Балбан сөз акын — Табылды Муканов

“Ка-ап, Фрунзеге эртерээк келип, адабият чөйрөсүнө аралашып калганыңда Табылдыны жакшы билип калмак экенсиң” — деп бирөө айтты. Ойлоп көрсөм, антелмак деле эмес экемин, анткени мен агезде адабият деген эмне экенин жакшылап билелек да болчумун. Фрунзеге да, адабий чөйрөгө да кеч келдим. Окууга кеч тапшырып, КМУну өзүмдөн кичүү балдар менен бүттүм. Кудай Таала акыл-эсимди атайылап токтотуп салгансып, аябай кеч ойгонуп, кеч жетилдим. Менде жаш боюнча “улуу, кичүү” деген түшүнүк жок. Жашым Табылдыдан 3-4 жаш кичүү экенине карабастан 7 жаш кичүү Нуралы менен дос болдум. Кээде Нуралыны өзүмдүн агам катары сезип кеткен учурум да болот. Биз адабий ийримдерге жаңыдан катышып, жаңыдан ыр жаза баштаганда Табылдынын аты кадимкидей таш жарып турган.

 

* * *

3-курста квартирада жашадым. Табылды менен ошондо тааныштым. “Окуп эле олтура бересиңби, ары-бери басып баш сергитпейсиңби?” — деп, заводдо иштеген айылдашым Мустапа мага көп келчү. “Баш сергитпейсиңби?” дегени “пиво ичпейлиби” дегени эле. Биз пиво ичкени жашаган жерибизге жакын жердеги, жаңы автовокзал жактагы “пивнушкага” келчүбүз. Ошондой күндөрдүн биринде өзү жалгыз пиво ичип олтурган Табылдыны көргөм. Шампалаңдап барып салам берип, айлана-тегерегимдегилерге аны жакшы тааный турганымды билдирип кайра тарткам. Ичимден, “ырас жолукпадыбы, вино алып берейин, колдон келсе ыгын таап бир сыйлайын” — деп сүйүндүм. Оюмду Мустапага айтсам, “качан көрсөм эле каяктагы бир алкаштарга жакын боло калат экенсиң!” — деп кагып салды. Ошондо Ош базары жактан бир жолу Какен Алмазбековго вино алып бергеним эсиме түштү. Анда да жанымда Мустапа болчу.

– Эй, ал деген чоң акын, — деп шыбырадым, Табылды угуп калбаса экен деп.

– Урганым барбы! Акын болсо өзүнө! — деп ороң этти заводдун металл эриткич жумушчусу.

 

* * *

Ыр жазган адам көрсөм эле Кудайымдай көрүп, таанышкым келген, сыйлагым келген адат мени бала кезден бери ээрчип келатканын Мустапа кайдан билсин. Илгери райондук гезитте иштеп жүргөнүмдө биздин районго Совет Урмамбетов деген чоң акын келип, редакторумдан суранып атып бир айлык маянамды жаздыртып алып, Бакас акемкине жылкынын сүр этин салып коюп эси-көөнүнөн кеткис кылып коноктоп, бир жума вино менен сыйлаган болчумун.

 

* * *

Анан бир маалда Табылды менен кантип чогуу болуп калганымды билбейм, үстөлдүн үстү пивого да, кара кочкул барматухага да толуп, бул дүйнөдө сүйлөшпөгөн сөзүбүз калбай, эбедейибиз эзиле сырдашып, акырында “үйүгүшкөн мас топ” суюлуп олтуруп, аягында акынды сыйлаган бир-экөөбүз гана калып, анан салпылдап Табылдыны үйүнө чейин узатып коюп кайра тартканыбыз эсимде.

 

* * *

Мына ушул өңдүү күтпөгөн жолугушуулар эки-үч курдай болду. Табылды бир күнү мага: “Менин бир иним бар, Аты Найдон, өзү ресторанда иштейт. Жатар жайы жок. Силер менен жашап турса болобу? Зыяны тийбейт, эртең менен кетип түнкү 12лерде келет” — деп калды. Табылдыга жакындай албай жүргөн жаным дароо макул болдум. Ошентип “Суусамыр” ресторанында официант болуп иштеген Найдон деген кымча бел жигит биз менен чогуу жашады. Көрсө, Найдондун өз аты Табылды экен. “Найдон” деген “табылды” дегендин орусчасы, “Найдон” деп Табылды койгон атым” деп өзү айтып берди бизге.

 

* * *

Бирок, ошондон кийин деле Табылды менен сүйлөшө албадым. Азыр ойлосом, сүйлөшкөнгө такыр эле даяр эмес экемин, аябай чийки экемин. Ал окуган ыр саптарынын маанисин түшүнбөйт да экемин. Ал мисал келтирген Неруда, Лорка деген гиганттарды өмүрү укпапмын. Ал билбеген акын жок экен. Анын жанында мен жөн эле жонулбаган дөңгөч болуп калдым. Ошентип, адегенде Табылдыга таанышкым келген менен кийин ага жакын жологондон каччу болдум. Өзүмдү Ат-Башынын ак кар, көк муз баскан тоолорунан түнү менен апкелип, шаардын так ортосуна таштап кеткен топоздун торпогуна окшотуп, бул дүйнөгө артыкбаш жаралган байкуш сезип, экинчи Табылды сыяктуу таланттарга жолобоону чечтим.

 

* * *

Табылды деген чоң талант экенин, “Мугалимдер гезитинде” иштээрин билчүмүн. Ырлары аябай жакчу. Бирок, эмнеси жагарын түшүнчү эмесмин.

 

* * *

Азыр ойлосом Табылды өз маалынан алда канча эрте жетилиптир. Жалган дүйнөдө болгону 36 жыл гана жашаптыр. Мен адабиятка жаңыдан кадам шилтеп, эптеп биринчи ыр жыйнагымды чыгарган кезде ал жазчусун жазып салып, өмүр менен кош айтышып кете бериптир. Кудайдын ченебеген марттыгына таң калам, эмне дегенде, Табылдыга жан дүйнө сулуулугун кошуп туруп сырткы көрк-келбетти да, бой менен ойду да мол берген экен.

 

* * *

Белгилүү сынчы Кадыркул Даутов агабыз акындын “Жан дүйнө” аттуу ырлар жыйнагына баш сөзүндө: “36 жыл жер үстүндө жүргөн өмүрү ушунчалык адам суктанарлык болдубу? Эмнени көрүп, эмнеге жетинди? Көкөй кести жаштык мүнөз, жалаң көз жетимчилик… Анан нервин жеп, көңүл көйгөйүн кыроолонтуп жүрүп отурган биринчи аялы менен болгон үй-бүлөлүк драма” — деп жазганы бар.

 

* * *

Мен сынчынын ушул сөздөрүн шилтеме кылып, 2000-жылдын 16-июнунда, агездеги “Асаба” гезитине кыскача кириш сөз жолдоп: “Ал эмне болгон драма? Ал эмне болгон аял? Жөн-жайын билбей туруп андай эле, мындай эле деп кинелегенге кантип батынабыз? Андан көрө сөздү Табылды Мукановдун өзүнө бергенибиз оң болот го дейм, урматтуу окурман!” — деп жазып, анан Табылдынын сандан санга жубайы Кларага арнаган, бирок ага дейре эч жерде жарык көрөлек каттарын, ырларын жарыялаган экемин.

 

* * *

Эми кандай доор келсе дагы “Табылды Муканов” деген атты кыргыз адабиятынан өчүрө албай тургандыгына, акындын артында өлбөй турган ырлары калгандыгына, заман артынан заман, адам артынан адам келген күндө дагы бул балбан сөздүү кыргыз акынынын аты эч качан жок болбой тургандыгына, мындай акындар бизде гана болоруна бекем ишенип, ошонумдан кадимкидей каниет алып, шерденип, кубанып турам.

 

Табылды Мукановдун ырларынан:

 

* * *

«Мен сизге көздөрүмдү жолуктурам
Көчөдөн, почтамптан, кээде бактан.
Мен сизге ичтен сызып ооруп турам,
Көркүмдү, көңүлүмдү желе баскан!

Сезбейсиз, көптөн бери мага тааныш
Чачыңыз, эриниңиз, иймегиңиз.
Мен — желге шуудураган кара камыш,
Сиз мага от ыргытып бийледиңиз!…

Чанкаган көңүлүмдүн кушун салып
Жалбарам… унуттурбайт жылдыз сизди…
Үзүлүп сүйсөм дагы ушунчалык,
Эмне үчүн тааныштырбайт турмуш бизди?

 

АТЧАН КЫЗ

Капталдай чуркап баратам
каректи сага топчулап.
Жалындай чөпкө жел тийсе,
жалт этип атың кошкурат.
Кызыл кан качып жүзүмдөн,
кыйла күн жүрөк буулуккан.
Карагер атың кант берсем,
карматар бекен суулуктан.
Этегиң желде. Илинүү.
Жыланбоор камчың салааңда.
Кекилик болуп ким чуркап
келатат экен санааңда.

 

* * *

Сен сулуу, таксидейсиң:
бир көргөн адамыңа
шарт ачып кучагыңды
«айда!» дейсиң.
«Кайда?»
Каалаган жайга дейсиң.
Тилегим тилегиңе бир да коошпойт:
таксиге кимдер түшпөйт,
таксини кимдер тоспойт.

 

РЕПЛИКА

— Акын бош болуш керек!
Күндө бир сулуу менен конуш керек!
— дешет мага.
Жүрөгүм добуш берет:
— Акындын бош болгону —
Оштонгону.
Шыйпаңдап жаш балдарга,
тийишип картаңдарга,
Акындын бош болгону —
кызылдай калп болгону,
мезгилге нук сала албай,
бүт соолгону…
Ар жерге чачып өзүн жез тыйындай
Мекенге, ата-энеге жүк болгону…
Акындын бош болгону —
жок болгону!

 

* * *

Самсаалаган салкын булут –
айкөл булут,
көл булут,
кез-кез ыйлап унутпачы
кеткенде биз көз жумуп…

Булуттарды өчү бардай
тыткан бороон мыш кылып,
кез-кез бизди эстей жүрчү
бир аз муңдуу ышкырып.

Биз топурак болуп калсак
жолугабыз кайра анан:
Силер менен учуп-конуп,
дүйнөнү чарк айлана!

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны,
Багыт.kg, 13.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.