Жүрөктө калган ырлар. Аксуубай 2013-жылдын 22-декабрында 70 жашка чыкмак

Аксуубай 2013-жылдын 22-декабрында 70 жашка чыкмак. Чыкпай калды. Көптөн бери тооруган оору акыры алып тынды. Алып тынарын билген. Ошон үчүн сөөгүмдү туулган жерим Ак-Булуңга койгула деп керээз калтырган экен. Болбосо обончулардын ичинен алгачкылардан болуп эл артистин алган адамга бул “Ала-Арчадан” орун берилет эле. Сыягы, тууган жердин топурагы алтын болорун ичер суусу түгөнүп баратканда сезген белем. А балким, биерде бейитим каралбай калар бекен деп кооптонгондур…

Аркы жылы кеч күздө опера-балет театрында Аксуубайдын сөөгүн узатуу зыйнаты болду. Эшиктин алдында эл батпайт. Чоңдор келгиче деп, анын “Тоолор”, “Чагылган”, “Он сегиз жаш”, “Эне жөнүндө баллада”, “Кыргыз жери”, “Жүрөк эңсейт” сыяктуу ырларын уктуруп жатты. Аны жакшы билгендер ичибизден кейип, билишибизче эскерип жаттык. Арабызда өңү тааныш эле бир жигит кепке кулак төшөп отургансыган, бир маалда: “Эй, ушул обондор Атабаевдикиби? — деп сурап атпайбы.

“Мен элдики экен деп жүрсө…” — деп, бүшүркөй түшкөндө, өнөргө мындан ашыра айткан да баа болорбу деп, Аксуубайдын ырын элдики деп жаңылып алган алиги жигитке таарынган деле жокмун. А.Атабаев “Курбуларым” деген тун обонун 1962-жылы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын шыгыр (хор) студиясында окуп жүргөндө чыгарган. Обон студенттик турмушка арналган. Себеби, атайын Ак-Суу районунан ат арытып, эңсеп келип кирген окуусу, андагы музыкага жөндөмдүү курбулары, келечек кесиптин пайдубалын тургузган студенттик турмуш, ушунун баары аны эргитпей койгон жок.

“Эне жөнүндө баллада” деген ырдын жаралышы менен Атабаевдин ысымы мурдагыдан да ыкчам тарап, журтка кеңири маалим болот. Анткени, эне жөнүндөгү таасын ойду обон аркылуу чагылдырган, эненин улуктугун таасын сездирген мукам ыргак угармандын ички дүйнөсүн козгоп, ага эстетикалык ырахат гана бербестен, энени урматтоого, анын ченде жок эмгегин баалоого тымызын үндөп, адамдык асыл сапаттарды ойготуп турганы менен баалуу жана жеткиликтүү эле. Кейипкердин да кудум эненикиндей үн менен жумшак созуп ырдашы обондун таасирдүүлүгүн арттырып, кандайдыр жүрөк ийсинткен күчкө келет. Айрыкча, ошол мамиленин кульминациялык чеги жүрөк сыздата туюнткан кайырмасында даана байкалат. Чынында эле энеге түздөн түз кайрылып, бийик созгон кайрыкта анын асылдыгын урматтоого арзыган таасирдүү ыргак, чын пейилден чыккан ички таза мамиле билинип турат. Автордун берейин деген оюн Эрмек Мойдунов чебер аткаруу менен угармандарга жеткире алган. Бүт кыргыз журтуна таанымал ырчы болууга жол ачкан, анын чыгармачыл “тушоосун” кескен обон ушул болгон. Ал эми “Тоолор” деген обондун уккулуктуу жаралышына биринчи кезекте табият өзү себепкер болгон өңдүү. Анткени, А.Атабаевдин туулган жери Ак-Суу районунун Түргөн айылы — чыгармачыл ышкыны ойготуучу, адам көңүлүн эргитүүчү кооз жерлердин бири. Эгерде “Тоолорго” мукам кайрыктарды табияттан издесе, “Айгүл ай” деген обонун ийине келтирүү үчүн өзүнүн ички дүйнөсүнө кайрылат да, анда жаңыдан гүл ачып, жаштыгын жарашыкка бөлөгөн ыйык сезимден дем-күч алат. Кыздардын назик жүрөгүн ийсинтүүгө жарамдуу, муңдуу ыргакты чебер иргеп бере алгандыгы үчүн, бул ыр учурунда бозойлор зар какшаган ыр болуп калды. Атабаевдин 60-жылдардын ортосунда эл оозуна тез алынып кетишинин себеби, ал угармандардын, айрыкча жаштардын көңүлүнө төп келген теманы тандап алып, аны жөнөкөй, угумдуу ыргактар менен таамай бере алганында.

Бардык жакшы кыялдын жаралышына себепкер жаштык кезди — он сегиз жашты ким сыймык менен эстебесин. Ал — угармандардын ошол мүдөөсүн билип туруп жараткан “Он сегиз жаш” деген обону.

Атабаевдин ырларына созуп ырдоо мүнөздүү. Бул анын созуп ырдаганды жакшы көргөндөн эмес, ал, биринчиден, стилдик өзгөчүлүгү талап кылган өзүнчө ыкма болсо, экинчиден, тандалган теманы туура жана толук чагылдыруу маалында органикалык түрдө келип чыккан ички зарылдык. ”Он сегиз жаш” деген обонунун биринчи сабындагы үн созуу теманын чордонуна басым жасоо катары келсе, Тагаевдин “Элмирасын” чебер аткарып көзгө көрүнгөн соң, З.Шакеева Атабаевдин “Он сегиз жаш”, “Таалайбек”, “Чагылган” деген үч обонун аткаруу менен биротоло элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болот. Обон өз аткаруучусун тапкан деген пикирди Атабаевдин “Жүрөк эңсейт” деген обонуна карата айтса болот. Анткени, ырдын аты, мазмуну айтып тургандай, назик сезимди назик үндүү аткаруучу гана ийине жеткире аткара алат эле. Бул ыр кудум Гүлмайрам Момушеванын үнүнө ылайыкталып жазылгансып, анын аткаруучулук дареметин бүт сууруп чыкты да, мыкты обондун ээси катары экөөнү тең — аткаруучуну да, авторду да атакка бөлөп салат.

Теманы билгичтик менен таап, аны толук чагылдыра алчу мукам ыргактар менен жабдый алгандыктан, обондун өмүрү узарып, мына ошондон бери ырдалып жүрөт. ”Кыргыз жери” деген обонду Аксуубай музыка дүйнөсүнө улам тереңдеп кирип, анын татаал сырларын өздүштүрүп, кадимкидей дасыгып калганда жараткан. Атабаевдин обондорунун уккулуктуу жаралышынын башаты тээ алыста, жаш кезинен башталат. Анткени, Ыбрай Туманов, Канымгүл Досмамбетова сыяктуу кыргыз маданиятынын белдүү адамдары да Түргөндө туулган. А.Атабаев 6-класста окуп жүргөндө эле комуз чертип, аккордеон ойноп калышы да ошол талант бешиги болгон айылдын өрнөгү себепкер болгонбу деген ой кетет. Анүстүнө мектептеги өздүк көркөм чыгармачылыгы да болочок обончунун музыкага болгон кызыгуусун кыйла күчөткөн. Аскерден кайтып келип, эл аспаптар бөлүмүн, кийин Искусство институтун бүтүргөн. Анан Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенет. А. Атабаевдин чыгармачылыгында искусство институтуна өткөндөн баштап тыныгуу болгон сыяктанат. Ошол убактарда радионун казынасына ыр жазып өткөрбөгөн соң, ушинтип да ойлоого негиз бар эле. “Белгисиз солдат жөнүндө баллада” жан кейиткен үн созуудан башталат. Демек, бул – адам баласына түшкөн кайгыдан кабар, жоготуудан жапа чеккен элдин ыйы. Ошого удаа жай башталган ыр көз алдыңа мындай элес тартат: карт жоокер мурда согушкан жерин кыдырып жүрүп, үстүн эчак чөп баскан бейиттерди көрөт. Калың токой күңгүрөнүп аза күтүп, шамалга ыргалган жалбырактар бул жерде баатыр жоокер курман болгонун акырын шыбырашат. Баятан тунжурап турган табият баатыр жоокердин аты аталганда, жан киргендей кулак түрүп, жүрөк титиреткен кескин добуш улам бийиктеп, ойдун чордонуна басым жасайт. Бул — келбей калгандарды жоктоо, алардын ордун баскандардын кайраты.

Ошол үмүт кандайдыр бир деңгээлде “Балалык” деген обонунда да чагылдырылган. Анткени, эр жетип, турмуштун оор сыноосуна кабылган, анын тескери көрүнүштөрүнө күбө болгон адам тунуктуктун символундай таттуу кыял балалыкка кайрылып, андан кубат алат.

Адамдын бардык жаш курагы балалык кездегидей бейкапар, тунук болсо деген ниет бул ырдын өзөгүн түзөт.

Аксуубай Атабаевдин аткаруу өзгөчөлүгү өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Анткени, ал кайсыл ырын ырдабасын, жүрөктүн назик кылдарын козгоп, күйүп-бышып, берилүү менен аткарат.

Ойду бүтүндөй коротпой берүү далалаты ага сезимтал кейипкердин “терисин” кийгизет да, ичинде бук калтырбай айттыруучу деңгээлге жеткирет. Мындай учурда ал тышкы дүйнөнү бүт унутуп, өзүн аткаруучу эмес, кейипкер катары сезип, угарманга сырын төгөт, ырас, ырларынын баары ушундай күйүп-бышкан манерада аткарышын, жан кейиткен үн созууларды арбын урунушу анын чыгармаларына кандайдыр окшоштукту таңуулагансыйт. Бул өзү аткарган ырларына мүнөздүү. Бирок, С. Суранчиева аткарган “Курбуларым”, “Сагынуу”, З.Шакеева аткарган “Таалайбек”, “Он сегиз жаш”, “Чагылган”, Г.Момушева аткарган “Жүрөк эңсейт”, К.Эралиева аткарган “Кыргыз жери”, “Алтын казык” жана башка толуп жаткан ырларын угуп, алардан кандайдыр бир окшоштукту издөө натуура болуп чыгат. Демек, өзүнө гана тиешелүү аткаруу манерасы, үн тембри, кээде анын ырларынын мүнөзүн чектегенсип көрүнөт. Ошондуктан анын ырлары өз аткаруучусун тапса, анда качандыр бир кезде Э.Мойдунов, З.Шакеева өңдүү аткаруучулардын чеберчилигин арттырган, дал ушул талапты жакшы түшүнгөн Аксуубай Атабаев кийинки ырларын, асыресе, “Белгисиз солдат жөнүндө балладаны”, “Ардагымды” аткаруучу Э.Мойдуновго, “Балалык” деген ырынын тагдырын Ж.Жумашевге табыштайт. Канча айткан менен профессионал аткаруучулар ырдын ажарын ачары жалпыга маалым. Бул саам да ошол ой ордунан чыгат. Анүстүнө Атабаевдин оркестрлештирүүгө татаал обондорун оркестрге салууга бел байлаган дирижёр Эсенкул Жумабаевдин табити жана талабы да обондорунун салмагы, келечеги жөнүндө айкын кабар берет. Себеби, бир аспаптын же чакан ансамблдин коштоосунда аткарган обонго караганда, оркестрге салынган обон алдаганча көп жашоого милдеттүү. Ошондуктан оркестрлештирүүгө телегейи текши, башкача айтканда, идеясы жана мазмуну терең, музыкалык өнүгүш жолу табигый, уккулуктуу обондор талап кылынары талашсыз. Анын жыйырмага жакын обонунун оркестрге салынып, профессионал аткаруу­чулардын репертуарынан орун алышы ошол сынамга төп келип, көркөмдүк деңгээли талапка жооп бергенин билдирип турат.

1982-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин (2012-жыл) Кесиптик билим берүү агенттигинин республикалык маданият ордосунун директору (30 жыл!) болуп иштеп келди. Бул жылдар кызматында да, чыгармачылыгында да жемиштүү болду. Аны мен саймедиреп сайрап отурбай эле, алган наамдарын карандай санап берсем эле түшүнүктүү болор: 1988-жылы “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, 1987-жылы “СССРдин кесиптик билим берүүсүнүн мыктысы”, 2000-жылы “КРнын эл артисти”, анан беш манжа чак келбеген грамоталар. Соңку кездери оорукчан болуп, ырларынын көбү да ойлонто турган ошондой маанайда чыкты. Маселен, “Канат менен Зарина” (С.Жусуев), “Арманым” (Э.Турсунов), “Өмүр кыска” (К.Курманбаев), “Арман дүйнө, жалган дүйнө” (Ж.Абдыкадыров), “Шуулдаба, терегим, теректерим” (С.Жигитов) ж.б. Жандоочусу жарашпай, жакшы ырлары жашын төгүп жалгыз калгандай…

Атаңгөрү, кур дегенде айлында­гы теректери ырларынын өмүрүн улап жаткан, аркасынан сейректеп бараткан шакирттерине окшоп, аны жоктоп шуулдап турду бекен…

Бөкөнбай Боркеев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
«Багыт.kg», 11.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.