Элдик ырым-жырымдар

  • Идиш-аякты тепсебе
  • Күл дөбөгө даарат ушатпа
  • Жаздыкты тескери жазданба
  • Бешиктин аягын кыбылага каратпа
  • Баланы теппе
  • Шамдан кийин шыпырындыны эшикке чыгарба
  • Дасторконго ооз аарчыба
  • Дасторконду жамынып жатпа
  • Дасторконду бүктөп салба
  • Нике кыйылып жатканда колду кайчылаштырып отурба
  • Шам мезгилинде уктаба
  • Түнү арыктан суу ичпе
  • Бычактын мизин жогору каратып койбо
  • Мейман келгенде үй шыпырба
  • Мазарды сөөмөй менен көрсөтпө
  • Кол жуугандан кийин силкпе
  • Үф деп үшкүрбө
  • Бетти жуубай күзгүгө көрүнбө.

Акрамали Камбаров, Ноокат р-ну,
“Кыргыз тили”, 29.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.