Кетемин мен, кеткенде да келгис болуп, жаш чайган көздөрүмдү жакама катып алып

“Кетемин мен, кеткенде да келгис болуп,
Жаш чайган көздөрүмдү
жакама катып алып”

Маркум Табылды Муканов кыргыздын кыйын чыккан акындарынын бири. Анын “Каректеги жер”, “Арчадай жашыл элем”, “Жүрөктүн кагышы”, “Жан дүйнө” ж.б. чагылгандай ыр жыйнактары жарыкка чыккан. Бирок анын өмүр тагдыры өкүнүчтүүрөөк өткөн. Анын чыгармалары мамлекеттик денгээлде да бааланбай келет. Жубайы Турдукожо кызы Клара экөө бирин-бири сүйүшүп баш кошушканы менен, экөөнү түркүн тоскоолдуктар ажыратып, алыстатып турган. Ошол сүйүүдөн, ажырашуулардан жүрөк түтөп, нечен сүйүү каттары, сүйүү ырлары жаралган. Дал ошол акындын жалындаган ырларынын каарманы, акындын жубайы Клара эже биздин редакциянын коногу болуп өткөн күндөрдү эскерип отурдук.

– Клара эже Табылды ага экөөңүздөр кайгылуу да бактылуу да аянычтуу да сүйүүнү баштан кечирипсиздер. Сизге арналып Табылды аганын нечен сүйүү ырлары жаралыптыр. Баш кошуп бактылуу болупсуздар. Кайра ажырашып азаптуу күндөрдү өткөрүпсүздөр?

– Тагдыр Табылды экөөбүздү табыштырган жыл 1967-жыл эле. Мен анда университеттин тарых факультетинин биринчи курсунда окуп жүрөм. Октябрь айынын бир күнүндө классташ курбум Тамара мени өзү катышып жүргөн ийримге чакырып калды. Анда университеттин ар кайсы факультеттеринин ыр-күүгө шыктуу студенттери ийримге чогулуп, Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повести боюнча түзүлгөн спектаклди коюуга даярданып жатышыптыр. Алардын арасында Табылды да бар экен. Ал аскер формасын чыкчыйта кийинип алып, тергөөчүнүн ролун, Тамара болсо Сейденин ролун аткарат экен.

Эртеси эле Тамара оюн-чыны аралаш: “Балдардын баары сага ашык болуп калышыптыр, айрыкча, Табылды Муканов аябай сураштырып жатат”, деди.

Арадан үч-төрт күн өтпөй эле Тамара мага бир барак кагаз алып келип берди. Анда Табылдынын “Бейтаанышка” деген ыры бар экен.

– Эсинизде калса ошол ырдан бир эки сап айта кетсеңиз?

– “Мен сизге көздөрүмдү жолуктурам
Көчөдөн, почтамптан, кээде бактан.
Мен сизге ичтен сызып ооруп турам,
Көркүмдү, көңүлүмдү желе баскан!
Сезбейсиз, көптөн бери мага тааныш
Чачыңыз, эриниңиз, ийигиңиз.
Мен – желге шуудураган кара камыш,
Сиз мага от ыргытып бийледиңиз!…
Чанкаган көңүлүмдүн кушун салып
Жалбарам… унуттурбайт жылдыз сизди…
Үзүлүп сүйсөм дагы ушунчалык,
Эмне үчүн тааныштырбайт турмуш бизди?

– Баш кошконунуздардан кийин кандай күндөр уланды?

– Биз бактылуу учурларды көп эле өткөрдүк. Жаңы үйлөнгөн жылдары ичсе дагы үйгө өз убагында келип, печканы эртең менен туруп жагып берип анан ишке кетчү. Бала төрөлгөндөн кийин деле көпкө чейин ошентип жардамдашып жүрдү. Турмушта адам күтпөгөн кескин бурулуштар, өйдө-төмөн жагдайлар көп болот экен. Ошондой кыйын кырдаалда кээ бир адамдар туруштук бере албай, өткөөл көпүрөдөн өтө албай, сезимдери чачыраган бойдон кала берет турбайбы. Табылды экөөбүз алгачкы жылдары кыйышпас жубайлардан элек. Бара-бара биздин үмүт-тилегибизге кара көлөкө түшкөн күндөр көбөйө баштады. Ага анын эмоциялуу курч мүнөзү, ташкындаган талантынын мен түшүнө элек эпкиндери ээликтирип турганда, ичкилик кошул-ташыл болду окшойт. Анын үстүнө менин бир мүнөз, көктүк жайым дагы себепкер болду го деп ойлойм. Ичкиликтин айынан не деген эр азаматтар ээрден кулап, ара жолдо калып, өзүнөн пас адамдарга басынып беришкени жашыруун эмес да. Ошол толкун Табылдыны дагы серпип өттү окшойт. Деги эле акындын жары болуш – көп кырдуу мамилени талап кылган, татаал тагдырга туш кылат экен эми ойлосом. Болуп өткөн ар бир чыр-чатактан ортобуз алыстай берди. Ар кайсы үйгө көчүп-конуп жүрмөй. Басынмай. Кечирмей. Иштеген жериндеги ак ниет адамдар акыл насаатын айтышып, ишке чыкпай калган күндөрүн жашырышчу. Ал эми акынбыз деп дуулдаган достору “Күнчүлүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин” деген ушул деп арак-шараптын кызыгына батышып, Табылдыны ары-бери делдектетишти. Мен алардан ажыратып калууга алсыз да, жаш дагы элем. Улам бир айрылышуудан кийин кечирим сурап, кат жазып өзүн басынтмай бара-бара өнөкөткө айлана баштады. Жазган каттарына жооп бербей, таарынычым таш боордукка айлана баштады.

– Достору кимдер эле? Кандай учурда ыр жазчу эле?

– Дуулдаган достору көп эле. Акындардан Тургунбай Эргешов менен жакшы дос болчу. Тургунбай да курч акын болчу. Тагдыры татаал болуп кургак учук менен ооруп калды. Анда улунуп жулунганды деле билбептирбиз. Үйгө деле кезекке турбаптырбыз. Эки кыздуу болдук. Ар кайсы батирлерде жүрүп ырларын жазды. Көбүнчө түндө отуруп жазчу. 2002-жылдары ырларын чогултуп, эскерүүлөрдү, каттарды кошуп жыйнак чыгардым. Жазуучулар тарабынан сыйлыкка коюп, көңүл буруулар деле болгон жок. Элге окшоп киши салып, сыйлыка чуркаганды деле туура көрбөдүм.

– Табылды агадан айрылганыбызга отуз жылдай убакыт болуптур. Азыр түшүңүзгө киреби?

– Кээде түшүмө кирет. Айрыкча жыйнакты чыгаргандан кийин ыраазы болгондой түшүмө кирип колумдан өптү. Дагы баардык ырларын чогултуп, акын-жазуучулардын эскерүүлөрүн кошуп жаңы жыйнагын чыгарсам деген максаттар бар.

– Кыздарыңыз үй-бүлөлүү болуп калса керек?

– Кыздарым Айсулуу менен Жоодургүл өз жолдорун табышты.Үч неберем бар. Улуу неберем азыр он тогуз жашка толуп калды. Кудайга шүгүр калгандары да бой жетип келет.

 

Каттар, каттар

Кларочка,

Мен бул катты кыялымда сага жаш баладай эркелеп, элесиңди кадимкидей көз алдыма келтирип… жазып олтурам. Кечир, мен сенин алдыңда өзүмдү жигитмин деп кербез кармабадым. Кечир, мен сенин алдыңда куру намыска чиренип сага сыр алдырбай койгум келген жок. Кечир, өзүмдүн ички дүйнөмдү сахнадай кең ачып салдым сага. Кечир, мен сенин алдыңда өзүмдү барктуу, кадырлуу кылып көрсөтпөдүм. Сен мени беш колуңдай билдиң го! Адамдын өзүнө карап баа берүү чеберчилик. Бул катты болоор-болбос шыгыма салып жазып жаткан жерим жок, баары көңүлдүкү…

Сенин Табылдың, 1968- жыл.

 

* * *

Мен өтө оор абалда жатам, келип жеңилдетип кой… Мен туңгуюкка түшүп кеттим. Келип тартып ал. Тез эле таарынып калуучулук өтө эркеликтен, назиктиктен го я? Сөзгө көп баа бербеген келесоороок боз улан болгонумда, же боз кыз болгонуңда мынчалык бири-бирибизди кайгыга салышпайт элек. Сөз, тил таарынгандыкы таттуу дейт. Тил алып жолукчу, бузбачы ден соолукту. Сени саргара күткөн “кызыл-аскердик” жигит, же кызыл-аскердик уландарды ысык-көлдүк кыздар жактырбайбы. Сүйлөшөлүчү, көп эле сөздөр бар. Жек көрүүңдү жакшы көрүүң жеңе албаса, ал сүйүү эмес. Мен сенден чыныгы сүйүүнү күтөм, талап кылам деп жек көрүнүп алдым. Күтөм. Күтөм. Жоодураган көздөрүңдөн, бөйтөйгөн эриндериңден жаным.

Сенин Табылдың, 1969- ж.

 

* * *

Клара,

Менин ырысым, алтыным, уюткум, кечирчи мени, келчи, үй-жайыңа ээ болчу, мени кайгыга түртпөчү, уйкум качты, Кларочка! Менин жөлөгүм, таянычым болчу. Жоодурду, анан курсактагыңды жетимсиретпечи. Л.Толстой “Сени түшүнгөн киши кечирет” деген. Мен сени сүйгөнүмдү тана албайм. Сагындым сени. Жүрөгүңдү, пейилиңди сагындым, анан денеңди, кылыгыңды сагындым. Сен менин татынакайымсың! Тазамсың! Сени төрөгөн ападан, сен төрөгөн Жоодурдан айланайын. Клара мен деле жыргап жүрөт дейсиңби, ата-эне болбосо же уялаш болбосо. Сен неге кечире албайсың мени? Ушул катты буркурап жазып жатам. Күтөм деп Табылдың, 1974- ж.

“Кабар ордо, 19.07.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.