КР Баатыры Миталип Мамытов: “Кубатты Кудай берет…”

Дүйнөдө эл аралык деңгээлдеги үч кесип бар. Ал кесиптерге тилмечтин кереги жок, жүрөк менен түшүнөт. Алар музыканттар, сүрөтчүлөр жана дарыгерлер. Мына ошол медицина тармагындагы эң татаал, мээге операция жасоочу чыгаан хирург, ак кызматы менен кыргыз атын алыска угузган улуу инсандардын бири – Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип Мамытов. Учурда ал Кыргызстандын нейрохирургдар ассоциациясынын президенти.

Ал бүткүл өмүрүн медицинага арнап келет. 200гө жакын илимий иштин, 28 окуу куралдардын, 5 монография, 8 ойлоп чыгаруулардын, 32 рационализатордук сунуштардын автору.

Миталип Мамытович, 77 жаш курагыңыз кут болсун!

– Менин өмүрүм 7 деген сан менен тыгыз байланышкан. Мисалы, быйыл белгилеп жаткан курагымдагы бул эки 7 гана эмес, маселен: мен 16-декабрда төрөлгөнмүн, 6 менен 1ди кошсо жети болот. Атым, жөнүм да жети тамгадан турат. Өлкөбүздө 7 дубан, жумада 7 күн, асманда Жетиген жылдызы, «жетинин бири кыдыр», «жети атаңды таанып жүр», «жети өлчөп, бир кес» деген макал бар. Негизи, 7 деген касиеттүү сан.

Туулуп-өскөн жериңиз, анда өткөн бала чак, окуучулук күндөрүңүздү эстегенде эмнелер көз алдыңызга тартылат?

– “Ар бир адамдын жүрөгүндө өз кичи мекенинин сүрөтү жашайт” дегендей, Ата-Журтуңдун, топурагы тутумдаш болгон айылыңдын өзүндө улуулук жатат. Айылыңдын шамалы, туманы, түтүнүндө да сыр катылгандай. Боз топуракта ойногон балалык кезим Ноокат районунун “Көк-Жар” айылында өттү. Атам киндик кан тамган жерди коргоп, согуштан кайткан жок. Эки жашымда атамдан айрылып, эненин тарбиясында өсүп чоңойдум. Бала кезде бир топ кыйынчылыктарды өткөрүп, оор турмушту баштан кечирдик. Турмуштун кыйынчылыгынан эт жегенимди көп эстей албайм, жүгөрү ундан жасалган нан жечүбүз, буудай нан жегенде эт жегендей сезчүмүн. Ушундай бир учурлар болгон. Бирок, канча кыйынчылык болсо да, мектепти жакшы баалар менен окудум.

– “Бул дүйнөдө менин азабымды тарткан бир гана адам бар, ал – менин апам” деп бир даанышмандын айтканы бар. Сизди ушул деңгээлге жеткирген энеңиз тууралуу айтып кетпесеңиз болбос..

– Эне жөнүндө айтуу – ардак! Менин бир арманым бала катары эне сүтүн актаганга жетишпей калдым. Окуунун артынан энеме көп көңүл буралган жокмун. Апам өтө жөнөкөй адам болгон. Колхоздо иштечү. Апамдын бир жакшылыгы такыр эсимден кетпейт. Мен 4-5-класста окуп жүргөндө бардар бир тууганыбыз “балаңды окутпай эле кой, менин малымды карасын, бир жылдык акысына бир кой, бир козу берем”,- деп суранганда, апам “балам окуп, билим алат” деп бербей койгон. Бул менин тагдырыма, турмушума бурулуш жасаган белги болгон экен. Эгер ошондо мени малайлыкка берип койсо малчы болуп, балким азыр деле малай болуп жүрмөкмүн. Ошон үчүн апама ыраазымын.

Эми теманы башка нукка бурсак… Сиз Бүткүл дүйнөлүк нейрохирургдардын ассоциациясынын мүчөсүсүз. Нейрохирургдардын конгрессине канча убакытта бир чогулуп, кандай маселелердин үстүндө иш алып барасыздар?

– Бүткүл дүйнөлүк конгресске ар төрт жылда чогулабыз. Европалык конгресс ар эки жылда, ал эми Борбордук Азия боюнча өзүнчө жыйылып турабыз. Анда мээден жаракат алгандар боюнча, мээнин ичиндеги шишик, инсульт ж.б. бир каралганда бир топ маселе козголот.

Мамлекетибиздеги нейрохирургиянын абалы кандай? Кечээки, бүгүнкү эртеңкисине кандай баа бересиз?

– Биринчиден, кесип катары, экинчиден, сабак катары, бардык жактан эң жашы. Анткени, нейрохирургия 1965-жылдан башталган. Өсүп-өсүп олтуруп, учурда абдан жакшы деңгээлге жеттик. Бүгүнкү күндө биздин тармакта 5 профессор нейрохирург, 30ка жакын илимдин кандидаты бар. Кадр боюнча коңшу өлкөлөрдү артка таштап, Европага жакындайлы деп турабыз. Бирок, оорулууларга түзүлгөн шарттар, медициналык аппараттар, жабдуулар боюнча арттабыз. Бүгүнкү, кечээки, эртеңкинин көйгөйү ушул..

Кыргызстанда нейрохирургия клиникасын ачууну максат кылганыңыздан кабардарбыз…

– Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин колдоосу менен нейрохирургияны өстүрөлү, орулуулардын шарттарын жакшырталы деген максатта клиника куралы, заманбап медициналык жабдыктарды алалы деп долбоор түздүк. Бул долбоорду Кувейт өлкөсү кабыл алып, 21 миллион доллар бөлүп бермей болушту. Долбоорду Өкмөттө, Жогорку Кеңеште коргоп, комитеттер, фракциялар карап, үч окууда колдошуп, жакында мыйзам чыкты. Мунун үстүндө 4 жыл иштедим. Алдыга жылдыруу өтө кыйын маселе экен. Колдон келген аракетти жасап жатам. Эгер бул бүтүп калса, буюрса, Орто Азияда биринчи көрүнүктүү клиника ачылат.

– “Диагноз так болсо, дарылоо бат” болот дейт. Оорулууларга так диагноз коюуда жетишкендиктер барбы?

– Азыр мээ оорусуна диагноз коюу абдан жеңилдеп калды. Себеби, Кыргызстанда компьютердик томография деген аппараттар көбөйдү. Адегенде 1972-жылы компьютердик диагностика мээ үчүн жаралган, мээ үчүн колдонулуп, мээни гана изилдеген. Андан кийин мүмкүн экен деп башка органдарга өттү. Кол менен кармап, көз менен карагандай компьютер диагностикасын жасаганы үчүн эки адам Нобель сыйлыгын алышкан. Компьютердик диагностиканын үч түрү бар: 1.рентгендик, 2.ядролук компьютердик, 3.ПЭТ. 1-2-си бизде бар, үчүнчүсү жок. Рентгенфик томография менен ядролук компьютердик томография диагнозду коюп, оорунун түсүн, жумшактыгын, оору мээ менен кандай мамиле кылып жаткандыгын, дарттын канчалык өлчөмдө, канчалык тереңдикте жайгашканын даана, так аныктап берет. ПЭТ болсо мээнин иштеп турганын билип берет. Маселен, оң кол көтөрүлгөндө мээнин кайсы жери иштегенин көрсөтүп коёт. Буюрса, бул аппарат да жакынкы күндөрү бизге келип калат. Нейрохирургияда диагноз коюу боюнча кыйынчылык жок.

Дарт жашарып баратат дегенге кошуласызбы?

– Мээнин шишиги жашарган жок, мурдагыдай эле. Болгону, азыр диагноз жакшы коюлганы үчүн жаш оорулуулар көп болгондой сезилип жатат. Мурдагы адамдар Кудай берди, Кудай алды деп ден соолугуна карачу эмес. Азыр эл дагы, врачтар дагы алда канча сабаттуу боло баштады. Тилекке каршы, жаштар арасында инфарк, инсульт менен ооругандар, мээден жаракат алгандар арбыды. Азыр жаштардын ден соолугуна уюлдук телефон, телевизор, интернеттин терс таасири тийип жатат. Турмуштун кыйынчылыгынан стресс болуп ооруп калгандар да жок эмес.

Сиздин “Мээ да жашын төгөт” дегениңизди бир маектен окугам.

– Мээни көп жолу кармап көрүп, ушундай ойго келгем. Мээ ыйлаганда абдан катуу ыйлайт. Мээ өтө кыйналганда кан шолоктоп ыйлайт. Көз алдыңда мээ жарылып кетет. Операция учурунда кокустан мээни чочутуп, кыйнап койсоң, анда аны жоошутууга болбой калат. Ошол учурда мээ “көз жашын төгөт”.

Мээ шишиктеринин алдын алууга болобу? Мээ менен иштөө өтө кооптуу эмеспи? Бир операция канча убакытка созулат?

Мээ шишиктерин алдын алуу өтө кыйын, алдын ала албайсың. Кээ бир дарттын алдын алса болот, кээ бири тубаса оорулар. Суукка кабылып калуудан жакшылап сактанып, ар дайым жакшы маанайда жүрүү керек.

Сөөктү ачып, мээни ачыш жеңил. Муну биз медицинада “кустарный” жагы деп атайбыз. Ошол сөөктү ачкандан кийин мээ менен иштөө, анын дартын изилдөө бул чоң адистикти талап кылат, ошол убакта иш башталат. Ушул учурда кандай нейрохирург экениң билинет. Негизи көп адамдар баш сөөктү ачса мээнин оорусу көрүнүп турат деп ойлошот, андай эмес. Дартты мээ катып, бекитип алат. Аны табабыз, тапкандан кийин аны кантип алып чыгуу маселеси көтөрүлөт. Бул учурда оору мээге желим сыяктуу жабышып алган болот. Ошону алуу өтө кыйын. Күнүнө, кээде, 2-3 операция кылабыз. Бир операция 2,5-3 саатка созулат. Кыйын, татаал операциялардын баарын өзүм кылам.

– Көз жаш жүрөктөгү музду эритет экен. Жашыксызбы?

– Жашыкмын. Барган сайын жан дүйнөң анча-мынча ыйлагысы келип турат экен, өзүңдү араң кармайсың. Апамды, атамды эстегенде жан дүйнөм эңшерилип, бошоп кетем.

– Сөз баккан, жигиттей тың бийлеген, 80дин кырына келип калсаңыз да шатыра-шатман шайдоот жүргөн кишисиз. Мындай күчтүү кубатты кайдан аласыз?

Кубатты Кудай берет. Анан адамдын ички каалоосуна байланыштуу болот. Жакшылык жасайм, бирөөгө жардам берем деген каалоо менен дайыма эмгек кылыш керек. Мен медокуужайда да, институтта да 6 жыл бою бир 4 албай, жалаң 5 менен окудум. Бул да болсо менин окууга болгон кызыгуумдун, каалоомдун, алдыга койгон максатымдын натыйжасы. Ошондуктан, адам ар бир жумушка жан дүйнөсүн берип, иштеш керек.

Агай, сиздин “великолепная семёрка” деген досторуңуз бар деп угам. Кыргыздын тирүү тарыхы болгон улуу инсандар менен кандайча биригип, достошуп калдыңыздар?

– Менин 7 шеринелешим бар. Анын арасында Баатырлар, академиктер (Т.Садыков, Д.Маматканов, М.Кедебаев) бар. Буюрса, 10 жылдан бери биргебиз. Ушул инсандар менен тагдырлаш, табакташ, замандаш болуп, бирге жүргөнүмө сыймыктанам. Биздин президентибиз Аскат Абдылдаев. Экинчи лидерибиз Тургунбай Садыков. Булардын айтканынан чыкпайбыз. Бул улуу инсандар менен отуруп, сүйлөшүү өзүнчө бир ырахат. Ар бири өзүнчө гениалдуу личносттор.

– Чарба иштерине кандайсыз?

– Бир жумада бир жолу дачага барып, самоорго чай кайнатып ичмейинче курсагым тойбойт. Кышында кар күрөйм, жаз-жай-күз мезгилинде бак отургузуп, дарактарды бутап, сугарып эмгектенем.

Маектешкен Жылдыз Бороева, «Кыргыз тили», 16.12.2016-ж.

Соц тармактар:

КР Баатыры Миталип Мамытов: “Кубатты Кудай берет…”: 1 комментарий

  • 22.12.2016 в 19:10
    Permalink

    Урматтуу Миталип ага!!! Ар таңда ойгонуп сизге амандык, ден соолук, ийгиликтерди тилейм. Бар болуңуз. Эгер сиз болбогондо бул учурда мен жер үстүндө басып жүрбөйт элем.

    Ответ

Добавить комментарий