“Кыргыз керемети”: тасма көп, сын жок

Быйыл кыргыз киносунун жаралганына 75 жыл толду. Буга байланыштуу маараке Улуттук филармонияда белгиленип, кечеде кыргыз киносунун шедеврлеринен үзүндүлөр көрсөтүлдү.

17-ноябрь – Кыргыз кино жаратуучулардын күнү. Бул майрам 1994-жылдан бери расмий белгиленип келатат.

Биринчи кыргыз тасмасы – “Салтанат” 1955-жылы тартылган. Ошондон тарта бул тармак бат эле ирденип, 60-70-жылдары кыргыз киносу кадимкидей өз күйөрмандарын таап, Советтер союзунда жана эл аралык сынактарда алдыңкы орундарды багындыра баштаган. Бул жетишкендиктерге салым кошкондордун бири, Кыргыз эл артисти Нуртай Борбиев:

– Кыргыз керемети жөн жерден эле жаралып калган жок. Ошол убакта киного таланттуу адамдар келди. Ойлоп көрсөм, кыргыз эли чыгармачылыкка, ойчулдукка өтө жакын турбайбызбы. Андан улам Төлөмүш Океев, Чыңгыз Айтматов, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова сыяктуу таланттуу инсандар бекеринен чыккан жок да.

Борбиев бирин-бири толуктаган жогорудагы таланттардын замандаш болуп калганы улуттук кинонун уңгусун тапканга өбөлгө болгон деген пикирде.

Кыргыз Эл артисти Болотбек Шамшиев кыргыз киносунун акыркы 25 жылы татаал учурга туш келгенин кеп кылды:

– Чындыгында абал анчалык жеңил эмес. Бирок эң башкысы кандайдыр бир деңгээлде оптимизм бар. Себеп дегенде, учурда бизде өтө таланттуу жаш режиссерлор өсүп чыкты. Алар өзүн өзү тарбиялап, кыйынчылыктарга туруштук берип, тажаалдык менен режиссер болуп калыптанганын айта кетишибиз керек. Анткени мамлекет кино тармагына жеткиликтүү көңүл бурбай келди. Анысына деле мейли, эң башкысы бийлик кино тартууга тыюу салган жок.

Шамшиев эгемендик жылдары жаш кино режиссерлор пайда болуп, көптөгөн тасмалар тартылганы менен аларга өз баасын бере турган кино сынчылар, искусство таануучулар жоктугу өкүндүрөрүн кошумчалады:

– Элге кайсы кино жакшы, кайсы кино жаман экенин түшүндүрүп бере турган билимдүү кино сынчылар керек эле. Тилекке каршы, биз кино жаратуучулардын чоң толкунун сын-пикирсиз тосуп алдык.

Мурда режиссерлор мамлекеттин эсебинен кино тартып келсе эгемендиктин алгачкы жылдарында Актан Арым Кубат, Эрнис Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Марат Саруулу сыяктуу өз алдынча жаңы багытта иштеген режиссерлор пайда болуп, алар жараткан тасмалар эл аралык сыйлыктарга ээ боло баштады.

Режиссер Темир Бирназаров кыргыз режиссерлору жараткан эмгектер чет элден баалуу сыйлыктарга ээ боло баштаган кезде гана мамлекет кыргыз киносуна көңүл бура баштаганын айтты:

– 1990-жылдан 2000-жылга чейин мамлекет кыргыз киносуна таптакыр көңүл бурган эмес. Биз көбүнчө чет мамлекеттен алган гранттардын негизинде кино тартчубуз. Эл деле кыргыз киносуна маани бербей калган. Андыктан биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү чагылдырган фильмдер чет элдик кароо-сынактар үчүн гана тартылып калган.

Бирназаров ушундай себептердин арты менен 2000-жылдардын башында кино жаратууну эңсегендердин эйфориясы башталганын белгиледи. Алардын ичинен банктан кредит алып кино тарткандар да болуп, аз убактын ичинде Бишкекте 16 жеке кино компания түптөлүп, жылына жүздөгөн тасмалар тартыла баштаган.

Анткен менен жаш режиссер Чолпонай Бөрүбаева кыргыз киносу өзүнүн 75 жылдык тарыхында 60-70-жылдардагыдай өнүгө албай жатат деген пикирде экен:

– 90-жылдардан кийин кино тармагы кризиске учурап, азыр ал уланып келатат деп ойлойм. Ооба, улуу муун өкүлдөрү, жаштар тарабынан аракеттер болуп жатат. Бирок баары бир жетишерлик деңгээлде эмес.

Чолпонай кино тармагынын азыркы мезгилдеги көйгөлөрүн да санап кетти:

– Бизде кадр маселеси абдан орчундуу, оор акыбалда деп айтсам болот. Таш ыргытсак кино режиссердун башына тиет. Бирок бизде кино сүрөтчүлөр аз, костюм боюнча сүрөтчүлөр жокко эсе. Бул багытта бизде азыр эки эле адис калды. Эгер бир мезгилде үчтөрт тасма тартылып калса, анда жогорудагы адистер жетишпей калат. Реквизит, жасалгалоочулар өтө аз.

Кийинки муундагы режиссерлордун бири Бакыт Турдубаев болсо Чолпонайдын кино өнөрүнүн деңгээли тууралуу айткан пикирине макул эмес. Адистин айтуусунда, акыркы жылдарда кыргыз киносу сандан сапатка умтула баштады:

– Азыркы мезгилде тандалуу доору жүрүп жатат. Садык ШерНияздын “Курманжан датка” фильми акыркы жылдарда тартылган кыргыз фильмдери үчүн ачылган жаңы чек болду. Менимче, ушул тасмадан кийин улуттук кинодо сандан сапатка өтүү процесси башталды.

Турдубаев буга акыркы жылдарда эле “Курманжан датка” баш болгон Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак”, Дальмира Тилепбергенованын “Асман алдында”, Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи” аттуу ж.б. фильмдер дүйнөлүк абройлуу кинофестивалдарга катышып, башкы сыйлыктарга жетишип жатканын мисал келтирди.

1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде кинохроникалык студия ачуу тууралуу токтом кабыл алынган. Ошондон бери бул күн – кыргыз киносунун жаралган күнү катары белгиленип келет.

Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 18.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.