Ааламдын адамы Сагынбайга 150 жыл

“Баарын коюп Манасты айт!”

Эгемендиктин алгачкы 10 жыл ичинде “нарктын экономикасы” деген чыккынчылык, батыштын жетелеме долбоолору менен болжолдуу баасы 200 миллиард АКШ долларына барабар элдин мүлкү ит бекерге сатылып, натыйжада казнага 20 млд. доллар түшпөй калды. Андан соң Кытайга “Үзөнгү-Кууш”, казактарга “Каркыра” жери сатылды.

– Көкөтайдын ашында Коңурбай баш болгон кытай калмактар Бокмурунду омуроолоп “ жакшы коноктобой койдуң, айыбына айбанда жок Мааникерди тартуу кыл!” дешкенде Бокмурун кыргыздын жакшыларына келип болгон ишти айтат. Жакшылар бул сөздү бабасы Кошойго айтышат “Манаска угуз” деген тейде. Кошой болсо элдин атынан болгон ишти Коңурбайдын талабын Манаска угузат. Ошондо жаалы келген Манастын Кошойго айтып турган жери.

“Атигине абаке,
Акылыңыз канаке?”
Сенден бөлөк бирөө айтса,
Өлүк эмес, тирүү айтса
Албас белем жанын-деп,
Төкпөс белем канын-деп!
Жаш экен деп сыйлаган,
Жамандыкка кыйбаган
Кошойлуктан калдың-деп-
Кол тийбеген кары элең.
Кордук сөздү кокуйкүн
Неге айта салдың-деп,
Кайда жүрөт жанагы
Ээсиз калган малың-деп,
Ойронуң Манас өлгөндө,
О дүйнөнү көргөндө
Ошондо тартуу берсеңчи,
Тагында Манас турганда
Таалайыңдан көрсөңчү!
Таарынсаң дагы айтсам,
Так ушундан көрөкчө
Тирүү жүрбөй өлсөңчү!
Кырааның Манас өлгөндө,
Мен кыяматты көргөндө,
Атың түгүл эр Кошой,
Кызыңды тартуу берсеңчи!
Кыямат жакын желкеңде,
Кыстап капыр бергенде
Кыз бала тартуу тартсаңчы!
Азыр менин барымда
“Манасым бар деп айтсаңчы!”
Бүгүнкү күндө бул капыр,
Көтөргөнү туу капыр,
Сарыңды тартып албайбы,
Тып эттирбей салбайбы,
Бүгүнкү күндө Мааникер
Кадырына албайбы,
Эртеки күндө Кула атты
Каалап кармап албайбы,
Жылып-жылып жыласын,
Бүрсүгүнкү күнүндө,
Эр Төштүктүн Чаалкуйрук
Эбин таап албайбы!
Сай кашканын баарысы,
Сай тулпардан айрылса,
Сай кучактап калбайбы?!
Атандар жонго салбайбы
Ат бүткөндөн айрылса
Азамат шору катпайбы!
“Атышпай атын берди”-деп,
Азабын артык тартпайбы,
Акыреттин күнүндө
Тозокто Манас жатпайбы.
Мааникерди бергинче
Манасты өлдү десеңчи!
“Баатырым өлгөн экен”-деп,
Бу көрөкчө абаке,
Батаңды кыла келсеңчи!

Өйдөтө айта кеткендей элдин эсепсиз мүлкүн, жерин саткандар “Манастын урпагыбыз!” деп жүрүшөт көкүрөк көтөрүшүп.

Жолдош Токоев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.