Жианжи өнөрүн баккан кыргыз жигит

“Күн чыгыш өлкөсү” дегенде, алгач эле көз алдыбызга укмуштуудай Улуу кытай сепили, ойчул Конфуций, шаолинь мектеби, сакура гүлү, таэквандо жана айкидо өңдүү чыгыш шедеврлеринин элеси тартылаары анык. Булардын катарын кытай маданиятында өзгөчө бааланган “жианжи” аттуу байыркы кагаз кесүү өнөрү да толуктайт. Биздин коомдо анчалык белгилүү болбогон бул байыркы өнөрдү Адам Алишеров аттуу студент мыкты өздөштүрүүгө жетишкен.

Жианжи деген эмне?

Жианжи – кытай элинин байыркы өнөрлөрүнүн бири. Аталган өнөрдүн өзгөчөлүгү оймо-чиймелерди, сүрөттөрдү бычак же кайчынын жардамы менен кагаз бетине түшүрүү болуп саналат. Археологдордун изилдөөсүндө аталган өнөр VI кылымда пайда болгон. Жианжинин пайда болуу доору кагаздын жаңы колдонула баштаган мезгилине туш келет. Ал учурда кагаз тартыш болгондуктан, бул өнөр менен тектүү адамдар гана алектенген. Бардар кытай аялдары өнөрдү көңүл ачуу максатында үйрөнүшсө, карапайым калк арасында кагаздан баалуу буюмдарды жасап, бири-бирине тартууга берүү сыймык болгон.

 

Кытай өнөрү кыргыз жигитинин көзү менен

Жианжи өнөрүн өздөштүргөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин англис тили жана адабияты бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Адам Алишеров бул өнөр аркылуу жакында эле өзүнүн көргөзмөсүн дагы өткөрдү.

– Бул өнөр менен 2015-жылы университетибиздин кытай тили жана адабияты бөлүмү өткөргөн “Кытай маданиятын таанытуу” иш-чарасында таанышып калдым. Андан кийин өздөштүрө баштадым. “Нооруз” майрамында эски аянтта өткөн жарманкеге кытай диаспорасынын атынан 20 чакты сүрөт алып чыктым. Алардын ичинде Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин дагы сүрөтү бар болчу. Сүрөттөрүмдү Кыргызстандагы Кытай элчилиги сатып алды. Алгач кырка баштаганда кагаздарым жыртылып калчу. Андыктан башкача ыкма менен кесүүгө өттүм. Тагыраагы, кызыл кагаздын астына калың кагазды коюп, анын үстүнө кайра жука кагаз койдум. Жука кагаздын бетине кесе турган сүрөтүмдү тартып алганда, сүрөттүн элеси кагазга из болуп түшүп калат. Жука кагазга түшүрүлгөн сүрөттү кесип алам. Көбүнчө сүрөттөрдү жакындан эмес, алыскы көрүнүштөн тартууну жактырам. Өчөшкөнсүп, эргүү дагы бош убактымда эмес, колум бошобой жатканда, экзамен учурунда келет. Максатым – сүрөттөрүмдү көбөйтүп, Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт көргөзмөсүнө алып чыгуу.

Белгилей кетсек, 2009-жылы “Жианжи” өнөрү ЮНЕСКОнун “Дүйнөлүк мурастарды сактоо” уюмунун тизмесине кирген. Ушундан улам аталган маданий баалуулук муундан муунга кытай маданиятынын “көөнөрбөс мурасы” болуп каларына шек жок.

Жанара Каденова, “Политклиника”, 01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.