Монголиядагы кыргыздар

2014-2020-жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан “Монгол элдеринин жана Монголияда жашаган этникалык кыргыздардын фольклордук жана диалектологиялык материалдарын жыйноо максатында” экспедиция уюшулуп, ал топко ар тармактуу профессионал окумуштуу-кызматкерлер топтолуп, сентябрдын аягынан тартып октябрдын ортосуна дейре мекеме тарабынан коюлган тапшырмаларды аткарып келдик.

Илимий экспедициянын бир максаты – Монголияда жашаган кыргыз бир туугандардын өлүк коюу салты, алас-дубалары жана макал-ылакаптарын изилдеп, биздикине салыштыруу эле.

Бул маселеге ылайык Монголия аймагында кыргыздардын жашаган же жашабагандыгы боюнчатак маалымат жоктогуна байланыштуу ыргылжың болуп жатып,экспедициянын маршруту башкачараак түзүлгөн. Монголиядагы кыргыздар жөнүндө кыргыз окумуштуулары менен саясатчыларынын арасында так, бирдиктүү маалымат жок болгон. Кээ бир окумуштуулар гана Монголиянын бир аймагы болгонХовд деген жердеги кыргыздарга жолукканын ММКларга билдирген. Бирок саналуу гана адамдарга жолукканын айткан. Ал эми Монголия Эл Республикасындагы “Монгол-кыргыз уюмунун” жетекчиси накта көчмөн  кыргыздар жок экендигин ырастап, бир гана монгол болуп кеткен кыргыздар жана Монголияда окуп жүргөн студент-кыргыздар бар экендигине ынандырды. Анын айткандарына ишенбей коё албайсың, анткени көп жылдан бери “Монгол-кыргыз уюмун” жетектеп, ошол жердеги кыргыздар менен (монгол болуп кеткен кыргыздар) тыгыз байланышта болуп,монгол-кыргыз элдеринин ортосундагы окшош сөздөр жөнүндө китептин башкы редактору болгон киши кантип эле Монголиядагы кыргыздар жөнүндө билбей калсын деген ойго келесиң. Демек, кыргыз коомчулугунда да, монгол элдеринде да Монголиядагы  кыргыздар жөнүндө кеңири маалымат болгон эмес. “Эмнеге?” деген суроо туулат. Анткени, мындай кырдаалдын пайда болушуна эки фактор таасирин тийгизиши мүмкүн.

Биринчиси, Монголиядагы кыргыздардын санжырасы Токтомамбет (Курман) деген кишиден башталат. Ал кайсы бир себептерден улам, болжолдуу түрдө азыркы Монголия-Кытай-Россия-Казакстандын чек арасы бириккен жерге 15-16-кылымдарда  качып барган. Ал жерди казактар жердешчү экен. Керей деген адамдын жанында жүрүп эр жетип, Акман деген казактын кызына үйлөнүп, 9 балалуу болот. Балдарына “кыргыз” экенин айтканда, алар кайра кыргыз жергесине кайтуу боюнча чечим чыгарып, бирокжолдон каракчылар кол салып, 7өөсү каза болот. Ошондон Талас жана Бүкүш деген эки бир тууган калат. Талас ошол жолун улантып, кыргыз жергесине кетет. Монгол кыргыздарынын пикиринде, Талас деген өрөөн ошол жерден келген кыргыздын атынан аталган дешет экен. Ал эми Бүкүш монгол жергесинде таякелеринде калып, казактар менен очор-бачар болуп кеткен. Алар менен тыгыз байланышта болгондуктан көпчүлүккө таасирленип, бири-бирине сиңишип кеткен. Ачыгын айтып коюш керек, ал жердеги кыргыздардын сүйлөөречи, кийген кийимдери казактардыкына окшоп калган. Анын үстүнө, 20-кылымдын баш ченинде Кытайдын Кашкар тарабындагы казактар миңдеп көчүп келип, Баян-Улген аймагына отурукташып, мурдагы казактар менен кошо алардын саны мурдагыдан да көбөйүп, кыргыздарды өзүнө сиңире баштаган. Кыргыз-казактар бири-бири менен тыгыз байланышта болуп жүрүп, маданий, тилдик айырмачылыктар көп болбогондон кийин, монгол эли деле элдин көпчүлүк санын түзгөн этностун аты менен эле “казак” деп атап калышкан чыгар.

Экинчиден, Союз мамлекети чачырап, дүйнөдө баш аламандык башталганда ал Монголияны айланып өткөн эмес. Мамлекеттеги кыйынчылык кыргыз-казактардын башына да түшкөн. Ошондо казактар чогулуп, Казакстанга кат жазып, көпчүлүгү көчүп кеткен экен. Дал ушундай эле кадамга кыргыздарда курултай өткөрүп, жалпы элдин чечими менен Кыргыз өкмөтүнө кат менен кайрылган. Бирок, жыйынтык болбогондон кийин ошол мезгилде паспорт өкмөт тарабынан берилип жатканда Кыргыз Республикасынан кат болбогондон кийин, үмүттөрү өчүп, бардыгынын паспортуна саясый кызыкчылыктан “казак” деп жазылып калгандейт. Андан кийин Роза Айтматовага Монголияда өткөн конференцияда жолугуп, арманын айтышкан. Аскар Акаев Монголияга барып, “Кыргыз-Нор” көлүнө барганда, монгол бийлиги жолуктурбай койгонун өздөрү айтып беришти. Дал ушундай биригүүгө болгон кадамдар бир тараптуу болуп, алгылыктуу жыйынтык чыккан эмес. Ушундан улам алардын да үмүтү өчүп, “Монголияда да кыргыздар бар” деп чыгышкан эмес. Ошондуктан, монгол журту да казактардын арасында жашаган он миңге чукул кыргыздарды эч айырмалабастан ”казактар” деп билишсе керек. Биздин монголиядагы кыргыздарды тапканга дал ушундай факторлор тоскоолдук кылган чыгар. А бирок, жергиликтүү кыргыздар балдарына жана тууган-туушкандарына, иштеген коллегаларына, чет жакка чыкканда кыргыз экендигин жашырбай эле айтышат экен.

Монголиянын Баян-Улген деген аймагында 8-10 миңдин тегерегинде кыргыз бар экендигин бизди тосуп алган БейсенБулан (Бейсен эмчи) деген ошол аймактагы абдан кадыр-барктуу дарыгер жана райондун депутаты айтып берди. Ал адам 10-15 жылдай аймактагы мамлекеттик бейтапканада эмгектенип, кийин өзүнчө клиника ачып кеткен. Элдердин кайрылганына караганда алдыңкы дарыгерлердин катарында экен. Мына ошол адам кыргыздар жашаган аймакты көргөзүп, канча кыргыз бар экенин болжолдуу санап, кээ бир фольклордук материалдардын топтолушуна көмөк көргөздү. Дал ошол материалдарды үчкө бөлүп алып, анализге алмакчыбыз.

 

Диний ишенимдери жана кошок ырлары

Жалпы көчмөн элдеринде диний ишеними алгачкы шаман, Теңирге ишенүү культтарынан улам жалпы маданий фундамент курулган десек болчудай. Анткени, бул жердеги кыргыздарда деле макал-ылакаптары, адам өлгөндө жасала турган ырым-жырымдары, алгачкы ишенимдин көлөкөсүнөн кабар берип турат. Адам дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин отурук коомдогудай үйлөрдө турса да боз үйдүн оң жак бетине чыгарып, кошок айтылып, жерге-жээк, туугандары мал союп, айыл-апалар өкүрүп келишет экен. “Эсил кайран” деп, ким өтүп кетсе ошонун наамын улап айтып жана, эң кызыгы, адамдын сөөгүн боз үйдөн алып чыгып кеткенден кийин ошол жерге от жандырып коймой адаттары бар экен. Бардыгы тең кыргыздыкындай эле, бир гана айырмачылыгы шам жагып коймой ырымы алардын өзгөчөлүгү. Ошол от жандырып койгону – өтүп кеткен адамдын жаны бир топ убакытка дейре ошол жерде болот деп ишенгендиктен, анын жанын тазартат деген анимистик түшүнүктүн калдыгы чыгар. Биздей эле ислам динин бекем сактап, шарияттын жол-жоболору менен жаназа окулуп, куран түшүрүлүп, бейишке-тозокко кетти деген ишеним менен жашашат экен.

Адам өтүп кеткенде аялы, кызы, келини тарбынан кошок кошуу да орун алган. Келининин кайненесине кошкон кошогунан:

“Кудурети күштү кудайым,
Ишке бир салды – ау күйүнүш.
Этип сапар шеккен соң,
Корадан кетти – аужилыс.
Белегир асып күн конды,
Белкудыкмаңы түн болды.
Доспын деп келген дүңгениң,
Адам эмес, жынболды.
Этимнен айрылып,
Жигерим менин күмболды.
Уйкусуз өткөн түн болду,
Күлкүсүз өткөн түн болду”.

Кыргыз кошоктору сыяктуу эле кошок дээрлик көпчүлүк убакта жакындары тарабынан кошулат экен. Бул жерде келини кайын энесинин өтүп кеткенине өкүнүп, кайгырганын жаратканга билгизип жатат. Кошок кошуу түшүнүгү көчмөндөрдө, айрыкча кыргыз элинде абдан сакралдуу мааниге ээ болгон. Анткени “кошуу” деген сөздүн этимологиясына токтолсок, анда бир нерсени бир жерден экинчи жерге кошуу дегенди түшүндүргөн. Адам өлгөндөн кийин аны тиги дүйнөгө кошокчулар өздөрүнүн ырлары менен кошуп атат деп кабыл алсак болот. Ошондуктан бул процесс көчмөн баласы үчүн эң бир негизги көрүнүштөрдүн бири десек болчудай. Ошол адамдын өтүп кеткенине кайгырып, муңун билгизип жатат. Мындай ой кыргыз кошокторунда орун алган:

Карчыга кушту качырдым,
Кара бир белди ашырдым.
Кадырман Өтө досумду,
Кара бир жерге жашырдым.

Эки кошокто тең адамдын карып калса да эрте өткөнүнө кайгырып, дагы да жасачу иштери бар эле дегидей өңүттө каласың.

Эки кошокто тең образдуу ой жүгүртүүлөр орун алганын баамдасак болчудай.

«Белегир асып күн конды,
Белкудыкмаңы түн болды».
(аларда)

«Карчыга кушту качырдым.
Кара бир белди ашырдым».
(бизде)

Анын үстүнө, кыргыз элинде да адамдын өлүшүн “күндүн батышы”жамандыктын келишин чагылдырган салыштыруулар өтө көп орун алган. Убакыттын аз болгондугуна байланыштуу ал жерде айтылган кошоктордун баарын жазганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Байлар өлгөндө кошокчуларды атайын алып келеби, бир гана аял кишилер кошобу деген сыяктуу суроолорго жооп ала да, жаздыра да албай калдык.

(Уландысы кийинки санда)

Сабыр уулу Амангелди,
КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият
институтунун кенже илимий кызматкери,
“Кыргыз тили”, 16.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.