Жүрөктөн чыккан ырлар

(Рыспайдын ырларынан куралган эссе)

10-классты бүтөөр жылым. Анда “Алмашым” 7-класста окучу. Мүнөзү шайыр, ары жакшы окуган, ары жакшы ырдаган сулуу кыз эле. Мен көп кыз ичинен аны жактырчумун. Ошол кыз убагы келгенде менин “Түгөйүм” болуп калса деп тымызын ичимен ойлой берчүмүн.

Мектепти бүтүп, элдик театрда бир-эки жыл иштегенден кийинОМПИге тапшырып, студент болуп калдым. “Өмүрүмдүн кымбаты” болгон студенттик күндөрүм өз жолу менен өтүп жатты.

Алмаш 10-класста. Мен ага “Сагыныч” каттарын жазып турам. Бир күнү кезектеги каты келди. Ошондогу кубанганымды айтпа.Конвертти ача салып, катты окуп кирдим. Катка“Мен гана билем баркыңды” деп тема коюп, андан ары төмөнкүдөй уланат.

“Рыспай, “Кечир мени, таарынба”, “Сага” бул катты жазганыма көп болду. Сенден көптөн-көп суранам, бул катты өзүңдөн башка жан адамга көрсөтпөй “Бир өзүң” оку. Чынын айтсам кээ бир күнү“Сен десем” көлдөгү“Ак кеме” болуп, кээде асмандагы “Ак булут” болуп Ош тарапка сызгым келет. Мен ушул катымдын темасын коюу үчүн көп күн ойлонуп жүрдүм.“Өзүңдү күтүп жүрөмүн” десемби же“Ойлодуң бекен мени сен” десем кантет, а балким, “Сагынган жанмын сага окшоп” деп койсом жарашып жүрбөсүн деп олтуруп, акыры жогорку теманы тандап алдым.

Эртедир-кечтир бир убагы келгенде “Биз, экөөбүз”“Кош жылдыз” болуп жанарбыз. Атаганат! Эгер мен акын болгонумда«Сенжөнүндө поэма»,а балким“Махабат жөнүндө баллада” жазмак белем? Сен мени: «Издейм сени»арасынан элдердин»десең, мен сени: “Күдөр үзбөй күтөмүн” дегим келет, сен мени “Сендейди кайдан табамын?” десең, мен сени “Аман бол, жарык жылдызым”дегим келет.

Анан да бажырайта жазылган сенин кол жазмаңдын сулуулугун айт. Айрыкча“Кылчактапнеге карадың?”, “Сенин назик мээримиң”, “Түшүмө кирдиң түндө сен” ушинтип жүрүп, бир күнү“Жүрөктү кетпе жаралап” деген саптарыңды улам ичимен кайталап жатып, уйкуга кирем. Катыңдын аягында,«буюрса, бир күнү экөөбүз айтылуу “Сары-Челек көлгө бир арзуу” айтып келебиз» деген жериңди окугандан бери көл түшүмө көп кирчү болду.

Түшүмдө сени мененСары-Челек тарапка жол тартып бара жатабыз. Жол бою магнитофондо өзүңдүн “Ала-Too», «Койчунун ыры», «Кыздын ыры», “Топчубайдын арманы», “Офелиянын ыры”, “Эскерүү”, “Өмүр гүлү өз түгөйүн чакырат”деген ырларыңды катары менен угуп бара жатып,“Жаштыгым менин берекем” деп туруп, анан өзүмчө купуя ушинтип “Сен дайыма болчу менин жанымда” деп тилек кылып коём.

Бир кезде сен машинеңди жолдун четине токтотуп, сыртка чыктык. Ошол биз сыртка чыккан кезде сен магнитофондо “Жүрөк вальсы” деген ырыңды ырдап жаттың. Анан мени колумдан тартып, ошол керемет ырыңдын коштоосунда вальска түштүк. Чындыгында, ал вальс биздин “Биринчи вальс” эле.

Бир убакта көлгө жетип, экөөбүз бир кайыкта сүзүп жүрөбүз. Мен “Кайыкта” бара жатып, негедир көл жөнүндөгү ырлардан обон созуп ырдагым келди. Анан сага эскертпей туруп үнүмдү бийик чыгарып:

“Ичимде күйгөн жалын бар,
Издесем түгөй табылар”
,- деп ырдын эки сабын баштасам сен:

“Айланып көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар”,– деп коштоп жибергениңде экөөбүз тең бирдей каткырып күлүп, сен мени кош колдоп өзүңө тарта кучактап, жүзүмөн өпкүлөп жаттың.

Рыспай! Ишенсең жуманын ар жекшемби күнү бериле турган “Суроолор боюнча концертти” калтырбай угам. Өткөн жумадагы берүүдө “Даниярдын ырын” ырдадың. Эгер жаңылбасам, ырдын обонун казак композитору ИльяЖаканов жазган. Ошондогу сенин аргендей үнүңө бир эсе таң калып, бир эсе суктанып, жанагы “Жүрөккө жүрөк сыр берет” деп таамай айтылган сөздүн күчүнө айласыз баш ийип турдум. Негедир мен ошондо дагы сенден экөөбүздүн ортобуздагы ыйык сүйүүбүздү даңктап “Сүйүүдөн ыйык эмне бар?” деп ырдаса экен деп күттүм эле. Канчалык “Сайрай түш булбул садага” деп жалынсам да, бир эле ыр менен бүтүрүп салдың. Мейли, ырдай бер, булбулдай болуп сайрай бер. Ылайым сага сук көздөр менен суук сөздөр тийбесин деп Жараткандан суранып, уктаарымда дайыма дуба кылам».

Ошентип Алмаштын катын эки бүктөп, төш чөнтөгүмө салдым да,терең ойго баттым. Чындыгында сүйгөн кызыңды ойлоп,“Өскөн жер” жана андаөткөргөн балалык кезиңди эстеп“Сагынуу” өтө кыйын тура. Кээ күнү “Сулайман” тоонун башына чыгып алып, айылым жакты карап “Сагындым тууган жер сени” деп кыйкыргым келет.

Бир күнүАлмашка жолугуп келүү үчүн «кайдасың сен, “Жалбырагым дирилдек” деп туруп, эки күнгө уруксат алып, “Алтынчы күнү кечинде” айылга жөнөдүм.

Мына, мен күткөн дүйшөмбү күндүн да аппак таңы. Мен Алмашка жолукканда айта турган сөздөрүмдү көңүлүмдө тизмектеп, үйдөн чыктым. Сөз кезеги келгенде, мен ага “Сен тарап дайым агарат”,”Бейкүнөө жүрөгүмдө орун бирөө”, “Тезирээк эле билсемчи” деген сөздөрдүайтышым керек, же ал мени “Жолугупсуз мага бекер сиз” деп кагып салса кантем?» деген түрдүү ойго батып бара жатып, үйдөн бир топ узай түшүпмүн.

Ооба! Биздин мектепке барчужолдо калың “Алма бак” болор эле. Ошол бактын ортосунда эл каттачу жалгыз чыйыр жол бар. Кызык! Ошончо калың алма бактын ичинде ким тиккенин билбейм, алыстан көзгө даана көрүнгөн жалгыз “Ак кайың” өсүп турчу. Мен баягы чыйыр жолго жеткенде бет алдыман “Tooгүлү” өңдөнгөн,мектеп формасын кийген бири-бирине окшош төрт кыз чыкты. Алмаштын жанындагы бирге келе жаткан курбу кыздары “Гүлкайыр”, “Делбирим”, ’’Айтумар” экенин, алар мага улам жакындаган сайын даана тааныдым. Мен табиятыман шашма жаным, кыздардын алдынан тосо чыгып, баары менен учурашып, анан үйдү көздөй акырын бара жатып, Алмаштын 5 мүнөткө менин жанымда калуусун өтүнсөм, кичине кыйылып туруп макул болду. Курбуларынан бөлүнүп калган Алмаштын жүзүндө кандайдыр “Таарыныч” пайда боло калганын байкадым. Анын жүзүндөгүтаарынычтын себебин билейин деп: “Ким сени мынчалык таарынткан?” десем, ал мага: “Мени эч ким таарынткан жок, деги өзүң “Кайдасың?”, чыныңды “Айтсаң боло”,мен керек болсокүн сайын эмес, саат сайын күтөм сени,“Эстейм сени”. Кээде “Неге минтип жүрөмүн” деп өзүмө-өзүм суроо берем. “Күтүү” деген кандай кыйын экенин билбейсиңби?»- деди.

“Кыз сыры” оңой менен айтылбайт, бирок бүгүн мен сага сырымды айтайын деп чечтим. Өткөндө радиону койсом “Ой, бото көз”,ой “Периштем”, ой “Кымбатым”,сен эмнеге “Билбедиң жүрөгүмдөгүнү” деп эле боздоп жаттың. Мен “Эмне үчүн?” минтип боздоп калган деп өзүмчө бушайман болдум. Же менден башка да бото көзүң барбы?»- десе, эмне дээримди билбей, бүткөн боюман тер кетип, жаман болдум.

Саамга экөөбүз тең унчукпай туруп калдык. Анан мен: “Сен антип ойлобо, алтыным, силердей сулуу кыздарды Кудай жаратып койгонуна мен миң мертебе ыраазымын, силер бар үчүнөмүрүмдүн акырына чейин “Махабатты урматтап” өтөм дедим.

Бир кезде Алмаш колундагы саатын карап ыңгайсыздана түштү. Анан эле: «Кой, Рыспай,“Коштошуу” кандай аянычтуу болгону менен айла жок, сен өзүң жакшы билесиң,агаларым менен эжелерим өз турмуштары менен алек.Атам болсо мал багып “Жайлоодо”. Азыр үйдө“Энекем”, мен, анан менден кийинки иним “Тынчтык” үчөөбүз эле турабыз»,- деди.

«Мени үйдөгүлөр күтүп калышты. Жакында “Мектебим” жабылып, акыркы коңгуроо болот, анан эле бүтүрүү экзаменим башталат. Эгер убактың болсо ошол акыркы коңгуроо күндөрү айылга “Кайра келчи”,менде “Өзүңө айтар сырларым” көп. Экзамендерди бүтүргөнүмдөн кийин мени ата-энемдер Фрунзеге окууга жөнөтөбүз деп жатышат. Бүгүнкү экөөбүздүн ушул алма бак ичиндеги бактылуу мүнөттөрдү сенден “Суранаарым, эстей жүр”,– деп туруп, чуркаган бойдон үйүн көздөй жөнөдү.

«Алмаш мектепти бүтүп Фрунзеге кетип калса, мен “Окууну бүтүп кеткен кыз” деп Ошто каламбы?»деген ойдун кучагында акырын үйгө кайттым Эртеси Каракулжа-Ош каттамы менен кайра окуума келдим. Ошентип бир жума өтүп-өтпөй, капилетШакафтар шаарчасында догдурга жатып калдым.

Туп-туура бир жылдан кийин Алмаштын кезектеги катын алдым. Ошол кат анын мага жазган акыркы каты экенин сезбепмин. Көрсө, Алмаш экинчи курстун башында турмушка чыгып кетиптир Кат: “Кайчылаш жолдо кайчылаш тагдырдын барын билбегем” деп башталып, кокус бир жерден жолугушуп калсак «Таанышыңдай карагын” деген сөздөр менен уланып, анан“Адашкан жанда эмне айып?” деп, каттын аягын:«кантейин,“Жаныңда жүрүп өгөйү болдум сүйүүнүн” деп бүтүрүптүр. Ошол катты окугандан кийин мага “Көңүлсүз кеч” кирип бара жатты.“Кусалуу жол” менен “Түнкү санаа” тартып бара жатып,“Өмүр арманы”ушундайбы?» деген суроого жооп издейм. “Неге үздүк кылын комуздун?” деген суроого жооп табалбай кыйналам. Алмаш мага бир кезде “Сенин гана жалының” керек» дечү эле го!Ошентип “Күнөөлүүсү жалгыз өзүңсүң” деп Алмашка айыпты коюп бара жатып, бир кезде оюма “Ак куулар жалгыз жашабайт” деген сөз кылт эте түштү. Демек мен да жалгыз жашай албайм. Келечектеги “Түгөйүм” жөнүндө ойлонуп, акырын Ак-Буураны бойлоп, жатаканама жөнөдүм.

Арадан жарым жыл өтүп-өтпөй мен да өз бактымды таптым. Турмуш деген ушундай бирде ачуу, бирде таттуу болот белем. Ошон үчүн элибизде “Тагдыр” деген таамай сөз бар. Тагдырга айласыз баш ийесиң. Күндөр айга, айлар жылга алмашып олтуруп, көптөгөн жылдардан кийин биз Оштун “Токтогул” паркында Алмаш экөөбүз кокусунан жолугушуп калдык. Көргөн көзүмө бир ишенип, бир ишенбей турдум. Алмаш аябай өзгөрүп кетиптир. Мен Алмашка: «Бир өзүңө эрте кечтир, качандыр бир, бир убакта ушинтип “Жолугарым билгемин” деп туруп, анан мындан отуз жыл мурда анын акыркы коңгуроо майрамына куттуктап баралбай калганым үчүн кечирим сурасам, ал: «Эстетпечи өткөн кезимди»деп, көзүнө жаш ала кетти. Мен да,өзүмдү кармай албай, ага кошулуп жашып кеттим. Ошол Алмашым экөөбүздү ыйлаткан “Эстетпечи өткөн кезимди” деген обонумдун сөзүн лейлектик акын досум Курбаналы Сабыров жазганын бирөө билсе, бирөө билбес. Ошол күнү, 1966-жылы Шакафтарда догдурда жатып чыгарган “Алмашым” деген ырымды башка жерлерде, телерадиодо канча ырдасам да, Алмашымдын өзүнө “Токтогул” паркын жаңырта биринчи жолу ырдап бердим.

Өмүрзак Саттаров,
Улуттук жазуучулар бирлигинин мүчөсү,
К.Сабыров ат. адабий сыйлыктын ээси,
“Кыргыз тили”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.