Кыргыз каганаты учурунда жазылган уникалдуу рун жазуулары Алтайдан табылды

Табылган таштын бетине Кыргыз каганаты дооруна таандык 68 рун тамгалары чегилген.

Тарыхчылар Борис Киндиков жана Айбек Чекурашев Алтайдын Онгудай аймагынан эң узун байыркы түрк рун жазууларын табышты. Жазуулар Кыргыз каганаты өкүм сүрүп турган 9-10-кылымдарга таандык. Бул тууралуу изилдөөчү Борис Киндиков Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Алар бетине жазуу чегилген ташты былтыр күзүндө Каракол (Алтай аймагы) өрөөнүндөгү Бичикту-Боом аймагына жакын жердеги Куттуу деп аталган тоолуу аймакка болгон изилдөө учурунда табышкан.

“Балким биз чоң жазуунун бир бөлүгүн гана тапкандырбыз. Сынган жерин карасаң бул таш жалама зоодон урап түшкөн сыяктуу. Ташты изилдей келгенде бетине 68 рун тамгалары чегилиптир”, — деди Киндиков.

Ал ошондой эле таштын бетине чегилген жазууда: “Түбөлүктүү аскага жазып жатам. Бул жердин ээсинен ден соолук жана узак өмүр сурайм” деп жазылганын белгиледи.

Киндиков чегилген жазуунун маанисин алтай жана кыргыз сөздөрүн салыштырып отуруп чечмелегенин билдирди.

“Хайа ташка бичидим. Эзен мөнкү болсун, ээлерден күч сурап жатам” (болжолдуу котормо). Бул жазууда түрк тилдерине жалпы мүнөздүү болгон сөздөр бар. Мисалы “эзен” (ден соолук), “мөнкү” (түбөлүктүү) “таш”, “ээлер”. Бул жазуулар Кыргыз каганатынын учуруна таандык, башкача айтканда монгол дооруна чейин жазылган”, — деди изилдөөчү.

Компьютерде иштетилбеген таштын табигый көрүнүшү
Компьютерде иштетилбеген таштын табигый көрүнүшү

Киндиков күн жылыганда бетине чегилген таш табылган аймакка барып дагы изилдөө иштерин жүргүзүүнү пландап жатканын кошумчалады.

“Тоолуу Алтай аймагынан табылган эң узун рун жазуулары түшүрүлгөн ташты Онгудай айылындагы аймак таануу музейине же Андрей Викторович Анохин атындагы республикалык улуттук музейге берүүнү пландап жатабыз”, — деди тарыхчы.

Кипрдеги Гирне Америка университетинин Түрк изилдөө жана таанытуу борборунун директору, профессор Кадыралы Конкобаев Борис (Барсбек) Киндиков (ал биз менен алтайча атым Барсбек деп таанышкан) тарабынан табылган таштагы жазуу тарыхый жагынан да жана маалыматтын камтылышы жагынан да баа жеткис табылга экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

“Борис Киндиковдун катышуусу менен биздин экспедиция Алтайдын Онгудай районундагы бардык жазма эстеликтерди, петроглифтерди ар тараптан изилдеп, өлчөп, фотосүрөткө тартканбыз. Барсбек Киндиковдун тике катышуусунда бул аймактан 10 жаңы жазууну да тапканбыз. Булардын бардыгы “Алтай Республикасындагы байыркы түрк жазуу эстеликтеринин атласы” деген мен шакирттерим Нурдин Усеев, Негизбек Шабданалиевдер менен чогуу жазган китепке кирген. “Атлас” 2015-жылдын аягында Астанадагы Эл аралык Түрк академиясы тарабынан түрк жана орус тилдеринде басылып чыккан. Алтай аймагынан 194 жылдын ичинде бардыгы болуп 1990-жылга чейин 90 жазуу эстелиги табылса, менин жетекчилигимдеги илимий экспедиция 2011-жылы бир эстелик, ал эми 2012-жылы мурда эч кимге белгисиз болгон 10 жазма эстеликтерди тапканбыз. Ошентип, 2014-жылга чейин 101 жазма эстелик Алтай Республикасынын аймагынан табылган”, — деди Коңкобаев.

Байыркы түрк жазма эстеликтеринин Түркология илимине белгилүү болгондорунун саны 700дөн ашты.

“Булардын 450гө жакыны Байыркы түрк Енисей жазма эстеликтери деген ат менен илимде таанылган. Биздин “Атласта” ошол 101 эстелик жөнүндөгү бардык илимий маалыматтар камтылган. Андан бери да Барсбек Киндиков жана башкалар беш эстелик табышты. Булардын бардыгы Кыргыз каганаты доорундагы жазма эстеликтер. Демек, булардын байыркы кыргыздарга таандык экендиги бүгүн талашсыз”, — деди профессор.

Түркология илиминде Көк-Түрк каганаты, Уйгур каганаты жана Кыргыз каганатынын дооруна таандык 700дөн ашык Орхон-Енисей жазуу эстеликтери белгилүү. Алар орто кылымда (5-кылымдан 11-12-кылымга чейин) Орто Азиянын аймагында, анын ичинде азыркы Кыргызстандын территориясында болгон.

Байыркы түрк рун жазууларын Борбордук Азияда 8-10-кылымдарда жашаган байыркы түрк уруулары колдонгон. Ал герман (немис) руналарынын формасында болгон.

Эң белгилүү байыркы түрк рун жазуу эстеликтери катары Билге каган жана анын бир тууганы Култегинге коюлган таш эстеликтер эсептелет. Ал Түндүк Монголиянын Көкшин-Орхон дарыясынын жээгинен табылган.

Орхон-Енисей жазуулары ошол учурдагы элдин бирдиктүү адабий тили катары кызмат кылган.

“Sputnik-Кыргызстан”, 01.02.2017-ж.
© Фото \ Борис Киндиков

Соц тармактар:

Добавить комментарий