Максат Чакиев: Азыр саясатка келүүгө ниетим жок

«Саясаттан сырткары» программасында көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларынын бири Максат Чакиев менен кыргыздын чүкө менен ойнолчу улуттук оюндарын заманбап деңгээлге алып чыгуу жана башка пландары тууралуу баарлаштык.

Максат Жолдошбекович азыркы тапта эмне менен алектенип жүрөсүз?

– Жакында бир жобо чыгардык. «Айкүр» деген кыргыздын улуттук элиталык оюну бар. Илгери кыргыздын аристократтары, элиталары 20-кылымга чейин «Айкүр» деген чүкө оюндарын өзүнчө бир тармакта ойноп келишкен. Кайсы заманда болбосун ар бир мамлекеттин аристократтарынын өздөрүнүн оюндары болгон. Биз заманбап кылып чүкө оюндарын столдун үстүндө ойнотуу боюнча алып чыгып жатабыз. Себеби, дегенде азыр айрыкча эркектер бир жерге барып эс алабыз десе бильярд ойной турган жакка барышат. Бильярд батыштын оюну. Буга чейин көчмөндөр оюндарын алып чыкканда эле улуттук оюндарды дүйнөлүк масштабка алып чыгууга максат болгон. Ошол сыңарындай эле бильярддын альтернативасы катары айкүрдү алып чыктык. Мисалы тогуз коргоол шакматтын, көк бөрү хоккейдин альтернативасы. «Айкүр» деген федерацияны түзүп, оюндардын үч-төрт эрежелерин иштеп чыктык. Алдыда январь-февраль айында чүкө боюнча турнир өткөрсөкбү деп турабыз.

Жакында Кыргызстандын брендин иштеп чыктыңыз, бренддин аталышын «Skyland» же «Көк мелжиген өлкө» деп коюлган экен. Бул брендди эмне максат жана эмнеге таянып иштеп чыктыңыздар?

– Кыргызстан эгемендикти алгандан бери ар кандай каймана ат менен айтылып келди. Мисалы, Кыргызстан бир кездерде «революция» жана «Санта клаустын» мамлекети деп чыгып калды. Тилекке каршы өткөн жылы эшекке байланыштуу туура эмес окуя орун алгандыктан жагымсыз аталыштар да болду. Ар бир мамлекеттин өзүнүн каймана аты бар. Мисалы, Японияны «Күн чыккан мамлекет», Кытайды «Асман өлкөсү» дешет. Бул аттар мамлекет тууралуу көп нерсени билдирип турат. Буга чейин биз да өзүбүздү таанытууга аракет кылганбыз. Өлкөнүн аталышы расмий түрдө айтыла берет. Бирок, кандай өлкө экенибизди дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери тааный бербейт. Алар Кыргызстан тууралуу билүү үчүн кандай мамлекет деп сурашы мүмкүн. Анда ар бир кыргыз ар кандай түшүндүрөт. Мисалга, бирөө тоону, бирөө көлдү айтса, бирөө өрүктү же Айгүл гүлүн айтат. Бирок, биздин мамлекеттин бир эле жүзү болуш керек. Ушундай маселелерди жоюп, биздин мамлекетке жаңы мүнөз бериш үчүн Кыргызстандын брендин иштеп чыктык. Бренддин аталышын «Skyland» же «Көк мелжиген өлкө» деп атадык.

Муну иштеп чыгууда «Манас» эпосунда, тарых барактарына кайрылдык. Бул аталыш биздин географиялык шарттарыбызга дагы төп келет экен. Биринчи англисче атаганыбыздын себеби, бул чет өлкөлүктөргө багытталган ат. Буга чейин Кыргызстанды «Аяз аталар мамлекети», «Тоолор мамлекети» деп атайлы деген сунуштар болгон.

– Эмнеликтен башкаруу, бренд боюнча адистикти тандап алдыңыз?

– Мен алгач Бишкектеги улуттук университетке 1994-жылы тапшырып, менеджерлик боюнча билим алдым. Ошол кезде маркетинг жаңы пайда болуп келе жаткан тармак болчу. Мага ошол тармак жагып калып, маркетинг-менеждментти тандап алдым. Менде уюштуруучулук жөндөм жакшы болчу. Экинчи билимди Японияда алып келдим. Учурда Кыргызстанда кадр башкаруу жагынан эффективдүүлөрү өтө аз. Себеби башкарат десе эле креслодо олтуруп алып кыйкырып, буйруктарды чыгаруу эмес. Өзүмдү айтсам, чынында туризм боюнча эксперт эмесмин. Бирок туризм тармагына мени башкаруучу кылып койгондон кийин ошол тармактагы жумуштардын баарын туура нукта башкаруу болот. Кызматка келгенде туризм тармагын оптималдаштырып, иштин баарын туура нукка коюу колумдан келди деп ойлоймун.

Өткөн жылы сиздин үстүңүздөн кылмыш иши козголгонун коомчулук билет. Дагы мүмкүнчүлүк болсо мамлекеттик кызматка келесизби?

– Тилекке каршы азыр мамлекеттик кызматка келүүгө максатым жок. Кыргыз элиме чындыкты айтып кетейин. Мен элим үчүн чын жүрөктөн иштедим. Ал эми милиция кызматкерлери менин үстүмдөн жасалма түрдө шоу спектакль кылып мени коррупционер катары көрсөтүп, соттошту. Ал жактан өзүм дагы күлдүм, коррупционер таппай мага асылыпсыңар деп. Азыр эл деле билип калды ким кандай адам экенин. Ошол убакта эмнегедир мага окшогон жаш кызматкерлерге көп асылышты. Анда жаштардын көбү репрессия болушту. Ушундан улам азырынча өкмөттө иштегенге ниетим жок. Бирок саясатка барууга максатым бар. Жаш инсандар саясатка келиш керек, анткени убакыт келди. Ар бир саясатчынын өз миссиялары бар. Азыркы саясатчылар миссияларын убакыттын талаптарына ылайык аткарышты деп ойлоймун. Кырк жашка чейинки кадрларды мактай албаймын, бирок көз караштары башка.

Аздыр-көптүр сот системасын өз башыңыздан өттү. Бул жакта адилеттүүлүк кандай деңгээлде экен?

– Мен алты жүз адам менен СИЗОдо, түрмөдө жана жер төлөсүндө да олтурдум. Көрбөгөн нерселердин баарын көрүп чыктым. Ал жерде олтуруп өзүңө «эмне үчүн мени камады» деп суроо берет экенсиң. Же көчмөндөр оюндарын өткөргөнгөбү же Кыргызстандын брендин иштеп чыккан үчүнбү? Бул жерде ИИМдин 5-башкармалыгы погон алыш үчүн ишинде результат көрсөтүш үчүн мага жалаа жабышты. Мен ал жакта олтуруп алып иликтөө жасадым. Бизде кылмыш кодекси репрессиялык түрдө иштейт. Муну мен толук түрдө айта аламын. Чет өлкөдө тоок же помидор уурдаса ага айыппул салат. Эми бир нан уурдаганды камап койгон болбойт. Нанды курсагы ач үчүн уурдаганы түшүнүктүү да. Азыр бизде камакта ушундай майда-чүйдө үчүн 3-4 жыл олтургандар бар. Эми канча деген тагдыр сынып жатат. Экинчиден кылмыш кодекси өзү эле коррупция жаратат.

Кээде кайсы бир окуя адамдын бүт өмүрүндө чечүүчү роль ойноп калат. Сизде болду белеушундай иш?

– Ооба, болду. Жогоруда айткандай эле мага жасалган маски шоуну айтсам болот. Бул көп нерсеге менин көз карашымды өзгөрттү. Сен канчалык патриот болбо, бирок өкмөт баалабайт экен. Мындай айтканда мага сыйлык катары түрмөнү берип койду.

– «Жашоодо кесип тандоодон жана жар тандоодон жаңылба» дейт. Сиз жубайыңыз менен кайдан, кандайча таанышып, табышып калдыңыз?

– Жашоодо кесипти да жубайды да тандоодо адашкан жокмун. Келинчегим менен расмий жолугушууда таанышып калганмын. Андан соң эки жыл сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Андан бери 12 жыл өттү, баары жакшы. Өзүмдү «мыкты ата» же «жолдошмун» деп айта албаймын. Үй-бүлөмө көп көңүл бурсам экен деймин, тилекке каршы ар кандай жумушка байланыштуу керектүү убакытты бөлө албай жатамын. Менин үч балам бар. Үчүнчүсүн эки айлык болгондо көрдүм, себеби кызым төрөлөөрдө камакта болуп, балам төрөлгөндө көрүүгө уруксат беришкен эмес.

-Сиздин бала чагыңыз кайда өттү? Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз!

– Мен Таластын Талды-Булак деген айылында төрөлүп, чоңойдум. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Атам пенсияда, апам болсо иштейт.

Сизди социалдык тармактарда активдүү экениңизди байкадым. Интернетти көбүнчө кандай максатта колдоносуз?

– Интернет маалымат алуу жана берүү үчүн ыңгайлуу нерсе. Менин баракчамда 20 миң ашык окурман бар. Алар менен байланышып, өзүмдүн долбоорлорум тууралуу маалымат берип турам.

Сизди интернетте сындаганга караганда колдогондор көп. Интернет колдонуучулар арасында жаштар басымдуулук кылат эмеспи, жаштар менен жакшы байланышат окшойт деген ойдо калдым.

– Колумдан келишинче мага келген суроолорго жооп берип турганга аракет кылам. Кээ бир учурда байкабай каласың. Жакында эле жаштар үчүн «Жаштар кемп» жана «Жаштар лидерлер клубу» деген тренингдерди өткөрдүк.

Маегиңизге чоң рахмат!

Анара Бакытбекова, “Марал”, 24.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.