Бурулкан Сарыгулова, акын: “Жүрөгүм ачык бүгүн сырдашууга”

16-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда эки чоң поэзия кечеси болгонун белгилеп кетели. Күндүзгү саат экиде кыргыздын залкар акыны Турар Кожомбердиевди эскерүү кечеси чоӊ залда (ал тууралуу гезиттин 14 -бетинде), экинчиси кичи залда кеч бешимде дагы бир таланттуу акын жана журналист, “Азаттык” медиа мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулованын “Жүрөк шыбыры” аттуу поэзия кечеси өттү. Эки иш-чара тең дегдеп көрчү кечелерден болуп, уюштуруу жагынан жогорку деңгээлде, ырдын аркасынан адам эс алгыдай, жан дүйнөсүн тазарткыдай маанайда өттү.

Бурулкан Сарыгулованын ыр кечесин “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду уюштурган. Сөз ушул туурасында болсун.

Бурулкан тууралуу бир ооз сөз

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду кийинки мезгилде бир катар поэзия кечелерин өткөрүп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көкөлөтүп келет. Буга чейин акындар Кыялбек Урманбетов, Майрамкан Абылкасымова, Бактыгүл Чотурова, Жыпар Исабаеванын жана башкалардын ыр кечелери өткөн, 16-декабрда Бурулкан Сарыгулованын ыр кечеси өтсө, жакын арада КР эл акыны Сагын Акматбекованын ыр кечеси өтмөкчү.

Таланттуу акын жана белгилүү журналист Бурулкан Сарыгулованы студенттик күндөрүнөн бери таанып билебиз. Көл кылаасынын Жети- Өгүз жергесинин Кичи-Жаргылчак айылынан келген кыз Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган 1983-жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттарында талыкпай эмгектенип келе жатат. Бүгүнкү күндө ал – “Азаттык” медиа мекемесинин башкы редактору. Бурулкан Сарыгулова коомчулукка журналист катары гана таанылбастан, акын катары да белгилүү болуп, бир катар ыр жайнактарын чыгарган. Эми “Жүрөк шыбыры” аттуу поэзия кечесинде көрүүчүлөрдү канаттуу ырлары менен өзүнө тартып, арбап алды.

 

Кечеге келбегендер арманда

Филармониянын кичи залы – “Жүрөк шыбырын” угууга келген публика үчүн ыр дүйнөгө сүңгүп кирип кетүүгө ыңгайлуу, чакан зал. Бурулкандын ыр кечеси да мурунку салтты улаган маанайда өттү. Балким мурунку кечелерден деңгээли жагынан дагы бир тепкичке жогорулады. Кечени Мирлан Самыйкожо кемелине келтирип алып барып, Бурулкандын өзүнө ыр куржунун сөктүрдү. Бурулкандын ырларынан өзү өскөн доорго тиешелүү бала чагы, аны курчаган ажайып дүйнө, чоң энеси, ата менен эне, курбу-курдаштары, ууз сүйүү, турмуштун ар бир баскычындагы акындык сезим, акындык көз караш, акындык жан дүйнө жетелеп жүрүп олтурду. Поэзия кечеси театрлаштырылып, ошол акындын алыста калган бала чагындагы жана андан кийинки доорду көзгө таасын тартып турат.

Эл ыр дүйнөнү бир дем менен аралап жүрдү. Жаш актерлор кезеги менен ырга, эскерүүгө кезек берип турду. Ал эми бир топ көрөрмандар акын өзү, актердук чеберчилиги жок эле окуп бергени жакшы эле деп олтурдук. Айтор, акындын ырларын ким окуп бербесин, адамдын жан дүйнөсүн аралап, агартып, тазартып, маанайын көтөрүп же ар кандай сезимдерге кириптер кылат. Сөз бермети образдарды, элестерди ачып берип, акындын бирде шайыр, бирде муңайым дүйнөсүнө жетелеп киргизип-чыгарып жатты. Айтор, кечеге келбегендер арманда калгыдай эле.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн баары акындын аялуу дүйнөсү, дарамет-шыгы тууралуу сөз козгошту. Залдын ичинен да анын ырларын жат айткандар чыкты. Мындай керемет поэзия майрамын байма-бай тартуулап келаткан “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондуна алкыш айтуу керек дешти.

Төмөндө биздин гезит окурмандарына таланттуу акын Бурулкан Сарыгулованын ырларынан жана Улан Асаналиевдин кечеден тартылган сүрөттөрүнөн сунуштай кетели. Биз аралаган дүйнөгө сиз да баш багып көрүңүз, окурман.

Айгүл Бакеева, «Политклиника»

 

Бурулкан Сарыгулова

ӨМҮРГӨ

Кандай кымбат, өмүр, сенин базарың,
Эңсегенди бербей, алып мазаны,
Бир ирмемде урап калып миң кыял,
Канча жылдык болот анын азабы.

Өмүр, өмүр! Кээде тозок өтмөгү.
Кээде укмуш кубулжуган көктөмү.
Таалайын таап, а кээ бири жоготуп,
Кимдер сени алкап, каргап өтпөдү.

 

МЕНДЕГИ МЕЗГИЛ

Жазасын тартып көктөбөй калган көп ырдын,
Арасат жолдо көкүрөк турат жанчылып.
Четтетип аста адашкан да бир тагдырды,
Иретин бузбай узады, ана, ай жылып.

Шамалдай ыкчам. Мынчалык неге күн учат?
Ачылбайт окшойт купуя дүйнө түйүндүү.
Миң түрдүү гүлдөй тилектер эми миң кучак,
Ишке ашпай калды. Убакыт тартыш. Күбүлдү.

Ээ кылбай такыр жыл кетип жатат жүгүрүп,
Эскиртип баарын, адамдын өзүн ал тургай.
Калчаган тирлик кыялды турат бүлдүрүп,
Опаасыз дүйнө түбөлүк колдо калчудай.

 

АЯЛУУ БИР КҮН

Кезинде тилектердин баарын жайып,
Жүзүбүз сүйүнүчкө батпай жанып,
Бапырап күткөн ушул күндү бүгүн,
Узаттым да бир ирет жолго салып.

Жыл бою ушул күндүн илебине
Жылынып, азык алам гүл өңүмө.
Ал учур кайтпайт. Билип турсам деле
Таң берем үзүлбөгөн күдөрүмө.

Жүрөгүм ачык бүгүн сырдашууга.
Аялуум, баары сенин урматыңа.
А бирок, конокторго айткан жокмун,
Дасторкон жайылганын кыйбасыма.

 

СЕНСИЗ ЭЛЕ ЖАШАП КЕЛЕ ЖАТАМЫН

Канча жылдар коюнунда капанын,
Күтүп, эңсеп, дегдеп сени жашадым.
Тирүүлүккө көп акаарат келтирип,
Келчү деле эмес эле жашагым…

Боройлогон махабаттын азабын,
Тартуу экен эң күчтүүсү жазанын,
Бүттү баары, «өлдүм» дегем ошондо…
Сенсиз эле жашап келе жатамын.

Өз нугуна салып жашоо мыйзамы,
Мезгил-дары эс-учумду жыйнады.
Мени сүйгөн жандын туусун көтөрүп,
Суктандырып жашап калдым кыйланы.

Бирок, билбейм качан мени куткарат,
Көөдөнүмдө турган бир дарт тытмалап.
Кучагыңа кулап түшкүм келгенде,
Тозок болот, тозок болот уктамак.

 

* * *

Чиймелеп, сызып, айрып санаа-ырды,
Түгөтүп жатам өмүр барагымды.
Айсыз түн, сокур чырак жолдош кылат
Салбырап жерге түшкөн кабагымды.

… Жөлөгүм келип турат азыр сага
Ыргайдай муун-жүүнсүз караанымды.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.