Эрнис Асек уулу: “Өмүрдүн эмне экенин билбей туруп…”

Жыл аяктап баратканда китеп дүйнөсүндөгү жаңылыктардын бири -Кытайдын улуу ойчулу, даанышманы КОНФУЦИЙдин осуяттары кыргыз тилинде жарыкка чыкканы болду. Кыргыз окурмандарына байыркы акылманды кыргызча сүйлөткөн белгилүү журналист Эрнис АСЕК уулун сөзгө тарттык.

Эрнис, эмне үчүн башканы эмес, Конфуцийди которууга бел байладың?

– Кун зыны окуп жүргөнүмө көп жыл болду. Бирок ал боюнча адис болуп кеттим дегенден алысмын. Бирин түшүнсөм, бирин түшүнбөйм дегендей. Анан которо келгенде ар бир сөзүнө, ар бир оюна маани бересиң, алыңа жараша түшүнөт экенсиң. Бош боло калганда бирин-экин насааттарын кыргызчалай калып, кийин карасам, “Люнь Юй” (“Осуяттары”) деген китебин которуп салыпмын. “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков угуп калып, билимдүү жигит экен, эч кылчайбай туруп китепти жарыкка чыгарып салды. Эми бул Кун зынын айткан-дегендеринин кичинекей бир бөлүгү да. Кийин аны толук кыргызчалаган азаматтарыбыз чыгат деген ишенимдемин.

Эмгекти жөн гана которуп койбой, аны кайрадан жазып чыккандай болгондурсуң, түпнускада эл билбеген кандай купуя сырлар катылуу экен?

– Кун зы өзү өтө табышмактуу киши. Аны ачып беребиз деп канчалаган адистер тиштерин сындырышты. Ар бир айтканына түшүндүрмө берип жүрүшөт. Бул көөкөр киши экен көрсө. Өзү айтып жатпайбы: “Мен жаңы нерсе ойлоп тапкан жокмун, болгону элдикин гана элге берип жатам” деп. Көөкөр дегеним, кыргыздын кадимки көөкөрүнө кымыз куюлат да. Анан кайкайган бурчтарында уютку калып калат. Жаңы саамал куйсаң, ал канжыгада чайпалып жүрө берип, баягы уюткуга бышып, балкымыз болуп чыга келет. Анан Кун зыга окшогон кишиге саамалдай болуп куюлсаң, уюткусуна уюп, бышып чыгат экенсиң да. Ааламды тааныганга, адамды тааныганга, Жаратканды тааныганга үндөгөн ойчул экен. Бир шакирти сурап калат: “Устат, Өлүм деген эмне?” деп. Анда Кун: “Өмүрдүн эмне экенин билбей туруп, Өлүмдү эмне кыласың?” деген тура.

Чыгыш даанышмандарынан Конфуцийдин кандай артыкчылыгы бар? Мага баары окшоштой сезиле берет…

– Бир даанышман менен бир даанышманды салыштырып, карама-каршы коюп, артыкчылык издебеш керек го дейм. Чыгыштын акылмандары жөн эле акылдуусуна бербейт. Сен көрүп-билип жүргөн нерселерди ачып берип коет. Көбүнчө каймана түрүндө жүрөгүңө уютуп коюшат. Анан ошону пештеп, өзүңө-өзүң суроо берип, жооп издей баштайсың. Чыныгы Окуу ошондой болот экен. Кун зы Акыйкаттын кишиси болгон…

Жазуучу Кубатбек Жусубалиев “Конфуций кыргыз болгон” деген эмеспи…

– Кубат аке жөн айтпайт да. Кун зыны толук түшүнгөн дал ушул Кубат аке. “Конфуций жана жети сөз” деген китебинде ушуну айтып жатат. Негизи эле Кун зы көчмөндөрдөн көп билим алган, турмуш билимин, дүйнөтаанымын алган. Императорду коркутуп: “Мен кыргыздарга, көчмөндөргө кетип калам” дечү экен. Кундун айткандары кыргыздын эле макал-лакаптары чынында. Канчадан бери Кубат аке кыргыздарга жанагыл жети сөздү түшүндүрө албай келет: “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба”. Мына сага Конституция! Аткар ушуну! Буквально аткарыш керек. Ошондо сага бардыгы ачылат” деп жатпайбы Кубат аке. Кун зы деле ушуну айтат.

Сага анын кайсыл учкул кеби өзгөчө жакты?

– Кун зынын өтө сырдуу, табышмактуу бир айтканы бар: “Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалга тике карасаң болот” же “Эртең менен Акыйкатты билип, кечинде өлө берсең болот” деген. Ойчулдун бардык айткандары ушул жолго, ушул сөзгө багыт алат окшобойбу. А Акыйкат деген эмне? Ал айтылбайт. Аны өзүң аңдашың керек. Бүткүл дүйнө, бүткүл адамзат ошол Акыйкатты билбей келет.

А өзүң билдиңби? Ага кайсыл жол алып барат экен?

– Акыйкатка жол жок да. Ал бир жерде жаткан, же бир жерге орнотулган жансыз нерсе эмес экен. Акыйкат тирүү экен. Бир жерде турбайт экен. Аны сен издесең гана табасың.

Котормоңдун сыясы кургабай жатып, кызуу талаш-тартышка түштү. “Китеп коомчулукта резонанс жаратса, демек жашоосу узак болот” деген сөз бар эмеспи. Ошол талаш-тартышты кандай кабыл алдың?

– Өткөндө да мага ушул суроону беришти эле. Кандай талкуу болгонун чынында билбейт экем. Кун зы өзү талкуу жарата турган ойчул да. Ага менин тиешем болбосо керек. Билишимче, диний жактан болсо керек, “кайдагы бир каапырды чыгарып” деп. Түшүнүгү тайкылар ар кандай дей бериши мүмкүн. Аларга Кун зы өзү эле жооп берип коет. “Кудайды тааныйм десең, биринчи өзүңдү тааны” деп жатпайбы. Мамлекетти башкаруу, ата-энени сыйлоо, адамгерчилик, каада-салт жөнүндө Кундун айткандары эч кимди кайдыгер калтырбайт. Бул жөнүндө Чубак ажы Жалилов да жакшы айткан экен. Китепти окуп, туура кабыл алып, жылуу пикирин айтыптыр: “Мусулмандар, бул китепти окугула, билимиңер өсөт” деген экен.

 

osuyattar

Осуяттар

* * *

Устат айтты эле:

— Акыйкатка умтулуп дүйнө тааныса да, бирок кийген кийиминен, жеген тамагынан уялса, аны менен кеп уруп да кереги жок.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Өз кызыкчылыгын ойлогон киши элдин жаалын көбөйтөт.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Мамлекетти каада-салтка жараша эби менен башкарса, эмне кыйынчылык болушу мүмкүн? Эгерде мамлекетти каада-салтка жараша эби менен башкарууга мүмкүн болбосо, анда каада-салттын эмне кереги бар?

 

* * *

Устат айтты эле:

— Акылдууну көрсөң, ага жетүүгө умтул, акылсызды көрсөң, ички дүйнөңө үңүл.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Ата-энеңе кызмат кылып жатып, каймана сүйлөп көндүргүн.

Каймана сөздү түшүнүшпөсө, сыйыңан жазбай, сөздөрүн эки кылба.

Жиниңе тийишсе, нааразы болбо.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Ата-энең тирүү кезинде, узак сапарга аттанба, аттанып калсаң, дарегиңди билгизип тур.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Ата-бабаларыбыз сөзүн жерге таштаган эмес, анткени убадасын аткаралбай калбайын деп коркушкан.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Изги киши жалгыз болбойт, жок дегенде жакшы коңшу-колоңу болот.

 

* * *

Устат:

— Эгерде окуумду эч ким кабыл албаса, кайыкка түшөт элем да, деңиз менен сүзүп кетет элем. Менин жанымда шакиртим Зы-лу болмок,- дейт. Бул сөздөргө Зы-лу абдан сүйүнөт.

Анда Устат:

— Зы-лу эр-жүрөктүгү жагынан алдына киши салдырбайт, бирок кайык жасаганга бир чырпык табарына күмөнүм бар,- деген экен.

 

* * *

Үү зы айтты эле:

— Ата-энесин ардактап, улууну урматтаган оңою менен бийликке каршы аттанбайт.

Бийликке каршы аттангысы келбей туруп, бүлүк салганды көксөгөн адам болгон эмес.

Ак ээк ар дайым түпнегизге түнөт. Түпнегиз түптөлгөндө Жол-Жосун (Дао) ачылат.

Ата-энени ардактоо, улууну урматтоо – мынакей адамкерчиликтин түпнегизи.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Кооз сүйлөп, олуттуу түр көрсөтүп, калптын казанын кайнатуу – адамгерчилик менен кайнаса каны кошулбайт.

 

* * *

Зен зы айтты эле:

— Мен күнүнө өзүмдү үч жолу сынап турам:

Элге чын жүрөктөн кызмат кылып жатамбы?

Жоро-жолдошторум менен чын ниеттен сүйлөшүп жатамбы?

Устатымдын айткандарын аткарып жатамбы?

 

* * *

Устат айтты эле:

— Атаң тирүү кезинде — айтканынан чыкпа.

Атаң өлсө – айтып кеткендерине абай сал.

Үч жыл бою атаңдын Жол-Жосунун өзгөртпө.

Дал мына ушул ата-энени сыйлаган ата баласы деп айтылат.

 

* * *

Үү зы айтты эле:

— Каада-салтты аткарсаң, ырыс алды ынтымак, байыркы кандардын Жол-Жосуну жерде калбасын, чоң иш болобу, кичи иш болобу, ошол нарк-насилди бекем тут.

Бирок эмнеге жол бербеш керекти да билип ал:

эң башкысы каада-салттын кадыры менен ынтымакты чектебе – ал ырысыңды тебелегениң.

 

* * *

Зыкүн айтты эле:

— Бей-бечара, бирок кошоматчы эмес, бай-бачара, бирок текебер эмес – буга не дейсиңер?

Устат айткан экен:

— Жаман эмес! Кеп анда да эмес. Кедей болсоң – кенен бол, бай болсоң — барктуу бол.

 

* * *

Устат айтты эле:

-Эл мени тааныбайт деп кайгырбайм.

Мен элди тааныбаганыма өкүнөм.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Эгерде элди бир гана мыйзамдар менен башкарып, тартипти күч менен кармап, жаза менен коркутсаң, анда эл мыйзам менен тартипти айланып өтүп, анысынан уялып да койбойт.

Эгерде элди Дээр (изгилик) менен башкарып, тартипти каада-салт менен кармай билсең, эл уятын сезип, өзү эле баш ийип берет.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Он бешимде окууга дилгирлендим,

отузумда өз алдынчалыкка жеттим,

кырк жашымда эч нерседен шектенбей калдым,

элүүмдө Теңирдин эркин түшүндүм,

алтымышка чыкканда чындык менен жалганды ажырата билдим,

жетимишимде жүрөгүмдүн эрки менен болуп, каада-салтты бузбай келем.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Эзелкини эсинен чыгарбай, жаңыны жадына түйгөн гана Устат болалат.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Окуп жатып ойлонбосо — убакыттын текке кеткени,

Ойлонуп туруп, окубаса – өлгөнү.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Акыйкатты айталбаган Окууга берилгениң өтө зыяндуу.

 

* * *

Зыжан шакирти мансап үчүн билим алчу.

Устат мындай деди:

— Азыраак сүйлөп көп тыңша, эч нерседен шектенбе, бир нерсе жөнүндө абайлап сөз кыл, ошондо азыраак жаңыласың.

Көбүрөөк байкоо жүргүз, кырсыктан кач, бир нерсеге аяр мамиле кыл, ошондо азыраак кейийсиң.

Сөзүңөн чанда жаңылсаң, кылганыңа көп кейибей каласың, ошондо мансапка оңой жетесиң.

 

* * *

Бирөө сураган экен:

— Эмне үчүн сиз мамлекеттик башкарууга катышып, кызмат кылбайсыз?

Устаттын айтып турганы:

— «Шу зин» (тарыхый китеп) китебинде мындайча айтылат: «Ата-энеңди сыйласаң, бир туугандарың менен ынтымакта болсоң, аны эл башкарууда колдонсоң» деп.

Мунун өзү мамлекетти башкаруу. Анан мен кызматка орношуп эмне кылам?

 

* * *

Устат айтты эле:

— Эгерде адам баласында адамгерчилик жок болсо, каада-салттан не пайда?

Эгерде адам баласында адамгерчилик жок болсо, обологон обонуңан не пайда?

 

* * *

Ар бир айдын башында Ата-бабанын ыйык өргөөсүндө түлөө берилет. Зыкүн түлөөгө бир коюн курмандыкка жетелеп келет.

Аны көргөн Устат:

— Зыкүн! Сен үчүн ушул кой баалуу, мен үчүн ушул үрп-адат баалуу,- деген экен.

 

* * *

Дүн-күн сурап калат:

— Падыша бектерди кантип башкарат да, бектер падышага кандайча кызмат кылат?

Анда Устат:

— Падыша бектерди каада-салт менен башкарат, бектер падышага чын ниеттен кызмат өтөйт.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Адамгерчиликке умтулган гана жамандыкка жол бербейт.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Жаңылган адам – кимди колдогонуна жараша аныкталат.

Кетирген каталарына абай сал, канчалык адамгерчиликтүү экенин түшүнөсүң.

 

* * *

Зыкүн мамлекеттик башкаруу жөнүндө сурап калат.

Устаттын жообу:

— Элдин курсагы ток болсо, курал-жарак жетиштүү болсо, эл ишеним көрсөтсө – мамлекеттик башкарууга жатат.

Зыкүн суроосун улантат:

— Ушундай бир зарылдык жаралса, Сиз айткан үч нерсенин кайсынысын алып салса болот?

Устаттын жообу:

— Курал-жаракты.

Зыкүн суроосун улантат:

— Экинчи кайсынысын алып салса болот?

Устаттын жообу:

— Азык-түлүктү.

Ажалдан эч ким качып кутулган эмес.

Ал эми эл ишениминен кетсең, тактыны кармап калалбайсың.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Болгон билимиң, окууң, таанымың каада-салт менен чектелсе, Акыйкаттан алыстап деле кетпейсиң.

 

* * *

Зи Кан зы Устаттан мамлекеттик башкаруу жөнүндө сурап калат.

Устаттын жообу:

— Башкаруу – бул түздөнүү. Сиз түздөнгөндө, башкалар кантип түздөнбөй койсун!?

 

* * *

Уурулуктан тажаган Зи Кан зы бул тууралуу Устаттан сурап калат.

Устаттын жообу:

— Ачкөздүктү тыйсаңар, урматы үчүн деле уурдабай калышат.

 

* * *

Устат айтты эле:

— Илгери өздөрү үчүн окушса, эмкилер өзгөлөр үчүн окуп калышты.

 

* * *

Кимдир-бирөө минтип сурап калат:

— Жамандыкка жакшылык менен жооп берсе эмне болот?

Устаттын жообу:

— Жакшылыкка кандай жооп бересиң?

Жамандыкка адилеттүүлүк менен,

Жакшылыкка жакшылык менен

Нурзада ТАШБАЕВА, “Де-факто”,  04.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.