Арстанбек

Арстанбек Буйлаш уулу, албетте, кайталангыс:

«Мен Арстанбек болгону
Акын атка конгону,
Периште ишим оңдоду.
Алдыма киши чыкпады,
Ырчынын баары ыктады.
Жашымдан ырчы атыктым,
Ат үстүндө катыктым.
Он бешимде белсендим,
Оң менен солго теңселдим.
Бет алып ырчы чыккан жок,
Өтүп кетти дүйнө бок.
Далайлардан бата алдым,
Булбул ырчы аталдым» – деп өзүн мүнөздөгөн эмеспи.

Бул курулай мактаныч эмес. Аны көрүп калган санжырачы Талип молдо элди бир туруп күлдүрүп, бир туруп ыйлатып, көр оокатын унуткартып, кара жамгыр төгүп келсе да эл-журт козголбой Арстанбекти тыңшаганын, кеч киргенде өзү токтоп: «Малыңарды жайлап келгиле» деп ырын кайра улантканын сөз кылат.

Айрыкча «Тарзаманды» ырдаганда эл кошо боздоп кирчү экен. Бул атактуу ырдын өз обону болгон, аны Затаевич жазып да алган. Негизинен Арстанбек «Беш казак», «Чоро», «Кожожаш», «Бердикожо» сыяктуу кенже дастандарды айтып келип, анан: «Арстанбектин какмасы», «Арстанбектин арманы, тар заманы» «Боронбайдын азасы», «Бекарстан тайши, «Көкөй кести», Анжиян калкы», Кайра качпа», «Сынган бугу», «Дуу Басар», «Кой Бөлөр», «Кыз ойготор», «Камбаркан шыңгырама», «Насыйкат», «Аксак кулан», «Кара торгой», «Терс кайрык», «Ыйбарат», «Дүнүйө», «Кет Бука», «Шүдүңгүт», «Кыз оюн», «Кер толгоо», «Ботой», «Эки ногой айрылыш», «Аккочкор», «Каңкы», «Карагул ботом», дагы-дагы Арстанбек черткен күүлөрдү санай берсек учу табылбайт. Анын 500дөй ыр-күү мурасы бар: ичинен 200дөй күү өзүнүкү болгон деген да маалыматтар калган.

Ушунча күүнү чертиш үчүн кандай баш, кандай мээ керек?! Мына, бабаларыбыздын дээринин тунуктугун көрсөткөн жагымдуу жагдай. Арстанбек убагында опузалуу Ормонхандын чоң комузчу уулу Сейилкан менен мелдеше комуз чертишип, бирин-бири жеңише албай, акыры Арстанбек кончуна каткан макисин алып, аны бутунун салаасына кыпчып, аны менен күү чертип аягына чыкканда, кезек Сейилканга берилет. Ал да күүнү кудум Арстанбектей аткарып келип, акыры бычак комуздун бир кылын кесип кетип, күү аягына чыкпай, Арстанбек жеңип, бу жолу нак өлүмдөн калган. Ханзаада Сейилкандын жаасы ошондой болчу!

Айтымбет уста чаап берген Арстанбектин атактуу күмүш кулак комузу да бир жыйналып, бир узарып өзгөчө болгон. Атасы Буйлаш бий болгону менен, ал салбар катындан төрөлүп, чүнчүп өскөн. Кокон хандыгы атасын карматып кеткенде аркасынан барып, Алымбек даткага таланты менен жагып, камалгандарды бошотуп келген. Казактын Сүйүнбай, Каңтарбай сыяктуу акындары менен айтышкан, манасчы Келдибек, Акылбек жөнүндө не бир маанилүү мүнөздөгөн ырлары калган.

Арстанбектин мээсине, дээрине «муну ырда» деп айтып турган, өзү жогорку ырында келтиргендей «периштеси» болгондугу, аны казактын Каңтарбай ырчысы касиети менен көргөндүгү жөнүндө аңыз сөз бар.

Калыгул олуя, Молдо Кылыч, Алдаш молдо жана Арстанбек «заманчы» акындар деп караланып, ошонун кесепетинен көптөгөн чыгармалары мезгилге самандай сапырылып, акыры жиксиз калган. Дагы шүгүрчүлүк, 1937-жылы атылып кеткен кеминдик Кабай Абдракман уулу, сыягы, Муратаалыдан жазып алса керек, Арстанбектин ырларын айдоого катып, баарынан кызыгы, дал Арстанбектин 170 жылдыгын өткөрөлү деп далалат кылып жүрсөк, 1994-жылы айдоонун четинен табылган. Аны Батма Кебекова басмага даярдаган эле. Болбосо, Арстанбектин аты айтылганы менен, заты жок, таптакыр куружалак калмакпыз!

Күүлөрүн болсо, кудайга шүгүр, чоң комузчулар кыйла жаздырып калган экен. Бирок, Арстанбек жөнүндө радиого 60 берүү даярдап жатып, айрым фонддогу күүлөрүн таба алган жокпуз. Мисалы, «Айганым» деген күүсү.  Бул күү жеке өз тагдырынан чыкса керек. Анткени «Айганым» деген сулууга ашык болуп, Табылдынын ашынан кайра келгиче билип калгандар башка жерге кызды качырып жиберишет.

Адабиятыбыздын тарыхында Токтогул, Тоголок Молдо «демократ» деп бааланып, Калыгул, Молдо Кылыч, Арстанбектер «реакциячыл» деп караланып, ошол идеологиялык кармаштын залалын окумуштуу Тазабек Саманчин тартып, кесилип кеткен.

Дегинкиси, мезгил деген ар кандай идеологияга негизделип өтөт-кетет экен. Бирок, ошондой шум агымдарга элдин алдыңкы, кайталангыс талантуу кишилерин жем кылбай, атайы каралабай, баасын-баркын билип, убагында сактап калуу – бул элдин жетиктигин билгизет турбайбы!.. Бизде болсо кайра айгак өтүп, ич тардыгыбызды, өчөштүгүбүздү көрсөтүп, ыңгай издеп, дал кырдаалы келсе башын кыя чапканга да даяр окшойбуз деген ой кетет… Ошо жосунубуздан деги азыр кутулдукпу? Арстанбек олуя акын болгондуктан:

«Ушу заман тар заман,
Азуулуга бар заман,
Бечерага зар заман.
Заманаң келди жакындап,
Тайган иттей такымдап»
– деп колониализмдин, анын артынан каардуу капитализмдин келе жатканын даана сезип, элине «сак болгула!» деп зар какшап, эскертип ырдаган эмеспи. Бул өз башын сайып койгон анык салттуу акындын белгиси да! Аны идеологдор эпчилденип: «оруска каршы» деп бура салып жатышпайбы! Мезгилдин жаасы тирүүлүккө дайыма кыйын, андыктан анын азуусуна туш келбей жетилген элдер сактана билет, жетесиз элдер жем болот, акыры мезгилден артта калып, башкалардан кем болот.

Асан Жакшылыков,
Кыргыз Эл акыны,
«Кыргыз тили», 29.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.