Кеп казына. Учкул сөздүн устаты Алдаш Белек уулу

Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн “Кеп казынадан” тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Алдаш Белек уулунун өмүр таржымалы тууралуу толук маалымат жок, бирок айрым маалыматта акын, ойчул 1720-жылы Ысык-Көлдө туулуп, 1780-жылы дүйнөдөн кайткан деп айтылат. Анын санат-насыяты, олуя-сынчылыгы ооздон-оозго өтүп, ушул күнгө чейин сакталып келди.

Ал бир окуяны же боло турчу нерселерди сүрөт менен тарткандай кылып ыр түрүндө жазган. Алардын айрымдары мындай:

* * *

Жакшыдан жаман туулат,
Бир аяк ашка алгысыз.
Жамандан жакшы туулат,
Адам айтса кангысыз.
Төргө отургузуп, бий шайла.
Тектүүдөн жаман чыкса,
Төрдөн кууп, тышка айда.

 

* * *

Аргымактын куйругу
Бирде – жибек, бирде – кыл.
Азаматтын жакшысы –
Бирде – мырза, бирде – кул.

 

* * *

Чебердин колу орток,
Чечендин сөзү орток.

 

* * *

Ат башына күн тууса,
Ооздук менен суу ичет,
Эр башына күн тууса,
Өтүгү менен суу кечет.

 

* * *

Анык жакшынын ачуусу бар – кеги жок.
Даанышмандын курбусу көп – теңи жок.
Чырга жакын адамдан,
Чычая качып бак кетет,
Чырга жакын улуттан,
Чытырап сынып так кетет.

 

* * *

Күчтүү менен күрөшпө,
Түптүү менен тирешпе.
Бактылуу менен байлашпа,
Таалайлуу менен талашпа.

 

* * *

Сары атан зоодон жыгылса,
Жүк асманга чыкпайбы,
Эки чечен баш кошсо,
Сөз асманга учпайбы.
Туура бийде тууган жок,
Туугандуу бийде ыйман жок.

«Sputnik-Кыргызстан», 25.01.2016-ж.,
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Соц тармактар:

One thought on “Кеп казына. Учкул сөздүн устаты Алдаш Белек уулу

  • 03.02.2017 at 08:11
    Permalink

    “* * *
    Ат башына күн тууса,
    Ооздук менен суу ичет,
    Эр башына күн тууса,
    Өтүгү менен суу кечет.”

    Көөнө кыргыз түшүнүгүндө “күн тууса”, жакшылыктын белгиси! Менимче, даанышман бабабыз:
    “Ат башына күн түшсө,
    Ооздук менен суу ичет,
    Эр башына күн түшсө,
    Өтүгү менен суу кечет.” – дегендир дейм да!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.