Эдгар Понун мистикасы

Эдгар Аллан По – америкалык жазуучу, акын, адабият сынчысы. XIX кылымдын 1-жарымында жашаган Эдгар По Америка адабиятында романтизмдин дарканы, кыска жана коркунучтуу аңгемелердин теңдешсиз чебери катары таанылган.

Эдгар Алан По (18-январь, 1809, 7-октябрь, 1849). Американын уулу акын-жазуучуларынын бири. Адабият жөнүндөгү пикирин калемгерлерге түз айткан кабылан.

Эдгар Пону атактуу англис жазуучусу Артур Конан Дойл детективдик аңгемелердин атасы, пири деп атаса, дүйнөлүк адабияттын дөө -шааларынын бири Федор Достоевский “Адамдын ички дүйнөсүнүн абалын Эдгар Подой иликтеп жазган эч бир жазуучу жок жана кыялдагы нерсени чындай кылып жазууда ага бир жазуучу тең келе албайт” деген.

Анын кара сөз түрүндө жазылган «Эврика» деген поэмасын улуу окумуштуу Альберт Эйнштейн “шамалдай эркин акыл ойдун кооз жетишкендиги” деп баалаган. Эдгар Пону чыгаан фантаст-жазуучулар Жюль Верн менен Герберт Уэллс өз устаттары деп тааныган. Атурсун Достоевскийди да Эдгар Понун окуучусу деп ырастаган адабиятчылар бар. Минтип ысымы адабият мейкиндигинде чолпон жылдыздай жанган көп кырдуу талант болгону 40 жыл жашап, этеги тизесине жетпей жүрүп, түшүнүксүз жагдайда жайран болгон.

Ошентип Европа поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү Шарль Бодлер өкүнүч менен белгилегендей, Эдгар По бешенесине табышмактуу бир белгилер менен “жолсуз шордуу” деп жазылып калган акын-жазуучулардын катарына кирет.

1949-жыл. 3-октябрдын кечи. АКШнын Балтимор шаары. Доктор Жозеф Снодграсс жанын бушайман кылган кат алды.

– Урматтуу сэр! Райана тавернасындагы 4-округдун шайлоо участогунда Эдгар А. По деген ысым менен белгилүү кебетеси азган-бозгон жентельмен сизди тааныйм деп айтууда. Сыягы анын абалы абдан эле оор. Мен сизге чынын айтам: ал тез жардамга муктаж. Шашып жаздым.

Сизди чын дилимден урматтап Жоз У. Уокер.

Доктор Снодграсс Эдгар Пону жакшы билгендиктен, кармалбай тавернага жетип келди. Ал мезгилде АКШда шайлооканалар таверна же ресторанда жайгашчу.

Келсе, Эдгар По тили күрмөөгө келбей, эс-мас абалда кыймылсыз жатыптыр. Жазуучу ошол замат чукул жердеги ооруканага жеткирилет жана тилге келип-келбей, 7-октябрдын таңында жан берет. Эртеси маркумдун сөөгү Westminster Hall and Burying Ground мазарына, чоң атасынын мүрзөсүнүн жанына коюлат.

Күбөлөрдүн айтымында, туткасыз, арзан табыттын бетине Эдгар Понун аты-жөнү жазылбаганы аз келгенсип, башына жаздык жаздалбайт, бетине тукаба жабылбайт. Ушинтип өз Элдорадосун издеген жазуучунун сөөгү отуз жылдай мурда жазуучулук карьерасы башталган Балтимордон орун табат. Ал кезде Балтимор Кошмо Штаттын үч чоң шаарынын бири эле.

Сүйүктүү жары оорудан көз жуумп, жесир жүргөн Эдгар По капилет ажал албаса, 17-октябрда экинчи жолу үйлөнмөк. Ал тойго кам көрүү үчүн 27-сентябрда Ричмон шаарынан кемеге түшүп, Балтиморго келген. Андан ары Нью-Йоркко кетмек.

Эдгар По жайга берилгенде жарды туугандары мүрзөгө эч кандай белги да коюшкан эмес. Виргинияда жашаган мээрман кайненеси Мария Клемдин аракети менен балтиморлук туугандары тургузган эстелик ташы он жыл айланып-айланбай сынып жок болот. Мына ошондо жергиликтүү мугалим Сара Райстын демилгеси менен жаны эстеликке Балтимордо жана башка шаарларда акча чогултулуп, 1875-жылы 1-октябрда жазуучунун сөөгү мазардын чиркөөсүнө чукул жерге кайра көмүлөт жана монумент тургузулат. Эстеликтин баасы ошо кездеги пул менен 1500 доллар болгон.

Бул эстеликтин ачылыш салтанатына көптөгөн америкалык акындар менен жазуучулар расмий түрдө чакырылса да, Америка поэзиясынын реформатору, По менен учкай тааныш Уолд Уитмэнден башка жазуучулар сыпайы шылтоолорду айтышып, мааракеге келишпейт. Себеби Эдгар По алардын чыгармаларын бир кезде ачуу сындаганын жана тирүүсүндө “башы не чатактан, не арактан чыкпайт“ деген калбыр тагынган адамдын көзү өткөндөн кийин да даңкы күчөп жатканын алар 25 жылдан кийин да кечире алган эмес.

Бул бирок Эдгар Пого болгон кызыгууга кыпындай да тоскоол болбоду. Чыгармалары дүйнөнүн түрдүү тилдерине которулган жана ушул күндө да которулуп жатат. Издемчил калемгердин сүрөтү түшүрүлгөн маркалар жана монеталар ар кайсы өлкөлөрдө чыгарылган. Анын чыгармалары боюнча 50дөн көп көркөм фильм, ондогон телефильмдер, 100дон ашык музыкалык чыгармалар, анын ичинде опералар менен мюзиклдер жазылып, сахнага коюлган.

 

Эдгар Понун музейи

Балтимор жана андагы үй По үчүн маанилүү жай. 1833-жылы жергиликтүү Baltimore Saturday Visiter жумалыгы өткөргөн конкурста анын “Бөтөлкөдөн табылган кат” деген аңгемеси баш байгени жеңип, 50 доллар утуп алат. Ал эми “Колизей” деген поэмасы бул сынакта экинчи орунду ээлейт. Эдгар По 1835-жылы Ричмон шаарындагы Түштүктүн адабий элчиси (The Southern Literary Messenger) журналына редакторлук кызматка чакырылганга чейин таежесинин үйүндө турган. Бул тарыхый үйдө азыр жазуучунун жупуну музейи жана Балтимордогу Эдгар По коому жайгашкан.​

Эдгар Понун үйү жана музейи
Эдгар Понун үйү жана музейи

Кыш үй сыртынан үч кабаттуу көрүнөт. Ичинен эсептегенде төрт кабат жана бөлмөлөрү тар. Чатыр астындагы Эдгар По жашаган бөлмөгө эки бүктөлүп жатып киресиз. Бөлмөдө жалгыз ак боз менен жабылган жыгач керебет. Анын жанында узун кончтуу кызгылт булгары өтүк турат. Башка эч нерсе жок.

Эдгар Алан Понун үйү жана музейинин директору Лиза Левенз (Lisa Lewenz, Director Edgar Alan Po House and Museum) менен 10-декабрда кездешип, музейдин иши жана Эдвар Понун чыгармачылыгына байланыштуу сүйлөштүк.

Лиза Левенз: Үй жана музей шаарга карайт. Ошого көп жылдардан бери өзүн өзү салыкчылардын эсебинен каржылачу. Анан музей өзү да ишкерлик кылсын деп чечилди. 2011-13-жылдары музей жабык турду. 2014-жылдан бери Балтимор фонду музейди иштетип башкарууну өзүнө алды. По Балтимор кирешесиз уюм. 2014-жылы Эдгар Понун туулган күнү 19-январды утурлай жана өлгөн күнү 7-октябрга чукул кыска мөөнөткө ачылган. Анан коомдун башкаруу кеңеши интервьюнун негизинде мени директорлукка тандады. Мен үчүн кубанычтуу бул окуяны учуру келгендиктен сизге айтууга аргасызмын. По Балтимор коому толук бойдон ыктыярдуу мекеме болгондуктан башкаруу кеңешинин мүчөлөрү дагы ыктыярдуу адамдар. Мен бош убактымда келишим боюнча башка жайда эмгектенем. Үй музейде жалаң ыктыярчылар иштейт. Алар билет сатышат, чакан дүкөндү тейлешет. Биз билеттен түшкөн каражаттан башка да грантка үмүт кылабыз.

“Азаттык”: Демек, үй жана музей демөөрчүлөрдүн пулу менен билеттен түшкөн каражатка жашайт турбайбы?

Лиза Левенз: Музейге кирүү акысы 5 доллар, ал эми кары адамдар менен балдарга 4 доллар. Каалагандар кээде көңүлүнөн чыккан акчасын берип кетет. Адамдар Эдгар Понун үй музейин көргөнү келип жатканын жыл башында Башкаруу кеңешине айттым. Ошого музейди демейдегидей майда эмес, бир ай эрте, апрелден баштап ачтык. Май айынан тарта жума күндөрү да музей ачык болду. Мурда музейге жыл бою 5 миңден ашык адам келген эмес. Быйыл ал сан 10 миңге жетти. Бир жумада 15 саат иштеп жатканда, мынча адам келгенине биз сыймыктанабыз.

“Азаттык”: Адамдар эмне үчүн Эдгар Пого кызыгат?

Лиза Левенз: Менимче, ал баарынан мурда чолпон жылдыздай жазуучу. Эдгар По мындан 167 жыл мурда өлсө да тили эскирбей, сезимтал бойдон калган. Ал жалпак тил менен жазган керемет калемгер. Көпчүлүк жазуучулардын тили эскирет деп ойлойм. Эдгар Понун тили адамдын дилин козгоп, ойдолоктотуп жиберет. Ошого ал дүйнөнүн чар тарабындагы түрдүү курактагы адамдар үчүн кызыктуу. Ошон үчүн бизге дүйнөнүн ар тарабынан адамдар келишет.

Бул үй музейде Эдгар По карьерасын баштаган. Кошмо Штаттарда Эдгар Понун үч музейи бар: Ричмонддо, Филадельфияда, Нью-Йорктун Бронксунда. Бул үч музей тең белгилүү.

Эдгар По Балтиморго 22 жашында келген. Карьерасын ушу жерден баштаган. Өзүңүз көрдүңүз: бул туристтер аяк таштабаган абдан жупуну район. Бирок адамдар Эдгар По кандай жашаганын көрөлү деп келишет. Эң маанилүүсү үй музейге эки жыл илгери тарыхый архитектуралык объекттердин өз заманына канчалык шайкеш экенине баа берчү архитектор келди. Ал жазуучу жашаган үйдүн 1830-жылдан бери өзгөрүлбөй сакталганын ырастады. Үйдүн ашканасы, жылуулук системасы эзелки калыбында эч өзгөрүүсүз турат. Үй жазуучу өлгөндөн бери бир аз гана өзгөргөн.

“Азаттык”: Үй музейде экспонаттар аз экен. Коноктор ага байланыштуу эмне дешет?

Лиза Левенз: Ырас, бизде экспонаттар көп эмес. Эдгар Пого тиешеси бар төрт түрдүү буюм бар. Жазганда барактын астына коюлган атайын тактай, фарфор жана айнек идиштер, отургуч жана телескоп. Биз жазганда төшөлчү тактаны lap desk деп атайбыз. Анын бетинде сыя челек, соргуч, калем сап, барак, калем, калем учтоочу маки үчүн орун бар. Мунун баары анын өмүрү менен байланышкан. Башка музейлерде Эдгар Понун өздүк буюмдары көп. Бизде жок. Бирок бизде Эдгар Понун өмүрүн ал жашаган мейкиндик эскерип турат. Бул үй адамдар коктейл ичип отуруп, сүйлөшүп кетчү жай болгону менен маанилүү деп ойлойм. Алар Эдгар По жөнүндө, чыгармалары жөнүндө ой бөлүшөт, суроо беришет. Ар айдын экинчи жекшембисинде түштөн кийин Понун чыгармаларын окуйбуз. Актерлер анын ырларын же аңгемелерин окуйт. Жыйын өтө жандуу өтөт.

Лиза Левенз айым жазуучунун Үйү жана музейи ишемби-жекшемби күндөрү гана иштегени менен быйыл апрелден бери 10 миң адам келгенин баса белгиледи.

Лиза Левенз: Биз жумасына 15 саат ачылабыз. Ошентип жыл башынан бери 10 миң адам үй музейге келди. Бир саатта 19 адам келип кеткен. Үй музейге 20 гана адам батат. Көпчүлүк тарыхый музейлер дем алышта 15 адам келсе сүйүнөт. Бизге ар бир беш саатта туруктуу түрдө 100дөн көп адам келип турат.

Эдгар Понун туулган күнүн, дүйнө салган күнүн майрамдайбыз. Бул күндөрү юбилейлик мааракелерин өткөрөбүз. Америкада Хэллоуин майрамы бар. Ал майрам караңгынын коркунучунан улам пайда болгон идея. Ошо Хэллоуин күнү Black Cat Ball майрамын өткөрөбүз. Бул майрамга келгендер атайын костюмдарды кийип, жазуучунун чыгармасындагы коркунучтуу окуялардын каармандары болуп ойношот. Ал эми Эдгар Понун өлгөн күнүн майрамдоону Потобер деп атайбыз. Себеби, Эдгар По 7-октябрда өлгөн. Эдгар Пого арналган ушундай программаларыбыз бар.

Эдгар Алан Понун үйү жана музейинин директору Лиза Левенз айымдын сөзүн толуктай кетейин. Жыл сайын Эдгар Понун сөөгү жаткан көрүстөндө жазуучу өлгөн күнү 7-октябрда ага арнап, атайын оюн-зоок уюштурулуп, музыканттар жана ырчылар концерт берет. Жергиликтүү эл өздөрү жасап келген даамдарды сатат. Сыра ичилет. Түнкүсүн от жагылып, көрүмчү-албарстылар жөнүндө чакан спектаклдер көрсөтүлөт. Каалоочулар үчүн мазар ичинде экскурсия уюштурулат.

* Эдгар По 1833-35-жылдары Балтимордун четинде таежеси Мария Клеммдин үйүндө жашаган. Алты жылдан кийин По таежесинин кызы Виржиния менен баш кошуп, боорукер жана камбыл таежеси ал үчүн камкор кайненеге айланат. Мария Клэмди жазуучу апам деп атап, ага бир ырын арнаган.

Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 04.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.