Кудуреттин куттуу күнү

(«Чыңгыз Айтматов Кытайда» аттуу докторлор илимий шеринеси «Сыргак китепте»)

“Улуттук адабият күнү” деп белгиленген 12-декабрь күнү Ала-Тоо аймагында эле эмес, дүйнө жүзүндө улуу жазуучубуздун жаркын элесине арналган ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Ушул салтты улай Кыргыз Улуттук илимдер академиясында жыл сайын өткөрүлчү “Айтматовдук окуулар -2016” аттуу Эл аралык илимий конференция ишин улантып, ал күнү алп жазуучунун үй-музейине жана бейитине барып улуу рухуна куран түшүрүлөт. Мындай руханий демилгелердин ичинде биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун жети мүчөл ашкан кезиндеги туулган күнү, Кытайдагы айтматовтаануучу докторлор «Сыргак китеп» илимий шеринесине чогулушуп, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда которулушу, изилдениши жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын кытай адабиятына тийгизген таасири боюнча жогору деңгээлдеги илимий шеринелик талкууну өткөрүштү. Улуу-Чат ооданынын руханий борбору болгон «Сыргак китептин» (жуңго кыргыздарынын тунгуч китепканасы) эшик-төрүн шаңга бөлөгөн бул салтанат мындан аркы илимий ачылыштардын очогуна айланмакчы.

Кытайда алгачкы жолу Айтматовду изилдөө боюнча «Алп изинен» аттуу (Кытай адабият сынчыларынын) макалалар жыйнагын кыргыз тилине которуп, түзүп басмадан чыгарган (1988-жылы), андан кийин, «Манас жана Айтматов» сыяктуу Айтматов изилдөөсү боюнча ондогон илимий макалаларды, «Айтматовду тогуз жолу зыярат» аталыштагы эскерүү жазган, «Айтматов Кытайда» аттуу шериненин уюштуруучусу, ШУАР улуттар тил-жазуу кызматы комитетинин башкы адис редактору, филология илимдеринин доктору, «Тил жана котормо» журналынын жооптуу редактору, Макелек Өмүрбай уулуна суроо узаттык.

– Арыбаңыз агай! Айтматов ачып болгус аалам экенинин дагы бир далили катары сиздерде өткөн иш-чараны айтсак болот. Ушул максаттагы асыл ойлорду аткарууга киришкен кадамыңыздар куттуу, илимий шеринеңиздер ширелүү болсун! Жетинин бири кыдыр демекчи, жети илимпоздун ой-толгоолоруна жөлөк болгон ушул шерине тууралуу айтып берсеңиз?

– Ыракмат. Бул жолку шеринеде, Айтматов изилдөөсүн Кытайда дагы бир жогору белесте изилдөөнүн шарты бышып жетилгендиги, Айтматовдун чыгармаларынын Кытай жазуучуларына тийгизген таасири боюнча, ал таасирге учураган чыгармаларды жыйноо, авторлору менен байланыш түзүү сыяктуу эмгектерди колго алуу, «Айтматов Кытайда энциклопедиялык сөздүк» түзүү, «Кытайда Айтматов изилдөө макалалар жыйнагын» түзүү боюнча демилге биринчи жолу көтөрүлдү.

Шеринеге Кытай мамлекетинин жер-жерлеринен Айтматов изилдөөсү боюнча эмгектенген жети доктор жана доктор аштылар, жергиликтүү айтматовтаануучу окумуштуулар катышты. Илимий шеринеге атайын ат арытып келген докторлордун кыскача жагдайы жана бул жолку шеринеде ортого салган ойлорунан айта кетсек:

1. Шы Жиншию, Хыбый унверситетинин профессору, доктор, доктор жетекчиси, «Айтматов Кытайда» аттуу илимий китепти, «Салыштырма адабият жана дүйнө адабияти» боюнча белдүү журналдарда 60 дан ашуун илимий эмгектери жарык көргөн. Анын ичинде, Айтматов изилдөөсү боюнча ондогон макалалары жарык көргөн.

Бул жолку шеринеде, Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда которулушу, изилдениши, Айтматов чыгармаларынын Кытай адабиятына болгон таасири боюнча көз караштарын ортого салды. Дагы бир баса көрсөткөнү, Кытай борбордук өкүмөт башчысы Ли Кичаң 2016-жылы бештин айынын 2-күнү Кыргызстанга барганда Айтматовдун чыгармалары жөнүндө сөз кылганы Айтматов чыгармаларынын Кытайдагы таасиринин кандай орунда экенин түшүндүрөрүн айтты.

2. Жу Жиңйү, Шаңхай Тоңжи унверситети филология иниститутунун профессору, доктор, доктор жетекчиси, Тоңжи университети, филология институту жана салыштырма адабият изилдөө ордунун орун басар башчысы, Шаңхай шаарлык салыштырма адабият изилдөө коомунун орун басар катчысы. Он чакты илимий эмгектин автору, Айтматов изилдөөсү боюнча, «Ваң Мың жана Айтматов» сыяктуу макалалары жарыяланган.

Бул жолку шеринеде, бүгүнкү Кытай адабиятындагы жазуучуларга Айтматов чыгармаларынын таасири, так мисал менен, Кытай адабиятынын алп жазуучуларынын бири Ваң Мыңдын чыгармаларындагы Айтматовдун таасири боюнча кенен сөз кылды.

3. Токтокан Ысмайыл кызы, ШУАР кадрлар мектеби, философия окутуу-изилдөө орду мүдүрүнүн көмөкчүсү, доцент, философия илимдеринин доктору. «Манас» философиясы боюнча Кытай мамлекеттик изилдөө түрүн аяктаган. «Манас жана Айтматов чыгармаларындагы философиялык идеялар» боюнча эмгектенип жатат.

Бул жолку шеринеде, кыргыз улутунун жөрөлгөлүү философиясы менен «Манас» жана Айтматов чыгармаларындагы философиялык идеялардын байланыштары боюнча кенен сөз таштап, Айтматов чыгармаларынын идеясынын кайнары «Манас» эпосунан келген деген көз карашын ортого салып, шерине катышуучуларына жаңылык ой таштады;

4. Ли Шө, Харбин гуманитардык иниститутунун профессору, доктору, институттун орун басар башчысы, Харбин шаарлык өзгөчө салымы бар жаш илимпоз. «Айтматов жана Кытай бүгүнкү доор адабияты» аттуу көлөмдүү эмгектин автору. Азыркы заман кытай адабиятын изилдөө боюнча 30дан ашуун макалалар жарыялаган.

Бул жолку шеринеде, Айтматовдун чыгармаларынын Кытай жазуучуларына болгон таасири: биринчиден, жазуучулардын өздөрү таасирине ээ болдук деп ачык ынанып айткандар; Экинчиси, адабият сынчылары салыштырып изилдөө аркылуу Айтматов чыгармаларынын таасири менен жазылган чыгармалар деп салыштыра изилдеп тапкан чыгармалар деген карашын ортого салып, Айтматовдун чыгармалары Кытай адабиятына таасир кылган жагдай эки түрдүү экенин бөлө көрсөттү;

5. Жаң Хайян, Кашкар универиститети, гуманитардык институтунун доценти, магистр, аспирант жетекчиси. «Шинжаң уйгур бүгүнкү доор адабияты жана Айтматов», «Айтматов жана жаңы доордогу жан саны аз улуттардын адабияты» деген сыяктуу ондогон макалалары жарыяланган.

Бул жолку шеринеде, Кытайдагы бүгүнкү доор уйгур адабияты, казак адабияты жана кыргыз адабиятына Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын таасири боюнча кеп салды. Мисал катары, Айтматов чыгармалары сыяктуу бүгүнкү доор уйгур адабиятында, биринчиден, экология жагындагы аңгемелер көрүнүктүү боло баштаганы, экинчиден, уйгур адабиятында аңыз, уламышты ширетүү ыкымы өтө басым жасай баштаганын ортого салды;

6. Жаң Шумиң, Хыбий мугалимдик унвериститети, чет эл тил институтунун профессору, салыштырма адабият жана дүйнө адабияти боюнча доктор. Он нече илимий китептин автору.

Бул жолку шеринеде, Айтматов ушул замандын жана жөрөлгөлүүлүк, улуттук, дүйнөлүк маданияттарды өздөштүргөн, бирөө менен бирөөн толуктаган чыгармачылык ыкмасын жараткан жазуучу экенин көптөгөн мисалдар менен көрсөтүп айтты.

– Бул жолку айтматовтаануучу докторлорду чогултуунун зарылчылыгынан кеп салып берсеңиз?

– Аталган илимий шеринеге Кытайдагы айтматовтаануучуларды чогугултуунун ажатынан кеп салсак, алдыңкы кылымдын 60-жылдарынан баштап Кытай адабият салаасына котормо аркылуу кирген Айтматовдун чыгармалары бүт дээрлик кытай тилине, дагы көп бөлүгү Кытайдагы уйгур, моңгул, казак, кыргыз тилдерине которулуп, басмалардан жарык көрүп таратылганына жарым кылым өтүп, Айтматовдун чыгармаларын изилдөө жумушу Кытайда жогору белеске көтөрүлүп, докторлук, аалым шакирттик жактоо макалаларынан тартып, арналуу изилдөөгө алынган илимий макалалар, арналуу изилденген китептерди кошуп эсептегенде, 300дөн ашуун макала (эки монография) басмалардан жарык көрүп болгон, ал чыгармалары Кытай адабиятына таасир көрсөтүүнүн башы көрүнүп калган ушул күндө уюштуруу ажат болду.

– Шериненин максатына токтоло өтсөңүз?

– Аталган шериненин эң башкы максаты − Ч.Айтматовду изилдөөнүн белесин көтөрүү. Ал мындан мурда Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда которулушу, басмадан чыгуусу жана Айтматовдун чыгармаларынын өзгөчөлүгүн изилдеп тааныштыруу болгон болсо, эми мындан ары Айтматов чыгармалары кытай адабиятына кандай таасирин көрсөттү? Кара тил менен айтканда, үрөн себилген экен, андан кандай нерсе өнүп чыкты? Ооба, Айтматов чыгармаларынын кытай адабиятына болгон таасири кандай деңгээлде? деген ой менен изилдөөгө көтөргөндө, анан Айтматовдун дүйнөлөшүүсү, жеке адам эмес, рухий адамга айлануусу ылдамдайт деген белеске көтөрүүнү көздөөдө. Ушул күндө, Айтматов чыгармалары кытай адабиятына өз таасирин көрсөткөнү боюнча бышкан изилдөөлөрдүн таасын көрүлүп жатканы, кайсы чыгарма Айтматов чыгармаларынын таасири менен жаралганы, кайсыл автор Айтматовду туурап чыгарма жаратканын көрсөтө айтканда, ошондо анан, Айтматовдун чыныгы наркы, адамзатка жугуму көрсөтүлөт. Ушул жолку шеринеге чогулган докторлордун бир максаты ушул болсо, дагы бир максаты, Айтматов чыгармаларын изилдөөнү кыргыздын маданияты, философиясы жана «Манас» чоң жомогу менен айкалыштырып изилдегенде, Айтматов чыгармаларынын башатын өз тамырына байлап изилдөөнүн маңызы чоң болору, ошондо анан, Айтматов изилдөөсү дагы бир бийик белеске каргыйт дегенге ишенгендер болду. «Чыңгыз кыргызды дүйнөгө таанытты» деген айтымга төп келгени, Чыңгыздын чыгармаларындагы кыргыздын маданияты, жашоосу, ой- кыялы Чыңгыз чыгармалары менен дүйнөгө жайылды деп түшүнгөндө гана, Айтматов изилдөөсү дагы бир демжий жогору көтөрүлгөн болот.

Айтмак, мурда «Айтматов чыгармалары нече жүздөгөн тилдерге которулду» деген менен мактанып келсек, эми ал чыгармалары которулган тилдердин адабияттарына таасир көрсөткөн, адамзаттын көркөм оюна таасир эткен Айтматов болду деген бийиктик менен сыймыктанар мезгили келип жеткенин ушул шеринеде жарыялоо болду десек болот (аттиң, дүйнөдө кайсыл тилге которулган болсо, ошол тилдеги адабиятка кандай таасир көрсөткөнүн чогулта алсак, Айтматов ааламдашканына күбө болор элек). Алып айтсак, кытай адабиятындагы Айтматовдун орду боюнча, ушул шеринеде кенен сөз болуп, шеринеден сөз алган окумуштуулар (докторлор) кытай азыркы заман адабиятынын алпы (мурда, Кытай мамлекеттик маданият министири болгон) Ваң Мыңдын айтканын туура тартып сүйлөшкөнү өтө ынанымдуулукка тартып кетти. Алп жазуучу Ваң Мың Айтматов чыгармалары боюнча мындай баа айткан: «Ваң Мың кытай жаңы заман адабиятына таасир эткен чет элдик өтө чоң төрт жазуучуну тизе сүйлөп (манжа басып көрсөтүп), кытай адабиятына, Айтматов Хемингуей, Кафка, жана Гарсия Маркестен да күчтүү таасир көрсөттү» деген. Бул сөз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын кытай адабиятындагы ордуна басылган мөөрдөй көрүнөт.

– Шериненин келечектеги пландары, жыйынтыгы кандай болду?

– Бул жолку «Сыргак китеп» докторлор шеринесинде, шериненин майнабы катары Чыңгыз Айтматов изилдөөсүн улуулатуу үчүн, мындай үч иш-чара планы орундаштырылды:

биринчи топ, Айтматов чыгармаларынын таасири боюнча жаралган кытай адабиятындагы чыгармалар менен авторлорду аныктоо, чогултуу, которууга уюштуруу; Бул жумушка арналуу топ уюштурулуп, бул топтун илимий жетекчи окумуштуусу Шаңхай Тоңжи унверситети филология иниститутунун профессору, доктор, доктор жетекчиси Жу Жиңйү, анын курамына Хыбий унверситетинин профессору, доктор, доктор жетекчиси Шы Жиншию, Харбин гуманитардык иниститутунун профессору, доктору, институттун орун басар башчысы Ли Шө сыяктуу азыркы заман кытай адабиятынын белдүү сынчылары, адабиятчылары тартылды. Ушул топтун кыргызчалоо, жыйнактоо жумушчу тобунун топ башылык милдетин Шинжаң «Тил жана Котормо» журналынын жооптуу редактору, жаш изилдөөчү Токтогул Маметкабыл уулу үстүнө алып, ал өз тобун куроо жумушун уюштурат;

экинчи топ, Айтматов чыгармалары боюнча Кытайда изилденген эмгектерди (макалаларды) чогултуу, жыйнак кылып басмадан чыгаруу; бул топко илимий жетекчи окумуштуулук милдетин Хыбий мугалимдик унвериститети чет эл тил иниститутунун профессору, салыштырма адабият жана дүйнө адабияты боюнча доктор Жаң Шумиң үстүнө алды. Ал макалалар жыйнагын кыргызча которуу жумушчулук тобунун топ башылык милдетин Айтматов таануу илимине эрте кирген жаш изилдөөчү, ушул жолку шерине уюштуруунун катчысы Мамбеттурган Курман уулу өз үстүнө алып, курамдык тобун уюштура турган болду;

үчүнчү топ, «Айтматов Кытайда энцкилопедиялык сөздүктү» түзүү тобу болуп, бул кытайча материалдар негизинде кыргызча түзүлө турган жумуш болгондуктан, жаш котормочулардан куралды. Топ башылыгына Кызылсуу кыргыз автоном областык 3- орто мектептин башчысы, «Сунзи жоокерлик өнөрү» сыяктуу нече китепти которгон жаш котормочу Ырысбек Абдыкерим уулу коюлуп, бул топтун курамын өзү чакырып алып курай турган болду. Ал эми, ушул үч топ жумуштун илимий жетекчилик милдетин, уюштуруу кызматын өзүбүз колго алмай болдук.

– Сүрөттөрдөн байкалгандай кыргыз үйдү илимдин очогуна, илимди кыргыз үйдүн ичине жылыткан идеяңыз жакты, ошол жылуулук ылайым жакшылыктын алоосуна айлансын! Ошол боюнча оюңузду ортого салсаңыз?

– «Айтматов Кытайда» аттуу илимий шериненин Улуу-Чат ооданындагы «Сыргак китепте» уюштурулушун чечип айта кетпесек болбос. Кытайда Айтматов изилдөөнүн белдүүлөрү, чоң окумуштуулары Кытайдын ички жогору окуу жайларында болгондуктан, кыргыз турмушун, болуп да Чыңгыз Айтматов жашаган, көргөн маданият менен тааныштыгы жок. Кадыресе, алар Айтматовду кагаз аркылуу билгени, сүрөтүн гана көргөнү болбосо, Айтматовду да тааныбайт. Бул жолу Улуу-Чатта кыргыз арасына аларды чакырып келип, кыргыз маданияты менен учкай болсо да тааныштырып, тамак- аш маданияты, жашоо маданияты менен учкай тааныштырууну көздөө, алардын Айтматов изилдөөсүн тереңдетүүнү максат кылды. Айтматов таануучу докторлор «Сыргак китепке» чогултулган кыргыздын басма сөз маданияты, анын ичине коюлган кыргыз этнографиялык буюмдар, «Манас» китептери, манасчылардын сүрөттөрү сыяктуу маалыматтар менен таанышууга жетише алды. Ал тургай, ушул жолу илимий шеринеге келген окумуштуулар кыргыздын үйүнүн төрүнө малдаш курунуп олтуруп илимий көз караштарын ортого салды. Үстүлөрүнө жапкан кыргыз аялдарынын чапаны, башына кийгизген шөкүлөсү менен олтуруп илимий караштарын ортого салганы кыргызча олтуруп, кыргыз кыялын ойлогонго жетиштирди. Кыргыздын ырын, бийин түнкү алоонун, айдыңдын жарыгында угуп, көрө алышты. Кыргыздын өспүрүмдөрү аткарган Чыңгыз Айтматовдун улуу сөздөрүн, чыгармаларынан үзүндүлөрдү кыргызча, ханзуча, англисче, уйгурча төрт тилде уга алышты. Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын көрсөткөн тасмалардан Айтматовдун өзүн көргөндөй болушту. Шеринеге олтурган докторлор, Айтматовдун чыгармаларынын башат маданиятын, болуп да «Манастын» Айтматовго башат болгонун ушул жолу сезиништи. Манастын Аккуласынан Чыңгыздын Гүлсараты жаралганын таң калуу менен айтышты (мурда «Манас» жөнүндө маалыматтары жок экен). Чыңгызды чыныгы изилдөө үчүн «Манасты» окубаса болбостугун айтышты. Ал тургай, «Манастын» китебин дароо издөөгө шашылганын билдиришти. Кадыресе алдынкылары (Шы Жиншию профессор) Айтматовду изилдөөнү тереңдетүү максатында «Манасты» окууну баштап жибергенин айтты.

Докторлордун бул жолку шеринеде бирдиктүү көз карашы, кыргыз маданияты, салт санаасы, «Манас», Айтматов бир тулку, улуттун туташ руху экенин, аны туташтырып изилдегенде, анан ушул улутту толук таанып, анын адамзат маданиятына кошкон салымын ооз толтура айтууга болот экен деп карашты.

Шерине 13-декабрда байып, докторлор Улуу-Чат ооданындагы Манас айкели, Манас ордосу, Манастын Аккуласы, Сыркаралардын (Каныкейдин мингичи) шаңга коюлган өтө чоң айкелин, оодандын ажайыпканасын, оодан ичине чачып коюлган «утуш» маанини туюнткан ноён эңкелерин (чоң чүкөлөр) көрүп, убакыт талаша сүрөткө түшүшүп, сонуркашып, Айтматовдун улуту кандай экенин тунгуч жолу өз көздөрү менен көрүшүп, тароо сапарына аттанышты. Бул жолку шеринеге катышкан доктор өз сабакканасына кыргызча кийими (биз кийгизген) менен киргенин жазыптыр…

– Маанилүү маегиңизге чоң ыракмат агай, кыргыз болуу сыймыгын арттырганыңызга, күйүп-жанып жаштарга жол көрсөткөнүңүзгө ыраазычылык билдиребиз, бар болуңуз!

БАКЫТ Мырзатаева,
Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети,
Филология илимдеринин кандидаты

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.