“Айт, Шаке, мени укпаган эл сени угаар…”

Мектептеги, окуу жайлардагы салтанат-жыйында окуучулар менен студенттерге “Урматтуу мырзалар жана айымдар!” деп кайрылуунун өзү канчалык уят. “Айым” деген “аял” деген эле сөз, ал 45 жаштан өткөн аялзатына карата айтылат. Ал эми окуучулар менен студенттер жапжаш улан-кыздар эмеспи. “Алдагы боюнда бар аялга орун берсеңер боло” дейт коомдук унаада. Догдурлар деле “боюнда бар аял” деп сүйлөп калышты. Өңгөнү билбейм, жыйырмалардагы жаш келинди аял дегендери мага өөн эле угулат. Менимче, илгери 45-50 жаштын тегерегиндегилерди “аял” деп атап, ага чейинкилерди “келин” дешчү. Ал эми азыр “женщина, мужчина, молодой человек” деген орусча сөздөрдүн таасири менен бардыгын эле “аял”, “эркек”, “жаш адам” деп атай баштадык.

“Мырзалар жана айымдар” деген жакшы сөз. Бирок, ушул сөздү студенттерге, мектеп окуучуларына карата колдонуу таптакыр туура эмес деп дагы бир жолу айтам. Аларды “Уландар жана бийкечтер”, “Жигиттер жана селкилер” десек эң эле туура келет. Ал эми “мырза” деген сөз бардык эле адамдарга туура келбейт.

Дегеле, кыргызда адамдарга кайрылууда колдонулуучу эң сонун аталыштар бар. Алар: жигит, улан, аксакал, карыя, байбиче, аба, байке, аке, үкө, энеке, эже, жеңе, апче, кызым, карындаш, уулум, балам, майда балдар-кыздарга карата: чоң жигит, чоң кыз ж.б.

Мына ушул сыяктуу ойду көп жылдан бери эле айтып, ар кайсы басма сөзгө жазып эле жүрөм. Бирок көңүл бурган бир жан жок. Бул менин туура эмес айтып жатканымданбы же окурмандардын кайдыгерлигиби, же болбосо эч ким гезит, китеп окубай калганбы, айтор, билбейм.

Бирок, чукулда ушул ойду окуп алып абдан кубандым. Анын биринчисин “Тил жана маданият” гезитине белгилүү журналист-энциклопедист, философ изилдөөчү Тайлак Абдылдабеков жазыптыр. Ал адамдын жаш курагын чечмелеп, аялзатына карата: 15-16 жашты – селки, 18ден жогоруларын – бийкеч, андан өйдө кеткенде – келин, айым (катын), кемпир, эркектерге карата: 15-16 жашты – бозой, 17-18 жашты – улан, 18ден жогору – жигит, андан ары – азамат, киши, чал деп айырмалайт дептир.

Ал эми “Кыргыз тили” гезитинин 2016-жылдын 16-декабрдагы санына “Кеп маданияты” деген рубрика менен “Ойноп жазсаң да, ойлоп жаз” деген темада айтылуу Эл акыны Шайлообек Дүйшеев жазыптыр. Анда мындай айтылат: “Кыргыз бойго жеткен кыздары тургай, деги эле кыздарды эч качан “айымдар” деген эмес. Бойго жеткен кыздарын “кыздар”, “бийкечтер”, “селкилер” деп атаган. Беш көкүл кызды же күйөөгө тиелек кызды “айым” деп атаган шылдың. Мунун шылдың экенин, тилекке каршы, бүгүнкү кыздар да, жигиттер да, журналисттер да билишпегени өкүнүчтүү. Эгер мунун маанисин түшүнбөгөндөргө түшүндүрүш үчүн одоно салыштырууга туура келсе анда “байталды – бээ” деп, “музоону – уй” деп, “күчүктү – дөбөт” деп атагандай эле кеп”.

Кудай жалгаган Шаке, ушул сөзүңдү кайра-кайра “Азаттыгыңдан” айтып, башка гезиттерге да байма бай жазчы. “Орусча сүйлөсө таасирдүү угулат” деп Салижан Жигитов айткандай, мен айтканга караганда сенин айтканың элге-журтка таасирдүү эмеспи.

Сереңдеп ойноп жүргөн окуучу кыздарыбызды өзүбүз эртелеп эле аялга айландырбайлычы, “ырооңжыроо болуп, ыйласаң атаң өлүп” дегендей, ансыз деле окуучу кыздарыбыздын төрөп койгон учурлары болуп жаткан азыркы заманда сөзүбүздү да, өзүбүздү да бузганга өзүбүз шыкакчы болбойлу.

Ысмайыл Кадыров,
жазуучу, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер,
“Кыргыз тили”, 23.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.