Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана регрессия

“Ысык-Көл деңиз дээңгелинен 1609 метр бийиктикте жайгашкан, суусу туздуу, узундугу 179 км, туурасы 60 км. Эң терең жери 702 метр, орточо тереңдиги 280 м.

“1000-1200 жыл мурун голоцендик регрессияда көл азыркы деңгээлинен 100 метрге ылдыйлап кеткен. Ысык-Көлдүн тарыхында бул чөгүү эң чоң кургакчылыкты (регрессияны) алып келген. Көлдүн 100 метр чөгүүсүнөн аянты 6236 кв. кмдан 3,8 миң кв. кмге кичирейген. Голоцендик регрессияда (кургакчылыкта) көлдүн батыш жагы 35-40 кмге, түндүк жагы 3-5 кмге, түштүгү 0,5-2 кмге кыскарган. Көлдүн азыркы 1609 метр деңгээлине келиш үчүн 500-600 жыл убакыт кеткен”. “Көлдүн ичинен табылган артефактылардын негизинде ХIII кылымдын аягында азыркы деңгээлден 6 метр, ХV кылымда 4 метр, XVI кылымда 1,5 метр төмөн болгон”1.

“Элдик уламыштарда көлдүн чыгыш жагында шаардын сууга чөккөндүгү айтылат”.2.

Көлдүн чыгыш жагынын чөгүүсү менен Ысык-Көлгө экинчи көл Туз-Көл (Шор-Көл) кошулуп, көлдүн аянты чоңойгон. “Орто кылымда бул көлдөн Карлуктар туз алып турушкан”.3

Азыр Туз-Көлдүн (Шор-Көлдүн) суусунун дарылык касиети бар кичине бөлүгү бар.

«Ысык-Көлдүн чөгүүсү чын, ар түрдүү буюмдар, адамдардын сөөктөрү, бышкан кыштар, карапанын сыныктары ичинде, жээгинде жатышы, чыгыш жагында чөгүүсү даана байкалат, өрөөндө дагы бир көл болгонду билинип турат», – деп жазат. Г.А.Чайковский. «Туркестанские ведомости. 1875 год.№39.»4

“Уламыштарда Ысык-Көл ойдуңуна белгисиз жер астынан чыгып каптаган суудан башка эбегейсиз зор көлөмдөгү суу көп алыс эмес түштүктөн же түндүк-батыштан бир нече миң фут бийиктиктен келгендигин да айтышат”5.

Бул Кочкордун Шамшы ашуусунун батыш жагындагы Шиш чокунун түбүнөн чыккан суу, өрөөндү каптап, шаарларды, турак жайларды талкалап, элди мал-мүлкү менен агызып келип, көлгө куйгандыгын далилдейт. Бул Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана Кочкордогу сел бир мезгилде болгондугун далилдейт.

Кыскача айтканда көлдө чөккөн жер тулкусу (массасы) баскан суу Шамшы ашуусунун батышынан чыгып, Кочкор өрөөнүн сел-кыян басып, ал жердеги шаарларды, турак жайларды эли, мал-мүлкү менен Ысык-Көлгө агызып кеткен. Селдин агымы Орто Токойдун чыга беришине батпай Топурак-Бел менен Ак-Өлөңдүн түштүк жагынан да көлгө агып кирген. Көлдүн узундугу 179 километр, туурасы 60 километр болгон суунун теңи, жер астынан чыгып, узундугу 49 км, туурасы 19 км болгон Кочкор өрөөнүн каптаса кандай ахыбалда болот. Элестет окурман.

«Миңдеген адамдардын сөөгүнүн чогулуп жатышы, кан агызган чоң согуштун кесепетинен же алааматтын күтүүсүздөн болгондугун түшүнүүгө аракет кылдык. Кандуу кагылыштын жана алааматтын кандай деңгелде, кандай шартта болгондугу белгисиз, эбегейсиз көп адамдардын сөөгү менен кошо бышкан кыштын жана карапанын сыныктарынын жатышынын аныгын да билүү кыйын.6.

“Ысык-Көлдүн ар кайсы жээктеринде абдан көп адам сөөктөрү жаткандыгы таң калтырат. Бул сөөктөр менен карапа, бышкан кыштардын сыныктары аралашып жаткандыгы, бул адамдар өз убагында кыш бышырып, карапа кумараларды жазаган адамдардан экендин, көчмөн усундар болсо аларга бышкан кыш менен карапа идиштердин эмне кереги бар эле”.7 .

«Тору-Айгырда кызыл кыштан башка, көк сыр менен сырдалган бышкан кыштын көптүгүнөн ошол жердеги почтанын полуна тизүүгө мүмкүн болду. Жүздөгөн адамдын сөөгү, кызыл жезден жазалган буюмдар толкун менен ыргытылып жээкте чачылып жатышы, бул сөөктөр жана буюмдар жергиликтүү элдикиби же согушта өлгөн адамдардыкыбы белгисиз».

“1870-жылы Жети-Суу губерниясынын согуш губернатору Г.А.Колпаковскийдин «Россиянын географиялык коомунун жаңылыктары» газетасына, Чайковскийдин жана профессор Сорокиндин «Тяньшанских горах и долинах» («Исторический вестник»1886-год, май, 385стр.) деген макалаларында “Койсарынын аймагында миңдеген адамдын сөөктөрү, күнгө какталган бозоргон баштар, өзүнчө катмар болуп, көлдүн жээгинде жана ичинде 40-45 метрге аралыкта чачып койгонсуп жаткан бышкан кыштын, жээкте кытайдын ортосу төрт бурч тешилген тыйыны, тешиги жок жазуулары окулбай калган жез тыйындарын, чопосу ошол жердеги чопого окшошпогон, бекемдиги менен айырмаланган, ичи-сырты кызыл сыр карапа идиштин сыныктарын табууга болот”, – деп жазышат.8

Ушул көлдүн ичинен, жээгинен табылгандар Кочкор өрөөнүнөн агып барган.

Ысык-Көлгө агып барган адамдардын сөөктөрү, ар түрдүү буюмдар, көлдүн батыш жагында 35-40 км аймакта топурак астында жата берген. Көлдүн суусу 5-6 кылымдан кийин кайра калыбына келип көтөрүлгөн сайын чопо топурак эзилип, арасындагы сөөк жана башка буюмдарды толкун жээкке чыгара баштаган. 18-19 кылымдарда Ысык-Көлдүн ар кайсы жээги күнгө күйгөн бозоргон сөөктөргө, ар түрдүү буюмдарга, артефактыларга толуп чыккан. Кыргыздар көл ыйык деп, колун сууга салуудан, суу алуудан коркуп, балык да кармашкан эмес. Тарыхта кыргыздар көлдүн айланасына 18-кылымдын ортосунда гана келип отурукташа баштаган. Ага чейин калмактар ээлеп турган. Карапанын, бышкан кыштын сыныктары, адам сөөктөрү, ар түрдүү буюмдар Кочкор өрөөнүнөн агып барганын эч ким билген эмес. Кээ бир окумуштуулар адамдардын сөөгү, малдын сөөгү агышы мүмкүн, бирок бышкан кыш менен карапа кантип агып барсын, агып баргыча талкаланып калбайбы деши ыктымал. Бышкан кыш менен карапанын составында чопого кальций, стронций жана коргошун бар минерал кошулса бекем болуп, сүрүлүүгө бир топ каршылык берет. Таш болсо 10 чакырымдан кийин кумга айланып калат.

“Ысык-Көлдүн батыш жээги Балыкчы менен Ак-Өлөңдүн ортосун саздуу ойдуң ээлейт. Балыкчы шаарынын кеңдигинде Көтмалды агымынын нугу сакталып калган, бул агым менен ар кандай убакта Чүй суусу артка көлгө агып кирип турган. Ошондой эле Ысык-Көлдүн батышка, Көк-Мойнок ойдуңуна,андан ары Боомго агып турганы 19-кылымдын башталышында байкалган.

Ысык-Көлдүн суусунун ичинде Ак-Өлөң тарабында дарыянын нугу билинип турат, ал нук сел жүрүп, көлдүн чыгышы чөккөндөн кийин Чүй( Кочкор) суусу кичирейген көлгө 35-40 километрге чейинки аралыкка агып турган.

Ысык-Көл НАСА агентствосу космостон тарткан.
Ысык-Көл НАСА агентствосу космостон тарткан.

Кочкор өрөөнүнөн агып барган туздан башка Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы Туз көлдүн (Шор Көлдүн) тузу да кошулган. Бул көлдүн суусунда туздун концентрациясын көбөйтүү менен өрөөндө аба ырайын өзгөрүүгө алып келген. Көлдүн суусунда туздун кристаллдары күнгө күзгү сымал чагылуусу менен үстүнкү аба катмарында ысык абаны пайда кылып, Хан Теңгриден, чыгыштан соккон жел, ысык абаны батышка Тоң, Кочкор, Кемин жана Көк Мойнок өрөөндөрүн көздөй айдаган.

Натыйжада бул өрөөндөрдө кургакчылык болуп, өсүмдүктөрдүн өсүүсү азайып, тоолордо мөңгүлөр топтолбой өрөөндөр чөлгө айланган. Кочкор, Тоң жана Көк Мойнок өрөөндөрүндө жылаңач чөп өспөгөн, какыраган таштуу кум дөбөлөр пайда болгон. Бул регрессиядан кийин Кочкор өрөөнүндө күн ысык болгондуктан, суу азайып жашоого мүмкүн болбой, адамдар жашаган жерлерин таштап кетишкен. Бул өзү регрессиянын (кургакчылыктын) башталышы болгон. Тарыхта жазылган “КУРГАКЧЫЛЫК” ушул мезгилден башталган.

Өрөөнгө кийин XVI кылымдан кийин эл жашай баштаган же болбосо 4 кылымга жакын ээн болгон. Монголдор жайыт катары пайдаланган.

Азыркы убакта Балыкчы шаарынын түндүк тарабындагы тоолордон келчү суулардын азайышы, Тору-Айгыр жана Чырпыкты жана башка коктуларда агын суулардын жоголушу да көлдүн ысык абасынын таасири экенин байкоого болот. Деги эле Чолпон-Атадан батышты көздөй кургакчылык болушу кышында бубак турбай, жайында шүдүрүмдүн жоктугу көлдүн ысык абасынын натыйжасы. Ысык-Көл туздуу болгондуктан суусу тоңбойт. Ар кандай божомолдоолорго мындан башка жооп жок. Ысык-Көлдүн суусунун туздуу болушунан батыш жагында чөл пайда болгон. Каспий, Арал деңизинин туздуу болушунан, чыгышындагы кумдуу чөлдөрдөн байкоого болот. Тузу жок Байкал көлүнүн тегерегинде чөл жок.

Батыштан келген муздак нымдуу аба Кыргыз Ала-Тоосунун кырларында көлдөн чыккан ысык абага кезигишкенде шамалды пайда кылат, мындан Кызарт жана Уландын шамалы пайда болот. Ысык-Көлдүн ысык абасынын таасиринен тоолордо токой өсүүгө нымдулук болбогондуктан Кочкор, Көк-Мойнок жана Тоң өрөөндөрүндө карагай өспөгөн жылаңач тоолор пайда болгон. Ысык-Көл өрөөнүндө Чолпон-Ата шаарынан батышты көздөй кургакчылык болуп, тоонун таштары ысыктыктан төбөлөрү сыйрылып, капталдары жарылган. Өрнөк айылынын түндүк батышындагы петроглиф таштарына тийген таасири зор. Күндүн ысыктыгы 40 градустан ашып жер бетиндеги баардык нерселерге өзүнүн тагын салган. Өрөөндөрдө күндүн ысыгынан тоонун таштары майдаланып, жааган жамгырдан, жогору жактан келген суулар менен ойдуңдарга агып чыккан.

petroglif_maalymattary

 

Күндүн ысыгынан петроглифтүү таштардын чокулары сыйрылып түшкөн. Өрнөк айылы.
Күндүн ысыгынан петроглифтүү таштардын чокулары сыйрылып түшкөн. Өрнөк айылы.

19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында орус чыгыш таануучуларын, тарыхчыларын таң калтырган Ысык-Көлдүн жээгинен табылган миңдеген адам сөөктөрү, бышкан кыштын, карапанын сыныктары, ар түрдүү буюмдар, артефактылар, көлдөгү шаарлардын чөгүшү, Кочкор өрөөнүндөгү шаарлардын жана турак жайлардан селдин (топон суунун) жүрүшү менен агып барган адамдардын сөөктөрүн, буюмдарын бирдиктүү изилдөө керек. Бышкан кыштан салынган шаарлар Кочкор өрөөнүндө гана курулган.

Адамдардын сөөгүн Кочкордон жана Ысык-Көлдөн, Томскидеги музейден алып генетикалык анализ ДНКга жана гаплотипке аныктоо керек. Адамдардын сөөгү жото жилиги 60-65 см жана баштары азыркы баштардан 1,5 эсе чоң экенин көргөнбүз.

Эгерде көлдөгү шаарлар чөгүп кетсе турмуш тиричилик куралдары, курулуштары бир жерде чогуу болмок, көлдүн ичине чачырап кетмек эмес. Ал эми көлдүн суусунун ичине жайыла чачылган артефактылар агып барып, көлдүн ичине таралганы Кочкордогу жүргөн селдин натыйжасы экенин даана байкоого болот. Көлдүн табылган буюмдар байыркы жана античный эмес эле, Кочкор өрөөнүнөн орто кылымдагы Кыргыз каганатынын ордосунан экенин аныктаса болот.

Көлдөн табылган сөөктөр жөнүндө Одессадан келген врач Филатовдун жазган ырынан которбостон үзүндү келтирдик.

«Белеют кости здесь и там.
Безглазый череп из под шлема
Улыбку тяжкую хранит,
На мертвых пленницах гарема,
Запястий золото блестит».

Ак-Өлөңдүн аймагы кыртыштуу топурактуу болушу дагы селдин жүрүшүнөн пайда болгон. Бул жөнүндө орус окумуштуусу геолог 1875-жылы И.В.Мушкетов Ысык-Көлдүн батыш бөлүгүндө жаңы жер катмарынын пайда болушу кийинки миң жылдыкта болгонун аныктаган. Көлдүн түштүк-батышы тоолордун этегине чейин экенин, бирок кийин селдин жүрүшү менен көлдүн чопо топуракка, кумга толуп ичкерип калганын байкаган. Кочкор өрөөнүндөгү чопо топурак туздуу экенин да аныктаган.14 (И.В.Мушкетов. Геологические и орографические описание Тянь-Шаня. Исследование 1875г. 1908 г.)

Чүй суусу Орто-Токойдон чыга бериште Бос-Бармак тоосунун капталын кордойлоп оюп олтуруп, Ак-Өлөңдү көздөй акпастан, Көк-Мойнокту көздөй түндүккө агымын буруусу менен, Ысык-Көлгө агып кирүүсүн токтоткон.

Акырындап 5-6 кылым өткөндөн кийин көлгө куйган таза тузсуз суунун көбөйүшүнөн, көлдүн суусунда туздун концентрациясы азайып, ысык абанын азайышы, көлдүн батышындагы өрөөндөрдүн аба-ырайы өзгөрүп, тоолордо мөңгүлөр пайда болуп, өзөн-суулар көбөйүп, тоолордо, таалаларда өсүмдүктөр чий, майда бадалдар, караган алтыганалар өссө баштаган.

Өрөөндүн таманындагы суулар көбөйүп, суулар кирип, жээктерин жеп кум шагылды агызып, тиричилик кылууга тескери таасирин тийгизген. Кочкор өрөөнүнө суу жээктерине чычырканактын уругун чаначка салып келип себүү менен талдын калемчелерин Чүй өрөөнүнөн алдырып келип, орус бийлиги жээктерди бекитүүнү жүргүзгөн. 1862-жылдан баштап Боом капчыгайынын ичинде жол куруу, көпүрө салуу иштери жүрө баштаган. Жол курууга Чүй, Ысык-Көл, Кочкор жана Жумгал элинен миңдеген адамдар күч менен барып турган. Жүздөгөн адамдар ошол жерден кайтпай калган. Боом капчыгайында кышында суу үйөрлөп тоңуп, жазында кирген суулар көп болгондуктан курулган жолдорду көпүрөлөрдү суу алып кетип турган. Кээ бир жылдарда капчыгайга батпаган суу артка кетип, көлгө куйган.

Орто-Токой суу сактагычын куруу планы 1870-жылы түзүлүп, акыры 1957-жылы ишке ашкан.

Аксак Темирдин түндүк жээкте, аралга чеп курган деген уламышка ишенүүгө болот, 14-кылымдын аягында 15-кылымдын башында көлдүн деңгээли 5 метрге ылдый болгон. Көлдүн түндүк жээги 3,5 км кыскарса канчалык жерде арал болгон?

Семенов-Тян-Шаньский Апостол ыйык Матфейдин сөөгүн Ысык-Көлдүн жээгинен көргүзү келгенин оюнан чыгарып жазган. Техникалык илимдин кандидаты, картограф, сүрөтчү Рубен Атоян жазып жатат, Ыйык Матфей Эфиопияда өлүп, денеси Испаниянын Салерно шаарындагы Санто-Матео монастырына коюлган. Монастырда археологиялык казуулар жүргүзүлүп 1960-жылы сөөгү табылган. Ыйык Матфей Иусус Христос төрөлгөндөн кийинки биринчи кылымда жашап өтсө кандай болуп, бул жерге Ысык-Көлгө 1375-жылы келип калат. Же тырмагын же чачын алып келишкенби. 1342-жылдарда түндүк Тян-Шанда жеке эле христиан армияндар эмес, башка диндердегилерди куугунтуктоолор болгонун орус тарыхчылары жазып жатат. Кантип монастырь куруп турууга болот. Семенов-Тянь-Шанский монастырды издеп тапкан эмес.

В.В. Бартольд көлдүн тегерегинде христианствонун эч кандай изи да жок экенин өзүнүн эмгегинде жазган. (В.В. Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. стр.337.)

Европа в основном представляла тогда католическую церковь, где непреложным считалось, что мощи апостола и евангелиста святого Матфея ещё в первом веке от рождества Христова попали на Апенинский полуостров, где были найдены при раскопках одного из лангобардских замков и хранятся в соборе Сан-Матео в городе Салерно. Мог ли в этом случае, кто то из монахов-католиков всерьёз говорить о существовании ещё одного места в далёкой и неизвестном месте в Азии. Из статьи Рубен Атояна.

pisma1

pisma2

Стр 60 из В.В.Бартольд Иссык-Куль(чагатайского)

Ал кезде бул аймакты монгол Чагатайдын балдары ээлеп турган. Орустардын колониалдык саясатты негизинде бул жерде кыргыздар жашаган эмес, хрестиандар, карлуктар,түргөштөр болгон деген тарыхчы Григорьевдин “Караханиддер” деген термин колдонуусу менен кыргыздар жөнүндө айтышпайт жана жазышпаган. Кыргыз эли бул чөлкөмдө жашаса да, орустун Семенов Тянь-Шаньскийге окшогондору тарыхты бурмалашкан. Эгерде кыргыздар жашабаса, жерди билбесе, уламыш легендаларды кайдан билип, орус тарыхчыларына ким айтып бермек?

Ал эми биздин доорго чейинки 2-кылымдагы Чигу шаарын Ысык-Көлдөн эмес Кочкордун чыгышындагы Семиз-Белдин Кызыл-Дөбөсүнөн издесе туура болчудай. Бирок 2800 жыл мурунку Чигу шаары эмес, орто кылымдагы 1200 жыл ичиндеги шаарлардын дайнын таппай жатканда, Чигу көлдүн чыгышында деген Кыргыз-Россия (Славян) Университетинин окумуштуу-тарыхчыларынын аныктамасы таң калыштуу.

Кыргыз эл жомокторунда көлдүн ичине шаардын чөгүп кетиши, бирөө кетти Эренге, бирөө түшүп кетти Тереңге, бирөө кетти Кангайга, бирөө кетти Алтайга деген саптар ушул алааматтан кийин чыгышы ыктымал. Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, Кабак барбы кыргыз кыргын таппаган, кырлар жоктур кыргыз сөөгү жатпаган деген каңырык түтөткөн сөздөр дал ушул алааматка карата айтылган. Жылаңач өрөөндө (Ак-Өлөңдүн түштүк-батыш жагы) Чүй суусунун, Ысык-Көлдүн жээгинде чачылган сөөктөрдү көргөндө айтылган. Жок жерден жомок имиштер жаралбайт.

“Ысык-Көлдүн ордунда бир кезде шаар болуп, кудайдын каргышы менен суу каптап кетип көлдү пайда кылганы тууралуу топонимдик легенданы мисалга алсак болот”. “Тарыхый аспекттен алганда бул жөнүндө эч кандай илимий гипотеза жок анын качан пайда болгондугун эч ким далилдей элек”. «По мере того как событие удаляется все дальше и дальше во времени и начинает тускнеть, предание обрастает многими дополнительными мотивами, в нем начинает довлеть вымысел, который в результате целенаправленного использования превращается в легенду».15 (Нарынбаева. Н.О. Миф.оозеки кара сөздүн унгулары. 2011-год.82-стр).

Чындыгында эле, биздин күндөрдө Ысык-Көлүбүздүн тарыхын иликтеген россиялык ихтиолог-илимпоз окумуштуулар көл түбүнө сүңгүп, ал жактан турмуш-тиричилик буюмдарын казан-тулга, чопо менен жыгачтан жасалган идиш-аяк, ар кандай эмгек шаймандарын, жоо-жарактарын, курулуштардын калдыктарын, чегилген тыйындарды ж.б. көп нерселерди таап жүрүшөт.

Алар да “Ойдуңда жашаган калаа элин кырсык чалган. Антпесе, өздөрүнө керектүү буюмдарын эмнеге таштап кетишмек эле?”-деп болжошот. Физика илиминин мыйзамы боюнча «Жоктон – бар, бар нерседен – жок болбогондой» эле, ар бир санжыранын, уламыштын түпкүлүгүндө чыныгы тарых бар экенине кийинки урпактар көңүл буруп, маани беришибиз зарыл окшобойбу?16

Сапарбаева Айканыш Керим кызы, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.01.2011-ж.

Кайырбек Коңурбаев,
«ЫЙЫК МУРАС» тарыхый маданий мурастарды коргоо
жана пайдалануу коомдук ассоциациясынын президенти.

 

Колдонулган адабияттар:

1 Морской картограф В.М.Букин. “Озеро Иссик-Куль”.

2 Н.А.Аристов.Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. электронный вариант. 2001-год. 47 стр

3 В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Введение к изданию Худуд ал-Алам . 589 стр.

4 Н.А.Аристов. Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. электронный вариант. 2001-год. 66стр.

5 Н.А.Аристов. 75 стр.

6 Н.А.Аристов. 60 бет.

7 Н.А.Аристов. 64стр.

8 Н.А.Аристов. 66 стр

9. Н.А.Аристов. 67 стр.

10 Н.А.Аристов.. 48 стр

11 Н.А.Аристов .60 стр.

12 Профессор Сорокин. «Тянь-Шанских горах и долинах»(«Исторический вестник»1886-год,

13 В.М. Плоских. История и проблемы исследовании затонувших памятников Иссик-Куля 05.10.2012 № 10. Акипресс.

14 И.В.Мушкетов. Геологические и орографические описание Тянь-Шаня. Исследование 1875-год. 46-стр.

15 Нарынбаева. Н.О. Миф.оозеки кара сөздүн уңгулары. 2011-год.82-стр.

16.Сапарбаева Айканыш Керим кызы, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.01.2011-ж.

17 П.П. Семенов-Тян-Шанский. Путешествие в Тян-Шань в 1856-1857 годах. год 1908.

18. Плоских В.Исследования древних цивилизаций Иссык-Куля.Exploration of ancient civilizations of I-Kul

19 А.О. Конурбаев . Трансгрессии и регрессии озера Иссык-Куль: проблема не решена.

20 Е.Кычанов.Т. Бейшеналиев. Юань мин доорундагы кыргыздар. 13-15 кылым. Кыргыздар К.Жусупов. 248 бет.

21 Иссык-Куль – затонувшие города, клады: факты и легенды. siar@mail.kg

Соц тармактар:

Добавить комментарий