Жазма булактардагы жаркын тарых

Макелек Өмүрбай уулунун “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жазма булактарда” деген китеби Президент А.Атамбаевдин колдоосу менен жыл башында жарыкка чыгып, элге тартууланды. “Кылым кыйырындагы кыргыздардын күчтүү мамлекет экендигин тастыктаган тарыхтын ак шооласы” аталган бул китепке ар кандай пикирлер айтылып кызыгуу жаратууда. Китепте биздин мамлекекеттүүлүктүн түпкү пайдубалы кантип калыптангандыгы тууралуу кашкайган чындык карт тарыхтын баалуу барактарында мааниси толук ачылбай ушул күнгө жеткени жазылат. Андагы маанилүү маалыматтарды кабыл алуу, жайылтуу, ал гана эмес тарыхыбыздын алтын барактарына айлантуу да биздин ички даярдыгыбызга, түшүнүгүбүзгө, табылгыс мураска болгон мамилебизге келип такалары бышык. Ал эми бул китеп керек болсо келечек алдында жооп берчү ар-намысыбызга карата кагылган коңгуроодой жооп күтүп тургансыйт. Китептеги “Кытай архивинде сакталып жаткан кыргыз китебин ким табат? Кыргызга керекпи?” деп сызылып чыккан суроо – бул алтын коңгуроо! Ачык айтылбаса да анда купуя катылган сыр Бийлик – Бакытты ар бир адам кантип түшүнүүдөн башталарын эске салып, ата-бабаларыбыздын ата-журтка ак кызматын, айтып бүткүс ак тилегин, алдастаган арман-үмүтүн алаканга салгандай анык кылып алдыбызга жайып койду. Эгемен элибиздин узун учугу кыйырсыз кылымдардын чокусунан чыкканы кокусунан эмес экендигин Манас бабабыздын басып өткөн изи да айгинелеп турат. Көрсө, көркөм адабият менен тарыхтын ашташкан жеринен асылдыктар жараларын акылман адамдар илгертеден эле билип, көмөкөйүн күүгө, көкүрөгүн ырга бөлөп, көркөм сөзгө рухун суугарып келген тура…

Бийлик – бакытпы? Чынында бул сөзгө абдан таң калдым, анын тереңинде уюп жаткан түшүнүк, артында да аска-тоодой асмандаган маани бар экени кызыктырды… Бийликти зоболо, мартаба, мансап катары гана караганда, анын артында азаптын айыкпас жараты калары азыркы мезгилде айкын болбодубу.

“Мамлекеттүүлүк – маданият шаңы, уюган улуттук күч! Бакыт – бактын куту. Куттун эң алгачкы мааниси мамлекет болгон. Мамлекет деген сөз кийин, фарс тилинен кирген. Тегинде бийлик кут болуп, элге, жерге бакыт алып келген. Адамзаттын жетишкен маданияты уюшуу, уруулук топ түзүп, бийлик менен чогуу аракетке келүү болгон. Ал эми “Түрк” деген сөздүн дагы бир маанисин кытай жазмаларында жазып, Ашынанын он жети баласы бирөөн бийлик башына коюу үчүн ким терекке мурда чыкса, ошол “түркүк” болот деген. Бул уюшуунун алгачкы түрү катары каралат. Бийлик – түркүк, бакыт – бийлик” деп автор айткандай, мамлекеттүүлүк – эл-жери бар, эгемен бир бүтүн улуттун сыймыктанган сезими эмеспи. Акылдуу, күчтүү, бекем бийликтин ага аяр, аздек мамиле менен ээлик кылып, ар дайым журттун жыргалчылыгында желегин желбиретип турганы мекенибиздин куту, бакыты эмей эмине деген ой келет экен!..

Көрсө, бийликтин түпкү тереңинде катылган сыр карт тарыхтын бүктөмдөрүндө калган БАКЫТТЫН уюткусундай биздин күнгө жеткен тура. Ооба, бизге жеткен китеп мамлекеттүүлүктүн маани-маңызын даңазалуу доорлордун далилдүү фактылары менен кештелеп, келечекке тартуулаган бирден-бир баалуу маалымат, илимий булак болду.

Бул китеп тууралуу айтылган ойлорго караганда китеп кээ бир тарыхчыларга абдан жаккандыгы, кээ бир тарыхчыларды ойго салгандыгы, кээ бирөөлөрүн кызууланткандыгы, жалпы эле окурмандарды кайдыгер калтырбагандыгы менен айырмаланат. Кызыгуу жараткан китептин келечекте кереги көп тиери, ошол эле мезгилде буга чейинки тарыхыбызды тактоо жолундагы улуу бурулуштардан болору шексиз.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, профессор: Аскар Беделбаев:

Быйылкы жылдын башы менен Кытайдагы боордошубуз окумуштуу Макелек Өмүрбайдын “Кыргыздын мамлекетүүлүгү жазма булактарда “ деген кызыктуу эмгеги биздин колубузга тийди . Бул окумуштуу , Кытайда жашап кытай тилинде билим алган, кытайдын архивдериндеги көптөгөн маалыматтарды алып чыгып, ошондогу кытай башкаруучуларынын кыргыз-кагандарына жазган каттарынын баарын түп нускасында берген экен. Бөтөнчө бизде уланып калган кыргыз деген аттын чечмелениши жөнүндө өзүнчө жаңы көз карашты берет . Буга чейин биз европалык көз караштарды гана колдонулуп келе турган болсок, мында тунгуч жолу кытай иероглифи терең талданып түшүндүрүлүү менен “Get-ket-sie” деген сөз “кыргыз” деген сөздү билдирери биринчи ирет ушул китепте айтылып жатат. Кытай тарыхый булактарынан изилдөөнүн негизинде жаңы ысымдарды, кыргыздардын башчыларынын 583-жылга таандык Какей хандан тартып 14 адамдын ысымын киргизип жатат, албетте, эми толугу менен бул адамдар жөнүндө биздеги маалыматтарды дагы изилдешибиз керек.

Макелек Өмүрбай көпчүлүгү кыргыз тилинде жарыяланган биздин мурдагы тарыхчылардын, изилдөөчүлөрдүн анан кийин кытай тилиндеги булактардын негизинде гана изилдеп, дүйнөлүк илимпоздордун изилдөөлөрүн көп алган эмес. Кытайдагы болгон маалыматтарды архивдерден алып, баардыгын бөлүктөргө бөлүп, ошону менен бирге Кытайда жашаган кыргыздар тууралуу да жазган. Тарбагатай кыргыздарынын жөн-жайы тууралуу жана 1916-жылдагы уулу үркүн учурунда Кытайга үркүп барган кыргыздар бардык жерге таралбастан өзүнчө бир айылга Боз-Дөң деген жерге туруп калгандыгы жөнүндө, башка да кызыктуу маалыматтар көп. Мисалы, Дөрбөлжүн , азыр биз Ак-талаа районундагы Баетов айылы деп жүрөбүз, мына ошол Дөрбөлжүн – 4 чарчы деген шаарды билдирет экен, ушул сыяктуу кызыктуу маалыматтарды берген илимий булактары да бар. Албетте, бул биздин кыргыз тарыхын тактоого карата кошкон чоң салым десек болот. Кыргыздын каада-салттары менен ай, жыл санагы жөнүндө кызыктуу көз караштары, кыргыз термининин келип чыгышы, кыргыздар жөнүндө архивде сакталып турган китептерди мындан ары дагы изилдөөнүн зарылдыгы жөнүндөгү ойлору абдан баалуу жана окуган адамды ынандыра алат. Бул биздин тарыхчылар үчүн, бир эле тарыхчылар үчүн эмес , коомдук илимдер, адабиятчылар,тилчилер , журналисттер үчүн дагы кызыктуу китеп болуп, аларга мындан аркы изилдөөлөрүндө пайдаланууга булак катары кызмат кылат деген ойдобуз.

 

КУУнун профессору, тарых илимдеринин доктору,Токторбек Өмүрбеков:

Макелек Өмүрбай – кыйла жылдардан бери жалпы кыргыз элинин салттуу маданиятын, турмуш-тиричилигин жана тарыхын иликтөөгө олуттуу салым кошуп келе жаткан кытайлык кыргыз окумуштуусу. Ал кийинки учурда кыргыздын көөнө тарыхына көбүрөөк көңүл бөлүүдө. Анткени байыркы тарыхыбыздын урунттуу учурларын кытай тарыхый булактарысыз элестетүү эч мүмкүн эмес. Ал эми Макелек Өмүрбай кытай, уйгур тилдерин мыкты билген таланттуу окумуштуу жана көп кырдуу чыгармачыл инсан. Айрыкча кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаттарын аныктап тактоодо, 2200 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилөөдө анын көрсөткөн көмөгү али эсибизден чыга элек. Ошол маараке маалында Макелек Өмүрбай, Мамбеттурду Мамбетакун, Мухамед Хучженхуа өңдөнгөн кытайлык илимпоздор Н.Я.Бичуриндин кытайлык тарыхый булактарды орусча которгондогу жаңылыштыктарын оңдоп, туура котормосун сунуш кылышкан, алар маанисин тактап бергендей Сыма Цяндын “Тарыхый жазмаларындагы” “Кыргыз мамлекети” деген маалыматты Бичурин Н.Я. негедир маани-маңызын төмөндөтүп, жөнөкөй “кыргыз ээлигине”, хяргас-кыргыз атын жасалма “хагас-хакас” атына айландырып салыптыр. Андай жаңылыштыктардан аталган кытайлык аалымдардын жардамы аркасында гана арылып, тарыхый чындыкты, адилеттикти калыбына келтире алганбыз.

Ошондой болсо да көөнө кыргыз тарыхынын көптөгөн көйгөйлүү маселелери өзгөргөн замандын өктөм талаптарына шайкеш изилденбей кала бергени да чындык. Анткени Кыргызстанда кытай тилин жакшы билген тарыхчы кесипкөй адистер жокко эсе, Кытайдын башкы архивдерин аңтарып чыкканга чамабыз чак. Бактыга жараша так ушу кендирди кескен кемчилик-кенемтенин ордун кытайлык агайын-тууганыбыз Макелек Өмүрбай толтуруп келет. Андыктан өткөн “Тарых жана маданият” жылынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик жетекчилик тарабынан ага “Манас” ордени ыйгарылганы акыйкат ишарат жана сый-урмат болду. Анан калса түздөн-түз КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин колдоосу менен автордун жаңы илимий эмгегинин жарык көрүшү жакшы жөрөлгө эмей эмине! – дээр элек.

“Кыргыз мамлекеттүүлүгү жазма булактарда” деп аталган бул китепте чын-чынына келгенде “сөздүн ток этер жери” айтылганы айтпаса да түшүнүктүү. Китептеги негизги өзөктүү идея – улуттук мамлекеттүүлүгүбүздүн тарыхый тамырынын тереңдиги, бекемдиги, чынжырдай чырмалышканы, чынар текректей канат-бутак улам жайып, өрдү көздөй өсүп келе жаткандыгы, түбөлүктүүлүгү тууралуу ой, үмүт-тилек. Дагы бир кубанычтуу жагдай, аалым ар башка доордогу кытайча кыргыз аталышын (мурдагы гэгунь, гяньгунь, цяньгунь, хэгу, цигу ж.б. аталыштарды) тактап, талаш-тартыштуу маселелердин башын ачып берүүгө далалат кылганы кош колдоп колдоого арзыйт. Ачыгын айтканда азырынча андай талылуу маселелерди туура чечүүгө, республикабыздагы адис аалымдардын дарамети жетмек эмес.

Китептин кийинки бөлүмдөрүндө кыргыз эл башыларынын байыркы доордогу, орто кылымдардагы жана жаңы мезгилдеги мансап, мартабалары, алардын маани-маңызы ирээттүү түрдө илимий сыдыргыдан өткөрүлгөнү менен окурмандарды өзүнө тартаары талашсыз. Мындан тышкары кыргыз каган, хан, инал, элтебер ж.б. эл башыларынын кытай тилиндеги ысымдары эзелки элибиздин тилинин тарыхый кыртышына ылайык которулганы да көңүлдү жубатып турат. Анан калса алардын көбү буга чейин дайынсыз эле. Башкасын айтпаганда да Хань, Тань империяларынын саясий борбору Чанъан шаарына жакын жердеги Кытай императорлорунун көрүстөндөгү кыргыз ажосу Жетисан Бекбай Багачордун (693-708-ж.ж.) айкели жөнүндө маалымат менен Кыргызстандык тарых күйөрмандарын тааныштырганы эмне деген керемет кенч, баа жеткис табылга!

Биз буга чейин 648-жылы Чанъанга барган кыргыз элтеберин Шибокуй Аджан деген кытайча ысмын өзгөртпөй келгенбиз. Макелек Өмүрбай аны Ишбара Ажо деп адекваттуу котормосун берди. Айтор Макелек Өмүрбайды чыгаан окумуштуу, эл-жерин чындап сүйгөн-күйгөн, чыныгы мекенчил, улуттун анык уулу катары урматтоо ар бир кыргыздын парзы деп айтууга толук негиз бар.

Ал эми китептин толук мазмуну кенен-чонон өзүнчө кеп учугун улоону талап кылаары анык. Андыктан азырынча кыскача пикир билдирүүнү эп көрдүк. Алдыда айтыла турган ойлор али арбын…

Ала-Тоонун аркы тарабындагы ар дайым жүрөгү кыргыз деп соккон ардактуу агайын аалымга ири ийгиликтерди, ак калпак элдин сыймыгы болууну каалайм. Эч качан арыбаңыз, сүйүктүү да, сүйкүмдүү да боордошубуз!

 

Филология илимдеринин кандидаты, Жеңишгүл Абдырасулова:

Макелек агайдын бул изилдөөсү элибиз үчүн абдан зарыл жана зор табылга. Бул китептеги Кытай мамлекетиндеги байыркы тарыхый жазмаларда сакталган байыркы Кыргыз мамлекети күчтүү мамлекет болгондугун жана бийлик башындагы 14 кагандын аты-жөнү менен канча жыл башкаргандыгы, алар кандай башчы болгондугу, байыркы кыргыз дипломатиясы тууралуу маалыматтар кыргыз эли үчүн чоң жаңылык болуп эсептелет. Алардын ар бирин тизмелеп урпактарга жеткирүүнүн өзү учурда абдан баалуу жана жоопкерчиликтүү иш. 8-кылымдагы кыргыз ажосу Жетисан Бекбай Багачор ажонун таштан жасалган айкели Кытай мамлекетинин Ши-Ан шаарында тургандыгын элибиз үчүн тарыхый ачылыш болгондугун баса белгилеп кетүүгө болот. Таң падышалыгынын кыргыз кагандарына жазган каттары менен жана алгачкы Кыргыз дипломатиясы боюнча такталган маалыматтар окурмандарга байыркы карт тарыхтын белгисиз барактарын кайрадан ачып берип, миңдеген жылдарга жашырынып кала берген баалуулуктарды кайрадан жан дүйнөбүзгө алып кирип, биз буга чейин билбеген, баалабаган асыл ойлордун учкунун жандандыра алды. Аталган китепте Кыргыз эли менен Кытай элинин байыркы алака мамилелери баяндалгандыгын жана ал каттарды мыкты денгээлде ошол мезгилдердин тарыхын таасын чагылдыруу менен которуп, калыс жана так баяндап берген агайыбызга ыраазычылык айтууга баарыбыз милдеттүүбүз. Бул китеп миңдеген жылдарды кучагына карыткан Кыргыз дипломатиясынын тарыхына чыйыр салган, ошол мезгилдин лексикологиясын сактай билген тарыхый-илимий ачылыш катары баалай турган алгачкы эмгектердин бири деп баса айтууга негиз бар, анткени байыркы Кытай жазмаларындагы жазылып такталып калган, мөөрү менен берилген каттар алгачкы жолу которулуп жарык көрүп отурат, дал ушунун өзү эле элибиз тээ алмустактан бери дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүп келгендигинен кабар берип отурат. “Кыргыз” сөзүнүн келип чыгышын тарыхий маалыматтар менен тактап салыштырып, изилдеп ачып бергендигинин өзү эле чоң иш. Кыргыз элинде колдонулуп келген мансап аттары да тарыхый контексте чечмеленип берилген. Кытайда жашаган кыргыз улуту боюнча алар качан жана кайдан келгендиги, туткан дини жөнүндө кызыктуу изилдөө багытын көздөгөн маалыматтар да орун алгандыгы китептин баалуулугун арттырып турат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайда болушунун башаты катарында кытайдын жазма булактарында түбөлүктүү сакталып калган, балким ошол бойдон унутулуп белгисиз болуп кала турган асыл баалуулуктарды, тарыхый эстелик баяндарга жан берип учурдагы тарыхый жактан изилдене турган илимий эмгектерге жол ачкан, Кыргыз мамлекетинин бүгүнкү жана эртеңки келечегин кубаттаган бул китеп, биз үчүн алгачкы саамалык жана тарыхый табылга катары баалоого менде толук ишеним жаралды.

Ушундай ишти колго алуунун өзү чыгармачылык өжөрлүк менен тынымсыз ишмердүүлүктүн натыйжасы экендигин баса белгилеймин. Макелек Өмүрбай агайыбыз кыргыз элинин түптүү эл экендигин тастыкталган маалыматтардын бар экенин тактап ушул эмгекте жарыялагандыгы Кыргыз мамлекети жана элибиз үчүн зор жана жоопкерчиликтүү иш деп эсептейм. Чет элде жүрсөңүз дагы Кыргыз мамлекети, кыргыз эли үчүн күйгөн сиздей адам менен биз сыймыктанабыз, бар болуңуз агай!

Даярдаган филология илимдеринин кандидаты Бакыт Мырзатаева

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.