Расул АБАЗБЕК уулу: “Чоң жана Кичи Памирди байырлаган кыргыздар азыркы цивилизациядан таптакыр алыс экен”

Жакында Кыргыз Өкмөтү жөнөткөн атайын экспедиция Ооганстандын Чоң жана Кичи Памир тоолорун туруктуу байырлашкан кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирип, алардын бүгүнкү ал-акыбалы менен жакындан таанышып кайтты. Четөлкөдө жашаган кандаштарыбыздын азыркы таптагы турмушу, чынында, мышык ыйлагыдай экендигин аталган экспедициянын мүчөсү, ОшМУнун четөлкөлөрдө жашаган кыргыздарды изилдөө борборунун жетекчиси, саясат таануу илиминин кандидаты, доцент Расул АБАЗБЕК уулу кабарчыбызга курган маегинде жашырган жок.

– Расул мырза, алыскы сапардан эсен-соо кайттыңыздарбы? Дегеле ушул тапта Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги тоолорду жалпысынан канча кыргыз байырлап атыптыр?

– Чоң жана Кичи Памирде ушул тапта канча кыргыз туруктуу байырлагандыгын биз түгүл Ооганстандын расмий бийлиги деле билбейт экен, алар дагы бизге абдан так маалымат айта алышкан жок. Бирок, биздин сапарыбыздагы өзүбүздүн эсебибиз гана боюнча 300 чакты түтүн, тактап айтканда, 1500 чакты киши опурталдуу аймакта дагыле өмүр кечирип жатышыптыр.

– Өз көзүңүздөр менен көрдүңүздөр да. Ооганстандагы кандаштарыбыздын жашоо-шарты, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, абдан эле катаал өңдөнөт?

– Ооба. Биринчиден, Чоң жана Кичи Памир жергеси өзү географиялык жактан абдан эле катаал аймакта жайланышкан. Мындайча айтканда, деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте кыргыздар өздөрү гана жашашат. Ал эми жайлоолору андан ары тээ 5000 метр бийиктикте орун алган.

Экинчиден, аталган эки аймак тең азыркы заманбап цивилизациядан караманча эле алыс калган. Маселен, район борбору Ваханга эле жетиштин өзү кыргыздар үчүн оңбогондой эле азап! Жол ката улам-улам топоз жана ат алмаштырып атышып, ал жакка араң гана барышат.

Кайран топоз жаныбары баарына тең чыдайт экен. Жылкылар дагы бар. Тилекке каршы, бээлерди жергиликтүү калк таптакыр саашпайт, демек, буердеги кыргыздар эч кымыз ичишпейт экен. Булар жылкыларды унаа сыңары гана урунушкандыгын баамдадык.

– Боордошторубуз деги узак жашашат бекен? Угушубузга караганда, шартка байланыштуу памирликтер кыздарын эрте эле күйөөгө узатышат турбайбы?

– Чоң жана Кичи Памирде эң узак жашаган кыргыз жетимиштин тегерегинде экендигин аңдадык. Орточо өмүр сүрүү узактыгы элүү-алтымыштан аша элек. Чоң жана кичи памирликтер кыздарын он-он эки жашынан эле күйөөгө узатышаарын өздөрү деле жашырышкан жок. Мунун негизги эле себеби: балдар өлүмү аймакта абдан жогору. Бизди аябай өкүндүргөнү: Улуу жана Кичи Памирде кыз-кыркынын биздегидей турмушка даярдабай туруп эле дароо күйөөгө узатышат экен. Кыздардын макулдугун бир ооз сурашпагандагы бизди чындап эле абдан таң калтырды.

– Баса, биз билгенден Кыргыз бийлиги тарабынан Ооганстандагы кыргыздарды түпкү Мекенине көчүрүү аракеттери жасалып жатпады беле. Эмне, мындан деле эч майнап чыкпаптырбы?

– Ооба. А түгүл мен билгенден Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан мамлекеттер аралык деңгээлде дагы бир катар иштиктүү сүйлөшүүлөр жүргөн. Баса, эл аралык укук нормаларына ылайык биринчи кадамды Ооганстан Өкмөтү өзү жасаганы оң. Ал эми Кыргыз бийлиги бул маселени андан ары жайгарганга дарамети дагы, каражаты дагы жетээрине мен толук ишенем! Мына, Ооган кыргыздарына гуманитардык жактан жардам көрсөтүү маселеси 2008-жылдан бери эле сүйлөшүлүп, тилекке каршы, муз ордунан таптакыр жылбаптыр. Мына, эми гана өз ара көмөктөшүүнүн сааты чыгып олтурат.

– Расул мырза, Ош мамлекеттик университети деле өзүнчө акция өткөрүп, Оооганстандык кыргыздарга кыйла каражат топтободу беле. Аны эмнеге сарптадыңыздар?

– Быйыл ОшМУда өткөрүлгөн атайын марафондо 400 миң сомдон ашык каражат топтолгон. Буга атайын комиссиянын чечимине ылайык Памир кыргыздарына абдан зарыл жылуу кийим-кечелерди, жууркан-төшөктөрдү, азык-түлүктөрдү сатып алганбыз. Ошолорду толук бойдон жеткирдик. Анан мектеп жашындагы балдарга дептер, альбом, калемсап, түстүү карандаштарды тапшырдык Баса, бул акцияны ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков жеке өзү демилгелеген эле. Ошентип, иш-чаранын жүрүшүндө 400 миңден ашык сом топтогонбуз. Мен Кыргыз Өкмөтүнүн атайын экспедициясынын курамында ушул жардамыбызды ооганстандык боордошторубузга толук жана калыс таратканга катыштым.

Кепке тарткан Алишер ТОКСОНБАЕВ, “Аймак.КГ”, 05.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.