Меңди Мамазаированын «Улуулардын жарыгы» аттуу эссесин сунуштайбыз

Меңди эжебизге Жараткан эки нерсени жазыптыр. Акын болууну, анан алп акынга жар болууну. Кыргыз поэзиясынын зоболосун Көккө көтөрүп, учкул канат кыялы, ой чабыты менен ааламды айланган акын, маркум Жолон Мамытовдун өмүрлүк жары, акын, жазуучу, драматург Меңди Мамазаированын “Улуулардын жарыгы” аттуу эссесин окурмандарга сунуш этебиз.

Жаз! «Өлбөгөн кулга жаз келди» деп айткан экен акылман кыргыз.

Анын сыңарындай, алдемедей оор кыштын чыгышы, жаздын келиши кыйын болду быйыл. Мына, маңдайыбызда апрель. 1-апрель — кыргыз улуттук поэзиясынын асманында жарык жанган жылдыздарынын бири Жолон Мамытовдун туулган күнү. Бирок эч качан туулган күнүнө маани берип белгилечү эмес. Биз да ага көнгөнбүз. Анын ордуна балдардын, менин туулган күндөрүм шаан-шөкөткө айланып кетчү. Жаз менен байланышкан өмүргө кымбат окуялар арбын… Биз Жолон экөөбүз баш кошуп, бир балалуу болгон соң Фрунзеден Жолондун туулган айылы Төлөйкөнгө барып жашап калдык (азыр менин айылым да кошулуп калган). Мен мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берем. Жолон Ош областтык ветлабораторияда ветврач. Кыштын күнү кыйын эле болчу. Мешке от жакмай, арыктан суу ташып, кирди колго жуумай. Менин отум эч качан күйбөйт. От жагалбайм, быкшып эле түтүн боло берет. Отту же апам (кайненем), же Жолон жакмайын түтөтүп шордоп отура бермей. Анткени ата-энемдикинде эч качан мешке от жаккан эмес экенмин. Жалаң эркек балдардын арасында жалгыз кыз болуп эрке өскөм (анан калса, согуштан кийинки кыйынчылыктарда оокаты өтпөгөндөр да көп болоор эле. Биздин үйдө да андайлар бар. Негизинен ошолор жасачу жумушту). Жаз келгенде аябай сүйүнчүмүн, түйшүк жеңилдеп калат да. Ар жылы жаз жадырап, 8-март майрамы келгенде Жолон экөөбүз огорудубузга төрт жээк картошка отургузуп, а апам болсо бир жээк өнүп мурут чыгарып калган майда баш пияздарын экчү. Апамдын пиязы бир айга жетпей жегенге жарап калаар эле. Мунун баары 8-март күнү түшкө чейин бүтчү иш эле. Белекти бир жума мурда эле алып келип берген. Экраны чоң «Сигнал» деген телевизор апкелип, биз менен кошо кошуналар да жыргап калышкан.

Биз, апам экөөбүз боорсокко камыр көптүрүп, жаңы каймакка каттама бышырып, дасторконго даярданчубуз. Жолон чоң жолдун үстүндө жашаган Момуш досун (Жолон экөөнүн чоң аталары бир тууган) келинчеги (мени менен университетти бүтүп келген) Гүлзина экөөнү чакырып келет. Алар да эт-ашын, ал эмес төртөөбүз майрамдай турган бөдөнөнүн сүтүнөн бери ала келишет. Адегенде дасторконго баарыбыз отурабыз: апам, биздин эки уулубуз, досторубуздун бир уул, бир кызы жана дагы насиби кошулуп келип калган меймандар. Чай ичилип, тамактар желип, бака-шака башталганда апам неберелерин алып, ички үйгө «эс алам» деп кирип кетет. Эки эркектин көздөрү жайнап, шишелерди ачып, биздин майрамыбызды куттуктап, ырдап-чордоп, карта чабышып жыргап калышат. Жаштык деген укмуш го! Убакыттын өткөнү билинеби, Жолон ырларынан окуп, Гүлзина ырдайт. Ошо арада айылдан бозо келе калат. Баарын аралаштырып ичкенгеби, эртеси Жолон башым ооруду деп табити эч нерсеге тартпай кыйналат. Апам кейийт: «Ап, балам, а! Кыйналып ушул балакетти ичпей эле койчу!» — дейт. Жолон: «Апа, экинчи ичпейм», — дейт. Бирок дагы эле майрамдар келе берет да. Андайда апам дагы: “Атаны балам ай, экинчи ичпейм дебедиң беле?” — деп кайра кейийт. Анан бир күнү: «Апа, сизге бир ыр окуп берейин»,- деди. Апам уулунун жаңы жазган ырын окуп бергенине көнгөн да, кулак салып отуруп калды. Ошондо «Өмүр үзүндүлөрү» деген ырынын 2 куплети жазылган окшобойбу.

…Бир байкасам, теңтуш курбу жанымда,
Шарап бийлеп, кубат дүргүп канымда.
Булут өңдүү күн батаарга тушталган,
Сүзүп жүрөм алоолонуп жалында.
Бир байкасам, түн, оту өчкөн кемегең,
Ойго тунуп отурасың, эне, сен.
Ошол ачуу, суюктукту экинчи,
Оозума албай коеюнчу эмесем!
– деп окуду Жолон.

Апам кыйлага үндөбөдү. Анан: “Ачууга берилип кетпесин дейм да. Ыр жазып жүрбөйсүңбү, ырыңа кедергиси тиеби дегеним да”. Карасам көздөрүнүн кычыгы жылтырайт. Нары басып кеттим. Жолон апасын кучактап, бети-башынан өөп, эркелеп жатты. Атаганат, эненин жүрөгү ай! Ыр жазып, акын деген атка коно баштаган баласын дайым этияттап, канатын чаап жиберээр эле. Балдарынын кенжеси болуп, өтө эркелеп өсүп калган экен. Айтуудан, эркеликтин азабын апасы экөө жакшы эле тартышыптыр.

Жолон жаздагы күн күркүрөп нөшөр төккөндү, чартылдап чагылган түшкөн мезгилдерди өтө сүйөөрүн баамдадым. Күн күркүрөгөн сайын козу карындар жайнап чыгат деп кубанчу.

Ошо кезде жаштыктын алоосу, деми-шык кошулуп, бир топ мыкты ырларды жараткан экен деп ойлойм. «Ата Журт», «Кырман», «Жаштык», «Романтика», «Тоолугум», «Бакыт», «Отту сүйөм», «Үмүткө чакыруу», «Туулган жер», «Гүлмайрам» сымак ондогон ырларды Ош шаары менен айылдын ортосунда, кызматка барып-келип жүрүп, туш келген жерге отура калып, блокнотуна калем менен чиймелей салып жазды чамасы. А кезде кабинет, атайын кооз стол-стулга отуруп жазуу деген ойдо жок. Ушундай бир романтикалуу кезең өткөн экен. Ал убактар жаркыраган жаздай акыл-эстен өчпөйт.

1967-жылы болсо керек эле. Жазында Ош шаарында жаш акындардын көчмө пленуму өтмөк болуптур. Жазуучулардын Ош областтык бөлүмүнүн башчысы, жазуучу Шабданбай Абдыраманов башкарчу. Талапкер жаштар делбектеп сүйүнүп жүрөбүз. Борбордон кыргыз адабиятынын дөө-шаалары келишти. Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы, драматург Токтоболот Абдымомунов, Темиркул Үмөталиев, Жунай Мавлянов, студент кезинен жазган ырларына ак жол тилеп, элге алгач ирет тааныштырган мугалими Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбеков, Насирдин Байтемиров жана бир топ акын-жазуучулар президиумдун төрүн ээлеп отурушту. Биз, жаштар сүрдөп, улуулардын ар бир сөзүн сая кетирбей угабыз. Бир маалда оштук акындар ырларын окуп жатышты. Кезеги келип, Жолон да чыкты. Жолон 10-15 минутадай жаңы ырларын окуду. Жаштар кол чаап, төрдөгү улуулар да жакшы кабыл алды. Пленумдан кийин Жолонду чакырып, ошол ырларын «Ала-Тоо» журналына даярдап бер деген сунушту айтышыптыр. Ошол эле жылы Жолондун 25тей ыры журналга жарык көрдү. Кийинки жылы, али китеби чыга электе, СССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алышты. Бул жаш акын үчүн кандай гана кубаныч, кандай демөөр. Ошол кездеги улуу муундардын жаштарга көргөн не деген камкордугу эле. Албетте, насыя ишеничти Жолон актады да.

1968-жылы Темиркул Үмөталиевдин 50 жылдык юбилейине карата Темикемдин үй-бүлөсү, анан ал кезде бүтүндөй Союзга белгилүү болгон Лениндик сыйлыктын лауреаты жаш Чыңгыз Айтматов да үй-бүлөсү менен келатканын билдик. Шабданбай Абдыраманов, акын Турсунбай Адашбаев жана биз, Жолондун үй-бүлөсү, Оштогу «Дом отдыхтан» аларды тосмой болдук. Кыргыздын жана Оштун меймандостугун көрсөтүүгө аракет кылып, дирилдеп чуркап жүрдүк. Ошондо Шабданбай аке: “Жолонду түйшүкө чекпегиле. Жолон мыкты ырларын окуганга даярдансын!» — деп аны бардык майда-бараттан бошотуп койду. Кечинде келишти, мейман күтүүнүн бардык шаан-шөкөтү кезеги менен жүрүп жатты. Акыры адабият, поэзия тууралуу сөз жүргөндө Шабданбай аке Жолонду Ч.Айтматовго расмий тааныштырып, ашыра мактап ырларын окуттурду. Ал киши токтоо, ар нерсеге өтө олуттуу караган киши экен. Жолон чамасы онго жакын ырын жатка окуду. Бир да жолу акындын толкунданган маанайын бөлбөй, дымып укту. Кол чабышты. Тер баскан акын ордуна отурду. Баарыбыз Ч.Айтматовдон сөз күтөбүз. Ал киши дагы кыйладан соң: “Жаңы нерселер бар экен. Поэзиянын тили менен айтуу оңой эмес, жакшы…» — деп күңгүрөнүп койду. Отургандар кайрадан кол чабышты. Арасында дем алыш болуп, биз ургаачы заттары «мейман чыгыш» кылып, бак аралап келип жаттык. Ошондогу Темикенин зайыбы Зуура апа, Чыкенин зайыбы Керез эжелердин мага үзүлө түшүп кызындай, сиңдисиндей мамиле кылгандарына сүйүнүп, “улуу жазуучулардын аялдары ушундай да жөнөкөй болушабы?» деп ичимен таң калып коем. Уулдары Санжар менен Аскар тестиер, ойноок балдар экен. Керез эже бардык апалардай эле балдары сыртка чыгып кетишсе, улам сабыркап издеп калат. Кечебиз аябай кызыктуу өттү. Түнкү саат 2лерде тарадык. Жолон экөөбүз эки уулубузду апабызга таштап келгенбиз. Үйгө кетишибиз керек. Айыл менен «Дом отдыхтын» ортосу жөө баскан кишиге 1,5-2 сааттай болсо керек. Автобус, такси деген шаарга ирегелеш Төлөйкөн айылында күндүзү да сейрек. Жолон экөөбүз жөө жөнөдүк. Айылды аралап чоң жол өтөт. Жолго түшкөндө түнкү жымжырттыкта менин туфлийимдин бийик такасы тыкылдап, кыйлага угулуп беймаза кылды. Туфлийимди чечип, экөөнү эки колума кармап алдым. Жолон ырларын салган сумкасын колтугуна кыскан бойдон кээде чуркап, кээде сүйлөшө калып жай басып, ырларынан кайра-кайра окуп коюп, кетип баратабыз. Түнкү ээндикте Ак-Бууранын үнү ансайын шаркырайт. Төбөдө сансыз жылдыздар. Олокон тоосунан желаргы согот. Биз бактылуубуз. Чарчабайбыз. Чарчап эмне?! Жолон экөөбүз тең жалындаган кезибиз. Бүгүнкү улуу адамдардан уккан жакшы сөздөр, алардын жылуу, жөнөкөй мамилелери жүрөккө кан толкутуп, канат бүтүртүп, алып-учуруп баратат. Таңга жуук үйгө жеттик.

Кийинки 8-март келгенде апам экөөбүздүн майрамыбызга деп «Киргизия» кир жуугуч машина сатып келди. Мен оңуп эле калдым, апам жактырган жок, чала жууйт экен деп. Ошентип биз Төлөйкөндөн 6 жазды тосуп, 1972-жылдын 17-апрелинде Ош шаарынан 3 бөлмөлүү, шарты мыкты квартира алып, көчүп кеттик. Анда Жолон Ош областтык телерадиодо ага редактор болуп иштеп жаткан. Ага чейин Москвадан 2 жылдык адабий курсту бүткөн. Фрунзеде 3 айдай ар кайсы редакцияны айланчыктап, адабий кызматкер деген бир орун таппай келген. Эч жерден эч ким кызмат берген эмес. «Отту сүйөм» деген ат менен жарык көргөн биринчи поэтикалык жыйнагы жаш акынга аябай зор таанымалдыкты жараткан болчу. «Алоолонуп күйгөн от көрсөм, алоолонуп кетет жүрөгүм… Алоолонгон максат соңунан, алоолонуп күйүп келемин»,- деп жүрөгүн көрүнөө колуна кармап алып, жалындап ырдаган акынды кыйгач караган көздөр дурус эле пайда болуп калган. Жылдыздай жанган турпаты, бир көргөн адамды арбаган ырайы, аурасы таза жалындаган жаш адамды оңой-олтоң редакциянын короосуна же кандайдыр бир маданий жайларга баш бактыра коюшпаган. Ага да чоң адамгерчилик, пендечиликтен өйдө турган айкөлдүк керек тура. Баары бир Жолон экөөбүз андай адамдардан жолдуубуз. Ош телеэкрандан, радиодон көрсөтүүлөрүн, берүүлөрүн байкап-билип жүргөн, көралбастыктын, көрсаясаттын курманы болгон раматылык Султан Ибраимов 1971-жылдын күзүндө чакырып, атайын тапшырма берет. Пахта планын биринчи толтурган район боюнча материал даярдаганга. Жолон жанын карыштап жүрүп, мыкты материалдарды даярдайт. Султан Ибраимов аны көрүп ыраазы болот. Ошол жылы СССРдин «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалына көрсөтүлүп, Георгадзенин колу коюлган медалды алат.

Ошол эле жылдын октябрында Жолон Армениядан жаш акындардын фестивалынан келатып, Фрунзенин аэропортунан Султан Ибраимов менен учурашып, самолетто бирге Ошко учуп келишет. Аэропортко келгенде С.Ибраимовду айдоочусу тосуп алат. Ошондо ал улуу киши: “Жолон, отур!” — деп жанына отургузат да, шаарга келгенде кайсы көчөдө жашаарын сурайт. Жолон: “Шаарда үйүм жок, Төлөйкөндө, агамдыкында турам!” — дейт. Үй-бүлөсү, жазуучу болом деген келинчеги, 4 баласы бар экенин билген соң, «7-ноябрдан кийин кел, бир жакшы үй салынып жатат, ошондон берейин» дейт.

Ал күнү апам, балдар болуп эккен сабизибиздин түшүмү мол болду деп казып, үйүп алып сорттоп атканбыз. Жолон чоң жолдон үйгө бурулганда эле колундагы газетасы менен сумкасын булгалап чуркап келатты. Келип апасын баш кылып баарыбызды өөп, белектерин балдарына таратты да: «Апа, мен азыр Султан Ибраимович менен ал кишинин машинесинде келдим. Үй бермей болду шаардан!» — деп мактанды. Аябай сүйүнүп алган. Ошол күн биздин Жолон экөөбүздүн тагдырыбызга бурулуш жасады. Анткени Оштогу алган үйүбүздү Фрунзеге алмаштырып, борборго кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлмөк. Ошондой болду. Ал квартирабызды алмаштырып, 1974-жылы үй-бүлөбүз менен Фрунзеге көчүп келдик.

Мен ушуга чейин айтып да, жазып да жүрөм. Айкөл адамдардан жолдуубуз деп. Биздин тагдырыбызга улуу Чыңгыз Айтматов аралашты. Анын себепчиси Жолондун досу, кыргызга белгилүү прозаик, киносценарист Эркин Борбиев болду. Ал кезде Ч.Айтматов Кыргыз ССРинин кинематографисттер союзунда төрага, Эркин Борбиев жооптуу катчысы. Э.Борбиев ЦКга кызматка которулуп атып, ордуна Оштогу жаш акын досу Жолон Мамытовду сунуштап атпайбы. Ал эми мени болсо, дагы бир айкөл адам, жаштардын насаатчысы, эне жүрөк адам, белгилүү жазуучу Жунай Мавлянов башкы редакторлук кылган республикалык «Мугалимдер газетасында» корреспонденттик орун күтүп туруптур.

 

* * *

Сыртта жаз жадырап турат. Табийгат оор кыштан жазга оодарылып, жаамы жан-жаныбар, макулук, адам баласы жеңилдеп, жаштар кыялга бериле делбеленип… Жаркып тийген күн нуруна кубанып турганда, кыргыз коому саясат менен шайлоодон бошоно албай, Жолондун 70 жылдыгын өткөрө албай мукурап турганда эмнегедир Жолон экөөбүздүн жашоодогу да, чыгармачылыктагы да тагдырыбыздын ташын өйдөлөтө жылдырган, жакындан жардамын аябай үйрүлө караган адамдардын элеси улам дааналанып, көз алдыда далдаят. Дагы бир ирет ичимден эгеме ыраазы болуп, кыргызга ошондой жаны жарык инсандарды жаратып бергенине шүгүрчүлүк келтирем. Ал кезде Т.Абдымомунов, С.Жусуев, С.Эралиев, С.Ибраимов, Ч.Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Э.Борбиевдердин «Жолон кайсы аймактын кулуну болду экен?» деген ой улуу акыл-эстерине такыр келбесе керек…

Меңди Мамазаирова, «Де-факто», 07.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.