Талкаланган үй, мигранттар жана «атанын керээзи»

plakatӨлкөбүздө акыркы жылдары кино тармагы жандана баштаганы баарына маалым. Бирок саны көбөйгөн тасмалардын сапаты суроо жараткан учурлар көп эле. «Атанын керээзи» көтөргөн темасы жана мазмуну жагынан азыркы кыргыз тасмаларынан айырмаланып турат. Фильмдин режиссерлору Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу менен тасманы тартуудагы кыйынчылыктар тууралуу баарлаштык.

– Экөөңөрдүн тең алгачкы тасмаңар экен. Фильмди тартып жаткан убакта ушундай ийгиликке жетебиз деп ойлодуңар беле?

Бакыт Мукул (Б. М): Албетте, бир аз да болсо ишеничибиз бар болчу. Себеби тандаган темабыз жеңил-желпи эмес, азыркы дүйнөдөгү эң орчундуу маселелердин бири. Миграциянын айынан миллиондон ашык жараныбыз четте жүрсө, алардын келбей калгандары да толтура. Ошол эле убакта тасмабыз жөнөкөй, карапайым тилде. Сценарий жазылып бүткөндө купулубузга толуп, эгер жазылгандай тарта алсак ийгиликке жетишебиз деп ойлогонбуз.

Дастан Жапар уулу (Д. Ж): Башында көпчүлүк көрүүчүлөр кызыккан коммерциялык тасмаларды деле тартып көргөнбүз. Ошону менен «оокат кылып» жүрө берсек болмок. Бирок андай тасмалардын «жашоосу» убактылуу гана болот. Биз Кыргызстан менен эле чектелип калбаган, дүйнөлүк деңгээлге чыга турган кино тарткыбыз келди. Бул ийгилик оңой менен келген жок. Тасманы тартаардан мурда дүйнөлүк кинолорду талдап, көп нерсени изилдегенбиз.

Мурдагы маектериңерде кино жаатындагы көпчүлүк адамдардын башында сииздерге ишенбегендигин айтыпсыңар?..

Б. М: Экөөбүздүн тең режиссерлук тажрыйбабыздын жоктугунан улам го дейм. Каражат издеп жүргөндө сценарийиңер мыкты экен, бирок башка бирөө тартсын дегендер болуп жатты. Бирок биз эч кимге көңүл бурбай иштей бердик.

Бакыт мырзаны кыргыз коомчулугу таланттуу актер катары тааныйт. Дастан, сиз буга чейин эмне менен алек болдуңуз эле?

Д.Ж: Мен кинооператорлук кесип боюнча белгилүү оператор, режиссер Нуртай Борбиевден сабак алгам. Ошондой эле режиссер Асель Жураеванын бир топ фильмдеринде, Темир Бирназаровдун «Кумар» тасмасында оператор коюучу болгом. Мындайча айтканда, мурдатан эле кино тармагында жүргөн адаммын десем болот.

Бакыт, камеранын аркасына өтүү оюңуз мурдатан эле бар беле?

Б. М: Бала кезден бери эле театр, кино чөйрөсүндө аралашып жүрөм. Анан тасмаларга тартылып жүргөн убакта бул сценаны мындай же тигиндей тартса жакшы болмок, мен башкача тартмакмын деп өзүмчө ойлончумун. Кырктан ашык киного түштүм, көптөгөн режиссерлор менен иштештим. Акырында түпкүрдөгү нерсе чогула берип, тасма тартууга кириштим.

Кантип бирге иштеп калдыңар?

Д. Ж: Бакыт байке экөөбүз көп жылдан бери таанышпыз. Кино тармагында сүйлөшүп калган учурда ойлорубуз, көз караштарыбыз окшош чыкчу. Башынан эле тасманы чогуу тартабыз деп пландаганбыз.

Б. М: Бирок булар бир тасманы экөөлөп тартты деген сөздөрдү да көп угуп калабыз. Эң негизгиси, канча кишинин тарткандыгында эмес, тасманын ийгиликтүү болуп өлкөбүздүн атын чыгарганында.

Сценарийди жазарда, кайсы бир окуяга таяндыңар да…

Д. Ж: Негизи айыл жергесинде талкаланган, эч ким жашабаган үйлөр болот эмеспи. Мени ошол үйлөрдүн ээлеринин тагдыры ар дайым ойлондурчу. Баштапкы идея талкаланган үй болгон. Андан кийин ар кандай окуялар, каармандар кошулуп жалпы сценарий даяр болду.

Жалпысынан канча убакытта тарттыңар жана каражат жагы кандай болду?

Б. М: Сценарийди жазып, ага каражат табабыз дегенибизге эле 3 жылдай кетти. Тасманын бюджети табылган соң Ысык-Көлдүн Тосор айылында, Балыкчы жана Бишкекте эки ай тартып, төрт айдай монтаж кылдык. Жалпысынан 5 млн. сомго жакын каражат кетти. Кинематография департаменти тарабынан уюштурулган конкурстан өтүп, алар 2 млн. сом бөлүп берди, 3 миллионго жакын акчаны демөөрчүлөрдөн таптык.

kino_tartuuТасмадагы башкы каармандын ролун Бакытбайкенин уулу ойноптур. Актерлорду кантип тандадыңар?

Д. Ж: Бизге 15 жыл чет өлкөдө жашаган, маданияты, көз карашы башкача каарман керек эле. Ал убакта Иман Мукул Санкт-Петербургдагы балет академиясында окуп жаңы эле келген болчу. Биз издеген нерселердин көбүн андан көрө алдык. Бакыт байкеге айтсам, «өз баласын тартып атат деген сөздөр болуп кетет» деп ынаган жок. Кийин кастингде текшерип көрсөк, сценарийдеги каарманыбызга көп жагынан окшогондугун байкадык.

Тасманы көргөн адамдар, айрыкча мигранттар кандай пикирлерди айтышты?

Д. Ж: Тасмабыз бир эле миграция темасы менен чектелип калган жок. Атайын ушундай тема көтөрүп көрүүчүлөрдүн сезимдердин козгойлу деген максатыбыз жок болчу. Кинодогу ички маани-маңыздуу окуяларга, метафора жана символикалык чечимдерге фестивалдардагы калыстар да жогорку бааларын беришти. Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков да тасманын кыргыздын 25 жылдык тарыхынын жыйынтыгын бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу көрсөткөндүгүбүздү айтты.

Б. М: Роза Отунбаева фонду миграция маселеси боюнча форум өткөрүп, анын алкагында атайын «жабык көрсөтүү» уюштурулган. Форумга дүйнөнүн ар тарабынан келген кыргыздар катышкан. Алар аябай жакшы таасир калтыргандыгын, жүрөктөрүнө тийгендигин айтып атышты. Роза Исаковна да жакшы тема козгогондугубузду айтып куттуктады.

– “Атанын керээзин” Кыргызстанда качан көрө алабыз?

Б. М: Улам бир башка фестивалдардан чакыруу келип жаткандыктан премьера улам кийинкиге жылып жатат. Кышында «Алтын глобус», «Оскар» сыйлыктарына ат салышып калышыбыз мүмкүн. Кыргызстандыктар кыштын аягы же жаздын башында көрө алышат.

Азат Бектурганов, “Де-факто”, 29.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.