болбосун жана канча убакыт өтсө да адамзат жашаган коомдо өз ордун жана адабий дидактикалык, педагогикалык философиялык салмагын жоготпойт. Чыгарма ушунусу менен баалуу.

janar_omuralievaЖанар Өмүралиева,
КР УИА Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун
“Манас”,  фольклор жана акындар чыгармачылыгы бөлүмүнүн
кенже илимий кызматкери

“Кыргыз тили”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.