Жусуп Баласагындын доорунда Борбор Азияда жаңы маданият жаралган

17-ноябрда Бишкекте улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция ишин баштады. Ага коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркиядан окумуштуулар келишкен.

Түрк тилдүү элдердин орток мурасы катары эсептелген улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракеси быйылкы тарых жана маданият жылы менен туш келип, андагы ири иш-чаралардын бири болуп саналат. Анын алкагында өлкөдө буга чейин дагы бир катар илимий, маданий иштер өткөрүлгөн. Ал эми бул ирет Борбор Азия өлкөлөрүнүн илимпоздору “Жусуп Баласагындын доору: тарыхы, материалдык маданияты, адабияты” аталышындагы Эл аралык конференцияга чогулушту.

Бул иш-чаранын негизги максаты жана анда талкуулануучу маселелер тууралуу Улуттук илимдер академиясындагы Тарых жана маданият институтунун ага илимий кызматкери Темиркул Асанов төмөндөгүлөрдү билдирди.

– Бул иш-чараны өткөрүүгө каражат жагынан колдоо көрсөтүп жаткан Самарканд Борбор Азиялык изилдөөлөр борбору болуп эсептелет. Анын жетекчиси Пильхо Парк конференцияга өзү катышып жатат. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, ал жашаган тарыхый доор жөнүндө, ошол кездеги саясий-экономикалык, маданий-этникалык процесстер боюнча өзүлөрүнүн баяндамалар жасалууда. Мындан сырткары секциялык иштер жүрөт. Анын алкагында дагы 10-15тен чакан баяндамалар жасалат. Кыскасы бул кеңири иш-чараларды өз кучагына алган. Мында Кыргызстандын тарыхый жерлерин көрсөтүү менен бирге эле, илимий чөйрөсүн келген делегацияларга көрсөтүү биздин негизги максат болуп эсептелет.

Тарыхта Жусуп Баласагын менен катар Махмуд Кашкаринин ысымы дагы бирге аталып келет. Бул эки инсан 11-кылымдагы Караханиттер мамлекетинин доорундагы улуу ойчулдар, окумуштуу, жазуучулар жана мамлекеттик ишмерлер болгон. Булардын негизги феномени катары Борбор Азия чөлкөмүндөгү жаңы маданияттын келип чыгышы эсептелет дейт Тарых илимдеринин доктору, профессор Анвар Мокеев.

– Булардын негизги феномени байыркы түрк урууларынын Борбор Азия чөлкөмүнө келип жайгашып, жергиликтүү элдер менен аралашып, жуурулушуунун негизинде маданий синтез жүргөндүгү. Чыгыш Иран уруулары менен түрк урууларынын ортосундагы байыркы салттардын бири-бири менен аралашып, жалгашуусунун натыйжасында жаңы маданияттын келип чыгышы. Анын аркасы менен бул аймактарга ислам дини келген. Анан ошол эки маданият мусулман көйнөк, чапан кийип атат.

Байыркы түрк урууларынын миңдеген жылдардан бери келе жаткан нарк-насыятын, каада-салтын, философиясын камтыган баа жеткис мурас катары Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» чыгармасы эсептелет. Чыгарманы бүгүнкү күнгө чейин айрым окумуштуулар уйгур, казак же өзбек тилинде жазылган деп ар кандай кайчы пикирлерди айтып жүрүшөт. Бирок бул туура эмес пикир экендигин Анвар Мокеев кошумчалайт.

Өзбекстандан келген окумуштуу Тарых илимдеринин доктору, профессор Абдулхамид Анарбаев дагы Жусуп Баласагынды жана анын чыгармасы кайсы бир тилде жазылгандыгын аныктоого аракет жасабай эле койсок деген пикирде. Тескерисинче, бул чыгарма жалпы түрк элдерин бири-бирине жакындатып тураарын айтат.

Мына жана эле бир кыргызстандык окумуштуу Жусуп Баласагындын чыгармаларында кездешкен кыргызча сөздөр тууралуу айтты. Ушул эле аныктаманы өзбек тилинде айтса да туура болчудай. Анткени Жусуп Баласагындын чыгармасында, азыркы өзбек тилинде колдонулган сөздөр бар. Уйгурча сөздөрдү да кезиктирүүгө болот. Демек, Жусуп Баласагындын чыгармалары ал жашап өткөн кылымдагы түрк тилдүү калктардын орток баалуулугу. Бул мурасты азыркы түрк тилдүү калктар чогуу пайдаланып жатканыбыз менен кызыктуу. Демек, Жусуп Баласагындын чыгармаларын кыргыз, казак, өзбек тилдеринде изилдеп, китеп кылып чыгаруу учурдун талабы. Тескерисинче, ал бизди бири-бирибизге жакындатып турат.

Ошондой эле, Анарбаев Жусап Баласагындын мурастарын изилдөө, аны өзбек тилине которуу иштери бир кыйла эртерээк башталгандыгын белгилейт. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда улуу ойчулдун мурастарын окутуу жакшы жолго коюлуп жатыптыр.

Мындан сырткары, Борбор Азияда Жусуп Баласагын өмүр сүргөн Караханиттер доорун археологиялык жактан изилдөө дагы өтө маанилүү болуп эсептелет. Мындай иштерди казакстандык окумуштуулар башкы максат кылууда.

– Эми Жусуп Баласагын өмүр сүргөн доорду археологиялык жактан изилдөө өтө маанилүү иш болуп турат. Бүгүнкү күндө казак архелогдору буга билек түрүп киришип, терең изилдеп жатабыз. Жети-Суу, Талас өзөндөрүнүн бойлору Караханиттер мамлекеттинде бир саясий аймак болуп эсептелген. Булар бири-бири менен тыгыз байланышта болгон. Ошондуктан, ал тарыхты азыр бөлүп-жарып кароого болбойт. Бул ишти кыргыз окумуштуулары менен бирге изилдөө максатында бүгүнкү конференциянын ишине катышып жатабыз,

– дейт Казакстандан келген археолог Акылбек Серик.

Улуу ойчул, акын, илимпоз жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын доорун, анын мурастарын изилдөөгө арналган эл аралык конференция бүгүн дагы өз ишин улантууда. Иш-чаранын жүрүшүндө эртең, 19-ноябрда УИАсынын Кол жазмалар фондуна, Б.Ельцин атындагы кыргыз-славян университетиндеги археологиялык музейге жана Чүй өрөөнүндөгү орто кылымдардагы шаарлар – Бурана, Ак-Бешим, Красная Речкага экскурсиялар уюштурулат.

Каныкей Бозгунова, “Марал”, 18.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.