Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу: Кыргыздын мамлекеттүүлүгү

«Манас» жомогунда кыргыздардын биримдүү бийлик куруу, өз мамлекетин, элин коргоо тарыхый чындыгы көркөм чагылдырылган. Эпосто айтылган Манасты хан көтөрүү окуялары тарыхта жазылган кыргыздардын мамлекети болгонун айтканы эле. Кыргыз мамлекети жөнүндө жазмадагы эң эртеде айтылган баян биздин санактан мурдагы Кытай тарыхынын атасы Сыма Чандын «Тарыхий эстеликтер» (史记) китебинде тунгуч жолу тилге алынып «Кыргыз мамлекети» (鬲昆国) деп жазылган (Караңыз, «Тарыхий эстеликтердин» «Хондор баяны» 2893-кертимине) Кытайдын тарыхий булактарына кайрылсак, кыргыздардын тарыхы Кытай жазмасына өтө эрте түшкөн, атап айтсак, санактан мурдагы үчүнчү кылымдын соңунда, Кытайдын Чын (秦), Хан (汉) доорлорунун өтмөлүк кезинде кыргыздар «kek-kun» (鬲昆) деген тыбышталуу кат менен тарых бетине жазма түрүндө түшкөн. Андан кийин «隔昆» каты менен жазылган, бирок окулушу жогорку менен окшош болгон. Хан-вий  (汉魏) доорлорунда (санактын 25- 220-жылдарда) кыргыздар «kian-kun» (坚昆) деген жазылышта баяндалган. Андан кийин беш доордон Сүй падышалыгына чейинки жазмаларда дагы башкача жазылыш менен баяндалган. Алсак, «Жовнаама», «Түндүк тарыхы» деген китептерде «契骨», «结骨», «纥骨», «护骨» деген каттар менен кыргыз аты жазылганы менен, анын бардыгы «ki-i-kud» болуп тыбышталып окулушун кытай изилдөөчүлөр ырастап чыгышты. Ал эми Таң (唐) доорунда кыргыздар жана «kian-kun» (坚昆) деген кат менен кээ бир жазма булактарда колдонгон.

Ал эми Таң падышалыгы тушунда «Кыргыз» атын атайын изилдөөгө алып, аны тактап жазууну ырасмий кармаган. Алып айтсак, биздин санактын 843-жылы кыргыз элчисин кабыл кылган жана ал элчилерден кыргыздардын этнографиясын сурап, китеп жаздырган Таң падышалыгынын вазири Ли дийү кыргыз элчисинен «Кыргыз» сөзүнүн айтылышын түз эле сурап, ал китепке кыргыздын улут атын «ke-kuet-sie»(纥扢斯) деп жазган. Бул жазуу кыргыз улутунун өзүнүн оозунан айтылышын сурап 1-жолу тактап жазылышы болгон. Кийин, 843-жылы чын курандын 5-күнү Кытай падышасы окумуштуулар менен акылдашып, «Кыргыз» улут атын Кытай жазмаларында калыпташтырып, окумуштуу Жа дандын кытайча тыбыштап жазуусу боюнча «Get-ket-sie» («黠戛斯») боюнча атоону бекиткен (Караңыз, Ли дийү «Жыйнагына»). Айтмак, «Кыргыз» сөзүнүн кытайча жазылыштарынын көптүгү ошол кездин падышасынын көөнүн бурган. Ал эми падыша атайын жазмача коолу түшүргөн жогорку жазылыш «Кыргыз» сөзүнүн өз атоосуна, кыргыз тилине абдан жакын болгон. Ал эми азыркы тарыхчылар, атап айтканда, кыргыз тарыхын баяндоочулар Кытай тарыхы булактарындагы жогорку жазылыштардын бардыгы «Кыргыз» деген сөздүн кытайча каттар менен тыбышталып жазылышы экенин моюнга албай, алса да удургутуп «Гиянгүн, гегун, хиягас, хакас» (Караңыз, «Кыргыз энсиклопедиясына»), ал тургай «Жиянкүн» деген сыяктуу «Кыянатчыл» айтылыштар менен айтып, кыргыз тарыхы боюнча кытайча жазма баяндардагы «Кыргыз» сөзүн өз олутунда которуп айткысы келбей жүрөт. Анын себеби, Никита Яковлевич Бичурун (1777-1853) кытайча Таң доорунда жалпылашкан «黠戛斯» жазылышын орусча тамгалар менен «Хагас» («Хагас») деп тыбыштап, 19-кылымдын кытай тилинин окулушу менен туура эмес жазып салгандыгы башкы себеп болгон. Андан кийинки Бичурундан пайдаланган эмгектерде бүт эле «Кыргыз» сөзү «Хагас, хакас» болуп айтылып, байыртадан жаркын тарыхы бар, жазмаларда айкын жазылып калган кыргыз тарыхын бүдөмүктөштүрүүгө алып келип салган. Аны кыргыз таануучу Юлий Худяков мындай дейт: «Хакас деген ойдон чыгарылган китептик терминдин реалдуу жашап жаткан элде этноним (Улут аты) катары кабыл алынышы «Кыргыз» жана «Хакас» деген терминдерди карама-каршы коюп, ал экөөнүн ортосунда сапаттык жаңы абалды түздү. «Хакас» термининин тарыхийлыгын, анан «Кыргыз» улут атынын кытайча транскрипциясынан да башка мааниси бар экендигин негиздөө аракеттери дал ушул жылдары башталганы бекеринен эмес. Бул мезгилге чейин мындай зарылдык болбосо да керек» (Алынды, «Кыргыздар» Кыргызстан басмасы. 3-том. 152-беттеги автордун «Кыргыздар талаш-тартыш чордонунда» аттуу макаласынан). Бышыктап айтканда, кыргыз тарыхы Кытай жазмаларындагы түрдүүчө жазылган каттар «Кыргыз» сөзүн кыргыз тилин өз ичине алган башка тилдерге «Кыргыз» деген түпкү аталышы менен которуп жазганда, анан кыргыз тарыхы төп баяндалган болот. Себеби, кыргыздын тарыхын, тегин, жайгашуу ордун так билүүгө Кытай жазма булактары гана негиз болуп берет. Бул сөздү академик В. В. Бартольддун сөзү менен айтсак: «…Бир кыйла мурунку Кытай тарыхый чыгармаларына караганда, кыргыздар жөнүндө бир топ толук маалыматтарды табабыз.»④ – дейт. Чынында, академик Бартольд да кыргыздар жөнүндө жазган маалыматтарынын бардыгы Бичуриндун котормосун такоол кылып Кытай тарыхы булактары боюнча далилдеген.

Ал кийинки Юан доорундагы кытайча тарыхий булактарда, «Килихис» (纥里迄斯), «Жылжыс» (吉利吉思) болуп жазылган. Ал башка тилдерде жазылган тарыхтарда «Кыргыз» сөзү мүмкүнчүлүктүн барынча өз айтылуусун сактап жазылган. Ал эми Чиң доорунда (清), атап айтканда, манжу кезинде кыргыздарды «Бурут» (布鲁特) деген айтылыш менен баяндаган. Бирок, «Бурут» сөзү «Кыр огуз» деген маанинин которулмасы болуп, «Кырдагы гуздар» деген түпкү маанисин чыгарып атаган. Кыргыздардын Кытай жазмаларында жазылышы менен аталышын төмөнкү жадыбалга жыйнактап көрсөтүүнү туура көрдүм, айтарлуусу, бул жадыбал тарых илимдеринин доктору Ваң жийе айымдын изилдөө ийгиликтерин негиз кылды.

kyrgyz_kutajcha

Жогорудагы Кытай жазмалардагы баяндарга караганда, кыргыздын мамлекеттүүлүгү санактан мурдагы 3-кылымда Сыма Чандын тарыхына жазылган. Андан соң, кыргыздар Эне-сай өрөөнүндө «Кем-кемжут» аталыштагы мамлекеттик бийлиги болгон. Ал түрктөр кезинде мамлекетинин хакандык деген аталыш менен атаганы тарыхта жазылуу турат. Ал эми кыргыздын улуу хагандыгы 840-жылдан 934-жылга чейинки кезде болгону белгилүү. Ал эми кыргыздын мамлекети өз тилинде «Бийлик, бектик» деген сөздөр менен туюнтулуп келген. Кийинки кездерде «Хагандык» сөзү менен айтылып, анын баш кишиси «Хаган, хан» болуп айтылган. Кыргыздар эң эртеде бийлигинин баш кишисин «Бек, бий» атагандыгы жөнүндө жазма булактарда жазылган (Барс бек). Андан кийин, баш кишисин «Эр» (Эр Манас, эр Солтоной ж. б.) Атаган. Андан соң, өзүнүн канатташ урууларына ээлик кыла баштаганда, баш кишисин «Ажоо» айтымы менен атаган. Андан соң, түрктөрдүн бийлик таасири менен (Же илгерки аварлардын атоосу боюнча), баш кишисин «Хаган, хан» мансабы менен атаган. Ал кийин түрктөргө каранды болуп турган доордо баш кишисин «Элтебер» мансабы менен атаган. Ал Кытайдын Таң эмпириясы менен байланыш түзгөндөн кийин, «Тутук» мансабы кошумча колдонулган. Кыргыздар уйгур бийлигине каранды болуп турган кезде, баш кишиси «Эркин» мансабы менен аталган. Кыргыздар моңгул доорунда, баш кишисин «Инал» менен атаган. Мындай бийлигинин баш кишисин көп мансап аттары менен аталышы кээ бир мансап аталышы кыргыздын өз төл сөзү аталышы болсо, көбү, өз мамлекети болгону менен, башка бийликке каранды болгон кезде, же ынтымакташ бийлик жүргүзгөн кезде, ошол башка бийлик жагынан коюлган мансап аталыштарын колдонгону белгилүү болду. Төмөнкү ысымдардан караганда, көбү адамдын өзүнүн ысмы эмес, ошол кезде атаган мансаптык аталыштары катары көрүнөт. Мындай көрүнүш байыркы бийлик жүргүзгөн бардык эле элдерде болгон, бийликтин баш кишисинин ысмын тергеп, анын улук наамын атаган экен. Кыргыздар да мына ошол жосун боюнча өздөрүнүн хагандарын атаганы билинет.

Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу
КЭР «Тил жана Котормо» журналынын башкы редактору,
филология илимдеринин доктору

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.