Улутубузду, өз жерибизде коргогонго укугубуз калдыбы?

Билим берүү академиясында иштеген кезимде кыргыз адабиятынын хрестоматиясын жазганбыз. Бизге кыргыз адабиятынын классиктерин алып, жеңил-желпи нерселерди койгула деген кадимкидей көрсөтмө келген. Айла жок ошондой кылганбыз.

«Манас» эпосубузга арналган экинчи отурушта тегерек үстөлдү уюштурган «Сереп» изилдөө институтунун, «Кереге» жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунун координатору Искендер Ормон Манастын «колдогу алтындын баркы жок» болуп унутта калышы кыргыз үчүн ачуу жана кайгылуу көрүнүш. Бирок муну адабиятчы, мугалимдерге же Манас таануучуларга түртө салып, аларды күнөөлөп отура берүү да туура эмес деген пикирде Ал: «Биз кыргыз, Кыргызстан мамлекети катары кайда баратабыз? Өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүздү сактагыбыз келеби?» деген суроону койсок, Манассыз бул баалуулуктар сакталбай каларын сезебиз. Манас биздин улут катары сакталып калуубузга азык берген негизги булак экенин сезип, «Мен мекенчилмин, кыргыз катары сакталып калгым келет» дегендин баары өзүнүн жеке көйгөйү катары көрүүсү керек. Ошондо кыргыз баласында Манасты башкаларга жеткирүү каалоосу, изденүү пайда болот. «Эмне үчүн кыргыздын баары буга кайдыгер? Башка улуттар өз баалуулуктарын сактап, жаштарына кантип тааныткан? Биз кандай доордо жашап атабыз, бул доордун өзгөчөлүгү эмнеде?» деген суроого жооп изделет чыгар», – деп маселени ортого таштады.

 

Манастын таанытуу жолдору

Мурунку отурушта айтылганда Манас тууралуу миңдеген илимий изилдөөлөр жарык көргөнү менен, алар элдин калың катмарын Манаска багыттай албай келет. Филология илимдеринин кандидаты Курманбек Абакировдун эпосту таанытуу үчүн: «Жер-жерлерде иштеп жаткан мугалимдерди чакырып, «Манасты» класска жараша окутуунун оптималдуу вариантын чыгаруу керек. Анан тил, адабият жана тарыхыбыз менен бирге программа кабыл алып, «өзгөртүүгө эч кимдин укугу жок деген чектөө менен мыйзамга киргизип коюу керек. Биз өз улутубузду, өз жерибизде коргогонго укугубуз бар» деген оюн коштогон Билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиев билим берүү стандартына Манасты өзүнчө предмет кылып киргизүү бул жеткирүүнүн эң таасирлүү жолу. Жок эле дегенде мектеп компонентине «Манас таануу» сабагын 1-ден 11-класска чейин жумасына 1 сааттан киргизүү керек деген оюн айтып, эпосту жеткирүүдө колдонуп келген төмөнкү ыкмасы менен тааныштырды: «Каныкейди» мен кичине китеп кылып чыгардым. Нарындык бир ишкер 1000ди сатып алып Нарынга таратты, Жалал-Абаддан бир келин 2000ди чыгартып алып, облустун ар бир мектебине 5тен берип чыкты. Таластык жигит келип, 400дү алып кетти. «Нуска» китеп дүкөнүнөн да сатылып кетип жатат. Ушундай чакан китептер жакшы тарайт экен».

Филология илимдеринин кандидаты Гулбара Сыдыкова Славян университетинде «Манасоведение» деген орусча сабак берерин, окугандын көбү башка улуттагылар экенин, алардын көбү башында «мындай сабактын бизге эмне кереги бар» деп шок кылганын айтып: «Кийин түшүндүрүп кирдим. Үрп-адатыбыздан алыстап кеткен бирин-серин кыргыз балдар эки-үч сабактан кийин алдынкы парталарга отуруп калышат. Сабакка келбеген балдар «Манасоведениеге» келишет. Манастагы баалуулуктарды айтканда баары кызыгып окуй башташат», – деп Манастагы баалуулуктар баарын кызыктырарын далилдеди.

Советбек Байгазиев агай Манасты мектепке киргизгиле деген мыйзам бар экенин, бирок Манас сабагын өтчү 50 мугалим Арабаевде даярдалып, мектепте иш таппай, талаада калганын кабарлап: «Казактар Абайдын бир том чыгармасына 1950-жылдары эле «Абай таануу» академиясын, кафедра, институт ачып алган. Биздин академияда «Фольклор жана Манас» бөлүмү гана бар. Китептер чыкканы менен жылдан-жылга Манасты билгендер азайып баратат. Учурда Манас мектептин он бир жылына болгону 60 саат берилген», – деген арманын айтты.

Искендер Ормон милдет катары жүктөө менен бирге жаштарды өз каалоосу менен Манасты сактап калууга кызыктыруу керек экенин. Жасалма интеллект пайда болгон доордо өтө тездик менен кетип бара жаткан мезгилди биз токтотуп кала албайбыз деген оюн айтып: «Демек, улуттук баалуулуктарды мезгилдин талабы жана куралдары менен бере билүү, бардык чыгармаларды интернет аркылуу сунууну өздөштүрүү керек дегендик. Китептин мазмуну кооз сүрөттөр менен коштолуусу өтө маанилүү. Чыгарма элдин ар бир жаш курагы менен категориясын эске алуу менен басылуусу зарыл. Мисалы, түрк жаштары Осмон халифатынын 600 жылдык тарыхына кызыкпай келишчү. Бирок султан Сулейман жөнүндө «Даңазалуу доор» деген сериал чыккандан бери ал доордогу окуяларды жата калып окуй башташты. Балдарына ошол кездеги аттарды коюу, ал кинодо айтылган жерлерге саякаттоо эселеп артты. Манастан миңдеген сценарий чыгат. Аларга Голливудга окшогон дүйнөлүк деңгээлдеги борборлор менен кызматташып, кандай сонун тасмаларды тартсак болот», – деген сунуштарды киргизди.

 

Чет өлкөлүктөр кыргызга өчпү?

Филология илимдеринин кандидаты Курманбек Абакиров Билим берүү академиясын жоюп жиберүү керек деп да чыкканда болгонун, тетирисинче, аны каржы жана кадр жактан бекемдеш керек деп, оюн төмөнкүчө далилдеди: «Мектепти илимий, методикалык жактан тескеген ушулар. Эгер буларды жоюп жиберсе, башаламандык башталат. Чет өлкөдөн келген сунуштарга жараша кыргыз тил, адабият сааттарын кыскартабыз дегендер болуп атат. Алар муну окуткула, акча беребиз десе «макул» деп жибергендер көп болуп атпайбы», – деген чочулоосун ортого салды.

Гулбара Сыдыкова Билим берүү академиясында иштеген кезинде өз башынан өткөн окуяны: «Кыргыз адабиятынын хрестоматиясын жазганбыз. Бизге «Тарбиялык мааниси бар кыргыз адабиятынын классиктерин алып, көңүл ачуучу жеңил-желпи нерселерди койгула» деген кадимкидей көрсөтмө келген. Айла жок ошондой кылганга мажбур болгонбуз. Мага мындай аракеттер кайра башталды деген кабар келип атат. Чын-чынына келгенде бизди Манастагы үрп-адат, каада-салт деген жазылбаган мыйзамдар кармап турат да», – дейт.

 

Кыргыз эместер Манасты баалайт

Бирок илгертен тамырлаш Москва менен Екатеринбургдун орус филологдору Манас жана Айтматовдон лекция окуп бер деп суранарын, Урал университетинин үлкөн профессорлору 1985-1995-жылдары «Манаска көңүл бургула! Аны окусаңар өз гана эмес, дүйнө тарыхын да бере аласыңар» дегенин эскерген Гулбара Сыдыкова: «Бул жерде баса белгилей кетчү нерсе бар. Ар кайсы авторлордун Манас тууралуу тексттерин эмес, Манастын Сагымбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдер айткан түп нускасын окутуу керек», – деген акыйкатты айтты.

Искендер Ормон:

«Учурда дүйнө өсүп келе жаткан муундун сын ой-жүгүртүүсү жана калыс болуусун өрчүтүүгө аракет кылууда. Манас бабабыз Жакып атасына сый-урмат кылуудан жазбаса да, дайыма акыйкат тарапка тартканын көрөбүз» деген оюн айтып: «Өз баалуулуктарын сактап калуу менен башкалардын ыйык туткан нерселерине сый көрсөтүп жашоону Манастан тапсак болот. Өзүнүн негизги душмандарынын арасынан Алманбеттей жанын аманат кыла турган дос кылганы кандай сонун үлгү. Манас бизге караңгы эмес, чыныгы улутчулдуктун үлгүсүн сунуп турат», – деп ашкере улутчулдукту сындады. Кезектеги отурушту: «Кыргыз элинин Салижан Жигитов агайыбыз айткан өзгөчөлүгүн да колдонуу керек. Бизге биздин баалуулуктарыбызды башка улуттун өкүлү айтып берсе, жакшыраак түшүнөбүз. Ошондуктан Манасты англисче, арабча, французча которуп чыгаруу керек. Мисалы, Чынгыз Айтматовдун «маңкурт» терминин оболу дүйнө колдоно баштабадыбы. Анан биз кызыгып кирдик. Көрсө, ал Манаста бар түшүнүк экенин эми билип атабыз. Мындай бир китептин өзөгү болуп берчү идеялар Манаста миңдеп табылат да. Демек, адабиятчыларыбыз башка тилдерде да чыгарма жазуулар маанилүү»,

– деп жыйынтыктады.

Эсен Өмүракунов, “Саресеп”, 23.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.