“Балдарга базарлык” – алтынга бергис китеп

Улуу муундагы окурмандарга караганда балдар үчүн китеп жазуу алда канча машакаттуу иш. Себеби балдар кубулуштарды жөнөкөй жана элестүү көрөт, жөнөкөй түшүнөт.

Ошондон узун жана татаал сүйлөмдөр баларды тажатып жиберерин психологдор айтат. Алым Токтомушевдин (01.09.1947 – 25.07.2014) “Балдарга базарлык” китеби дүйнө тарыхындагы чиелешкен окуялар жана ысымы тарыхка мөөрдөй басылган көйкашка инсандар тууралуу балдарга жетик, көркөм тилде баяндап берет.

“Балдарга базарлык”. Маркум Алым Токтомушевдин 2016-жылы басмадан чыккан китеби ушинтип аталат. Ар бир аңгемеси тийиштүү сүрөттөр менен көркөмдөлгөн бул китептин атына карап, жалаң балдарга арналган десеңиз жаңыласыз.

Ырас, китепте адамзат тарыхына байланыштуу олуттуу да, чиелешкен да, айткан сайын сыры тереңдей берчү окуялар жатык, жөнөкөй, түшүнүктүү тилде баяндалат. Ошондуктан балдар түгүл чоң кишилер үчүн да абдан кызыктуу китеп. Бул оюбузду бекемдөө үчүн “Топон суудан ким аман калган?” деген аңгемени чогуу окуп көрөлү.

“Балдарга базарлык": пирамидаларга арналган аңгеменин иллюстрациясы
“Балдарга базарлык”: пирамидаларга арналган аңгеменин иллюстрациясы

“Ной” деп айтылат Библияда. Библияны билесиңер. (Ооба, иудей жана христиан дининде ыйык китептер деп коюшат). Мусулмандардын Кураны сыяктуу. Куран араб тилинен “окуу” деп которулат эмеспи. Анын сыңары Библия грекчеде “китептер” дегенди билдирет. Баса, эмне үчүн китептер? Анткени көп китептен турат. Эки салаага бөлүнөт. Бири – Байыркы осуят, мусулманча – Тоорат. Бири – Жаңы осуят же Евангелие, мусулманча – Инжил. Тооратты иудейлер да, христиандар да ыйык тутса, Инжилди христиандар да ыйык тутат. Эмнеге?”

Анын себебин, автор эскерткендей, башка аңгемеден окуйсуздар. Байкасаңыз керек, биз билчү Ной пайгамбар тууралуу алгачкы маалымат диний китепте айтылат экен. Ной кандай эрдик жасаган? Аны билүү үчүн оболу топон суу эмне экенин билип алалы.

“Алыс барбай, өзүбүздүн Кыргыз Совет Энциклопедиясынын алтынчы томун ачсак, минтип жазылат: Кудайдын каары менен жер жүзүн суу каптагандыгы жөнүндө диний миф. Миф боюнча Топон суу каптап, жер жүзүндөгү жан-жаныбарлар бүт кырылган. Кудай Ной менен анын балдарын жана жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн урук сактап калган. Курандагы Топон суу жөнүндөгү түшүнүк Бибилиядан алынган. Ал эми Библия аны Ассирия уламышынан алган…”

Алым Токтомушев андан ары Тоораттагы топон суу жөнүндөгү аңыздын сынын бузбай маңызын куп өзүндөй которуп берет. Топон суу жөнүндөгү эң байыркы маалымат Тоораттан да, Ассирия уламышынан да мурун, шумерлердин Гилгамеш дастанында айтылганын англис археологу Жорж Смит тапкан чопо таблицалардагы жазууларга негиздеп айтып берет. Ырас, шумерлердин икаясында Топон суу каптаганда адамдар менен жан-жаныбарлар, курт-кумурскаларды өзү жасаган кемеге салып, сактап калган каармандын аты Утнапиштим.

“Утнапиштим да Ной сыяктуу эле кемеден үч ирет чымчык учурат. Ной сыяктуу эле акыркы чымчыктын келбей калганынан улам жердин бети кургаганына көзү жетет. Шумерлердин Утнапиштими Тоораттын Ноюнан бери дегенде эки миң жыл илгери Топон суудан аман калганы ошентип аныкталган”.

“Балдарга базарлык” китебин андан ары барактап, темаларды окуйлу. Пирамида эмне үчүн курулган? Искендер кош мүйүз. Американы ким ачкан? Скифтер икаясынан. Моцарттын өлүмү. Эки китепкананын эрегиши.

Оо, китепканалар да эрегишеби? Китепканалар ортосунда эмне чатак болушу мүмкүн? Же кимиси байыркы экенин тактай албай тирешип атабы? Билеличи.

“Достор, дүйнөдө биринчи китепкана кай мамлекетте ачылган, ким ачкан? Туура айтасыңар, байыркы Ассирияда ачылган. Биздин заманга чейинки 668-626-жылдары жашаган Ассириянын атактуу падышасы Ашшурбанипал ачкан. Ал дагы кийин билинди. Ага чейин адамзат дүйнөгө курган эң биринчи китепкана деп байыркы Египеттеги Александрия китепканасы айтылчу. Кантип билинди дебейсиңерби?”

Бу суроонун жандырмагын Алым Токтомушевдин “Балдарга базарлык”китебинен өзүңүздөр окуп аласыздар деп ойлойм. Ал эми азыр китептин соңку сөзүнүн автору жана жооптуу редактору акын-жазуучу, журналист Олжобай Шакирден “Балдарга базарлык” китебинин жаралышы жана балдар үчүн чыгып жаткан китептердин сапаты тууралуу пикирин угалы. Баса, Олжобай Шакир жалгыз өзү редакциялап чыгарган “Коом жана мен” адабият сайты былтыр балдарга арналган чыгармаларга конкурс жарыялап, абройлуу акын-жазуучулардан турган жюри мыкты деп тапкан чыгармаларды акчалай сыйлык менен белгилеген.

Олжобай Шакир: Бул китепти жазуу Алым байке күтүүсүз көз жумгандан кийин токтоп калды да. Болбосо “Жаңы Ала-Тоо“ журналына сандан санга чыгарып жүргөн. Баштагандан эле балдарга дүйнөнү, анын ичинде “Манас“ эпосун, кыргыз дүйнө таанымын таанытууну максат кылып койгон. Байыркы Рим падышалыгынан баштап мамлекеттүүлүк, мамлекеттик дөөлөт, мамлекеттик тил, улуттун өзгөчөлүгүн, дүйнө элдеринин маданиятын баяндап жатпайбы. Ошонун баары: биздин балдарыбызга дүйнө таанытуу. Бул китеп ушундай деңгээлде балдар үчүн жазылган биринчи эмгек деп айтаар элем. Себеби кыргыз авторлор балдардын логикасын өстүрө албаган жөө жомок жазат. Биз балдар адабиятын жомок же ыр деп түшүнсөк, бу киши китебин интеллектуалдык көрөңгөсүнө таянып жазат. Орус, казак жана башка тилдердеги авторлордун китептерин карасаң, алар балдар үчүн жаңы ачылыш менен жазышат. Алым Токтомушевдин китебин “Балдарга базарлык” деп аташынын өзүн, китептин ичиндеги материалдарын да бүгүнкү күндүн өтө өрнөктүү чыгармасы деп эсептейм.

Моцартка арналган аңгеменин сүрөттөрү
Моцартка арналган аңгеменин сүрөттөрү

“Азаттык”: 1970-жылдардын тияк-биягында илим, техника тармагындагы керемет ачылыштар, жетишкендиктер тууралуу “Укмуштар дүйнөсүндө” (?) деген китеп чыккан. Ошондон бери бул тармактар боюнча А. Токтомушевдин “Балдарга базарлыгындай” урунттуу китеп колума уруна элек болчу. Биздин жазуучулар дале дидактикалык ыкмадан чыга албады окшойт. Бүгүн балдардын дүйнөсү такыр өзгөргөн. Алар илим менен маалымат мультфильмдер менен интернеттин таасири астында дүйнөнү бөлөкчө кабылдашканын жазуучуларыбыз сезбегендей туюлат мага. Бирок “Коом жана мен” сайты жаңы жыл алдында балдар адабиятына өткөргөн конкурста биринчи байгени жеңген Самара Насырованын “Оюнчукту эмдөө” деген ырын жаңыча жазылган эң урунттуу чыгарма деп ойлойм.

Олжобай Шакир: Абдан туура баамдагансыз. Менин балдар адабиятына конкурс жарыялоо себебим китептен улам болду. Себеби биз үй-бүлө баалуулуктарын сыйлоо, келечек муунду тарбиялоо жагын унутта калтырдык. Себеби 15-20 жылдан кийин потенциалдуу окурмандарыбызды жоготуп алабыз деген коркунуч көп акын-жазуучуларыбыздын башына келе элек. Көр тирилик деңгээлиндеги тил менен жазылып калган чыгармалар көп болуп жатат. Сөз артында сөз, ой артында ой менен жазылган тексти балдарыбызга окута албасак, келечекте тилдин мүмкүнчүлүгүн ача албаган муун жаралат! Андайлар мамлекеттик кызматка бара албайт, барса да кыргыз тилинде оюн чүргөп жеткире албаган муун тарбияланабы деп чочулайм. Себеби китеп дүкөнгө кирсеңиз жалаң макулатурага жарай турган китептерди чаң басып жатат.

Сиздерде бу “Балдарга базарлык” китеби жөнүндө кеп кылып атып, эмнеге эне тил көйгөйүнө кирип кетти деген суроо жаралышы ыктымал. Эне тил маселесине көңүл бурганыбыздын себеби Алым Токтомушевдин китебинин соңку сөзүндө: “… бул китептен адамзат тарыхында таптакыр жер менен жексен болуп, жоголуп кеткен мамлекеттер жана калктар болгонун билдик, атүгүл мамлекети сакталып калган кээ бир калктар өздөрүнүн эне тили, каада-салт, тарыхынан ажырап калганы эскертилген. Андыктан, эне тил мааниси китеп окубаганыбыздан жоголуп кетээрин унутпагыла!” деген сураныч айтылат.

Амирбек Азам уулу, “Азаттык”, 24.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.