Жыпара Мамбетова: “Памирлик балдарды жазында алып келебиз”

Үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында Мамлекеттик миграция кызматынын чакыруусу менен Кыргызстанга Ооганстандан делегация келди. Сапарда памирлик кыргыздардын балдарын Кыргызстанга окутууга алып келүү жана боордошторго паспорт берүү маселелери талкууланды. Ооганстандагы этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү маселеси коомчулукта ача пикир жаратты. Айрымдар цивилизациядан изоляцияланган элдин, жыйырма биринчи кылымда жашап кетиши акылга сыйбаган нерсе десе, кээ бирөөлөр мамлекет тарабынан жакшы шарттар түзүлсө, эл көнүп кетет деп ишенет. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр кандай жыйынтык бергенин, көчүрүп келүү процесси кандай жүрөөрүн жогоруда аталган кызмат бєлїмїнїн башчысы Жыпар Мамбеталиева айтып берди.

– Памир кыргыздарын Кыргызстанга көчүрүп келүү боюнча Ооганстан тарап менен кандай сүйлөшүүлөр жүрдү?

– Өзүңүздөр билгендей, октябрь айында Ооганстандын Кичи жана Чоң Памирине үчүнчү мамлекеттик экспедиция уюшулуп, гуманитардык жардамды жеткирип келгенбиз. Ошондо Вахан уездинин акимине айтканбыз, памирлик кыргыздардын балдарын Кыргызстанда окуталы, жөнөтүүгө көмөкчү болосуздарбы деп. Биз макулбуз, бирок сүйлөшүүлөрдү мамлекеттик деўгээлде жүргүзүү үчүн Кыргызстанга чакыргыла деген. Чакырууну Вахан уездинин акимине жана Бадахшан провинциясынын губернатору Ахмад Файсаль Бекзат мырзага экспедициядан келээрибиз менен жолдогонбуз. Декабрь айынын аягында Ооганстандан делегация келди. Делегациянын биринчи жолугушуусу КРнын вице-премьери Чолпон Султанбекова менен болду. Бул жерде окутууга алып келген балдарды үй-бүлөсү менен кошо көчүрүп келүү шарты коюлду. Мындан тышкары, алардын өздүгүн тастыктаган документ менен камсыз кылуу маселеси каралды. Ооганстан тарап бизге үч маселени көтөрдү. Памирде эне менен баланын өлүмү жогору болгондуктан, вахталык ыкма менен врачтарды кезек-кезеги менен жөнөтүп турсаңар жакшы болмок дешти. Ооганстанда 1940-жылдан бери согуш токтобой келе жаткандыктан, өкмөт тараптан жардам берүүгө эч кандай шарт болбой жатканын айтышты. Эгерде Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү болсо, ошол эле мектептер менен ооруканаларды жеринде салып берүү сунушун киргизишти. Ооганстан менен Тажикстан чектешкен жерде Ичкашимде оорукана бар экенин айтып, бирок эки мамлекеттин ортосунда визалык режим болгондуктан, памирлик кыргыздар визасыз чек арадан өтө албай тургандыгын билдиришти. Виза алуу үчүн этникалык кыргыздардын дээрлик 95 пайызында паспорт жок болгондуктан, бир топ кыйынчылык жаралып аткандыгын белгилешти. Мүкүнчүлүк болсо, Тажикстан менен визасыз режимди сүйлөшүү керектигин айтышты.

– Көчүрүп келүү процесси кандай жүрөт?

– Биздин башкы максатыбыз — акырындык менен Памир кыргыздарын көчүрүп келүү. Ооганстандын аймагында төрөлгөндүктөн, ал жактын жараны болгондуктан да биз аларды көчүүгө мажбурлай албайбыз. Көчпөйбүз деп айтышса, биз алардын эркин чектей албайбыз. Бирок экспедиция учурунда алардын көпчүлүгү көчүрүп кетүүбүздү суранышты. Аларды бир учурда баарын алып келүү туура эмес болуп калат. Анткени биринчи келген топко Кыргызстан жагып калса, алар бул тууралуу калган боордошторго айтышса, алардын артынан ээрчип келиши мүмкүн. Себеби Тажикстандан келген этникалык кыргыздар учурунда так эле ушундай болгон. Бул жакта жашоо кандай болуп атканын уккандан кийин өздөрү эле көчүп келе башташкан. Учурда алардын саны жыйырма миңге жетти. Ал эми памирлик кыргыздардын саны болгону эки миңдин тегерегинде болуп жатпайбы. Экспедиция учурунда Вахан уездинин акими бул жакта эл жашап турганы биз үчүн абдан маанилүү деп айтканы бар. Анткени аймак Ооганстан, Тажикстан, Кытай жана Пакистан чектешкен жер болуп саналат. Биз үчүн чек арада жашап, кайтарып турганга эл керек деп ачык эле айтышты. Көчүрүп келүү үчүн эң биринчи кезекте жарандык паспорттору болушу керек. Ал үчүн боордошторубуз Файзабад шаарына барышы зарыл. Өздөрү чуркашы керек болот. Бирок ал шаарга үч эле ай жол ачык болот экен. Калган учурда кар калың түшкөнүнө байланыштуу барууга мүмкүн болбой калаарын айтышты. Башка жолдор аркылуу барайын десе, аларды талиптер ээлеп алгандыктан эч кимди өткөрбөгөнүн кабарлашты.

– Кыргызстанда памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү үчүн кандай даярдыктар көрүлөт?

– Жаз мезгилине чейин Памир кыргыздарын көчүрүп келүү үчүн даярдыктарды көрөбүз. Аларды кайсы жерге жайгаштырабыз? Өзүнчө бир комплекс курганды туура көрдүк. Учурда он бир үй бүлөнү турак жай, жер жана медициналык, психологиялык жардам менен камсыз кылууну пландадык. Анан тышкары, бала бакча жана мектеп маселесин да ойлонуп атабыз. Ооганстан тарап балдарды окутууга Кыргызстанга алып келүүгө эч кандай каршылыгы жоктугун билдиришти. Паспорт алууга жардам берүүнү да убада кылышты. Мамлекеттик миграция кызматы менен Бадахшан провинциясынын мамлекеттик администрациясы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Мында биринчи маселе -этникалык кыргыздардын балдарын үй-бүлөсүнүн же чоң адамдын коштоосунда жыл сайын Кыргызстанга жөнөтүп туруу. Экинчи маселе — Ооганстан Памиринде жашаган кыргыздарды паспорт менен камсыз кылуу.

– Бул жылы мамлекеттик бюджеттен канча акча каражаты бөлүнүшү мүмкүн?

– Жыл сайын ЖКнын тиешелүү комитетинин чечими менен памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн 10 млн. сом бөлүнүп келген. Өткөн жылы бул каражатка керектүү делген жардамды жеткирип келгенбиз. Бул жылы болсо, 5 млн. сом эле бөлүнүп калыптыр. Бирок 10 млн. сомго жеткирүүгө аракет кылып атабыз. Анын болжол менен 2 млн. сомуна боз үйлөрдү сатып алууну максат кылдык. Калган суммага экспедиция уюштурулуп, гуманитардык жардам жеткирилет. Биз он үй-бүлөнү көчүрүп келсек, калган 470 үй-бүлөнүн кыштан аман-эсен чыгуусун шартташыбыз керек. Буюрса кыш мезгилине жакын азык-түлүк, керектүү буюмдар жана медициналык каражаттар менен камсыздап келебиз. Бадахшан провинциясынын губернатору белгилеп кеткендей, өткөн жылы башка жылдарга салыштырмалуу жардам жакшы көрсөтүлдү дейт. Ошондуктан этникалык кыргыздар кыштан кыйналбай чыгаарына үмүт арттып атканын айтты. Кыргыздар жашаган аймакка жетүү абдан кыйынга тургандыктан жардам жеткирүү оңой эместигин баса белгиледи. Буюрса бул жылы да жардам жеткирүү планыбызда бар.

– Өткөн жылы дарыгерлер тобун бир айга жөнөтүү маселеси каралганын билебиз. Эмне себептен бул план ишке ашпай калды?

– Өткөн жылы врачтардан түзүлгөн топту бир айга жөнөтүү менен памирлик кыргыздардын саламаттыгына изилдөө жүргїзїї менен аларга жардам көрсөтүү маселеси көтөрүлгөн. Анда дарыгерлердин айлык маянасын “Ага Хан” фонду каржылап берүүсү күтүлгөн. Бирок алар бир адиске 500 миң сомдун тегерегинде айлык сураганына байланыштуу биздин планыбыз ишке ашпай калган. Фонд дагы мындай каражат төлөп берүүдөн баш тартып койду. Мамлекет дагы бул сумманы төлөп бере албагандыктан маселе чечилбей калды. Эмне үчүн мындай чоң сумма деп тактасак, ал аймак тынч эмес болгондуктан өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салаарын айтышып, шарты да катаал экенин белгилешти.

Элвира Акимова, “Де-факто”,  16.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.