Анонс-видео: “Илегилек” драмасы “Тунгуч” театрында

Белгилүү драматург Султан Раевдин “Илегилек” пьесасынын негизинде “Тунгуч” театры жаңы спектаклди баштады.

Спектакль азыркы мезгилдин көйгөйлү проблемасын, ыйман, адеп-ахлак маселелерин козгойт. Муундар менен муундардын ортосундагы мамиле, ажырым, көз караштардын жана дөөлөттөрдүн карама-каршылыгы, татаал психолгиялык ички драматизм бул чыгарманын өзөктүү маселеси.

“Илегилек” спектаклинин автору жана режиссер коючусу, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Лондондогу эл аралык театр фестивалынын Гран Присинин ээси Султан Раев, сценографы-белгилүү театр сүрөтчүсү Бакыт Тилекматов, спектаклдин бийин койгон Имаш Ажыкул. Спектаклде башкы ролдо Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова, жаш актриса Тазима Уметалиева, жаш актер Имаш Ажыкул.

Спектаклдин премьерасы 23-24-25-26- февралда “Тунгуч” театрынын жаңыртылган көрүү залында өтөт. Спектаклге көрүүчүлөрдү чакырабыз.

Маалымат телефондору: 0708466971, 0773938131, 0703606038.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.