Зинакан Пасаңова. “Төрөт үйдө төрт күн”

(аңгеме)

Аял болуп жаралган ар бир жанөмүрүндө эки ыйык жайдын босогосун аттаган күнүн эч качан унутпайт: башына ак жоолук салынып бүлө болуп келген Үй жана Төрөт үйү.

…Сейил өз теңин маалында таап, бактылуу үй-бүлө курду, бирок наристе жыттуу Төрөт үйүнүн эшигине алып бара турган жолу узакка зарыктырды.

Мына, он жылдан бери күтүп, тилеп-сураган бала жарык дүйнөгө келээр маалына жеткенде Төрөт үйүнүн ак сарайдай сүрдүү да, ыйык да көрүнгөн имаратынын алдында апкаарып турат. Ал жүрөгүн титиретип, алкымын бууп өрөпкүткөн мындай сезимге эгерим туш болгон эмес. Дипломатиялык кызматынан улам далай бийик даражалуу эшикти ачып, ар кандай каадалуу чөйрөдө өзүн эркин кармай билүүгө үйрөнгөн. Бирок, шаар четиндеги үч кабат жупуну имаратка кирээрде жүрөгү мурда болуп көрбөгөндөй түрс-турс кагып опкоолжуганы эмнеси? .

Күйөөсү анын бул сүрдөгөн, толкунданган сезимин башкага жоруду.

– Бошошпо, жаным! Аман-эсен көз жарасың. Мен дайыма жаныңдамын, – деди кайраттандыргысы келгендей аярлай кучактап. Толготуп келген аялдарды кабыл алуучу бөлмөнүноор каалгасын тоскон ак халатчан аял аны киргизбей , Сейилдин өзүн алып кирип кетээрде күйгүлтүк бир сезим менен аялын кучагына кысып, мууну бошошо түшкөнсүдү.

 

* * *

Сейилбосого аттап киргенден кийин да апкааруусу таркаган жок. Ал үчүн бул жерде өтө баштаган ар бир мүнөтү өзгөчө эле. Төрөтүн күткөн санаркоо менен перзенттүү болууну дегдөө аралашкан сезим жүрөгүн толгоп турат. Ак түс менен тазалыктан көз уялта жаркыраган кабылкананын ичи чындыгында сүрдүү көрүнөт. Бөлмөдөгү үстөлдө кагаздан баш көтөрбөй жазып жаткан акушер-дарыгер аялды, дагы бир ак халатчан жаш медайымды, чоң терезеден жаркырап тийген күн нурларын, айнектин жарымына тартылган ак сурп парданын үстүнөн көрүнгөн жашыл жалбырактарды түбөлүккө эстеп калгысы келгенсип сугалактык менен тиктей берди.

– Кеч төрөт – бул өтө чоң тобокелдик. Буга чейин боюңуздан да козголгон экен. Өзүңүздү азыр кандай сезип жатасыз? – деди акушер ага боор толгой тиктеп. Сейилге бул суроолор көнүмүш эле: “Биринчи төрөтүңүзбү? Канча жаштасыз? Отуз үчтө? Неге мынча кеч? Буга чейин боюңуздан алдырган эмессизби? Түшпөдү беле? “. Кош бойлуулуктун алгачкы күндөрүнөн баштап мындайсуроолорго кулагы бышып бүттү. Анын жашында төрөгөн аял аз экен. Заманына жараша азыркы учурда жаш келиндер бирөө-экөөнү төрөп эле токтотуп коюшкандыктан, отуз жаштан кийин көз жаргандар кем болуп калыптыр.

Сейил боюнан козголгондо гана өзүнүн эки кат экенин билген. Эмканадагы гинеколог-дарыгерге көрүнсө түйүлдүккө бир апта болуптур. Дарыгер ага боюнан алдырып салууну сунуш кылды, анткени медицинада аныкталгандай, бойдон мындай эрте козголгонтүйүлдүктүналты саны аман-эсен төрөлүшү күмөн болот. “Төрөйм!” деп Сейил кесе айтты да, сактанууга жатуу үчүн ооруканага жолдомо берүүсүн суранды.

Төрөт үйүнүн боюнда бар аялдар дарылануучу паталогия бөлүмүнө кабыл алышарда ал жердеги дарыгерлер да бойдон түшүргөндөн башка жол жок дешти. Сейил мында дагы: “Жок! Төрөйм!” – деп көшөрдү. Эгерде аборт жасатса, дагы экинчи жолу боюна бүтөөрүнө көзү жетпейт. Ошондуктан, оорукананын тар,эски керебетиндебуттарын бийик асып коюп, чалкасынан айлап кыймылсыз жаткан күндөргө да кайыл болду. Кеч бойго бүтүүнүн талгагы да оор өтөт экен. Бала чагында айылдагы кемпир-кесектер кош бойлуу жаш келиндерге “башы караңгы тура бечаранын”, – дешип аео менен мамиле кылышканын эстейт. Көкүрөктү кыжылдатып, ичкен тамагын сыртка түртүп, көңүлү айланган беймаза абалдан төрөгөнчө кутулган жок.

Баарынан да жүрөгүн тымызын өйүп, санааркаткан ой бар.Дарыгерлер “алдырып сал” деген кеңеши көңүлүнөн кетпейт. “Балам кандай төрөлөр экен?”, – деп чочулайт. Бул, кыжаалатчылыгын кимдир-бирөөгө, а түгүл күйөөсүнө да айтып бөлүшүүгө да оозу барбайт. Али жарык дүйнөгө келе элек перзентине кылдай да жамандык жууткусу келбейт.

Ошентип, ичи дарты ичинде болуп жүрүп, айы-күнүнө жетип калды. Өзүнүн жана дарыгерлердин болжолу боюнча июнь ортолотуп төрөшү керек. Акыркы жолу эмканага көрүнгөнү барганында үй-бүлөлүк дарыгер ага толгоо башталганга чейин эле Төрөт үйүнө барып жатууга жолдомо берди.

Анын ички ой-санаасын туюшкандай, кабыл алып жатышкан акушер-дарыгер, медайым, а түгүл санитар аял күйүмдүү жана аяр мамиле менен жүрөгүн жибитти. Бул жерде иштегендер аялдардын толгоо учурунда жана төрөгөндө тартуучу азабына аралжы болуп жүрүп аларды аяп калышат тура. Кире бериште эле сырттан кийип келген кийимдеринин баарын чечип, аларды санитар аял баштыкка салып, сыртта турган күйөөсүнө алып чыгып берди. Акушер-дарыгер аял жылаңач Сейилди медайымдын жардамы менен бир сыйра кароодон өткөрүп, боюн, салмагын, кан басымын өлчөп, жугуштуу ооруларга анализдерди алгандан кийин, дагы толгон-токой суроолорду бергенче жеке баракчасын толтуруп чыкты. Андан соң санитар аял жуунуучу бөлмөгө алып кирип кетти. Суу чачыратманын алдында туруп жуунгандан кийин санитар аял анынтырмагынан бери тазалапчыкты да ак сурптан кең-кесири тигилген көйнөктү кийгизди. Ал бул иштерди күнүгө жасай берип дасыгып калыптыр. Кыймылы илбериңки жана жумшак.

– Кеттик, – деди ананСейилди жөлөмөлөй басып, – Эми төрөгүчө бул имараттан чыкпайсың, а түгүл биринчи кабатка да түшпөйсүң. Эч кимге кирүүгө да уруксат жок.

Ал жатуучу палатаэкинчи кабатта экен.Тепкичтерден чыгып баратканда эле ымыркай балдардын ыңаалагандарын укту. Салаңдаган чоң ичин халаты араң жапкан бирин-серин аялдалисте чайпала каалгый басып жүрүшөт. Сейилдин суроосуна:

Бул жер төрөт бөлүмү, бирок бир палатада айы-күнү жетип калган аядар жатат, – деп, санитар аял тепкичтен чыга бериште палатага баштап кирди. Чон-чон терезелери күн чыгышты караган жарык бөлмө. Бири-бирине катар төрт керебет турат. Бешинчиси кире беришке туурасынан коюлуптур. Терезе түбүндөгү биркеребет төшөнчүсү эки бүктөлө жыйылып, жайдак турат.

– Азыр шейшеп, жууркан алып келип беришет, – деди санитар аял.

Күн нурлары жаркырап тийип турган бул жупуну палата Сейилдин көзүнө өтө ысык көрүндү. Ушул жайга келсем деп кандай эңседи эле. Ал каерге олтуруп турсам деп эки жагын карангыча коңшу керебетте жаткан келин ордунан козголуп, төшөгүнөн жай бошотту:

– Келиңиз, бул жерге?

Керебеттин чекесине коомай көчүк баскан Сейил палаталаш коңшусуна чын дилинен ыраазы боло тиктеди. Жашы отуз, отуз беш чамалаш келин айы-күнүнө жетип, торсойгон тоголок ичи денесинен бөлүнүп калгансып көрүнөт. Ак саргыл чымыр жүзүнө жарашкан кош каттуу көздөрү сергек, нурдуу. Ууртунан жылмаюу төгүлүп, адамды сүйө тиктеген мындай адамга туш келгенине шүгүр.Демек, бул палатада күндөрү зериктирме өтө тургандайэмес.

Ал ойлогондой эле экөө бат эле сөзгө кирип кетишти. Төрөгөнү келген аялдар эмнени сүйлөшмөк: Ичиндеги канчанчы баласы? Уул төрөлүшүн каалайбы, же кызбы? Талгак болду беле, болсокандай өттү?

 

* * *

Келиндин аты Арууке экен, ысмы да өзүнө төп коюлуптур.. Ал айы-күнү жетип калса да жеңил жана ыкчам кыймылдап, ары-бери тыпылдап басып, шатыра-шатман сүйлөп, палатанын жашоосуна жан киргизип турду. Бирок, Сейил экөөнүн ортосунда башкалардан жакыныраак ымала түзүлдү.Жылдыздары келише түшкөн экөө узакка чечиле сүйлөштү. Аруукенин өзү жөнүндө айткандары Сейилге күтүүсүз болду. Аны алгач көргөндө телегейи тегиз бактылуу аял экен деген божомолу төгүн экен. Ал 30 жашка чыга элек болсо да буга чейин үч жолу кесерово( ичи кесилип) менен төрөптүр, бирок алардан бир гана кызы аман калыптыр. Күйөөсүн мураскерлүү кылуу үчүн төртүнчү жолку кесерево менен төрөөгө бел байлаптыр.

Сейил адегенде уккан кулагына ишенген жок. Төртүнчү гана эмес үчүнчү жолку кесерево да – бул өтө чоң тобокелдик да.Аялын өлүмгө көз-көрүнөө түрткөн эркектер да болот экен ээ.Бирок, Арууке бул жөнүндө айтканда нурдуу жылмаюусунан жазган жок:

– Бул балам өзгөчө акылдуу, сулуу, мээримдүү болсо керек.

– Кайдан билесиң? – деди Сейил таң кала тиктеп.

– Ысык сүйүүдөн жаралган балдар өзгөчө болорун генетологдор далилдешиптир го. Бул балам эриме өтө берилип, кумарым канып, сүйүүгө тойгонумда боюма бүткөн. Күйөөм экөөбүз биринчи жолу Ысык-Көлгө эс алганы барганыбызда бири-бирибизге кайрадан кыз-жигиттей болуп арзып калганбыз. Ушундай бир лаззаттуу түндөр өткөн…

– Болсун, болсун! .. – Экөө каткырып алышты.

Сейилде да ушундай таржымал бар эле.Ал да ак никелүү эркегине өтө берилип, жүрөгүн, жалынычтуу сөздөрүн, балыктай солкулдап баралга толгон денесин кымырып-кысынбай толук ага арнап, өзү да коргошундай көлкүлдөп эрип, күйөөсүн да ыраазы кылган оттой ысык кумардуу түнү боюна бүткөнүн билчү. Эркек-аялдын мындай жуурулушуп, бир бүтүнгө айланган жыргалдуу түндөрүн ал эки ай убакыт ишсиз үйдө олтуруп калганында башынан өткөрдү.

Сейил иштеген бөлүм кыскарып, дагы жаңы бөлүм түптөлгүчө ага акы төлөнбөгөн эки айлык отпуске беришкен эле. Ал буга кам жеген деле жок. Баары бир ишсиз калбайт. Анткени, өзү иштеген министрликтин түштүк бөлүмүндө ал билимдүүлүгү жана иш билгилиги менен көзгө көрүнүп, ишенимге кирип калганын билет. Күйөөсүнүн маянасы жакшы болгондуктан, оокат-тиричиликтен муктаждык жок. Үстүндө үйү бар, очогунда казаны кайнап турат. Автоунаа алууга да үлгүрүшкөн. Күйөөсү экөө тез-тез мейманчылыкка, той-тамашаларга, же жаратылышта эс алууга барганды жакшы көрүшөт. Баланын гана жоктугу кез-кез ойго салбаса, жаш чактын оюн-күлкүгө канбаган күндөрү купулга толоорлук өтүп келаткан.

Ал буга чейин деле жыл сайын эмгек өргүүсүнө чыкчу. Бирок бул жолку эс алуусу башкача болду.Бир айлык отпуска өткүчө мамлекеттик кызматтын ой-санааны чырмаган торунан толук кутулууга үлгүрчү эмес экен. Кайра ишке чыкканда жасала турган жумуштарды ойлоп, пландаштырып түйшөлө берчү. Бир чети бир айдын ичинде үйдөгү кол тийбей жүргөн зарыл жумуштарды бүтүрүп, бөлмөнүактап, сырдап, же эмеректерди, жууркан-төшөктөрүн жаңылоогода үлгүрүү керек.

Иши кыскарып, бекер калганда ал ошол жүктөн бошонуп, биринчи жолу эс алуунун ырахатын сезди. Ой-сезими бошошуп, көңүлү жай алган, иш жөнүндө чымырканып ойлонбогон учур да болот тура.Каалаган жагына эркин басып, үйдө көбүрөөк болуп, үй жумуштарын күчүркөнбөй көңүлдөнүп жасоого убактысы кеңири. Күйөөсүнө таттуу тамактарды жасап, анын кечинде иштен кайтаар маалын чыдамсыздык менен күтүп олтуруунун жыргалы да өзгөчө экен. Керээлден-кечке зарыктырып эңсеттирген, күттүргөн, сагындырганкүйөөсүн өтө жылуу тосуп алып, ага эркелеп, назданып жароокерденет. Эринин мамилеси да өзгөрдү. Мурда, экөө кечинде иш, саясат, келечек жөнүндө көбүрөөк сүйлөшүп, эртеңки күндү болжошуп, мерчемдерди талкуулашып, жубайлар эмес эле кызматташ же идеялаш адамдарга окшошуп баратышкан.

Эми алар бири-бирине үйлөнүшкөндөн кийинки асал айындагыдай ысык куштарлык менен тартылышчу болду. Ал тургай Сейил төшөктө да күйөөсүнө өзү биринчи жабышып, кээ түндөрү уйку бербей чыгат.

– Жаным! Бар экенсиң го ! Ушинтип жабышып турсаң?!, – деп күйөөсү да ыраазы.

Бул махабаттуу күндөр аларга он жыл бою күткөн наристени тартуулады. Бирок, күйөөсү экөөнүн ортосунда мындай ышкылуу купуя мамиле, боюндагы баласы жаралган түндөр жөнүндө сырды жүрөгүнүн тереңине катты. А түгүл Аруукеге да айтып берүүдөн кызганып турат. Айтууну каалаган учурда сөз менен жеткире баяндап берүүгө кудурети жетпес. Ал түндөрдү эстегенде эриндери таттуу күлүмсүрөп, көздөрү табышмактуу нурга толот. Сүйүүдөн жаралган баласы аман-эсен төрөлсө жөнөкөй адам болбосуна ишенет. Жашоосунда ар убак сүйгүнчүктүү, маңдайы жарык жана бийик ооматтуу уул төрөйм деп кыялданчу.

Сейил эми Аруукеге лаззаттуу түндөрдү тартуулай алган күйөөсүн көрүүгө кызыкты. Арууке анын келишин жүрөгү менен илгиртпей туйчу. Сүйлөп жаткан сөзүн токтото коюп: “Меники келди” , – дечү кубанычын жашырбай жаадырап. Палатадагылар анын эри качан келип, качан сырттан белги бергенин байкабай деле калышчу. “Мынча кулагың сак!”, – деп күлүп калышат Аруукеге.

Сейил бүгүн палатанын экинчи терезесинен Аруукенин күйөөсүнө тымызын көз салды. Айыл жеринин мэээнетине бышкан чымыр, салабаттуу жигит экен. Жүзү ыймандуу, жылуу мээрим чачырап турат. Беш жашар кызынын колунан жетелеп алыптыр. Экинчи кабаттын терезесинен артыла алар менен сүйлөшүп жаткан аялынан көздөрүн албай жаадырайт. Арууке жакшы көргөн анардын согун да үзбөй алып келет.

– Бактылуу келин турбайсыңбы, – деди Сейил да ага чын дилинен.

Сейилдин эри болсо университеттеги сабагына жөнөөрдө таң заардан бир тийипөтсө, түштөн кийин ал жаткан палатанын терезе тушуна коюлган орундукта тизесине папкасын коюп алып, кагаздарын жазганча көпкө олтура берет. Анда-санда экинчи кабаттагы аялы жаткан палатанын терезеси жакка карап коет.

– Күйөөңүз өтө туруктуу экен. Мындай эркек эч качан көзүңүзгө чөп салбайт, – деди айнектен көз салган Арууке да ага баасын берип.

 

* * *

Экинчи күнүСейил менен Аруукеөздөрүнүнжубайлык бактылары үчүн палатада бирге жатышкан шериктеринин алдында ыңгайсыздана башташты. Жашы отуз бешке чамалап калган Урниса алардын сөзүнө кулагын төшөп тыңдаган менен өзү жөнүндө чечилип эч нерсе айткан жок. “Күйөөм Орусияда иштеп жүрөт. Он бешке чыгып калган уулум бар, ага шерик кылып дагы бир бала төрөп алайын дегенмин”, – деди болгону. Өзү көп жылдан бери шаарда жашайт экен, бирок андан кабар алганы киши-кара деле келбейт. Бир аял гана эки жолу келип, Үрнүса аны менен дааратканын терезесине барып жашырынып сүйлөштү. Ар бир сүйлөшүүдөн кийин бир чечилбей жаткан көйгөйү бардай капаланып, маанайы ансайын чөгө түшөт.

Пол жуугуч аялдардын кулактары узун болот эмеспи, Үрниса дааратканага кеткенде ал жөнүндө жаңылык айтууга үлгүрдү: көрсө, кара далы кыз бойдон жүрүп, өткөн жылы гана үй-бүлөлүү адамга экинчи аял болуп турмушка чыгыптыр. Эми ошол күйөөсү “мага баланын кереги жок” деп баш тартып жаткан имиш. “Баласы туулса ага ата катары атын жаздырууга макулдугун бербейм дептир”.

Палатада жаткан дагы бир келиндин аты – Калыс. Ал дагы, өзүнүн айтуусу боюнча,Орусияда иштеп жүрүп, боюна бүткөндө Ошко төрөгөнү келиптир. Күйөөсү ошол жакта калып, аялы көз жаргандан кийин келип алып кетет экен. Бул келиндин сөзү Сейилге, негедир, ишенич жараткан жок. Кебетеси үй-бүлө күткөн аялга окшобойт. Эби жок чапчаң баскан-турганы менен жүдөмүш көрүнүшү көчөдө шалдаңдап жүргөн бой-баш, адепсиз кыздарга көбүрөөк окшошуп кетет. Боюндагы баласы жөнүндө деле ойлогон жери жоктой, энелик сезими да билинбейт. Бирок бир ой ага тынчтык бербей жаткандай , керебетине ойдолоп жата калат, кайра тура калат, палатанын ичинде тапылдап олдоксон басканы башкалардын итиркейин келтирчү болду. Эшикке тынымсыз кирип-чыга берип, акыры кагуу жеди.

“Төрөт үйүндө гана аялдык бакытты да, же бактысыздыкты катууга мүмкүн эмес тура”, – деп ойлоду Сейил. Наристе да ата-эне бирдей каалап күткөн толук үй-бүлөдө төрөлүшү керек. Төрөй турган аялдын күнүгө кабар алып, жылуу сөзүн арнап, күч-кубат берип туруучу түгөйү жана жакын адамдары болсун. Эне үчүн боюна бүтүү, төрөлө турган баласы жөнүндө ойлор, ал торолгуча коргоо сезими чоң мааниге ээ. Ушундай ой-сезимдерин күйөөсү менен бөлүшө албаса, андан колдоо таппаса кандай бактысыздык! Толгоо менен төрөттүн жан чыдагыс азабын тартып, перзент тапкан эненикучак жая тосуп ала турган куттуу үй-бүлөдөн болбосо кыйын го. Ушуларды ойлогондо Сейил жубайлык бактысына шүгүр келтирип алат.

 

* * *

Эртеси палатанын дарыгери Жамийла Урматовнакүнүмдүк кызматын аялдардын ичин кароодон баштады. Эткээл болсо да тоголок жүзүнөн мээримдүү нур жана энергия төгүлүп турган дабагер аял палатага тез-тез басып кирди да, эң биринчи эле Аруукенин керебетине келип олтурду. “Абалыңыз кандай?”, – деп жүзүнө кадала караганча фенондескопту анын ичине такай көпкө тыңшап, түйүлдүктүн абалын, кыймылдашын, жүрөгүнүн сокконунтекшерди. Аялдар болсо анын оозунан чыгар сөзүн аңдышып, көздөрү чачырай тиктешет.Жамийла Урматовна анан:

-Операцияга даярдан. Эртең жасайбыз. Эң негизгиси кайраттан, күчүңдү топто. Жакшылыкка ишен, – деди.

Арууке бул кабарга адегенде жылмайымыш болгон менен көздөрү жашылдана түштү.Анан кечке күйөөсүнүн келишин зарыгып күттү. Кечке жуук эри терезеден адатынча үн салып чакырганда, ага алда-нени ишаарат кыла, анан өзү да палатадан чыгып кеткен. Кайдан-жайдан амал таап, жашырынып жолугуп да келиптир: “Кызматкерлер үчүн өзүнчө эшик,“черный ход” бар экен. Аны мага санитар аял айтты. А түгүл ээрчитип барып көрсөтүп да койду, ачык экен. Эч ким көрбөдү. Кызым экөөбүз сагынышып калыппыз. Ажыраша албай жаттык”.

 

* * *

Ошол түнү Сейил улам ойгонгон сайын катарында жаткан Аруукенин уктабай жаткандыгын туйду. Сейил өзү да тынч ала албай түйшөлүп чыкты. Бирок, Аруукенин ой-санаасын бузгусу келбей, үн каткан жок. Болбосо мындай уйку качкан түндөрү жанаша керебеттерде жатышкан экөөнүн баштары кошулуп шыбыраша сүйлөшүп чыгышчу.

Түнү бою жакшы уктабаган Сейилге таңдын атышы да узарып кеткенсиди. Жер жарый баштаганда шеригин караса, ал бакырайган көздөрүн ирмебей, терезенин айнегинен көрүнгөн асмандын бир үзүгүн, дарактардын жашыл бутактарын телмиретиктеп жатыптыр. Колунда кызынын сүрөтү. Аны көкүрөгүнө кыса, эриндери билинер-билинбес кыбырап, ичинен тилек-дуба айтып жаткансыйт.

Арууке эрте мененки тамагын жеген жок. Палатадагы буюм-тайымдарын жыйнап, Сейилге дайындады. Жаздыгынын үстүндө кызынын алакандай сүрөтү жатат. Анан бети-колун таза жууп, бет май ,упа сүртүнүп, каш-кирпигинен бери боенду да:

– Мен даяр!, – деди тамашага чегип.Бирок, түнү бою уйку көрбөй киртийген көздөрү чабуулга аттанаар алдында ой-дүйнөсүн иретке келтирип, өлүмгө тике караган жоокерден бетер жан кечти тиктейт. Аны операция жасала турган блокко ээрчитип кеткени келген медайым аял да “жүр” деп ачык айтканга оозу барбагандай, башын билинер-билинбес ийкеп белги берди.

Сейилге андан кийин убакыттын өтүшү кыйын болду. Төрөт операциясы эң узак болсо бир, бир жарым саатка чейин созулат. Арууке кеткенден кийин мүнөттү эсептеп, дубалга илинген сааттан көзү албады. Мындайда сааттын жебелери таш байлап койгондой кыбырап, жылмагы тозок. Өмүрдүн ар бир мүнөтү зарыктырып тамчылап, бир сааттын өтүшү кылымга созулуп кеткенсийт. Ушул убакта, мүмкүн, Арууке ичин жарып, баласын сууруп чыгып жатышканын туйбай наркоз менен терең уйкуда жатса керек. Жараткандын ырайым менен эне-бала экөө тең аман болушса экен. Сейилдин көңүлү тынчыбай, палатага кирген ак халатчандардын ар биринен Аруукенин кабарын сурай берди.

Аңгыча, палатага Жамийла Урматовна кирди. Сейилдин керебетине коомай олтуруп, ал-абалын сурады:

– Анализдериниз жакшы экен. Бирок, балаңыздын башы ылдыйлабай жатат. Төрөт мезгилинде сиз да, бала да кыйналып калышыңыз мүмкүн. Анын үстүнө кеч төрөт . Макул болсоңуз кесерево жасайлы. Бала травма албаш керек.

Сейилдин ою да ушундай эле. Баласы аман-эсен төрөлүшү керек. Оор төрөт учурунда жабыркап, майып болуп калган ымыркайларды көп көрүп жүрөт.

 

* * *

Кесерово кийинки күнү жасала турган болду. Сейилдин жүрөгү опкоолжуп тыбырчылай баштады. Күйөөсүнө телефон чалып, акыркы кабарды угузду. Эрининүнү буулуп, эндирей түшкөнсүдү. Дароо жооп бере алган жок. Бир аздан кийин жетип келген күйөөсүнСейил имараттын артындагы “черный ходго” өт деди. Биринчи кабаттын жертөлөсүнө түшүүчү жеринде сыртка чыга турган чакан каалга көбүнчө ачык болорун билип алган. Бул эшик Төрөт үйүндө жатышкан аялдардын көбүнө дайын экен. Кээ бир тобокелчилер ушул дарбазадан сыртка чыгып, күйөөсүнө, бала-чакасына жолугуп келүүнүн да эбин табышат. Айрыкча жаш келиндер. Кокусунан кармалып калышса дарыгерлерден катуу тил угууга да кайыл. Экинчи кабаттан жумалап түшпөй, сыртка чыкпай, жарык дүйнөнү терезе аркылуу гана көрүп , жан биргелери менен палатанын айнегинен асылып туруп үн алышып сүйлөшкөнгө алымсынышпай бук болушкан жаш келиндерди ким тосо алмак. Ой-сезимдеринде, тулку-бойлорунда жаштыктын толуп-ташкан дарман-күүсүн жеңе алышпай, бир чети өздөрү жокто күйөөлөрү башка айымдарга жолоп койбосун деген кызганычка жеңдиришип, таппаган амал-айлалары жок..

Сейил биринчи кабатка жашыруун түшүп, кимдир-бирөө көрүп калып, жолун тосуп койбосун деген коркунучтан жүрөгү дикилдеп баратты. Кудум эле бийкеч кезинде сыртта күтүп турган жигитке жолугууга жөнөгөндөй толкунданып, элеп-желеп болгонучу. Эшик жабык болуп калбасын деген чочулоосу ансайын эңсөөсүн күчөттү. Кудай жалгап, бир кишилик чакан жыгач каалга ачык экен. Күйөөсү аны шап кучактап, терең сагыныч менен мээрлене көкүрөгүнө бекем кысты. Эринин ысыккучагына кирген Сейил анын аеосун, жаны биргелигин, кайраттандыруусун бакубат чымыр денесинен, эриндеринен узакка шимирип өөп, кыя албай турган сүйүүсүнөн сезди. Он жылдан ашуун мезгилде бирге түтүн булаткан ушул эркек анын жашоосундагы эң кымбат жана кыйышпас адамы болуп калыптыр. Перзентке зар болуп күтүү сезими аларды ансайын жуурулуштуруп койгонсуйт..

Сейил палатага кайтып келгенинде кубанычтуу кабар укту. Арууке уул төрөптүр.Баласынын да абалы жакшы экен. Бул жөнүндө төрөт бөлүмүнүн медайымы сүйүнчүлөп кетти. Сейилдин үстүнөн оор жүк кулап түшкөндөй, жеңилдей түштү. Шеригинин аман-эсен төрөшү жана өзү каалагандай уулдуу болушу ал үчүн ак жолтой жышаан эле.

 

* * *

Эртеси ал операцияга ичтен чыйралып, кайраттуу кирди. Ак халатчан, ак беткапчан аялдар анын бутуна ак байпак кийгизишип, башын дагы бир байлам ак жоолук менен бууй байлашып, операция столуна чалкасынан жаткырышты. Анан колу-бутун үстөлгөкерип таңып, кан басымын өлчөп, ийне сайышып, инструменттерди шагырата камдаша ичин жарууга акыркы даярдыктарды көрүп жатышканда не деген ой-сезимдер көңүлгө келбейт. Бир сааттан кийин ал эмне болоруна көзү жетпейт. Баласы жарык дүйнөгө келер саналуу мүнөттөр калды. Бул учурда ал наркозу тарабай, терең уйкуда жатышы мүмкүн. Ушуларды ойлонгончо, колдоруна ак желим мээлей кийип күтүп турушкан хирургдар: Жамийла Урматовна менен Садыр Ормоновичтин жүздөрүнө алмак-салмак тиктеп, жашоо үмүтүнө шоола издегенсийт. Хирургдар салабаттуу жана ишенимдүү көрүнүшөт.

Кечээ кечинде Жамийла Урматовнанын кабинетине кирип сүйлөшүп, ой-санаасын бөлүшкөн. “Эгерде балам аман-эсен төрөлүп, а өзүм бир нерсе болсом… баланы күйөөмө бергиле. Өзү багып алышына ишенемин. Мына бул кагазга керээз кылып жазып койдум”. Дабагер-хирург мындай “керээз-мурастардын” далайын укканбы, кебелген жок. “Эч жамандыкты ойлобо, азыр кесерево деген медицинада кеп болбой калган. Операция жеңил өтөрүнө ишен”, – деп узаткан Сейилди.

Даярдык бүткөндө операция столунун үстүндөгү чоң шам чырактарды күйгүзүштү эле жап-жарык боло түштү. Баары анын жүзүнө үңүлө тиктешип, ойлорун топтоп, чымыркана күтүп турушкансыйт. Наркоз берүүчү анестезиолог ийне сайып, оозуна бет кап кийгизгенден кийин башы айлан-көчөк болуп, алда бир терең туңгуюкка кулап бараткансыды….

 

* * *

Ал эсине келе баштаганга чейин канча убакыт өткөнүн билген жок. Наркозду азыраак өлчөмдө берип коюшканбы, операция бүтө электеойгонду. Көздөрүн ача албаса да ичин катуу булкуй тартып жип менен тигип жатышканын туйду. Андан кийин алды жагына колдорун салыпоорута кырып-тазалашты.Эс-учун билбей, сулк жаткан адамды аяшпайт тура. Көздөрүнөн тынымсыз жаш куюлганына караганда аябай ооруса керек. Бетинен ылдый жылжып аккан көз жашын кимдир- бирөө жумшак бинт менен улам аарчып коет. “Балам! Балам барбы?!.” – деп сурайын десе оозуна кислород менен жасалма дем алдыруучу түтүкчө салынгандыктан, сүйлөй албады.

Аны операция столунан дөңгөлөктүү арабага көтөрүп салышып, узун далис менен жандандыруу бөлмөсүнө алып баратышканында:“Уулдуу болдуң, Сейил. Уул!” , – деген Жамийла Урматовнанын үнүн даана укту. Бул сөз анын эс-акылын чагылган түшкөндөй дүңгүрөтүп жиберди. Кубанычтын күчтүү толкуну наркоздун толук тарай элек мастыгына кошул-ташыл болуп, башы эңги-деңги болуп айланып, жер астын-үстүн көчүп жатат. Көздөрүн ачууга дарманы жетпесе да Жамийла Урматовнадан уулунун абалы кандай экенин сурайын деп, оозундагы түтүкчөнү чыгарып салууга аракеттенди. Алы жетпеди. Бирок, Жамийла Урматовна анын эмне сурагысы келгенин билгенсип: “Уулун нормалдуу төрөлдү. Баары жакшы”, – деди бекем-бекем үн менен. Сейил ушуну уккусу келген эле. Эми гана өзү кандай абалда жатканын ойлоду. “Оозумдагы түтүкчөдөн иреңим суук көрүнүп калса керек”, – деген ойдон жыйрыла түштү. Башын бууй байланган ак жоолугу да кыйшайып калгансыйт. Боегу жок купкуу өңүн, оозунда түтүкчө соройгон кейпин күйөөсү көрүп койсочу?!. Аялдык ары козголуп, уяла берди.

Бирок, күйөөсү бул убакта сыртта, терезенин түбүндө операциянын бүтүшүн күтүп, каккан казыктай болуп жылбай турганын кийин жандандыруу бөлмөсүнүн медайымы айтты. “Сиз операциядан чыкканча бир куту тамеки чегип түгөттү. Уул экенин укканда делдеңдеп бир сүйүндү. Ким алдынан чыкса “сүйүнчү” берип жатты”, – деди аны аягандай.

Жандандыруу бөлмөсүнө алып чыгып, бурчтагы керебетке жаткырышканын билет, анан кайра уктап кетиптир.Бир оокумда ичинин кесилген жери жан чыдагыстай ооруганы аны эсине келтирди. Түн кирип калыптыр. Бөлмөнүн шамы өчүрүлгөн. Бирок, дубалдын эки тарабындагы чоң терезелерден жана эшиктин айнегинен жарык түшүп турат. Жандандыруу бөлмөсүндө түнкү кезметте турган медайым үстөлгө башын койгон бойдон уйкуда. Сейил аны аяп ойготпойун десе да ичикатуу ооруп, чыдай албай онтолой баштады. Медайым уйкусурап, чарчаңкы түрү менен жанына келгенде:

– Дары? Дары бергилечи?, – деп жалына суранды Сейил. Ийне сайып, тынчтандыруучу дары бергенден кийин жаны көшүлүп, кайрадан мас уйкуга кирди.

Морфийдин таасири менен уйку арасында жаныушунчалык магдырай балкып, көңүлү асман-көккө батпай көкөлөп чабыттай учуп жүргөнүн, дене-боюн балкыткан жыргалдыэс-мас туюп жатты. Ушул түнү асман жарыла күркүрөп, чагылгандар уйгу-туйгу жаркылдап, жайкы кара нөшөр селдеп төгүп кирди.Нөшөрдүн терезеге чаба жаап шатыраган доошу анын жан дүйнөсүнө батпай толуп-ташкан бактысына үн алышкансыйт. Узак жылдар бою зарыккан эңсөөсүнө жеткен адамдын улуу кубанычы эле.

Жайкы нөшөр түнү бою төгүп чыккандай болду. Бул түн кыйма-чийме жаркылдаган чагылгандар, кулак тундурган күркүрөктөр, көнөктөп жааган жамгырдын шатыраган доошу, бакыттын таттуу даамы менен эсте калды. Бирок, таңга жуук жамгыр тып басылып, үзүк-үзүк болуп жыртылган булуттар тоого качып, асман ачылды. Салкын жана таза аба жаанга жуулган жашыл теребел, жашаң чөп-жалбырактар, тоборсуган кара жер жыттанып, жандандыруу бөлмөсүнө күндүн алгачкы нурлары жаркырап тийди. Бул учурда Сейил өзүнө толук келип, эс-акылын жыйды.

Түнү бою карап чыккан медайым анын бети-колун нымдуу марли менен сүртүп, жоолугун, төшөнчүсүн оңдоп, эрте менен обходго даярдады:

– Күйөөңүз келиптир, – деди анан терезени ачып.

– Сейил! Сейил! Кандайсың?! Уулубуз кут болсун! Ыраазымын! – деп кыйкырып жатты күйөөсү сырттан.

Анын толкунданган кубанычтуу үнү экинчи кабаттын терезесинен да даана угулду. Келин ордунан тура албаса да көз жашы аралаш бактылуу жылмайып эрээркейт. “Жакшымын. Өзүңдү да уулду болушуң менен!”, – деп шыбырай сүйлөдү. Медайым анын сөзүн күйөөсүнө жеткирди да, терезени жаап койду.

 

* * *

Жамийла Урматовна бүгүн ишке өтө эрте келиптир. Халатын чала-була кийип, бет кабын байланганчажандандыруу бөлмөсүнө тез-тез басып кирип келди. Эки көзү Сейилде. Кечээ операция жасалган келиндин абалын түнү да ойлоп, санаасы тынбай чыкканы сезилет. Бир сыйра кароодон өткөргөндөн кийин көңүлү жайлана медайымга кайрылды:

– Тамчылама ийне менен дары бергиле. Температурасын, кан басымын өлчөп тургула. Түштөн кийин баласын эмизүүгө алып келишсин! – Жамийла Урматовнанын акыркы сөзүнө Сейилдин жүрөгү тыбырчылай түштү. Буюрса, перзентинин жүзүн көрүп, колуна алат экен!

Ага капельница сайгандан кийин дагы уктап кетиптир. Уйку-соодо эркектердин сүйлөшкөнүн кулагы чалды:

– Күйөөсү бүгүн эрте менен “Дос” деп звандап, операцияны жакшы жасашымды суранды.Уул төрөлсө өтө чоң сүйүнчү берем дейт. Үч кызы бар экен, уул күтүп жүрүптүр. Бирок, ал кайсыл дос болуп кетти экен? Эстей албай койдум.

– Аты ким экен?

– “Жамбулмун” деди окшойт

– А баса, баягы фитнесклубдабиз менен бирге машыгып жүргөн жигит эмеспи. Салык инспекциясында иштегенчи?

– Точно, ошол! Ой, энеңди… Өзү келип койбой, телефон чалат манчыркап. Бирок, келинчеги татынакай экен.Дагы кыз төрөгөнүн укса жаман болот го. Эми төрөбөй каларын да биле элек.

– Аялында не күнөө? Кыз тууйбу, уул тууйбу, эркектин бел кубатына жараша да.

Сейил көздөрүн чала ачып үн чыккан жакты карады.Жандандыруу бөлмөсүндөгү экинчи керебетке дагы бир аял жатат. Ак халатчан эки эркек ага эңкейип алып өз ара сүйлөшүп жатышыптыр. Аялдын наркозу таркай элек экен. Сейилге эркек-дарыгерлердин эсине келе элек аялдын жылаңач этин толук ачып коюп, беймарал кармалашканы өрөскөл сезилди. Айрыкча, “аяшым” деген чакан бойлуу, кара тору арык эркек үзүлө түшүп карап жатат. Сейил акырын кыймылдамыш болуп койду. Эркектер эми аялдын үстүнө шейшебин жаап, бөлмөдөн ээрчише чыгып кетишти. Келин толмоч денелүү, кара каштуу, тоголок жүздүү экен. Ал эсине келгиче “аяшы” болгон эркек акушер-хирург эки-үч жолу кабар алып кетти. Акыркы жолкусунда аял эсине келип, акырын кыңкыстай баштаган. Аяшы күйпөлөктөп үстүнө түшө калды:

– Ооруп жатабы? Азыр, азыр!.., – деп өзүнүн жаны ооруп жаткандан бетер шашкалактап медайымга ийне менен дары куйгула деп буйрук берди.

– Уулбу? – деп сурады аял ага үмүттүү тиктей.

Аяшыбир тынымга үндөбөй туруп, анан оозу бош айтты:

– Кыз экен. 3,5 килограмм салмак менен төрөлдү. Абалы жакшы.

Аял жүзүн дароо дубал жакка буруп кетти. Ошол боюнча ак да , көк да дебей сулк жаткан бойдон кыймылдаган жок. Аяшынын: “Өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Ичиңиз ооруса айтыңыз, дары беришет. Азырынча тамак ичпей туруңуз?”, – деп камкорсунган сөздөрүнө да жооп бербеди. Дарыгер кан басымын өлчөсө көтөрүлүп кетиптир. Ал шашыла медайымды, анестезиологду чакырып, бүлүнүп калышты. Ийне сайып, дары куюшкандан кийин аял кайрадан уйкуга кирди.

 

* * *

Бул убакта түш жарымынан оой баштаган. Сейил медайымдын көмөгү менен керебеттен туруп, терезеге чейин басып барып келди. Эртеден бери терезе түбүндө топтолуп турушкан апасы, туугандары аны көрүшкөндө жетине алышпай биринен-бири сөз талаша куттуктап жатышат. Апасынын көздөрү жаштуу. Кызынан өтүп катуу кубаныптыр. Сейил аларга чыйрак көрүнүүгө аракеттенип, жылмайымыш болот. Сүйлөсө доошу дармансыз. Бирок, буттары жыгылып кетчүдөй болуп, мууну бошоп, башы ооруп айланып, кайра керебетине зорго жетти. Кыймылдаса эле ичи катуу сайгылашып, жаны көзүнө көрүнө түшөт. Жандандыруу бөлүмүнүн дабагери менен медайымы ага жеңил кыймылдай баштоону сунуш кылышты.

– Эми эң эле оор бир кыйынчылык бар, ал – даараткана, ошого барып алсаңыз бир топ жеңилдеп каласыз, – деди медайым. Сейил адегенде бул сөзгө маани берген эмес. Операция учурунда козголуп, жабыркап калган ичеги-карыны менен заара жолдору даарат кылаарда чыңырып-сыздатты. Бала үчүн бул мүшкүлдөн да өтүүгө туура келди.

Сейил түштөн кийин уулун эмизгени алып келет деп аябай толкунданып күтүп жаткан. Бирок, балдар бөлүмүнөн кечигишти. Баласы ысытмалап калыптыр деген кабар укту. Сейил токтоно алган жок. Дааратканага чыгымыш боло,узун далистин экинчи учунда жайгашкан балдар бөлүмүн көздөй жөнөдү. Түшкү тыныгууубактысы болгондуктан жолунан эч ким чыкпады.. Дубалды жөлөнө басып, ар бир кадамын шилтөө өтө кыйынчылыкка турса да илгерилей берди.Баласын өз көзү менен көрмөйүнчө көңүлү түтпөс.

Жүрөгү сезген экен. Как үстөлдун үстүндө жалаяктарынын орому жазылып, чалкасынан жаткан жылаңач ымыркай ыйлап жатат. Эшик да, терезе да ачык. Балага жакын басып барган Сейил анын өз уулу экенин туйду. Ушул ыраңына чыга элек көгүш-кызыл эт кымындай дене, зорго кыбырагантыпыйган буттары менен колдору, көздөрү ачыла элек болбураган жүзү өз боорунан жаралган перзент! Эң биринчи эле аны орогончо шашты. Суук өтүп калса эмне болмок деп заманасы куурула түштү. Колдору эп келбей жатып баланы ороп алып көтөрөйүн десе, уучуна толгон жок. Катуурак кармап бир жерин оорутуп алуудан коркуп сүрдөдү. Эненин жакындыгын сезгендей бала да дароо сооронуп, сүт ууртун ал жакка кыйшайта, алда-бир калканч, жылуулук издегенсипкайсалактап доош сала баштады.Аңгыча бөлмөгө ак халатчан аял кирди:

– Эмне кылып жүрөсүз бул жерде?! Эшикке чыгыңыз! – деп ачуулана кетти медайым.

– Бул – менин уулумбу? – деди Сейил, – Эмнеге жылаңач жаткырып койдуңар? Ысытмалап жатат дешти эле го?

– Жандандыруу бөлмөсүндө жаткан энесизби? Ооба, сиздики. Эми карап жатсам башкы дарыгер чакырып калды. Балаңыз жакшы эле. Азыр эмизгени алып барабыз, – деди айыбын мойнуна алгандай жайлап сүйлөп. – Азыр алып барамын сизге, бара бериңиз.

Кайра дубалга жөлөнө басып жандандыруу бөлмөсүнө зорго жеткен Сейилдин артынан эле баласын эмизүүгө алып келишти. Балдарды караган дарыгер кызыл эт наристени ага берип, кантип эмизүүнү түшүндүрүп берди. Уулу оозун ачып, эмчектин үрпү эриндерине тийгенде дароо жалмалап, кебездей жумшак эриндери менен мээрлене соро баштады.Бүт дүйнө унутулду. Ал энелик жаңы абалына башы айланып, жашоо айлан-көчөк. “Бөпөм! Уулум! Козум! Кулунум! Кубанчым!..” деп күбүрөп жатты эриндери. Эненин ууз сүтүнө тойгондон кийин уулу тез эле мемиреп уктап кетти. Кез-кез үлпүлдөгөн эриндери болор-болбос бүлк-бүлк этип коет. Ысытмасы да кайтыптыр. Сейил аны колунан түшүргүсү жок. Көздөрү баласынын түгү түшө элек балапан жүзүнө арбала тиктейт. Ушунчалык ымыркай, “үлп” эткен жел да ага оордук кылчудай. Кызыл эт наристеси эми анын коргоосуна, камкордугуна, мээримине муктаж. Жараткандан энелик күч-кудурет бере гөр деп жалынды.

 

* * *

Жандандыруу бөлмөсүндө бир күн түнөгөндөн кийин аны палатага которушту. Өзү төрөгөнгө чейин жаткан палатанын босогосун кайрадан аттаары менен тааныш жүздөрдү көргөндө кубанычына чек жок: Арууке, Калыс!

Айрыкча, Арууке экөө бири-бирине илгертен ынак адамдардай ысык учурашышты. Аман-эсен көз жарып, перзенттүү болуу бактысына эңги-деңги болгон аялдар акыркы эки күндүн ичинде баштарынан кечирген окуяларды айтып түгөтө алышкыдай эмес. Кээде жылга тете күндөр да өтөт экен. Өздөрү да кайрадан туулуп түшкөндөй жаңылана түшүшкөнсүйт. Чакан керебетте мемиреп жаткан ымыркайынан көзүн албай, демин тыңшаганча Арууке ага дене-боюн дүркүрөткөн окуяны айтып берди:

– Операциядан кийин жандандыруу бөлүмүндө жаткан элем Эс-учума келип, а түгүл басып, баламды колума алып эмизип калганмын. Анан эле ысытмалай баштадым. Медайымга айтып температурамды өлчөткөнүмдү билемин. Ал дарыгерди чакырганычуркап кетти. Ошол замат палатага эки жыл мурда кайтыш болгон апам ак халат кийип, ак жоолук салынып шашыла басып кирип келди. Ал апамдын өң-түспөлүндөгү медайым имиш. Менин керебетиме жакын келип, “азыр сага ийне саябыз дешет. Сайдырбагын!” деп коюп кайра уурданган басык менен тез-тез кадамдап чыгып кетти. Чын эле дарыгер, мед айым, дагы бир ак халатчан үчөө келип мага ийне саймакчы болушту. Мен“укол жасатпайм, кереги жок!” деп аябай каршы болуп, алардын айласын кетирдим. Акыры, журналга “уколдон баш тартамын” деп жаздырышып, колумду койдурушуп чыгып кетишти. Бөлмөдө менден башка дагы бир келин бар эле, ал да ойгоо жаткан. Бир оокумда ачык турган терезеден башы кушка окшош, бирок үстүндө канат ордуна вертолеттукундай чоң парасы тынымсыз айланып турган чоң канаттуу учуп кирди да, мен тарапка бет алды. Керебетимдин үстүнөкелип токтоп, бирок, парасы токтобой айлана берди. Куш бир орундан жылбай турса да, магниттей күчү мени жулуп кетчүдөй болуп тарта баштады. Мен керебеттин баш жагындагы темирди эки колдоп бекем кармап алганмын. Бар күчүм менен тырмышып, жулунуп кетпөө үчүн жанталашам. Бул кармашуу бир нече мүнөткө созулгансыды. Бир оокумда куштун күчү кайта түшүп,мени бошотту. Анан парасын айландырган бойдон терезеден кайра учуп чыгып, асманга төөнүп кетти. Өзүмө бир аз келгенден кийин жанымдагы келинден сурадым:

– Азыр учуп келген кушту көрдүңбү? Менин керебетимдин үстүнө токтоп турду го. Аз жерденмени керебеттенжулуп кетейин деди?

– Коюңузчу!? Коркутпаңызчы? Эч нерсени көргөнүм жок, – деди ал. А түгүл палатабызга кирип, “укол алба!” деп эскертип кеткен апам сыяктуу ак халатчан аялды да көрбөптүр.

– Ысытмалап жатамын деп дарыгерди өзүңүз чакырдыңыз да, анан алар укол саябыз десе таптакыр каршы болуп туруп алдыңыз.Мен аябай таң калдым бул кылганыңызга, – деди.

Аруукенин бул баянынСейил денеси дүркүрөй укту.

– Өмүрүң узак болот экен, – деп анан жакшылыкка жоруду чын дилинен. “Төртүнчү кесерово бул- өтө чоң тобокелдик” дешип медиктераябай кооптонушканын ойлоп. – Эми баары артта калды, досум!

– Апам наркы дүйнөдө жүрсө да мага келген ажалды тосконго жанын үрөдү. Ошондо укол алганымда, же куш мени алып кеткенде бул дүйнө менен кош айтышмак окшойм.

Палатада алар менен кайрадан бирге жаткан Калыс дагы эле обочолонуп, сөзгө кошулбайт. А түгүл кантип төрөгөнү, баласы жөнүндө ооз ачкан жок. Уул төрөптүр. Ага деле үйрүлүп түшүп карабайт, же эмизгени деле билинбейт. Үн-сөзсүз улам сыртка кирип-чыгып ойдолойт. Ага бир нерсе тынчтык бербей жаткансыйт. Баласы күнү-бою ыйлаган жок. Ага ичинен таң калган Сейил кечке жуук сырт жакка чыгып баратып палатанын ооз жагындагы керебетте жаткан Калыстын баласына көз салды. Бирок жаңы төрөлгөн бардык ымыркайлардай эле ак сурп чүпүрөккө оролгон баланын жүзүн көрүп жүрөгү “шуу” этти. Мындай да сүйкүмсүз наристе болобу! Өңү капкара, жылдызы жок, каргыштын эн тамгасы басылгандай көлөкө түшүп турат. Жарык дүйнөгө кара жолтой тагдыры менен кошо төрөлгөндөй куу тумшукбаланы көрдү. Сейил жүрөгү опкоолжуй, ичинен келме келтирип, керебетине шалдая олтуруп калды. Ушундай жаман ойго келгени үчүн кайра өзүн жемеледи. Эч күнөөсүз ымыркай жөнүндөкесе тыянак чыгарып койгону жакшы эмес го. Мүмкүн, Калыс күйөөсү жок төрөгөндүр. Бушайманга түшүп, көңүлү тынч алалбай жаткандыр… Каалоосуз төрөлгөн балага энелик сүйүү ойгонбойт эмеспи.

Бул жөнүндө Аруукеге айтууга да оозу барган жок. Анын эки көзү менен эси-дарты уулунда болуп жатса кантип айтмак. “Үлп” эткен желден да коруп, көңүлү тынчыбай, санаасы санга бөлөнөт. Түнү баласын караганы улам ойгонгон сайын Сейил Аруукенин керебетинде уктабай олтурганын көрүп жатты.

– Эмне болду? Неге уктабайсың? – деп сурады шыбырай.

– Баламдын дем алышын тыңшап жатамын, – деди ал. – Ысытма да чыккансып сезилет. Өлчөсөм жайында эле, бирок денеси ысык.

“Чоңойгончо кантээр экен?! Уулунан ажырап калуудан коркуп жүрүп муштумдай жүрөгүнөн деле эч нерсе калбайт го”, – деп ичинен ойлоду Сейил. Өзү деле өмүр бою баласынын өмүрү менен ден соолугунан жүрөкзаада болуп өтөөрүнөн шек жок.

 

* * *

Таң атканда алардын палатасындагы бош турган бир керебетке жандандыруу бөлүмүнөн кечээ кесерово болуп төрөгөн келинди алып келишти. Сейил дароо тааныды. Кечээ кыз төрөгөнүнө нааразы болгон келин. Аяшы арабанын бир жагын кармап кошо келди. Керебетке да өзү жаткырды. Абалын кайра-кайра сурап, жан-алы калбайт. Бирок, анынбул күйүмдүүлүгү келиндин көзүнө көрүнгөн жок. Жүрөгүн өйүгөн башка санаасы бардай, түнөргөнү жазылбайт. Жанында жаткан кызына деле көңүл кош, карап, же колуна алып коеюн дебейт. Оң колунан уюлдук телефон түшпөй, аны кайра-кайра тиктеп, кимдир-бирөөнүн коңгуроо чалышын аябай күткөнү байкалат. Телефону шыңгыраса шашыла экранын карайт да, анан өзү каалаган адамдан эместигин көргөндөй, деми сууп, ыргылжың сүйлөшө баштайт. Көбүнчө, “апа” деп кайрылып жатты. Ал төрөгөндөн бери күйөөсү келбей жатканына, же телефон да чалып койбогонуна өзү гана түгүл апасы, бир туугандары да дүрбөлөңтүшүшкөндөй. Мүмкүн, кичинекей төрт кызы менен жалгыз калуу жаш аял үчүн чындыгында катуу соккудур. Чырымы жаш, өзү да жарашыктуу кийинген апасы, бойго жеткен сиңдилери, эр азамат иниси бар экен. Байкуш эне күнү-бою кызы жаткан палатанын терезесинен кетпей, акыя тиктеп, аны кантип жубатышын билбегенсийт. Бирок, келиндин кан басымы кайра-кайра көтөрүлүп, өзү да депрессиядан чыга албай, түнөргөн бойдон сулк жата берди. Энесинин карабай койгонун сезгенсип кызы да ыйлаган жок. Хирург-акушер аяшы чебелектеп палатага тынбай кирип-чыгат. Бир күндө эки жолу ичинин таңуусун чечип, кесилген жерин тазалап, дары коюп, кайрадан таңып берди.

– Биздин да таңуубузду алмаштырып бересизби? – деп кайрылган Сейилге көңүл кош гана:

– Палатанын дарыгери жасайт, – деп коюп чыгып кетти. Көрсө ал аяшы үчүн гана өзү кызмат кылып жаткан экен.

Сейил менен Арууке эми бул келиндин көзүнчө абайлап сүйлөшүүгө аракет кылышты.Анын уул эмес кыз төрөп койгонуна алардын да күнөөсү бардай кымсынышкандыктары кызык эле. Ал түнү Сейил таң атаарда ойгонуп, баласын жанынан таппай калды. Жүрөгү шуу этип, өзүнөн кете түштү . Заманы куурула эки жагына кайсалай караса бет маңдайындагы керебетте жаткан келин ойгоо экен. Бооруна жабыштыра кучактаган балага эмчегин салып, эки көзүн андан албай телмирет. Сейил уулунунтокулма ак төшөнчүсүнөн тааныды.

– Менин балам го!, – деди Сейил көргөн көзүнө ишенбей. Келиндин өзүнүн кызы керебет-бешикте жатат. Адегенде ачуусу менен колунан жулуп алчудай болуп жанына жетип барса да, аялдын көз жашы он салаа болуп жууган армандуу жүзүн көргөндө сунулган колдору шал болгондой ката түштү. Өзүнө жалдырай караган жаштуу көздөр аны “тык” токтотту. Оозуна сөз кирбей аптыгып, бир-эки мүнөткө селейип турду.Баласын таппай калгандагы коркунучунан дагы эле калтырап турган. Келин баланы акырын кучагынан бошотуп, Сейилдин колдоруна кыйылыңкы карматканча:

– Эркек бала катуу сорот тура. Бирпаста эмчегимди какшытып койду. Сүтү ташып жатты эле, – деди көз жашы аралаш.

Бул түнкү окуя экөөнүн ортосунда сыр бойдон калды.

 

* * *

Палатада бирге жатышкан төртөөнүн ичинен үйүнө биринчи болуп Арууке чыгып кетти. Аны күйөөсү, кайын-журту менен өзүнүн бир туугандары төбөлөрүнө көтөрүп алгыдай болуп тосуп алышты. Ал күнү таң эртелеп эле гүл көтөрүшкөн топ адам терезе түбүнөн “Аруукелешип” эрээркеп турушту. Баары көңүлдүү маанайда, бири-бирин тамашалашып, шаңдуу күлүшүп, бакубат үй-бүлө жана ынтымактуу кудаа-сөөктөр экени байкалат. Арууке да ашып-ташып толкунданып алган. Ага Төрөт үйүнөн кийип чыгуу үчүн жаңы сарпай: мала кызыл жүндөн токулган жарашыктуу көйнөк, жемпер, башына ак жибек жоолук алып келишиптир. Баласына да бир түйүнчөк жаңы кийим, кооз ороо-чулгоо, төшөнчү . Жаңы кийимин кийип, ажары ансайын ачылып, күлүп-жайнаган бойдон баары менен өбүшүп коштошуп, Сейилди болсо көпкө кучагынан чыгарбай жашып турду. Бул кубанычтын, бакыттын жашы эле. Аз күндө бирге өткөрүшкөн сар-санаалуу да, бактылуу да күндөр аларды илгертен жаны бирге курбудай бириктирип салыптыр. “Телефон чалышып турабыз ээ?” – деп Сейил курбусун жубатып.

Андан бир күндөн кийин кыз төрөгөн келинди чыгарышты. Ал жаткандан бери кабагы ачылбады эле, ошол түнөргөн боюнча кетти. Апасы сиңдиси экөө келиптир. Күйөөсү көрүнбөдү, иш сапарында жүрөт имиш. Буга келин ишенбегени байкалат. Бирок, аны үйүнө хирург-акушер аяшы өзүнүн автоунаасында жеткирип келмек болуптур. Ал келинди алып чыгуу үчүн палатага киргенде Сейил тааныбай да калды. Дайыма ак халатчан жүргөн эркек дарыгер бүгүн тою болуп жаткан күйөө баладан бетер кара күрмө, ак көйнөк, кара туфли кийип кычырайт. Аяшына да, балага да өнтөлөгөн мамилеси таң калаарлык эле. Бул капыстан ойгонгон сүйүүбү, же бейкүнөө жабыркаган аялга жан ачыган адамгерчиликпи? Эмнеси болсо да палаталаш келинге байланыштуу бул сырдынтабышмагын жандыра алган жок.

Ошол күнү Жамийла Урматовна Сейилге келип:

– Бүгүн балдар ооруканасынан педиатр-невролог чакырдык. Сиз дагы балаңызды көрсөтүп алыңыз. Баары жакшы болсо, эртең чыгарабыз, – деди Сейилге.

Педиатр-невролог адис балдарды биринчи кабаттагы кабыл алуу бөлмөсүндө карап жатыптыр. Энелерди кезек менен чакырып беришти. Өзүнүн кезметин күтүп палатада олтурганында гана Калыстын баласы менен көрүнбөй калганын байкады. Керебетин да жыйнап коюптур. Төрөт үйүнөн чыга турган болсо коштошмок да. Шеригинин айтпай-дебей жоголгонуна таң калып, бирок баласына алаксып, ою башка нерсеге бурулду.

Анын кезмети жеткенде баласын медайым кабылканага чейин көтөрүп алып барып берди. Оозуна бет кап тагынган орто жаш аял баланы үстөлгө жаткырып коюп, адегенде башын көтөргүзүп, сезүү жана көрүү реакциясын текшерди. Буттарын, колдорун кыймылдатып, жүрөгүн тыңшагандан кийин Сейилге:

– Балаңыз жакшы эле экен. Бирок, кеч төрөт, бойдон түшүп калуу коркунучу жана операция жолу менен төрөөнүн залалы болбой койбойт. Дайыма адистерге кайрылып текшерүүдөн өткөрүп туруңуз. Азырынча, бир айга чейин бул дарыларды ичирип, массаж жасатыңыз, – деп кагаз жаза баштады.

Бул убакта кабылкананын төркү бөлмөсүнөн эки-үч адамдын сүйлөшкөн доошу угулуп жатты. Бири – эркектин үнү. Ага Сейилдин көңүлү бурулбай койгон жок. Анткени, бул жакка эркектин кириши мүмкүн эмес да. Төркү каанадагылар басыңкы үн менен бир нерсени макулдашып жатышкансыйт..

Дарыгер кагазга жазгандарын Сейилге дагы бир жолу түшүндҮРӨ баштаганда ички каананын эшиги ачылды да, ал жактан бир аял менен Калыс чыкты. Колунда баласы жок, өзү халатын чечип, сыртка чыкчудай кийинип алыптыр. Колуна кара сумкасы жана ичи толо желим баштык көтөргөн. Кабылканада баласын кучактап турган Сейилди көргөндө бир көз ирмемде ката түшүп, анан башын жерге сала жанынан тез-тез басып өтүп кетти. Бирок, сыртка чыгуучу каалганы таппай кайсалай түштү. Жанындагы аял ачып бергенде Төрөт үйүнөн безип кеткиси келгендей атып чыкты. Сейил да оозуна сөз кирбей селейет. Эмне болгонун бүдөмүк түкшүмүлдөдү. Баласын таштап, же бирөөгө сатыпкеткенсийт. Муну ойлогондо дене-бою дүркүрөй түштү. Терезени тиктеп, узап бараткан Калыстын караанын дагы бир жолу көрүп калды. Кысыр калган кунаажындай шудуңдап басканы да жагымсыз экен. “Жүрөгү таштан бүткөн го”, – деп Сейил анын баласына жаны ачып. Тогуз ай боюна көтөрүп, тогуз омурткасы сыздап төрөгөн уулуна бир да жолу ийибей, энелик мээримин төкпөй, а түгүл көңүлдөнүп эмизген да жок эле. Сейил уулун бооруна бул жерде узаганча шашты.

Палатага келсе жаңыдан төрөшкөн дагы эки аялды жаткырышыптыр. Эми Сейил аларга боорун бергиси келген жок. Төрөт үйүндө өткөн төрт күнүндө ал турмуштун деңизин сүзүп өткөндөй болду. Буга чейин Төрөт үйүн бакыт үйү катары гана ойлоп жүрсө, көрсө бул жерде да катаал турмуш өз мыйзамын жүргүзөт тура. Бактысыздык, көз жаш, кайгы, жалгыздык, куу тумшуктук… Күнөөсүз аруу периштелер жарык дүйнөгө келген жерде да боору таш жүзү каралыкка, кыянаттыкка орун табылат экен. Булардын баары Сейил үчүн ойго сыйбас нерсе эле.

Ал кечинде күйөөсүнөн эртең өзү жалгыз келип эле Төрөт үйүнөн жупуну чыгарып кетишин суранды. “Эч ким билбесин, апамдар да”. Эринин буга таң калып, кайра-кайра такыган суроосуна: “Баарын кийин айтып беремин”, – деп, чечилген жок. Төрөт үйүндө өткөн төрт күндөн кийин ага бардык шаан-шөкөт ашыкча жана ыксыз сезилип турат.

Эртеси Сейил баласы экөөнү Төрөт үйүнүн эшик алдынан күйөөсү жалгыз тосуп алды. Аялын узата чыккан медайымга колундагы чоң букет гүлүн көрүндүгү менен кошо карматып, эки көзү аппак мамыкка куурчактай болуп оролгон баласынан өтөт. Анын мөмө жүзүн көргөндө төбөсү көккө жеткидей болуп толкундап, көздөрү жашылдана түштү. Уулун колуна көтөрөрдө сүрдөп, колдорун калтырак басканычы.

Экөө сыртка чыгышканда Сейил бала көтөргөн күйөөсүн колтуктап, ага ыктала, ийнине башын жөлөдү:

– Мен кандай бактылуумун!

Бул бактылуу аялдын чын жүрөгүнөн айтылган сөз эле.

 

z_pasanovaЗинакан Пасаңованын башка чыгармалары.

 

 

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.