«Кыргыз тойлору феномени»

“КЕРЕГЕ” жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунун кеңсесинде «Кыргыз тойлору феномени» аттуу талкуу болуп өттү. Ар бир кыргыздын жашоосунун “маанилүү” окуясы жана каада салтынын күзгүсү болгон, элдин батасын алуу ниетинде өткөрүлгөн кыргыздын тойлорунун (бешик той, сүннөт той, кыз той, уул той, үлпөт той, юбилей ж.б.) маани-маңызы тууралуу кызыктуу талкуу болду. Талкууда тойдун альтернативалуу форматын сунуштоо, эл арасында кеңири жайылган “Эл эмне дейт?” түшүнүгү, тойду кызыктуу, элге да пайдалуу өткөрүү менен бирге ысырапкерчиликтин алдын алууну эл арасында түшүндүрүү жолдору жөнүндө сөз болду. Тегерек столдо модераторлук милдетти “КЕРЕГЕ” фондунун жетекчиси Искендер Ормон уулу аркалап, талкууга “Тамадалар борборунун” жетекчиси Эшенкул Барпиев, журналист, публицист Султан Жумагулов, Муфтият өкүлү Абибилла Кадырбердиев, Кыргызстан социологдор фссоциациясынын вице-президенти Бакыт Малтабаров, кинорежиссер Сүйүн Откеев, белгилүү төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр, Кубат Тукешов, жаш тамада Мыйзамидин Абдумаликов ж.б. катышты.

С.Жумагулов: — Кыргыз коомун бир эле бийликтегилер эмес, элге алынган, сөзү өтүмдүү адамдар да өзгөртө алат. Жакшынакай сөзү менен, жүргөн-турганы менен өзгөртөт. Дүйнөнүн тарыхына көз чаптырсак, коом өзүнүн жүрүм-турум, жашоо образын өзгөрткөндө реформа болот, коом күчтүү болот, өнүгөт. Бүгүн болуп жаткан саясий чырлар дагы да улана берет. 2000-жылдардан бери болуп эле келетат. Саясат өз нугу менен кете берет. Бирок коом өзү күчтүү болсо коом бат өзгөрүлөт. Биздин салт менен үрп-адаттар да чоң саясат. Мына бүгүн бул жерде элге таанылган адамдар отурасыңар. Элдин көөдөнүндө болгон маселени “МЕГАТОЙ” тасмасын тартып чыгарган Сүйүн Откеевдей балдар отурат. Ушулар жаңы кыргыздар. Маселе жашка деле карабайт. Маселе – жашыбы, карысыбы – бүгүнкү заманды туура окуй алып, кыргыздын тагдырына чындап күйгөн, ошого жараша кадам кылгандыкта жатат. 1990-жылдары эл курсакты кантип тойгузуу керек деп ойлонсо, азыр кантип арыктайм деп ойлонуп жатканы көп. Азыр курсагы да, көзү да тойду, бир гана пейили тойбой жатат. Тойдон айырбасын, бирок той курсактын майрамы эмес, руханий майрам. Аны жөнөкөйлөтүү зарыл. Тамадалык өнөрдүн да деңгээли түшүп кетти. Эки сөзүнүн бири эле – “кол чаап койгула”. Өлкөдө тойлор саан уйдай кирешелерди алып келгени чын. Көптөгөн адамдарды жумуш менен камсыз кылып жатат, бирок биз сарамжалдыкка өтүшүбүз керек. Кытайдын колдонулбаган, арзан буюмдарын сатып алып таратып, ансыз деле бай Кытайды байытып жатабыз. Андан көрө өзүбүздүн жергиликтүү ишкерлерди, уздарды колдосок болбойбу? Белекке жакшы китеп, таланттуу адамдардын чыгармаларын берсек жакшы болот.

Модератор: Бул талкуунун максаты да ошондон келген. Бишкекте чоң, кичине кафе-ресторандардын саны 550дөй экен. Бул боюнча “Сереп” изилдөө институту дагы эсептеп жатышат. Жаңы жылга чейин кафе-ресторандардын баары эле кечинде толуп жатты. Аптанын 7 күнүнө 5 сааттан орточо 300-400 адам кынт дебей отурушат. Шаардагы 5 китепканада 50 киши олтурбайт экен. Демек, коомду багыттоочу бир феномен болуп баратат биздин тойлор. Ушул жагынан караганда, Эшенкул мырза, сиздин бул маселеге баш оорутуп, альтернативасын да ойлонуп жүрсөңүз керек.

Э.Барпиев: — Султакеме 100% кошулам. Көп суур ийин казбайт, ийин казса да терең казбайт. Кээ бир адамдарга той өткөрүүнүн 7-8 схемасын сунабыз, анын ичинен тандайт. “Ашка барсаң ачка бар, тойго барсаң тоюп бар” дейт кыргызда. Эмнеге тоюп бар дейт? Себеби тойго тамаша көрүү үчүн барасың. Кээ бири болсо “Өзүм билем” дегендей кылат. Тамада жалданган адам болгондугунан, той ээсинин айтканын кылганга мажбур болот. Мен ар дайым айтып келем – тамада каада-салтты, улуттук наркты, тарыхты жакшы билиши керек деп. Баткендиктердин тоюн алып барса, анын Исхак Раззаковдон баштап, айгүлүнө, өрүк-зарларына чейин мактап айтып, ысык-көлдүктөрдүн тоюн алып барса – жети акенин баарын айтып, көлдүн кооздугуна да суктанып сөз кылышы керек. Тойдун ээсин, анын конокторун кемсинтип, шылдыңга алуу эч туура эмес, ушундай да окуялар бар, айрыкча жаш тамадалар арасында. Той сөзсүз саат 18.00дө башталып, 24.00дө бүтүшү керек деген эреже жок. 3 эле сааттык той деле жетиштүү. Тойго келген адамды да жадатпаш керек да. Анын эртеси бир иши бардыр, даярданышы керек сыяктуу… 1990-жылдары өлкө боюнча болгону 15 тамада болсо, азыр Бишкектин өзүндө эле 500-800дөй тамада бар. Тамадалыктын да, тойдун да деңгээли түшүп кетти.

С.Жумагулов: — Нарындагы тойлорду жаздым эле, өзүмдүн жердештерим башында бир аз капа болуп жүрүштү. Кийинки учурларда туура эле түшүнүп, 15 койду сойгондун ордуна 5 кой союп, 10 койдун акчасын жаш жубайларга бере баштаганы жакшы жышаан да. Келечекке салым кошуу ушул да. Кээ бир адамдар тоюна чакырганда менин оозума скотч жабыштыргысы келет, сүйлөбөй эле турса экен деп.

М.Абдумаликов: Агай, туура айттыңыз. Той өткөргөндөр белекке эмне берсек экен деп бизден сурап калган учурларда тамадалар күнүмдүк тиричилик буюмдарын, жоолук берүүнү айтып калат да. Бир канча учурда биз КИТЕП бериңиздер десек, китеп бергенди туура көрүп, конкурс жеңүүчүлөрүнө сонун-сонун китептерди белек кылган той ээлери бар. Бул да болсо жакшы жышаан. Тойдогу дагы бир маселе – бул тойдо эки жаш унутулуп, тойдун маңызы башка жакка бурулуп калганы.

Модератор: — Коомдун эрежелери бар. Абайлап өзгөрөт эмеспи. Социологдор да, тарыхчылар да буга макул болот болуш керек. Коомдо ишенсин-ишенбесин, дин темасы өзгөчө орунду ээлейт. Ушул жагынан диний көз караш менен караганда эмне дээр элеңиз?

А. Кадырбердиев: Учурдун тойлору – улутубуздун орчундуу маселелеринин бири. Бүгүнкү аш-тойлордо материалдык гана эмес, моралдык да бузулуулар болуп атат. Биз, дин өкүлдөрү, тойду тыйбайбыз, болгону ар кандай чектен чыгууларга, ысырапкерчиликке каршыбыз. Казга теңелип өрдөктүн буту сыныптыр дегендей, биздин кедейлер байларга теңелип, кредит алып, той кылып, банкрот болуп карызга батып атышат. Азыр элдин максаты эле той өткөрүү болуп калды. Россияга иштеп келип той кылсам дейт, аны өткөрүп алып, анан дагы той кылсам дейт. Ошентип, элдин жашоосу тойдун эле айланасында болуп калды. Биз альтернатива катары чакан той өткөрүүнү элге насаат кылалы, жакшы пикир берели. Антпесек, бүгүн тойлор элдин жашоосун кыйнап, экономикабызга да чоң зыянын тийгизип атат.

Модератор: — Рахмат, Муфтияттын да ушундай аналитикалык ой жүгүртүп, иш алып баратканы кубандырат. Муфтият дагы жума күндөрү хутбаларында, балким той маселесине токтолуп коёбу, Муфтий Максат ажы менен бирге тойлордун үлгүсүн талкуулап, элге да сунуштай турган бир иш-чара кылса болот. Диний чындык аябай чоң күч да. Жума намазга баргандар баары той өткөрчү адамдар да. Күнүмдүк жашоодо арам-адал маселеси менен жашагысы келет, ошол жума намазда же айт намаздарда элге түшүндүрүп кете алса эл дагы туура кабыл алып, ошого жараша той өткөрүп калса керек.

Жеңишбек Жумакадыр: — Баарыбыз кеңешип, тойдун жаңы бир системасын ойлоп табышыбыз керек. Кандай кылсак дагы тойлордун жаңы форматын сунуштасак, ал элге бат эле тарап кетет. Убагында “адал той” деп жаңылык киргиздик эле, башында бир аз каршылык көрүп, анан кенен жайылып кетти. Азыр болсо динден алыс адамдар деле араксыз той берип калды, арактын ар тараптуу зыянын түшүнүп. Куру намыс менен той өткөргөндөр көп. Кээ бири тойдун чыгымын төлөй албай, кафе-ресторандарга машинесин берип кетишет. Негизинен караганда, азыр тойлорго байланыштуу 3 түрдүү ысырапкерчилик көйгөйү бар: 1) тамактын ысырап болгону; 2) сөз ысырабы; 3) убакыттын ысырабы. Тойдогу убакыт ысырабын карасаңар. Той убагында башталбайт. Эрте келгендер калгандарды күтөт. Убагында башталган той чанда гана.

Э.Барпиев: — Убакыт боюнча айтып калдык. Кечирип койгула, илгертен эле кыргыз буга жол салып койгон. Жарчылыктын эртели-кечи жок деп койгон. Мисалы, “Ала-Тоо” ресторанында 500 киши тойго 17.00гө чакырылса, кээ бир коноктор самсаарылып саат 21.00дө келет. Ошондо деле той ээси капа болбой чуркап чыгып, жылмайып тосуп алат. Эртеси күнү ошол эле 500 кишини ошол жерге куран окутканы чакыр. Адамдардын баары 11.50дө столдо отуруп калат. Адамзаттын башын жамандык гана бириктирет. Жакшылыктын эрте-кечи жок.

Модератор: — Коомдогу окуяларды эң жакшы байкоочу катмар катары режиссерлор эмеспи. Сүйүн мырза, кандай дейсиз бул темада?

С.Откеев: — Той болбосо да болбойт, бирок ысырапкерчиликти азайтышыбыз керек. Азыр тойлор элдин жарымын багып атат – базардагы сатуучулардан баштап операторлорго чейин. Той өткөрүүнүн орто жолун табышыбыз керек. Тойдун жаңы форматын төбөсү көрүнгөн, эл сыйлаган белгилүү адамдар башташы керек, жол көрсөтүп. Ошондо жайылат. Анан болбосо – анда мыйзам жолу аркылуу да тойлорду жөнгө салышыбыз керек. Кино дагы элге чоң таасир берүүчү күчкө ээ. Тойдогу ысырапкерчиликке баары каршы. Бирок, ошол эле убакта, каршы болгон кишилер ошол тойду өткөрөт. Ушуга түшүнбөйм да.

Модератор: — Статистикага кайрылса, азыр бизде үйлөнгөндөрдүн 20% биринчи жылда эле ажырашып кетишет экен. Кээде ажырашууга дал ушул тойлор да себеп болуп калууда. Бир ишти багыттоо үчүн анын негативдүү тарабын элге көрсөтүп түшүндүрсө болот. Ушул тарабын айтканда азыркы киноиндустрия да чоң салымын кошо алат, бул темага багытталган кинолорду тартып. Элибизге да таасирдүүрөөк болмок.

К.Тукешов: — “Карышкырдын түшүнө кой кирет, акындын түшүнө той кирет” дегендей, бизге, акындарга, тойлордун болуп турганы жакшы. Бирок, чынында эле, азыркы учурда тойлордогу ысырапкерчилик – чоң көйгөй. Муну жөнгө салуу керек.

Азыр элибиздин кулагы тойду – төшү ачка, курсагы тойду – көзү ачка. Ошого жараша азыр элге жакшы ой-пикир берип, жакшы насаат айтып, өнүгүүгө, оңолууга багыттоо керек.

Модератор: — Тойлорду токтото албайбыз. Ошон үчүн тойду ыңгайлуу өткөрүүнү ойлонушубуз керек го. Мисалы, той өткөрүүнүн диний жактан кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес экенин. Коомчулукту багыттоочу катары ушулар динге туура келбейт, ушулар динге туура келет, же болбосо ушулар салтка туура келет, булар салтка туура келбейт деп айтылса, адамдар акырын ойлонуп, туура жолго түшөт деген ойдобуз.

Акылбек Чынтемиров, “Политклиника”, 02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.