Кочкор өрөөнүндөгү Баласагун шаарынын жок болушу

Баласагун шаарына батыштын, арабдардын жана орустардын тарыхчылары эмне мынча кызыгып изилдешип, көп кайрылышкан деген суроо туулат. Себеби Баласагын жана Суяб шаарлары түрк (кыргыз) каганатынын борборлору, өз убагында гүлдөгөн ошол кездеги цивилизациянын жана маданиятын жетишкендиктерин колдонуп,суу түтүктөрү киргизилип, орто кылымда Орто Азиянын архитектуралык стилиндеги бышкан кыштан салынган ар түрдүү хан сарайлар, мечиттер, медреселер жана ханакалар жана аркалары бар Самарканд жана Бухарадан кем эмес шаарлар болгон. (Ал эки шаар Кочкор өрөөнүндө курулган. К.К.)

Орус окумуштуу-тарыхчыларына Суяб жана Баласагун тарыхта орто кылымда өнүккөн, мыкты шаарлар болгондугу билингенден кийин Санкт-Петербургдан ак падышанын жана илимий чөйрөсүнүн төбөлдөрүнүн табууга тапшырма берилгенин байкоого болот. Чыныгы Суябды жана Баласагунду табуу ишке ашпай калганда, айласыздан Чүй өрөөнүнөн Ак-Бешим менен Буранага Суяб жана Баласагун деген (локализация) ат коюу менен изилдөө жүргүзүшкөн. Бирок Ак-Бешимди жана Бурананы казып изилдегенде түрк элине, анын ичинен Караханиддерге (кыргыздарга) тийиштүү курулуштар, артефактылар, буюмдар табылган эмес, табылса да аз табылган. Бурананын тегерегинде тарыхта жазылган Баласагундун курулуштары табылган эмес.

Монгол жазма маалыматтарында Баласагын жөнүндө айтылбайт, Тимурдун Моголистанга жүрүшүндө да белгисиз болгон, бул шаардын эмне сыры бар.

XVII кылымда жашаган Махмуд ибн Вали өзүнүн «Бахр ал-асрар» («Сырдуу деңиз») деген чыгармасында минтип жазат: Баласагын–Түркестандын (Моголистандын) монголдор келип талкалаганга чейин мусулмандар жашаган гүлдөгөн, таза, иреттүү, маданиятуу шаары болгон, кийин шаардын жашоочулары кетип бош калган деп жазат. Шаарды курчаган дубалынын калыңдыгы 2,5 гяз (4,5 метр) болгон. Бул шаардан бир топ окумуштуулар чыккан. Баласагында 240 мечит, 20 ханака, 10 медресе болгон. Кашгарлык бир саякатчы Балх жөнүндө жазган китебинде: Кашгардын аскер башчысы Моголистанга калмактарды жазалап, соттоо үчүн келет. Эки ай өткөндөн кийин, чыгыштан түндүккө кетип бара жатып кумдун арасынан көптөгөн бийик имараттарды көрүшөт, мунаралар, дворецтер, аркалар, медреселер алыстан он-он беш чакырым жерден көрүнүп турган. Ошол жерден калмактарды кууп жетип согушуп, бир тобун колго түшүрүп, бара жатып, туткундардан сурашат. «Бул эмне деген шаар деп» туткундар биз билгенден байыркы аты Баласагын деп жооп беришет. Чынгызхандын тукумдары башкарып турган убакта шаар кумдун арасында калган, кээ бир жерлерде кумдун арасындагы бөлмөлөрдөн үй оокаттарын көрүүгө болот. Бөлмөлөрдө казандар, карапа идиштер, вазалар, кумаралар турат, бирок килемдер, төшөктөр жана башка буюмдар жоголгон. Кээ бир бөлмөлөрдөн адамдардын өлүгүн көрүүгө болот. Бир сөз менен айтканда бул чөлкөмдөгү эң кооз мыкты шаарлардын бири болгон. Караханийлер доорунда ал көп жыл борбор шаар болуп турган. Ал доордо шаардын борбордук бөлүгү кооздолуп, сыйынуу жайлары салынган. (В.Д.Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии . Фрунзе.1983-год. стр 60.)

Баласагун шаары VII-XII кылымдагы эң бир көрүнүктүү тарыхый-архитектуралык эстеликтердин бири. Биринчи жолу сельжуктук везир Низам ал-Мульктун (XI к.) жазган эмгегинде динсиз түрктөр тарабынан 943-жылы басып алынганы эскертилет. Баласагунду басып алган түрктөр (караханиддер) кийин ислам динин кабыл алышкан.

Ал–Макдисинин берген маалыматы боюнча Баласагын Х кылымда көп эл жашаган, маданиятуу кооз шаар болгон. Кашкарлык Маамыттын (Махмуд Кашгари) маалыматында Баласагын Улуу жибек жолунун боюнда, Чүй суунун өйүзүндө жайгашкан деп айтылган. Махмуд Кашгари бул шаардын аты Күз-Үлүш жана Күз-Ордо деген.

Ушул жерден бир нерсеге токтоло кетели: эгерде чопо топурактан салынган шаар болсо, курулуштары кылымдардан кылымга жетмек эмес. В.Д.Горячеванын эмгегиндеги бул шаар бир топ кылымдар турганын, кумдун арасынан көрүнүп турушу бышкан кыштан салынганы байкалып турат. Чүй өрөөнүндөгү шаарларды изилдегенде бир да уранды чалдыбардан, Бурана мунарасынан башка жерден бышкан кыштан салынган курулуштар табылган эмес. Тарыхый маалыматтарда Баласагын жана Суяб Чүй дарыясынын сол жана оң жээгинде жайгашкан деп жазылат.

Шаардын жашоочулары түркчө жана согдилерче сүйлөшкөн. Согдиликтердин көп болушу шаарды курууга жалданып келген же курулуш курууга күч менен алып келиниши мүмкүн.

Баласагын шаары тууралуу маалыматтар өтө аз болгондуктан, көп мезгилге чейин анын кайсы жерде экени белгисиз болуп келген. Белгилүү тарыхчы-окумуштуу В.В. Бартольд Токмокко жакын жердеги Бурана мунарасы турган жерди, Баласагын болуш керек деген божомолун айткандан кийин ал уранды Баласагын аталып калган.

35 жылдан бери казак окумуштуусу тарыхчы-археолог У.Х.Шалекенов башында турган экспедиция Жамбыл облусунун Шу районунун аймагынан Кара-Балта жана Ак-Суу суусунун ортосунан (Таш-Өткөл-Ит кечүүдөн) Ак-Төбө (Степное) шаар урандысын табышып, аны Баласагын шаары деп аташып изилдеп келе жатышат. Бирок тарыхый маалыматтарга жана табылган артефактыларга караганда бул шаар Баласагунга окшобойт.

Баласагун шаары XII кылымдарга чейин жашаган, бирок бул мезгилде анын мааниси мурдагыдай болбой калган. Шаардагы турмуш акырындап солгундай берет жана белгисиз себептен эл шаарды таштап кете башташат.

Курулуштары урандыларга айланып, шаар XII кылымда өзүнүн жашоосун биротоло токтотот.

Чыгыш таануучулар тарабынан шаардын кайсы жерде экенин изилдөө XIX кылымда башталып, азыркыга чейин жыйынтык чыга элек.

Такталган тарыхый маалыматтарда Баласагун шаары Батыш-Түрк каганатынын, Түргөштөрдүн (Сары-уйсундардын), Карлуктардын, Караханиддердин (Кыргыз каганатынын.К.К.) жана Кара кытайлардын саясий, экономикалык жана маданият борбору болгон. У.Шалекенов.

Жоголгон Баласагун шаарын издөө СССРдин убагында жаңы күч менен башталган. Белгилүү чыгыш таануучу В.В.Бартольд шаардын тарыхын изилдөөгө өтө көңүл бурган жана кайсы жерде экенин издеген. Анын оюн келтирели: «Баласагун Орто Азиядагы белгилүү шаар, кайсы жерде экенин табууга мүмкүн болбой жатат. Шаарды менин оюмча Чүй суусунун жээгинен издөө керек. Ал жакта шаарлардын урандылары бар дешет». Мен деп жазат В.В.Бартольд «Баласагунду Чүй өрөөнүндө деп аныктаганга аракет кылдым, бирок кайсы жерде экенин таба алган жокмун».

«Баласагун жөнүндөгү суроону чечиш үчүн биз толук маалыматтарга ээ эмеспиз, колдо болгон маалыматтарга таянып, Баласагун Чыгыш Түркестанга караганда, көбүнчө Чүй өрөөнүндө болушу ыктымал деп эсептейбиз. Баласагун жөнүндө дагы такталган ачылыштар пайда болуп, бул маселени чечүү башкача жолго түшүшү мүмкүн. (В.В.Бартольд-Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Бишкек. 1996-год. стр.411.)

Эл жашаган негизги туруктуу шаарлар Талас, Мерке, Кулан, Невакет жана Суяб, «акыркы эки шаар» Чүй дарыясынын башталыш жагында жайгашкан. (В.В.Бартольд – Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Бишкек. 1996-год. стр.454.)

Кара кытайлардын төбөлдөрү гурхан деген титул алып жүрүшкөн, алардын борборлору Кашгар жана Баласагун болгон. Карахандардын мурунку борбору болгон Баласагун шаарынын даана кайсы жерде экенин табуу кыйын болууда, ошентсе да ал Чүй суусунун жээгинде. (В.В.Бартольд- Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Бишкек. 1996-год. стр.455. )

Эми Кастек (Каштек) ашуусун чечмелөө.

1893-жылы В.В.Бартольд историк Дудинди Кастек (Каштек) ашуусун ашып көрүп кел шаарлардын калдыктары бар бекен билгин деп жиберген. Ашууну аркы жана берки бетинен эл жашаган жерлердин изи жок экенин билинди. (В.В.Бартольд. Кыргызстандын жана Кыргыздардын тарыхы боюнча тандалма эмгектер.411 бет. Бишкек.1996-ж.)

Кастек ашуусун түштүк жагында эч кандай шаарлардын калдыктары жок экенин жана Чүй өрөөнүнүн Чүй суусунун жээгинде да шаарлар жок экенин, Кара булактагы кичинекей сепил урандысы, Суябка жана Баласагунга окшошпогонун, тарыхта жазылган Кашат (Шамчы, Шамшы) ашуусу Кастек деген сөз менен бузулуп, батыштын жана орустардын тарыхчыларынын жазуусу менен тарыхыбызда баш аламандык көп экенин белгилейбиз.

Кандай болгон күндө да биз үмүтөнөбүз, Баласагундун чыныгы орду, убакыт өткөн сайын такталып, Чүй суусунун сол жээгиндеги байыркы шаарларды изилдөөдөн Пишпек менен Эски Токмоктун ортосунан кокустуктан табылат деп. Жергиликтүү изилдөөлөрдөн балким түрктөрдүн ханынын борбору Күз-Ордо Кара-Коңуз өрөөнүнөн же Кичи-Кеминдин төмөн жагынан табылып калаар. (Н.А.Аристов.Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Местонахождение Баласагуна городище и другие следы оседлости в Чуйской долине и на Иссык-Куле. Бишкек. 2001г. стр.317.)

Н.А.Аристов Баласагунду Чүй өрөөнүнөн көргүзү келгенин байкоого болот. Бирок ал жерлерден табылбай Кочкордон изи чыгып жатат деп айта алабыз. Орус чыгыш таануучулары, тарыхчылары өздөрүнүн колунда болгон тарыхый маалыматтарга таянып жазышканы, жергиликтүү элдин оюн жана жердин климаттык шартын, шаарлардын стратегиялык жайгашуу абалын эсепке алышпагандыгы байкалып турат.

Бизге белгилүү болгондой 1953-1954-жылы СССРдин Кыргызстандагы археология-этнографиялык биргелешкен экспедициясы, Чүй археологиялык бөлүмү менен бирдикте Ак-бешим шаарын кеңири деңгээлде изилдөө жүргүзгөн. Ал бөлүмдү жетектеген Л.Р.Кызласов ушунча чоң аянтты изилдөөнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй жыйынтыкка келген.

Археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында «А.Н. Бернштамдын 1939-1940-жылдары казууларды жүргүзгөнү жана кийин В.В.Бартольдун колдоосу менен кара кидандардын эстеликтерине таянып, Ак-бешимди тарыхый Баласагун дешкенине макул эмеспиз. XI-XII-кылымдардагы Караханиддердин «жаркыраган» Баласагун шаарын кыргыз тарыхчылары башка жерден издөөсү керек».

Ошол эле китепте Л.Р.Кызласов Бурананы да, Баласагун деш аймагынын кичинелигинен борбор шаарга ылайык эмес экенин, Ак-Бешим жана Бурана экөө тең Баласагунга тең келбестигин айткан.

Карахандардын башкаруусунда болгон, Баласагун IX-X кылымда гүлдөгөн шаарга айланган. Кол өнөрчүлөрдүн, сооданын жана шаар маданиятынын борбору болгон.

Шаар аркылуу өсүп-өнүгүүгө жана маданиятка зор таасир тийгизген Улуу Жибек жолу өткөн.

“Таким образом, наш вывод совпадает с утверждением покойного крупного тюрколога, профессора Л.Р.Кызласова, который писал: «Таким образом, ни городище Акбешим, ни городище Бурана не могут ассоциироваться с историческим Баласагуном. Их забытые имена еще предстоит установить историкам Киргизии”. (У.Шалекенов-Баласагуни.О локализации города Баласагуна. Алмата.1991-г.)

Бирок Кыргыз академиясынын тарыхчы-археологдору жыйынтык чыгарышып, Бурананы Баласагун дешип, ЮНЕСКОнун номинациясына каттатышты. Биз бул туура эмес десек, жети жыл изилдедик дейт, ал эми биз кырк жылдан бери изилдеп келебиз, Баласагун деген шаар Кочкор өрөөнүндө Кум-Дөбө айылында деп, канча жерге кайрылдык, көңүл бурган адам жок.

Х кылымдын башында Кочкор өрөөнүн сел каптап, шаар кыштактарды топурак кум баскандан кийин, Баласагун шаары жарым жартылай селдин топурак-кумунун астында калган. Бул шаардын элин, мал-мүлкүн да Кочкор-Башы-Суябды агызгандай, сел Ысык-Көлгө агызып кеткен. Бирок XIII кылымда келген монголдор аны талкалаган эмес, тескерисинче, бул шаарды Гобалык же Гуз-Балык (Жакшы кооз шаар) экен дешкен. Себеби: кумдун арасынан жарым-жартылай көрүнүп турган бышкан кыштан салынган курулуштары кооз шаарды, жакшы шаар деп аташкан. Монголдор келгенде эл жашабаган ээн калган шаар болгон. Ал жерлерди монголдор жайыт катары пайдаланган.

Кочкор өрөөнү кургакчылыктан чөлгө айланып, эл жашаган эмес.

Орус чыгыш таануучулары, тарыхчылары XIX кылымдын экинчи жарымында келгенде Кочкор өрөөнүнөн шаарлардын изин табууга мүмкүн болбой калган.

Баласагун шаары Кочкор-Башы-Суябдын түндүк-чыгыш жагында 2 чакырым жерге курулган. Эки шаар жамаатташ курулган. Кашат (Шамшы) тараптан Бузулган Суунун кыян-сели келип талкалап кеткенден кийин, Түндүк капчыгайы тараптан келген селдин топурагы куму бир нече жолу басып, кийин майда бадалдуу чий аралашкан токой басып калган.

Фетисов 1891-жылы сентябрь айында Шамшы ашуусун ашып келип, өрөөндө Кара-Булуң, Ак-Чат, Орто-Токой, Талаа кудукта жана Шамшыда мүрзөлөрдү казуу жүргүзгөн. Шаарлардын ордун билген эмес, аны менен кошо иштеген кыргыздар да билген эмес. Ал эми Суяб-Кочкор-Башы шаарынын аянтын калың чий басып калган. Чийдин калыңдыгынан атчан адам көрүнгөн эмес.

Көпчүлүк курулуштар көмүлүп калгандан кийин асты көңдөй боштуктар пайда болгон. Бул боштуктардан ар түрдүү буюмдарды алып чыгышкандар жөнүндө фактылар бар.

Азыктын Бөрү уруусунан чолок Жусуп деген адамдын түшүнө аян берип, тынчтык бербейт. Сен үйүндүн артын казсаң эки бөлмөлүү үй чыгат, биринчи бөлмөдөн табылган кишинин колу көрүнөт. Колдо кармаган оокаттарга тийбегин, андан ары өтүп, экинчи бөлмөдө көп алтын бар, ал көп кишиге жетет, аянбай эле баарына тарата бер деген аян эки-үч жолу түшүнө кирет. Эки-үч күндөн кийин кетмен-чотун алып казып кирет. Айткандай эле биринчи бөлмөдө кишинин скелет-сөөк колунда кармалган шурулар жана бир бөтөлкө көрүнөт. Андан ары өтсө экинчи бөлмөдө көп алтын буюмдар табылат. Көтөрүп сыртка чыкса, бир эшекчен абышка келе жаткан болот, андан кызганып кайра кирип кетет. Кийин пулдайм деп төөгө жүктөп, Анжыянга алып барып бир сартка алдатып жиберип, кайра келгенде биринчи бөлмөдөгү сөөк колдогу бөтөлкөдөгү суюктукту ичип өлүп калыптыр. Ал сымап экен.

Бала кезде 1953-жылы Кум-Дөбө айылына көчүп келгенде айылдын үстүнө Кайырма каналы курулду. А дегенде каналдын долбоорун чийүүгө өзүнө жардамчы кылып, атам Коңурбайды бир орус ээрчитип кетти, атам каналдын проектисин чийгенге жардам берип жүрдү.

Кийин биз эс тартып калганда атам, ушул канал өткөн нукта, чий менен бадалдардын арасынан, бышкан кыштан салынган үйлөрдүн төбөлөрүн, кийин канал казылган кезде бир чакырымга жакын жерден бышкан кыштарды жана карапалардын сыныктарын көргөндүгүн айтчу.

Каналды курууда иштеген Кочкор райондук земотделдин гидротехниги Иманов Кутпидин казылып жаткан каналдын ичинен бышкан кыштан салынган курулуштарды, карапанын сыныктарын, адамдардын сөөгүн көрүп, бул изилденип тарыхы билиниши керек деп башкармага жана райондук уполномоченныйга айтса, оозуңду бас, бизге канал менен суу керек, сенин кышың менен карапанын сыныгы керек эмес деп бошотуп жиберет.

1950-жылдарда ошол курулуштардын биринин куполун ачып, золатоп кылып, Ленин атындагы колхоздун өлгөн койлорунун өлүктөрүн тешиктен ыргытышканын жана тарыхчы Темиркул Ишекеевич Асановдун атасы Ишеке ошол кезде ветврач экенин айта кетейин.

Шаардын аймагы азыркы Кызыл-Кудук-Кайнардан башталып, түштүктү көздөй Айчубактын күмбөзүнө чейин 6 кмге созулуп жердин астында жатат. Орто жерде 1981-жылы Ак-Жар насостук станциясынын биринчи бассейни курулганда анын чуңкурунан (котловандан) көптөгөн бышкан кыш жана карапа чыкканын, Нарбото аймагында мүрзөнүн жанында бышкан кыш дубалдар болгонун, аны 1988-жылы булдезорист Өскөн Ибраев түзөткөн.

Айдоо аянттардын арасындагы суу жээп жар кылып кеткен арык коолордон кыштар, карапанын сыныктары, ар түрлүү сөөктөр чыга калат. Шаардын батыш жагында Шамшы (Чүй) дарыясынын байыркы нугу байкалат. Суу Кашат-Шамшы капчыгайынан чыгып, Бузулган-Суу, Кашка-Суу, Жалгаш жана Көлтөрдүн суулары биригип түндүк-чыгышка 4 км агып Талды-Булактан түштүккө бурулуп, Коңорчок жана Кайнар аянттарынын ортосу менен Ак-Жардын башынан Кочкор (Чүй) суусуна кошулуп агып турган. Селден кийин дарыянын нугу кум топуракка толуп Шамшы (Чүй) суусу Кочкор-Ата мазарына жана Суяб-Кочкор-Башы шаарын көздөй оогон.

Ошондой эле бышкан кыштан салынган шаарлар Кочкордо гана бар экенин айтышыбыз керек. Бул жерде да кышты кантип бекем жана бышык кылып, сууга чыдамдуу кылган составын таптык.

kyshtar

Тарыхты чечмелөөдө Баласагундун биринчи аты, жаңы шаарды Невакет деп аташкан. Кийин Баласагун деп аталып калган. Баласагун шаары Суяб-Кочкор-Башы шаарынын түндүк-чыгыш жагында Шамшы (Чүй) дарыясынын сол тарабына курулган. Махмуд Кашгаринин «Диван лугат ат-Түрк» китебинде “Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт” деген сөз бар, балким эки шахзаада так талашып, бири калып, бири жаңы шаар куруп кетсе керек.

Кербендер Улуу Жибек жолунун бир тармагы Долон ашуусунан, Ысык-Көлдөн Кочкор өрөөнүнө түшүп, азыркы Теңдик айылынын батыш жагындагы азыр Орто-Кырман (Кормоцех) деп аталган жердеги шаарга токтоп, андан ары, батышка, Чүй суусуна салынган көпүрө аркылуу өтүп, Ак-Жардын үстү менен Кашат (Шамчы, Шамшы) ашуусун көздөй сапарын улашкан..

Эч качан Чүй өрөөнүндөгү шаарлар Кара-Ордо жана Күз-Ордо деп аталышы мүмкүн эмес, Kүз-Ордо, Кара-Ордо жана Күз-Үлүш деп Кочкор өрөөнүнүн Чүй суусунун башталышындагы эки суунун ортосундагы Баласагун (бала шаар, жаңы шаар же Навакет же Невакет) шаарына карата айтылган. Күзгү-Ордо болуп күзүндө байлар малын Кочкорго Баласагун, Суяб жана башка шаарлардын тегерегине кыштоого алып келишкен.

Ар тараптан келген кербендер жана жолоочулар кыштын күнү кар баскан өрөөндөрдөн кар жатпаган кара Кочкорго келгенде кар деңизинен өтүп келдик, ой бул жерде кыштын күнү, күздүн күнүндөй турбайбы жер кара экен дешип хандар, бектер султандар кышында Кочкор өрөөнүнө кышташкан.

В.В.Бартольддо жазылган түрктөр малын жайында болгарларга жакын жерде жайлатып, кышында (Бурана) Баласагундун айланасында кышташкан дегендин маанисин чечмелөө, Бурананын аймагына мал кыштатуу, кары калың жерде кантип болсун. Кышында Кочкор өрөөнүндө кыштатып, жазында Чүйгө көктөтүп барышкан, андан ары Курдай өрөөнүнө, Иле дарыясынын жээгине чейин барышкан.

Тарыхты чечмелеп санжыра менен жазма тарыхты салыштырып окусак дейм. Батыштан бир келген чыгыш изилдөөчүлөрүнүн кыргыздар үчүн жазган тарыхын пир тутпай, жерибиздин жаратылышын, өзгөчөлүгүн баамдап, ага карата тарыхыбызды жазсак туура болчудай.

Кочкор өрөөнүндөгү Баласагун шаарынын мунаралары, бийик имараттары селдин күчү менен талкаланып, кышы чачылып калганын, селге акканын жана ураган көптөгөн бышкан кыштарды аянттардан ар кайсы жерлеринен табылаарын жана таап жатышканын билебиз.

Ал эми 1967-70-жылдарда Токмоктогу Бурананын тарыхый деңгээлин көтөрүү үчүн археолог Винниктин көрсөтмөсү менен Кочкор-Башы-Суябдан, Баласагундан 12 (он эки) айкел таш (балбал таш) алынып кеткенин көпчүлүк биле бербейт.

kaldyktar

19-кылымдын аягында орустардын келиши менен изилденип, жер үстүндө турган 20-кылымдын 30-жылдары жана 70-жылдары реставрацияланган беш эстелик, бул Манастын күмбөзү, Таш-Рабат, Бурана, Шах-Фазил (Сафид-Булан) жана Өзгөн мавзолей компексинен башка чоң монументалдык архитектуралык археологиялык байыркы жана орто кылымдын эстеликтери табылбагандыгы жана изилденбегендиги, тарыхчы археологдор көбүнчө, Чоң чүй каналы, Токтогул суу сактагычынын орду, СССРдин убагында изилденгени, ал эми калган майда археологиялык изилдөөлөрдү окуу жайлардын каржылоолору менен жүргүзүшкөнү, өкмөт тарабынан изилдөөгө атайын акча бөлүнбөгөндүктөн, азыр бир топ чоң эстеликтер жоголууга дуушар болууда. Анын бири Кочкор районун Кум-Дөбөнүн түндүк-чыгышындагы жер астынан табылган Баласагун шаарынын тарыхый маданий мурас-археологиялык монументалдык архитектуранын эстелиги. Бул Хан сарайлар Баласагун шаарынын бир бөлүгү. Бийиктиги 8 метр, калган көлөмү белгисиз. Бул тарыхый эстелик казылып изилденсе, кыргыз тарыхындагы бир топ ак тактарды жок кылаар эле.

Бул мурас-эстеликтин миңдеген бышкан кышы ташылып талкаланып жок болууда. Кыргыз мамлекетинин гимнде « бизге калган ата салтын мурасын, ыйык сактап урпактарга берели» деген саптар бар, бирок бул сөздү аткаралы деген жаранды көрө элекпис. 2011-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинен археологдорду чакырсак, бул «ханака»[i] дешти, 2012-жылы Кыргыз академиясынан келген археологдор, бул «сардоба»[ii] дешти, быйылкы жылы октябрда Түркиядан келген «ТИКА» агентствосунун директору, орто кылым архитектурасын изилдеген археолог, бул «хан сарай» деди. Жыйынтыгында тарыхый Баласагун шаары Кочкор өрөөнүндө экенине толук ишеним бар.

Эгерде «ТИКА» агентствосу 2016-жылы биз билген Кочкордун Кум-Дөбөсүнүн түндүк-чыгыш тарабындагы Баласагун шаарында казууларды баштаса, Кыргызстандын Помпеясы же Троясы табылып, туризмдин маршрутундагы негизги жайлардын бири болуп калаарына шек жок.

Российский исследователь Дмитрий Верхотуров в статье «Шаг к настоящей истории» пишет: «Мы уже привыкли к тому, что наша история сфальсифицирована и относимся к этому с изрядной долей иронии. Если появляется какая-то новая версия событий, то мы уже привычно следуем римской поговорке “кому выгодно?” и ищем скрытые интересы автора». (Г.Гумбатов. Историческая прародина тюрков. От Арана до Алтая.)

Кайырбек Коңурбаев,
«ЫЙЫК МУРАС» тарыхый маданий мурастарды коргоо
жана пайдалануу коомдук ассоциациясынын президенти.

тел. 0772 252 908, 03535 60 100, 0703 252908.
Email. konyrdaev48@mail.ru

 

Колдонулган адабияттар:

Н.А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Бишкек.2001-год. стр:29,53,40,317,

В.В. Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Бишкек-1996. Стр: 103,292, 399, 411,454,455.

В.Д. Горячева. Городская культура тюркских каганатов наТянь-шане(середина VI-началоXIIв.) Бишкек. 2010-г.стр53.

В.Д.Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Фрунзе 1983–г. стр 58,59,60 .

Арабские путешественники в щелковом пути. Баракелде.ру.

Л.Р. Кызласов. Исследования на городище Ак-Бешим в 1953-1954 гг.Работа Чуйского отряда .стр. 95-96, 155,137.

А.К. Кибиров. Археологические работы в Центральном Тянь-Шане — 63

Асанов.Т. Кочкор-Башы-караханий түрктөрүнүн байыркы шаары. Манас университети.Коомдук илимдер журналы. Бишкек. 2002,стр 6.

Бичурин(Ианкиф ). Собрание сведений стр 758,759

А.Н.Бернштам. История кыргыз и Кыргызстана с древнейших времен до монгольского завоевания. стр. 89.

Махмуд аль Кашгари. Дивани лугат ат-Турк. 317,377 стр.

Архивные материалы по археологии Кыргызстана. Фетисов. Раскопки древних могил Иссик-Кульском и Токмакском уезде. Бишкек. 2012-год.

У. Х. Шалекенов-Баласагуни. «Город Баласагун в V-XIII веках». Алматы.«Жибек Жолы». 2009.

Г. Гумбатов. Историческая прародина тюрков. От Арана до Алтая.

[i] Ханака – мусулман адам 63 жашка чыкканда мен Мухаммед пайгабардан ашык болбошум керек деп, жердин астына мечит-үй салып кирип кеткен, өмүрү өткөнчө жер астында жашаган жер.

[ii] Сардоба – чөлдө жер астына бышкан кыштан суу сактоого жай куруп, суу толтуруп, үстүн кум топурак менен көөмп койгон жер.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.