Ургандан жаңсаган жаман

“Сөз дайра” бүгүн жазмыш, жаргыт, жаңша деген сөздөрдүн маанисин чечмелейт.

“Жазмыш” деген сөз бар. “Жазмыш ушул экен эмне кылалы?” дейт. “Жазмыш” деген “тагдыр” дегенди эле билдирет.

“Жазык” деген “күнөө” деген мааниде. “Уккан кулакта не жазык?” дейт. “Менде не жазык?” дейт. “Жазык” дегендин мындан башка да маанилери бар. Мисалы. “Жакшы болсо ал балаң, жайлоодогу жазыктай” дейт. “Жазыктай” деген сөз бул жерде “жайлоонун жайык, түз, жакшы жериндей” деген мааниде айтылганы. Кээде “Анын алаканы жазык” дейт. “Алаканы ачык, берешен, март” дегенди түшүндүрөт.

“Жазым” деген сөз бар. “Ката, жаңылыштык” дегенди билдирет. “Жазым болуп калбасын, жалган-чынын жакшылап текшергиле?” дейт. “Ката болуп калбасын, жаңылышып калбасын” дегени.

Эми “Жаңса” деген сөздүн маанисине келели. “Жаңсабайсыңбы?” десе “Колуңду шилтебейсиңби?”, “Колуң менен көрсөтпөйсүңбү?” дегенди туюндурганы. “Ал чапканда мен жаңсап жибердим” дейт. “Ургандан жаңсаган жаман” дейт. Кээде “Чапкандан тап берген жаман” деп да айтат.

Ал эми “Жаңша” деген сөз “таңшы” деген сөзгө синоним. Мисалы Ала-Тоо деген сөзгө “таңшыйт” деген сөздү уласаң, “Ала-Тоо таңшыйт” болот. “жаңша” сөзү колдонулса “Ала-Тоо жаңшайт” болот. “Токтогул жаңшап ырдады” дейт. “Эстебес жаңшап турганда, эрмеги болчу элинин” дейт.

“Жаргыт” деген сөз да унутулуп калды. “Манаста” “Кылжейренин аргытып, кылычын белде жаргытып” деген саптар бар. “Жаргытып” деген “жаркытып, жаркылдатып” деген эле мааниде.

“Жарбай” деген сөз бар. “Акун жарбайып күлүп койду” дейт. “Акун акырын күлүп койду” дегени. Кээде “жарбай” деген чын пейили, чын көңүлү менен дегенди да билдирет. “Эмне эле жарбаясың?” дейт. “Жакшы жигит, жарбаңдап эле күлүп турат” дейт.

“Таш жаргы” деген чөп бар. Аты эле айтып тургандай тоо-ташты жарып өскөн чөптү көрсөңөр, “Ии, таш жаргы” деген чөп ушул турбайбы” деп тааный жүргүлө.

Кийинки кездери журналисттер араб тилинен кирген “жасат, жасаты” деген сөздү колдончу болду. Муну кезинде акындар: “Чачың тал-тал жибектей, жасатың тарткан сүрөттөй” деп ашык болгон селкисин сүрөттөгөн. Ырда “жасатың” деген “денең, боюң, мүчөң” деген маанини билдирген. Ал эми “Куу жондо калып жасатың, кузгун чукуур көзүңдү” десе “сөөгүң” дегенди түшүндүрөт.

Ошондуктан “Орусияда каза болгон жигиттин жасатын Кыргызстанга алып келишти” дегендин ордуна “Орусияда каза болгон жигиттин сөөгүн Кыргызстанга алып келишти” деп эле элдин баарына түшүнүктүү сөз менен айтып, жазганыбыз жакшы болот эле. Дагы айталык, “жасаты” деген кыргыз тилине араб тилинен келип кирген, тар чөйрөдө колдонулуп да келатат. Колдонулушуна каршы эмеспиз, бирок радиодогу кыргыздын тили да кыргыздын комузу сыяктуу жөнөкөй жана түшүнүктүү болушу керек.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 09.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.