Эки элдин баатыры — Кайдоол

altymysh_kulmatovКыргыздан чыккан Кайдоол баатыр 18-19-кылымдарда казак элинин боштондугу жана биримдиги үчүн өз өмүрүн арнаган эр жүрөк инсан болгон. Казак эли анын баатырдыгын жана акылмандыгын баалап, эл оозунда Кайдоолдун эрдиктери тууралуу азыркыга дейре айтылып келет. Кайдоол баатырдын ата-тегин да унутта калтырбай, аны «эки элдин баатыры» деп атап, анын кыргыз экендигин ар дайым баса белгилешет. Жакында эле Кайдоол баатырдын 250 жылдыгы Актөбө облусунда жогорку деңгээлде өткөрүлүп, ага Кыргызстандагы кайдоол уруусунан бир нече киши да катышып келди. Баатырдын урпагы Алтымыш Кулматов менен бабасынын өмүр таржымалы, жасаган эрдиктери жана 250 жылдык салтанаты жөнүндө маектештик.

Алтымыш мырза, кыргыз тектүү Кайдоол баатыр казактар урматтап сыйлаган инсан экен. Бирок анын кыргыз болгондугуна карабай, ушуга чейин атын укпаптырбыз?

– Туура айтасыз, Кайдоол баатыр Казакстандын тарыхында өз орду бар инсан. Өмүр бою казактын намысын коргоп, коңшу элдин боштондугу жана биримдиги үчүн душмандар менен чабышып жүрүп өткөн экен. Ошондуктан боордоштор аны башка казак баатырлары менен тең тутуп урматтап келишет. Казак үчүн ат көтөргүс эмгек кылган, 40 жыл бою ээрден түшпөгөн баатыр деп билишет. Анын ысымы эл оозунда сакталып, жасаган эрдиктери урпактан урпакка айтылып келиптир. Кайдоол баатыр жөнүндө казак профессорлору тарабынан көптөгөн илимий макалалар, изилдөөлөр жазылган. Жакында эле мамлекеттик деңгээлде 250 жылдыгы өттү. Ал эми өмүр таржымалына токтоло кетсек, Кайдоол солто уруусунан чыккан баатыр болгон. 19-кылымдын башында калмактар жерибизди чапканда түндүктөгү кыргыздардын бир бөлүгү түштүккө кетип, ал убакта отуз жаштарда болгон Кайдоол баатыр да эли менен бирге азыркы Казакстан тарапка ооп, Түркстан аркылуу Актөбөнүн Шалкар аймагына чейин барган. Ал жерде отурукташып, кийин казак элинин бүтүндүгү үчүн түркмөндөр менен согушуп, жекеме-жеке кармашта алардын жети баатырын жеңип, башкырлар менен болгон кармашта баатыр Назарды колго түшүрүп, казактын барымтага алынган мал-жандарын кайра кайтарган экен. Анын көрсөткөн эрдиктери тууралуу казактын тарыхый эмгектеринде көп жазылган. Бирок казак санжырасында ал Казакстанда туулуп-өскөн деп жазылып, биздикинен бир аз айырмаланып калган. Тилекке каршы, кыргыздар бул баатырды жакшы биле беришпейт. Биз азыр бабабыздын атын калкыбызга бир аз да болсо таанытайлы деп иш жүргүзүп жатабыз.

Өзүңүз солтонун кайдоол уруусунан экенсиз. Мурдатан эле Кайдоол баатырдын тарыхы, тагдыры жөнүндө билчү белеңиз?

– Кайдоол баатырдын солто уруусунда орду, аброю бар болчу. Санжыраларда да аты көп кездешип, жазуучу Асанбек Стамовдун «Кан Тейиш» чыгармасында да ал жөнүндө кенен маалымат берилген. Биз бир жыл мурун бабабыздын тегин изилдеп, уруулаштарыбыздын кайда экендигин издей баштадык. Анан ошол убакта казакстандык Закираддин Байдосов деген профессор менен таанышып калдык. Ал өзү «Казан жүрөк Кайдауыл» деген китеп жазыптыр. Ал киши менен сүйлөшүп жүрүп, ушул жылдын май айында биринчи жолу Казакстанга бардым. Териштире келсем, эң жакын урпактары биз экенбиз. Ал жакта жалпысынан 11 миңге жакын солтого таандык кыргыздар жашайт. Ошол кыргыздардын да демилгеси менен Кайдоол баатырдын аты унутулбай, эскерилип келиптир.

Баатырдын өмүрү казак жергесинде өтсө, азыр Кыргызстандагы кайдоол уруусундагылар өз мекенине кантип келип калышыптыр?

– Кайдоол баатыр өмүрүнүн аягына чейин казактын бүтүндүгү, боштондугу үчүн орустар, башкырлар, калмактар менен согушуптур. Ошондой кармаштардын биринде, 1839-жылы казак-орустар менен башкырлар «казак жергесинде тартип орнотобуз» деп айылдарга кол салып, казактын белгилүү бир баатырын өлтүрүшөт. Ошол мезгилде 73 жаштагы Кайдоол жоокерлери менен бирге баатырдын кунун кууп, душмандардын аркасынан жөнөйт. Оренбургдун жанында сан жактан өздөрүнөн бир топко көп душман менен кармашып жатып каза болуптур. Анын сөөгү Актөбөдөгү Шалкар районуна 35 км. алыстыктагы жерге берилген. Ошол окуядан кийин орустардын кысымы күчөп, Кайдоолдун үч баласы жер которууга аргасыз болушкан. Биз анын Тотон деген баласынан тараганбыз. Тотон туугандары менен Кыргызстанга чейин келсе, казак илимпоздорунун айтымы боюнча калган эки баласы азыркы Жамбыл, Чимкентте отурукташып калуусу мүмкүн. Азыр Москва районундагы төрт айылда 500 кишилик кайдоол уруусу жашайт.

Кайдоол баатырдын 250 жылдыгы чоң деңгээлде өтүптүр. Ушул тууралуу айта кетсеңиз?

– Эки күнгө созулган Кайдоол баатырдын 250 жылдык салтанаты мамлекеттик деңгээлде өттү. Казактар баатырдын 250 жылдыгы, Казакстандын эгемендигинин 25 жылдыгына туура келгендигин айтып сыймыктанып жатышты. Кайдоол баатыр тууралуу заманынын мыктысы, эр жүрөк баатыры, акылманы, душманды күч менен да, акыл менен да жеңе билген тарыхый инсан деген сөздөр айтылды. Биз да Кыргызстандагы кайдоол уруусунун атынан жети киши барып катыштык. Казакка төбөсү көрүнгөн илимий ишмерлер, саясатчылар, ошондой эле басымдуу бөлүгүн солтолор түзгөн алты жүздөй жергиликтүү кыргыздар келди. Актөбөнүн эң чоң району болгон Шалкардагы темир жол станциясына Кайдоол баатырдын аты берилди. Биз бул жактан атайын баатырдын бюстун жасатып алып барган элек. Станцияга ошол эстеликти койдук. Ошондой эле буга чейин баатырдын аты Актөбөдөгү бир проспектке берилсе, Шалкар районунда Кайдоол айылы бар экен.

Казактар Кайдоол баатырдын кыргыз экендигине кандай маани беришет экен?

– Алар Кайдоол баатырдын кыргыз экендигин ар бир тарыхый эмгегинде, санжыраларында, илимий макалаларында сөзсүз түрдө белгилеп өтүшөт экен. Баатырдын улутуна ар дайым чоң маани берип, басым жасашып, «эки элдин баатыры» деп аташат экен. Баатырдын күмбөзүндө, эстеликтеринде да «кыргыз» деп жазылып турат.

Жергиликтүү кыргыздар менен да жолугуптурсуз. Алар тууралуу да айта кетсеңиз?

– Кызыл-Ордодон Актөбөгө чейин 400-500 жыл мурун барып отурукташып калган кыргыздар көп экен. Алар менен жолуктук. Өкүндүргөнү үрп-адатын, тилин сактай албай калышыптыр. Бирок ошентсе да жүрөктөрү ар дайым кыргыз деп соккондугу көрүнүп турат. Көпчүлүгү азыр жакшы кызматтарда казактардан кем калбай эмгектенишет экен. Ак калпакты да эч качан баштарынан түшүрбөй жүрүштү. 250 жылдык салтанатта да жалаң эле ак калпакчандар көрүнүп жатты. Ошондой эле казак эли менен болгон мамилеси да бир туугандай жакшы экен. Эч кандай бөлүнүп-жарылууларды байкабадык. Андай өкүнүчтүү нерселерди кыргыз-казак чек арасындагы кызматкерлерден эле көрбөсөк, казак жеринде бөлүнүүнү жолуктурган жокпуз.

Азат БЕКТУРГАНОВ, «Де-факто», 07.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.