“Сүрөттүү “Манас” китеби кантип сүймөнчүккө айланды?

“Сүрөттүү Манас” китебин бир дем менен окуп чыктым. Эпостогу керемет окуялар кайрадан эске түштү. Акыл токтотуп калган куракта болсом да кадимкидей толкундадым. Эпостун толук вариантын таап кайрадан окугум келип кетти.

Үстүбүздөгү жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан ““Манас” – георический эпос кыргызов в рисунках” (“Сүрөттүү Манас”) (Бишкек, ОСОО “ST.art” басмасы, 2016) китебинин эл ичине бат эле сүңгүп, оозго алынган сыры ириде анын тилинин окумдуулугу, сүрөттөрүнүн текст менен шайкеш келип турган элестүүлүгү, кабыл алууга жеткилеңдүүлүгү жана улуу дастандагы негизги окуяларды камтыгандыгында экенине дагы бир ирет ынандым.

Китептеги тексттерди Кыргыз Эл жазуучусу Б.Жакиев, сүрөттөрдү таланттуу сүрөтчү З.Илипов тарткан. Кыска аралыкта аталган китеп окурмандардын гана эмес, адис-эксперттердин көңүлүн буруп, позитивдүү ой-пикирлерди жарата алды. Коомчулукта адегенде эле китептин 3 багыттагы баалуулугу жана мааниси кызуу талкууга алынып жатат.

Биринчиден, китептин ар бир окуяны жандуу баяндап турган сүрөттөр менен чыгышы көпчүлүктун көңүлүн бурду. Сүрөттөр окурмандын, айрыкча жаш окурмандын улуу дастанды кабылдоосуна ыңгайлуулук жаратып, эске тутуусун жакшыртат деген пикирди адис-эксперттер байма-бай айта башташты. Алсак, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Т.Ишемкулов минтип жазат: “Озунуп айта турган сөз-китеп биздин атамекендик адабиятыбызда азырынча сейрек кезиге турган, бирок дүйнө жүзүндө эбактан бери эле өтө кеңири тараган комикс (англ. сomics- кызыктыруучу, комедиялуу) жанрында, тактап айтканда, түшүндүрүүчү, көңүл ачтыруучу мүнөздөгү, ички окуялар менен байланыштарды так баяндап, чечмелеп, коштоп жүрүүчү кыскача тексттери бар, элестүү сүрөттөрдүн сериясы калыбында жазылган. Мындай ыкма – аны жеңил, элпек окууга, андагы сүрөттөрдүн жардамы анын идеясын, мазмунун жана маани-маңызын терең түшүнүүгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет”. Ушундай эле пикирин тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Абдырахманов да айткан: “… бул китепте авторлор ырас узун, балдар үчүн тажатма тексттен узап, кенже балдар, жаш өспүрүмдөрдүн жаш өзгөчөлүгүнө ылайык келген комикс жанры аркылуу эпостун сюжети менен тааныштыруу жолун тандап алышкандыгы кош колдоп колдоого татыктуу иш”. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Казакбаев болсо бул “…сүрөттүү, расмий тилдеги кыска баяндуу китептин жарык көрүшүн кыргыз маданиятындагы урунттуу окуялардын бири катары сыпатташыбыз абзел. Мен китепти өтө кызыгуу менен бат эле кунт коюп окуп чыктым. Убактым дээрлик корогон жок, бирок Манас дүйнөсүнө жана бир ирет сүңгүп, ата-бабабыздын кечээки күнү көз алдыма элестүү тартылды…”, деп ал толкундануу менен белгилеген. Манас эпосунун идеясын берүүдө китептин абдан көрсөтмөлүү экендигин филология илимдеринин кандидаты Т.К. Айталиева да белгилейт:“Миң уккандан бир көргөн” артык дегендей эле эпостун окуяларын сүрөт аркылуу көрүп таануу менен окуяларды эстеп калууга мүмкүнчүлүк чоң жана бул китепти мезгилдин талабына ылайык бүгүнкү күндө окутуу иштеринде колдонулуп жаткан интерактивдүү методдордун бири – сүрөттөр аркылуу таанытууга дал келген китеп деп көрсөтүүгө болот”.

Экинчиден, эксперттер бул анча чоң эмес китепте улуу Манас эпосундагы негизги окуялардын баары камтылгандыгы менен баалуу экендигин белгилешти. Окурман бул китепти окуу менен улуу дастан тууралуу негизги маалыматты ала алат. Анткени бүгүнку күндө “Манас” эпосун баштан аяк окуп чыккан биздин окурмандар анча көп эмес, ошол эле учурда эпосту окугусу келип,бирок убакыт таппай жүргөндөр көп. Эгер ушул таризден алганда “Манас в рисунках” китеби бир топ ыңгайлуулукту жаратты. Анткени Манас дастаны тууралуу маалымат алгысы келгендер анча көп эмес убакыт коротуп, аталган китепти окуп чыгуу менен ал тууралуу негизги түшүнүккө ээ болуп калышат. Китептеги текстерди түзгөн Кыргыз Эл Жазуучусу Б.Жакиев улуу Манас эпосундагы сюжеттер кыскартылбай, биринчи жолу кысылган формада берилгенин, бул эпос тууралуу толук маалымат алууга мүмкүндүк берээрин, ошол эле учурда кысылган текстти түзүү учуру абдан татаал болуп ишке ашканын белгилеп өттү. Демек, кыскарбай, кысылган форматта Манастын окуяларын толук берүү биринчи ирет ушул “Манас” в рисунках” китебинде жүзөгө ашып отурат. Манас таануучу, балдар жазуучусу Аман Кармышаков китептеги “улуу чыгармадагы окуялардын ырааттуулук, уланмалуулук принциптеринин сакталгандыгын”, бул Манастын улуу рухий байлыгын улуу-кичүү окурмандардын жан-дилине жеткирүүнүн жаңы усулдук багытынын пайда болушу деп сыпаттайт. Ал эми адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты К.Абакиров “китепте Сагымбай менен Саякбай айткан салттуу жана классикалык эпостун сюжети толук сакталган, бул анын толук кубаттоого, колдоого татыктуу биринчи жагы болсо, Замир Илиповдун ошол тексттерге карата тартылган сүрөттөрүнүн ага шайкеш келүүсү жана ырааттуулугу анын эң негиздүү жана баалуу сапаты болуп эсептелет” деген оюн билдирген. Китептин баалуулугу катары тарых илимдеринин доктору, профессор А.Мокеев “тексттинин абдан устаттык менен кыска жана нуска тарзда орус тилинде комикстин жанрына ылайыкташтырылып жазылганы жана кыскалыгына карабай, Манастын туулганынан тартып анын өлүмүнө чейинки окуяларды толук камтый алганын” белгилеген.

Үчүнчүдөн, аталган китептин орус тилинде жарыкка чыгуусу коомчулукта бир топ кызыгууну пайда кылды. Анткени көп улуттуу өлкөбүздө Манас эпосуна кызыгып, аны окугусу келген орус тилдүү окурмандар аз эмес. Алар үчүн “Манас в рисунках” китеби орус тилинде гана болбостон, кыска, сүрөттүу жана эпостогу негизги сюжеттердин камтылышы менен да абдан ыңгайлуулук жаратты.

Жыйынтыктап айтканда аталган китептин жарык көрүшү Манастагы улуу идеяны – мекенчилдикти жаштардын жүрөгүнө жеткирүүдө жана аны кыттай уютууда дагы бир ирет кере ташталган чоң кадам болду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, кинорежиссер Садык Шер Нияз китеп “жаш муундарыбыздын жан дүйнөсүн патриоттук сезимге трабиялап, рухий бийиктикке, адептик тазалыкка жетелеп жаткандыгы менен өтө баалуу, мындай китептер өтө керек, аларды мамлекеттин колдоосу менен он миңдеген тираждарда басып чыгарып, өлкөбүздүн бардык булуң-бурчуна, айрыкча четки айылдарга жеткире алсак” деген пикирин айткан.

Депутаттын пикирине толук кошулууга болот. Бирок бүгүнкү күндө китеп болгону 2000 нускада гана чыккан. Бул өтө аз, ал эми китепке карата талап кыйла жогору. Ошондуктан, аталган китеп мамлекеттин же демөөрчүлөрдүн колдоосу менен кайрадан көп сандагы нуска менен басылып чыгуусу зарыл.

Топчугүл Шайдуллаева

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.