Манас баатыр кандай кылат эле?

Кыргыз бизнесмендери Грузияга барганда Михаил Саакашвилинин устаты Каха Бендукидзени зыярат кылышат. Ал: «Ар бир кыргыз өзүнө «Эгер Манас тирүү болсо, бул абалдан кандай чыгат эле?» деген суроону бериш керек», – деп айтыптыр. Биз ушул суроону бере алгандай абалдабызбы?

Жогорудагы кеңешти «Грузия кереметинин» автору Каха Бендукидзе Манас бабабыздын белекке берилген портретин карап туруп айткан экен. Ал сунушту берердин алдында Бендукидзе кыргыз ишкерлерине: «Бул баатырды кыргыздын баары тааныйбы? Аны баары жакшы көрүп, сыймыктанабы?» – деген суроолорду берген. Аларга «ооба» деген жооп алган соң, «Демек, силерге өлкөңөрдү өнүктүрүп кеткенге мындан башка нерсенин деле кереги жок экен. Ар бир кыргыз өзүнө «Эгер Манас тирүү болсо, бул абалдан кандай чыгат эле?» деген суроону бериш керек. Жоопко жараша иш кылса эле, мамлекетиңер бутуна турат», – дептир.

Бул окуяны «Кереге» фонду (Мурунку “Диалог Евразия”) жана “Сереп” изилдөө институту өткөргөн «Манас» эпосундагы баалуулуктарды окутуунун жолдору» аттуу тегерек үстөлдө аталган уюмдардын координатору Искендер Ормон айтып берди. Гезитибиздин бул санында учурда «Манас» эпосун коргоого жана таанытууга эң көп салым кошкон эки агайдын ойлорун окурманга сунабыз.

 

Манас кыргыз элинин адеп-ахлак Конституциясы

Манаста бүгүнкү жаштардын тарбиясына пайдубал болуп бере турган түбөлүктүү баалуулуктар абдан көп. Кыргыз эли Манастагы баалуулуктарга таянып жашап келген. Манас баш болгон рухий баалуулуктардын негизинде тагдырынын алай-дүлөй бороондорунан аман-эсен өтүп, ушул күнгө чейин жеткен. Учурда да кыргыздын кыргыз боюнча калышы табиятына терс келген ар кандай ири геосаясий күчтөрдүн курчоосунда жашап жатабыз. Ушундай шартта кыргыз эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн, улутун көздүн карегиндей сактоо, өнүктүрүү жана чыңдоо маселеси курч туруп жатпайбы. Кыргыз эли чачылып, мамлекети жоюлуп, тили жоголуп кетиши мүмкүн деген божомолдор көп эле болуп атат. Мындай жагдайда өз коломтобуз, өз кыртышыбыздагы улуу идеяларды заманга бап кылабыз десек, биз биринчи кезекте Манаска кайрылуубуз туура болот, кайрылууга милдеттүүбүз да.

Мекенди сактоо, эркиндигин камсыздоо, Ата-журттун көз-карандысыздыгын, элдин эгемендүүлүгүн, боштондугун эң жогорку баалуулук, дөөлөт катары көрүү Манастын эң улуу идеясы болуп эсептелет. Ушул баалуулуктар үчүн Манас өз өмүрүн арнаган, жанын кыйган. Манас кыргыз үчүн түбөлүктүү идеал.

Мамлекетте элдин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиги болсо, бекем болуп турат. Манаста жалпы ак калпак журт «Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу» деген Бакайдын сөзүн, Кошой да, Манас да, Каныкей да айтат. «Бөлүнсөң, бөрү жеп кетет. Бөлүнүп калды кыргыз деп, бөтөн элге кеп кетет» деп ынтымак, ич ара ширелишкендик болбосо, эгемендүүлүгүңдү деле коргой албайсың да. Бизди тарыхыбыз «Биримдик менен гана жеңип чыгабыз» деген акыйкатка үйрөткөн.

Кыргыздын бүгүнкү чачырап, дүйнөгө чачылып турган шартында Манастын биримдик идеясы аба менен суудай керек болуп турат. Бул өлбөс баалуулук.

Манаста атуулдук кызмат кылуу да күчтүү идея. Эл-журтуна жигит, жаран катары кызмат кылуум парз деген идея эпостун башынан аягына чейин аралап өтөт. Мисалы, Кошой көз каранды болуп калган кезде аябай азап тарткан адам. Ала-Тоодо жалгыз калып, кытай-калмак империясынын салыгын төлөп, кармашып, өжөрлүгү менен азган-тозгон кыргызга жетекчи болуп турган каарман. Көз каранды турмуштан көрө, жогу жакшы деп, кыргыздан качан уул чыгат, качан чачылган журтту жыйнайт деп жашап келген Кошой Манаска жолукканда ушунчалык сүйүнүп: «Чачылганды жыйнайлы, үзүлгөндү улайлы. Азган-тозгон кыргызга, Манас, караан болуп туралы», – дейт. Бакай, Каныкей, Алманбет, Чубак, Сыргак, Кошой өздөрүн мамлекетине, эл-журтуна берилип, кара жанын карч уруп, карусун казык, канын азык кылып, өзү жөнүндө ойлобой, эли жөнүндө ойлоп, кызмат кылуунун эң жогорку үлгүсү болуп кала беришкен.

Эл-журтту сүйөм десең, Манастан үйрөн. Манас өзү: «Калкым кыргыз, сен үчүн курман болуп кетейин», – дейт. Ушундай идея менен жашаган биздин баатырлар, ата-бабалар болгон. Алар бул улуу сезимдерин бапестеп, чоң мамлекет түзүп, дүйнөнү башкарган.

Ата-энени сыйлоо канчалык даражада берилген! Чыйырды эненин сүтү аркылуу Алманбет менен бир-тууган болот. Эненин сүтү урат деп экөө тең достугунан жазбайт. Чыйырды энесин өзүнчө ак сарай салып, үлпүлдөтүп багат. Манас баласы өлгөн соң Чыйырдыга эч кандай куугунтук болбосо да, сексен жашында Жакыпты, эл-журтун таштап, Семетей экөөнү Каныкей жөө көтөрүп Букарга качат. Манастын тукумун тыңытып, баласынын «Кыргыз мамлекети чабылып-чачылып жок болуп кетпесин», – деген керээзин аткарып, келини менен кетет. Кайра келип, Бакайга кошулуп Манастын ордосун калыбына келтириш үчүн эмиграцияга кетүүсү, 12 жылдан кийин кайтып келүүсү биздин жаштар үчүн кандай сонун мурас жана үлгү. Манастын адеп-ахлагы эскирбеген түбөлүктүү дөөлөттөр. Манас кыргыз элинин моралдык конституциясы экен. Эгер биз аны менен жашасак, биз кыргыз элинин өнбөс-өчпөс дөөлөттөрүн калыбына келтиребиз. Адам болом десең, Манасты оку!

 

Дүйнө адабиятын билем, Манаска теңдеши жок

160 жылдан бери Манас тууралуу көп эмгектер жазылыптыр. Беш жыл мурун баш аягы 5000 деп жазылып жүрөт. Учурда 10 000ден ашып кетти болуш керек. Иш жүзүндө мындан да көп. Себеби тикелей Манаска арналбаган, бирок тарых, педагогика, психология, окутуу ыкмалары тууралуу эмгектерде Манасты кеңири пайдаланышат.

Мен адабияттын тарыхынан, чет элдик адабияттан сабак берген, дүйнөлүк адабиятты көп окуган кишимин. Манаска көп кызыкпай жүрдүм. Анткени чет элдик авторлордун эмгектерин окуп жүрүп, кабыл алууң ошого жараша калыпташып калат экен. Дүйнөлүк адабиятты сыдырып окугандан кийин Манасты толук окуп чыктым. Ошондо Манаска баа бердим! Ага чейин «Өзү оозэки чыгарма болсо, Манасты жөн эле көкөлөтүп атышат», – деп ойлочумун. Шекспириң да, Сервантесиң да, Пушкин да Манастын таманы алдында турганын түшүндүм. Бул аларды төмөндөтүү эмес, акыйкат баа. Бул шумдук чыгарма.

Манастын өзү, Советбек Байгазиевдей өмүрүн эпосубузга арнап, 25тен ашык китеп жазган адамдын эмгектери элге канчалык деңгээлде жетип атканы өзүнчө маселе. Бул ишке бардыгыбыз жапатырмак киришкенде гана ордунан жылчудай көрүнөт. Бирок учурда кыргыз адабиятын дүйнөлүк адабиятка кошуп, мектептеги саатын кыскартып салуу маселеси каралып атат. Анан стандартын, программасынан бери иштеп чыгарып салышыптыр. Абдыкерим Муратов, Сулайман Рысбаев, Советбек Байгазиев агайлар буга каршы чыгышыптыр. Ушул кишилер азыркы министр Кудайбердиевага кирип, мурункусундай калтырабыз деп чечишиптир.

Биз бул маселени кенен талкуулаганда мен биз эгемендүү мамлекет болгон соң, Манастаануу, кыргыз тил, кыргыз адабияты жана кыргыз тарыхы сабактарын Билим берүү жөнүндө мыйзамга өзүнчө берене кылып киргизиш керек деп эсептейм. Андан кийин республикалык деңгээлде мугалимдердин конференциясын чакырып, бул предметтерди окутуунун оптималдуу вариантын кабыл алуу зарыл. Муну жанагы мыйзамдагы беренеге киргизип салуу шарт. Мисалы, мобул-мобул класстарда мынча саат көлөмүндө окутулат дегендей. Анпесек, улам жаңы министр келгенде, оолуккан бири келип, окутуу программасына асыла бергидей. Учурда кыргыз рухунун өзөгүн түзгөн тарбиядан куру калгандыктан улам канчалаган кыргыз улан-кыздар чет өлкөдө жүрүшөт. Алардын ата-энесине акча жөнөткөнү болбосо, кыргызга кыпындай пайдасы жок.

Эсен Өмүракунов, “Саресеп”, 19.12.2016-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Манас баатыр кандай кылат эле?

  • 12.02.2017 at 23:56
    Permalink

    В конце 90-начале 2000 было специальное постановление, кв котором прописывалось, что курс “Манастаануу” в объеме 60 часов должен был читаться на всех специальностях независимо от направления подготовки.
    надо просто найти это Постановление Правительства и еще раз опубликовать в центральных газетах.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.