“Викинг” тасмасында кыргызча ураан салган каскадерлор:чакыруулар көбөйдү

Өткөн жылдын соңунда, тагыраагы 29-декабрда дүйнөнүн бардык кинотеатрларында “Викинг” тасмасы көрсөтүлө баштады. Россиялык кинолентаны “Игра престолов” менен “Властелин колец” тасмаларынын аналогу деп атап келишет.

“Адмирал”, “Турецкий гамбит”, “Дневной” жана “Ночной дозор” тасмаларынын түзүүчүлөрү эң оор трюктарды компьютердик графика менен жасоону ойлогону менен алардын баарын кыргызстандык каскадерлор өздөрү аткарышкан. Тасмада “Сапка тизилгиле, даярдангыла, баарын өлтүргүлө” деген кыргызча ураандарды угууга болот.

Адискөй каскадерлордон турган Nomad Stunts тобунун мүчөсү Жамил Жуматаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маек куруп, жети жыл даярдык көрүлгөн россиялык тасмага кандайча тартылып калганын айтып берди.

— Жамил, режиссер Андрей Кравчуктун тарыхый тасмасына кандайча тартылып калдыңыз?

— Биздин каскадердук топ даярдык үчүн 2014-жылы эле чакырылган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой тасманы жаратууга жети жыл, тартууга жарым жыл кетти. Тартуу иштери 2015-жылдын март айында башталган. Тасма негизинен Крымдын Симферопольск районунда, Бахчисарай шаарында жана Севастополь районундагы Фиолент жээгинде тартылган. Анын режиссеру Берлин фестивалынын байге ээси Андрей Кравчук болсо, продюсери Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст, Анатолий Максимов жана Леонид Верещагин болду.

— Жети жыл тартылган тасманын маани-маңызы эмнеде?

— Окуя орто кылымдагы Киев Русунда болот. Сюжеттин ортосунда Киевдин улуу князы Святославдын үч уулунун бийлик үчүн тиреши чагылдырылган. Улуу Ярополк аңчылык учурунда этиятсыздыктын айынан өзүнүн агасы Олегди өлтүрүп алат. Ал үчүн кичүү иниси Владимир өч алышы керек болот.

Тасманы экранизациялоо өткөн жылдын жай айларында аяктаган. Анан бир жыл бою монтаж, прокатка даярдык жана реклама иштери жасалды. Мага жеткен маалымат боюнча тасмага 1,2 миллиард рубль жумшалган.

— Укмуштуудай таасир калтыруу үчүн сиздин топ кандай трюктарды жасап жатты?

— Биздин команда ат үстүндө ар кандай курал-жарактар менен абдан оор трюктарды көрсөттү. Кайсы бир трюкта каскадерлордун өрттөнгөн жерлери дагы бар. Бул тасманын эң кызыктуу учурлары.

— Сиздин командада канча каскадер бар?

— Жалпы тогуз кыргызстандык бала ар кандай трюктарды жасашты. Тартылуу иштерине бир жарым ай даярдык көрдүк.

Абдан оор трюктарды режиссерлор компьютердик графикалар менен тартууну ойлоп жатышкан, бирок аны биз өзүбүз эле аткардык.

— Аракетиңиздерди режиссерлор менен продюсерлер кандай кабыл алышты?

— Абдан жакшы кабылдашты. “Викинг” тасмасына катышкандан кийин Россиянын башка тасмаларына чакыруулар арбыды. Мисалы, Американын белгилүү “300 спартанцев” тасмасынын аналогу боло турган тарыхый драма “Легенда о Коловрате” фильмине тартылууга сунуштар түштү. Биздин ишти тийиштүү деңгээлде баалаган режиссер жана актер Владимир Епифанцев менен тааныштым.

— Дагы кандай чет элдик тасмаларга тартылдыңыздар эле?

— Биздин активде “Неудержимые-2”, “47 ронинов”, “Конан Варвар”, “Мың бала”, “Шал”, “Рэкетир” жана “Марко Поло” менен “Эртургрул” сериалдары бар.

“Sputnik -Кыргызстан”, 04.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.