Темир Бирназаров, кинорежиссер: Биз кинону товарга айландырып салдык

Соңку жылдары өлкөбүздүн кино тармагы кайрадан жанданып, жергиликтүү тасмалар биринин артынан бири чыгып, мамлекет режиссерлорго жакшы көңүл бурууда. Бирок саны көп тасмалардын сапаты ар дайым эле көңүл жылытаарлык болбой жатат. Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров менен кыргыз киносунун азыркы акыбалы, кинонун коомдогу орду жана жаш режиссерлорго кеңештери тууралуу баарлаштык.

– Темир мырза, биринчиден «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамын алгандыгыңыз менен куттуктайбыз. Бирок сиз 10 жыл мурун ушул наамдан баш тарткан экенсиз. Эмне үчүн?

– Бул эми Советтер Союзунан калган нерсе да. Ал убакта улуттук идеологиянын «жоокерлерине» дем берүү үчүн сыйлык берилчү. Бул эркин искусство адамдарына кереги жок нерсе. Анан ачык эле айтып коюш керек, бул сыйлыкты алуу үчүн акча бергендер да толтура. Азыр эл билбеген «эл артисттери» көбөйүп кетти. Ошол эле убакта Куйручук, Шаршенде мындай наамдар жок, бирок алар элдин оозунда калган. Сыйлык-наамдардын аркасынан чуркагандар – комплекстүү, өксүгү бар адамдар. Ал эми чыныгы таланттарды эл өзү эмгеги аркылуу баалап алат. Ошондуктан мындай наамдар жоюлуп кетсе, бир четинен абдан жакшы болмок. А эгер жоюлбай турган болсо, азыркыдай 5-6 кишиден турган комиссия эмес, эл өзү кылган эмгектерине жараша кимдин кандай наамга татыктуу экендигин чечиши керек. Себеби комиссия мүчөлөрү наам берээрдин алдында ар кандай документтерге шылтап акча сурашат. Бул баары билген ачык эле нерсе. Азыр биздин бардык нерсебиз акча менен байланышып калды. Карапайым калктан баштап жогорку жактагы саясатчыларыбызга чейин соодагер болуп кеттик.

– Өкмөттүн порнография жана зордук-зомбулукту чагылдырган тасмаларга тыюу салган токтому иштей баштады. Негизи эле цензура эркин авторлордун чыгармачылыгына тоскоолдук жаратып койбойбу?

– Негизи эле бизде коом аябай бузулуп кеткен. Кечкисин көчөдө денесин саткан кыздар да порнография да, туурабы? Анан ушул нерселерди тыя албай жатып чыгармаларга асылганы түшүнүксүз болуп жатат. Азыр биз башка жолдорду издебей, союз убагынан келе жаткан механизмдерди улантып келе жатабыз. Бул комиссия кантип ошондой эмгектерди тыят? Кайсы чыгарманын порнография, кайсынысынын искусство экендигин алар кантип талдашат? Бул аябай татаал нерсе. Анда биз бул мыйзамга жараша «Жамийла», «Биринчи мугалим» сыяктуу кыргыздын көптөгөн классикаларын да тыйышыбыз керек болуп калат да. Аталган мыйзам кабыл алынса да, азыр интернет, санарип канал дегендер бар. Алардын баарын кантип тыят? Ошондуктан бул жөн эле популисттик мыйзам деп ойлойм. Эң башкысы, ар бир адам өз абийирин башкара алса эле жетишет.

 kino1

Акчанын аркасынан чуркап, кинону товарга айлантып салдык

– Негизи эле искусствого цензура керекпи?

– Албетте, цензура керек. Иранда, Кытайда цензура бар. А бирок ушул өлкөлөрдүн тасмалары гумандуулукка үндөгөн классикалык чыгармалардын катарына кирет. А биз болсо кинону товарга айландырып ийдик. Азыр биз акчанын аркасынан чуркап калдык. Материалдык кызыкчылык алдыга чыкканда абийириңди, уятыңды, мамлекеттин кызыкчылыгын унутуп коёсуң. Элиңди, жериңди оңой эле сатып каласың. Кыргыздарда эң жаман оору пайда болду – ачкөздүк деген. Ачкөздүгүбүз бизди жаман жакка алып бараарын байкабай жатабыз. Биз кайра ачкөздөргө дем берип, акча жасаш керек деп жаман-жакшыны ылгабай калдык. Ушундай көрүнүштөрдү жөнгө салуу үчүн цензуранын болгону жакшы.

– Ушул эле акча жасоо көйгөйү кыргыз киносунда да көрүнүп жаткандай. Жергиликтүү тасмалардын саны көбөйгөнү менен сапаты суроо жаратат…

– Азыр кино тарткандар да эптеп акча таап алайын деп көрүүчүлөрдү малга айландырып жатат. Жөн гана көңүл ачуу, күнүмдүк турмуштан алагды кылуучу кинолор көбөйүп кетти. Руханий дүйнөнү байытып, адамды тарбиялай турган тасмалар аз. Ошол эле убакта бир гана кыргыз киносунун эмес, жалпы кыргыздардын рухий дүйнөсү аябай бөксөрүп кетти. Биз демократиялык, капиталисттик өлкөдө жашап жаткандан кийин каалаганыбызды жасап калдык. Бирок мамлекеттин жардамы менен тартылган тасмалар бир аз да болсо элди кармап турганын айтып коюш керек. Мисалы, «Атанын керээзине» окшогон фильмдер олуттуу көйгөйлөрдү чагылдырып атат.

 

Чыныгы искусство жан дүйнөнү тазартат

– Кино аркылуу коомду оңдосо болобу?

– Албетте, болот. Бирок көрүүчүлөр андай тасмаларды көрүүгө кызыкдар болбой калды да. Мен мындан 11 жыл мурун бир катар саясатчыларга сунуштадым эле. Мектеп программасына дүйнөлүк классикадан 50-60 кинону киргизейли деп. Кичинекей окуучуларга жакшылыкка үндөгөн кинолорду көргөзсөк, интелектуалдуу, жан дүйнөсү бай адамдар өсүп чыкмак. Ушул нерсе колдоо тапса, элибизге эле пайдасы тиймек. Мисалы, мен окуучуларыма классикалык тасмаларды көргөзгөндөн кийин алардын көз карашынын өзгөргөндүгүн байкайм. Адамдын ички дүйнөсүн искусство өзгөртө алат. Менин оюмча, ар бир автор коомду жакшылыкка үндөгөн, ойлондура турган эмгектерди жасашы керек.

– Мамлекет кино тармагына жакшы көңүл бурууда деп айттыңыз. Анан акыркы убактапатриоттук кинолорго колдоо көп болуп жаткандай. Ушул нерсе эмнеден улам болуп жатат?

– Биз бүт бардык жагынан артта калдык. Өлкөбүздүн өндүрүшү начар, эч нерсе чыгара албайбыз. Жалаң ичип-жемей менен алектенип калдык. Жерибизди, кенибизди сатканыбыз аз келгенсип, күчүбүздү да сатып жатабыз. Канчалаган адамдарыбыз башка өлкөлөргө тентип кетти. Анан башка аргабыз калбай калганда тарыхыбызды казып баштайбыз. Себеби башка мактана турган эч нерсебиз жок калды. Өзүбүздү-өзүбүз эптеп сооротуп атабыз. Бул көрүнүш ушундан улам болуп жатат.

 

Коомго, адамзатка пайдалуу кино тартса дейм

– Азыр жаш режиссерлор көбөйүп жатат. Сиз аларга дасыккан режиссер катары кандай кеңештерди берет элеңиз?

– Мен, мисалы, өзүмдүн кино курсума келген окуучуларга ачык эле айтам, башкы максатыңар акча табуу болсо келбегиле деп. Себеби коммерциялык кинону үйрөтө албайм. Ошондуктан окуучуларымдын көбү документалист болуп чыгышат. Кино аркылуу дүйнөлүк маселелерди болбосо да, жок дегенде мамлекеттик көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу керек. Азыр дүйнө жаман жакка өзгөрүп, белгисиз туңгуюкка, аңга карай бара жатат. Кино тармагындагылар адамдарды ушул нерседен сактоочу, аң-сезимди өзгөрткөн көйгөйлөрдү чагылдырышы керек. Ошондуктан мен окуучуларыма эң башкысы тема тандоодо жаткандыгын айтып келем. Коомго керектүү, пайдалуу нерселерди тарткыла дейм. Атыңар чыкпашы, акча таппашыңар, кимдир бирөөлөрдөн сөгүү угушуңар мүмкүн. Бирок абийириңер таза болот. Себеби элге, мамлекетке пайдалуу иш жасаган болосуңар. Өлкөбүздө кандай окуялар болуп жаткандыгынан кабардар болуп, айрыкча журналисттик изилдөөлөргө көбүрөөк көңүл буруш керек. Анткени алар коомдогу көйгөйлөрдү чукуп чыгышат. Ал эми режиссерлор ошол көйгөйлөрдү кино аркылуу элге дагы тереңирээк жеткириши керек. Менин окуучуларымдын арасында коомдун көйгөйлөрүн чагылдырган даректүү тасмалары аркылуу дүйнөлүк фестивалдарда ийгиликтерди жараткандар бар. Бирок өкүнүчтүүсү, «Кыргызфильмдин» жетекчилиги даректүү тасмаларга көңүл бурбай, колдобой жатат. Чындап келгенде көркөм фильмдерге караганда даректүү тасмалар маанилүү. Себеби алар коомдогу нерселерди түз чагылдырып, тарыхта калат.

– Акыркы тасмаңыз «Буюк» тууралуу айта кетсеңиз?

Тасманын сценарийи белгилүү жазуучу, кинодраматург маркум Талип Ибраимовго таандык. Ал киши тирүү кезинде тасманы тартууга мени бекитишкен. Бирок мен сценарийге өзгөртүүлөрдү киргизип, концепциясын өзгөртөйүн десем, Талип агай макул болгон эмес. Ошондон улам бул кинону тартуудан баш тарткам. Кийинчерээк ал кишинин көзү өтүп кетти. Анан сценарийди колдон келишинче өзгөртүп, Талип Ибраимовдун урматына деп тартууну кайра баштадым. Азыр монтажы болуп жатат. Январь же февраль айында көрсөтүүгө чыгат.

«Де-факто», 08.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.