Эл акыны Шайлообек Дүйшеевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ыйгарылды

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын эл акыны, II, Ш даражадагы “Манас” орденинин, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Шайлообек Дүйшеевге ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Сыйлыкты тапшыруу аземи бүгүн, 25-ноябрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын 45-пленардык жыйынынын жүрүшүндө болду.

Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков тапшырды.

Шайлообек Дүйшеев – чыныгы эл акыны, жазуучу, публицист жана журналист. Анын чыгармачылыгынын популярдуулугу поэзиясынын муундан муунга таза булак өңдүү өткөн “Манас” эпосу, элдик оозеки чыгармачылыктагы ырлар, дастандар, уламыштар, жомоктор сыяктуу элдик фольклорго сугарылып, кыргыз элинин көрүнүктүү классик акындары Калыгул, Арстанбек, Кетбука сындуу залкар таланттардын таасиринен түзүлгөндүгүндө. Ошондой эле Ш.Дүйшеевдин маанилүү чыгармачыл мектеби улуттук колоридге, өзгөчө талантка ээ кыргыз, орус жана совет акындарынын мыкты-мыкты чыгармалары болуп саналат.

Шайлообек Дүйшеев котормо жаатында дагы үзүрлүү эмгектенген. Анын котормочулук чеберчилигинин аркасында көптөгөн орус жана казак акындарынын чыгармалары кыргыз тилинде сүйлөгөн.

Анын “Агындылар” аттуу көп пландуу автобиографиялык романы кыргыз окурмандарынын чыныгы рухий мурасына айланып, улуттук адабиятта чоң ачылыш болуп калды. Бул чыгармада кылым карыткан элдик даанышмандык, кыргыз элинин терең философиясы, кылдат лиризм, боорукердик менен автордун өз каармандарына болгон чексиз сүйүүсү укмуштай айкалышкан.

Эске салсак, аталган сыйлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сунушу менен 2012-жылдын ноябрь айында КМШ ПАА Кеңешинин токтомунун негизинде уюштурулган. 2013-жылы Ч.Айтматов атындагы КМШ ПАА сыйлыгы алгачкы жолу Россиянын “Литературная газета” гезитинин башкы редактору Юрий Поляковго ыйгарылган. Андан кийинки жылы аталган сыйлыкка Азербайжан Жазуучулар бирлигинин төрагасы Анар Рзаев татыктуу болгон. 2015-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык Армениянын Месроп Маштоц атындагы Матенадаран байыркы кол жазмалар институтунун директору Грачь Тамразянга берилген.

Жылына бир жолу бир гана адамга берилчү мартабалуу сыйлык ээсинин маданият, агартуу жаатында, гуманитардык илимдерди, адабиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы, маданий мурастарды иликтеп сактоодо, улуттар менен элдерди өз ара маданий жактан жакындаштырууда жана байытууда, тынчтыкты жана достукту бекемдөөдө, мамлекеттер ортосундагы рухий байланыштарды өнүктүрүүдө сиңирген эмгегине олуттуу маани берилет.

«Кабар Ордо», 25.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.