Акын Бурулкан Карагулованын «Көздөгү жалын» аттуу Поэзия кечеси болот

2017-жылдын 17- февралында Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында кыргыз элине таанымал, таланттуу акын Бурулкан Карагулованын «Көздөгү жалын» аттуу Поэзия кечеси болот.

Кече саат 17.00дө башталат. Каалоочуларга эшик ачык.

Б.Карагулова «Кыял кемеси», ”Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей”,”Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” ,”Селсаяк”,”Токтогул көлү – көз жашым”, ”Бул дүйнө көркү чыгат сүйүү менен”,”Мен сүйүүнүн доктору”, “Көздөгү жалын” китептеринин автору, “Лирикалар” ыр жыйнагы жакында жарык көрмөкчү.

Бурулкан Карагулованын ырларынан

ЫРЛАРЫМ – ПАДЫШАЛАР 

Эмиздим балкылдатып,
Кабагым жаркылдатып.
Ийидим, мекирендим,
Ийилдим, элжиредим,
Койнума катып атып.

Кадалам тиктеп коюп,
Калкалайм тирек болуп.
Атымды төбөңөргө
Көтөрүп тиреп коюп,
Чыктыңар китеп болуп.

Чыгаарда шаштым алар,
Жүрөмүн жашыралбай.
Ичиме батышалар,
Койнумда жатышалар.
Эзилтип эбегейим,
Ырларым – падышалар!

 

* * *

О, кагаздар, түйшүгүм да, эрмегим,
Бүгүн сен бар, эмне болот эртеңим?
Ак бетиңди ийри-муйру тепселеп,
Чиймелешет ырлар деген тентегим.

О, кагаздар, азабым да, жарлыгым,
Жалтанбасым, ашыктыгым, кайрыгым.
Ак сүйүүмдү төгүп салып үстүңө,
Сен бар үчүн жалгыздыктан айрылдым.

Сенсиз жашоо болот десе ишенбейм!
Арнап берип нурлуу жерин отумдун,
Кечип салып бүгүн түнкү уйкуну,
Сени менен ай кучактап отурдум.

 

* * *

Булутуңдан бир кочуш уучтап алып,
Беттериме чачасың курчап алып.
Эсти жыйдым жоголгон, көзүмдү ачтым,
Булутуңдан бир үзүм ууртап алып.

Жөө жүрүшкө көп чыгып жөөлүп калган,
Ай тууганда нөшөрлөп көнүп калган.
Ыйлай берип «Коштошуу» ырын ырдап,
Булуттардын жүрөгү өлүп калган.

Булбул элең таңшыган таң эртеңде,
Чымчык болуп сайрайсың тереземде.
Булбул кезиң сүйгөмүн о, алтыным,
Чымчык болуп күндөле келе бербе.

Бороон чыгат үшкүрсөм шамалыман,
Нурум өчөт кайгырсам жамалыман.
Бир океан сүйүүмдү кучактатам,
Берээрим көп турбайбы, алаарыман.

Айдын нурун кондурат алаканым,
Айдан алып ырларды жаратамын.
Туяктарым аргымак асман курчап,
Айды көздөй жол салып баратамын.

Күндүн табын сиңирип алаканым,
Сүйүү гүлүн аздектеп таратамын.
Жерге келген кырсыкты тосо калып,
Жер ордуна жарылган жаракамын.

Мас болупмун булбулдун абазына,
Учуп кетип асмандын талаасына.
Илимпоздор изилдеп, бир да дары,
Табалган жок, акындын жарасына.

Кызыл таңды атырдым кызаргыча,
Булуттарды ээриттим ыйлагыча.
О, алтыным, башка жол калбай калды,
Булут болуп кетсекчи кыйналгыча…

 

* * *

Караңгыны бек кучактап түн жатат,
Кучагына жашырылган сыр катат.
Жоолугума конуп алса жылдыздар,
Жүрөгүмө аалам сыйган ыр батат.

Түн экөөбүз доош чыгарбай ырдайбыз,
Тоскоол болгон иттин үнүн туйбайбыз.
Экөөбүз тең жазабыз деп бир ырды,
Караңгыда калем издеп туйлайбыз.

Жүрөгүмдө бир толкун бар, ал дагы,
Түнү менен жабалактап кайнады.
Сууда жатып, таң атаарда үйүнө,
Көлдөн чыгып, жөнөп кетти Ай дагы.

Тоолор уктап ойгонушат, колун чаап,
Чечилгенсип чечилбес иш – түйүнү.
Эрте менен жарыялап таштадык,
Жүрөктөрдө катылган бир – сүйүүнү.

 

* * *

Кайык минип, көл үстүн толкундатып,
Турасың го жүрөктү болкулдатып.
Жаштыгымды имерип, колдон кармап,
Жүрбөйт белең ээрчитип, солкулдатып.

Булуттарды толтурам этегиме,
Ишендиңби мажнун экениме?
Ак булактан буу болуп асманга учуп,
Аз-аз калды нур болуп кетээриме.

Сүйалбайм деп айтпагын, унчукпагын,
Көрбөдүңбү көзүмдөн күн чыкканын.
Сүйүү селин жеңгенмин курчтугуман,
Сен сүйүүгө менчелик тумчукпагын.

Мендей болуп деңизде күйөт белең,
Сүйүп калсаң сызылып жүрөт белең?
Жалаңдаган жаштыкта майтарылбай,
Сүйүш керек калп эмес, жүрөк менен.

Сүйүү үчүн баш ыргып, өлүп бердим,
Мажнун менен Лайлини көрүп келдим.
Жер астына тамчыдай кулап түшүп,
Сүйүү деген гүл болуп өнүп келдим.

Мени өлтүргөн сүйүүбүз жаркырасын!
Эрме чөлгө жеткенде калтырасың.
Кышкы суукта боройлоп калбайын деп,
Жылуу түнөк издеген каркырасың.

Чыгып бара жатамын бийик кырга,
Бийигиме көз артып, боздоп ыйла.
Арманымды агылтам деген элем,
Батпай койдуң ардагым, бир сап ырга.

 

* * *

Жүрөктө жаштык жашайт жалбырттаган,
Жаштыкка күйүп жүрөк албырттагам.
Көңүлдүн түпкүрүнө түшкөнүңдү,
От ичип алган кезде байкабагам.

Гүл элем, үзбөй коюп аядыңбы?
Жаңырат атыңды атап аска дагы.
Жалжалым, сен жок болсоң жер үстүндө,
Жылдыздар жок болушмак асмандагы.

Жанымды чырылдатып тийген токсуң,
Алоолоп, балбылдаган күйгөн отмун.
Сен үчүн азап чегип өткөнүмдү,
Секетим билген жоксуң, билген жоксуң.

Өрт тийип көкүрөгүм күйүп калган,
Көңүлүм чагылгандан сынып калган.
Күндөрдүн сыныктары карегиме,
Түбөлүк чыкпас болуп сиңип калган.
Сен аны билген жоксуң?

 

* * *

Алсызмын…сүйүү менен ооруп калдым,
Жалгызмын…жалгыздыктан тооруп калгын.
Гүл элем махабаттан жарып чыккан,
Бүрүшүп, бүрүм түшүп, соолуп калдым.

Гүл элем махабаттан жарып чыккан,
Көзүбүз кагылышса жалын чыккан.
Айылдап, конбой өткөн булуттардай,
Бул сүйүү жүрөгүмдү алсыраткан.

О анда, адыраңдап, ала өпкөмүн,
Эстебейт менден башка, ал өткөнүн.
Сени да ыр дайрага кошулсун деп,
Чакалап сен жөнүндө ыр төккөмүн.

Өзүмдү кызыл гүл дейм, эч кысынбай,
Кыргыздын бычакка сап бир кызындай.
Алганың-алган дайым, көздүн жоосун,
Адашып калып калган жылдызымдай.

Мейли сен, жылдыз болуп жана бергин,
Эргүүнү эскерүүдөн ала берем.
Мейли сен ырларымда жашай бергин,
Мен болсо акын бойдон кала берем.

 

* * *

Тамагымдан нуруң жутула,
Шоола төгүп койдуң кутума.
Сүйүп калып сени мен тургай,
Ай жыгылып турду бутуңа.

Нурун көрүп оттуу көзүңүн,
Көлгө чөккөн күндүн өзүмүн.
Нурларыңды тосуп алам деп,
Үбөлөнүп калды эзилүүм.

Шамал үйлөп чокту, жалбыртың,
Күлгүн түстү чачып албырттың.
Көздөрүңдө жашап жылдыздар,
Карегимди улам тайгылттың.

Айдын нуру конуп кашыңа,
Абдыратып салдың жашымда.
Сербеңдетип мени жеткирбей,
Олтурасың бутак башында.

Кирпиктериң жайып кулачын,
Таң өңөрүп келип турасың.
Жетпей калган биздин сүйүүнү,
Бизден кийин жаштар уласын…

Чагылгандын чарт-чурт отуна,
Чамындыдай күйүп жангамын.
Жаш кезимде эстен тандырган,
Сүйгөнүмө жетпей калгамын.

 

* * *

Бак ичинен көрүшүп көлөкөлүү,
Таанымаксан болобуз бөлөк өңдүү.
Мени канттиң, а сени чыккыс кылып,
Жүрөгүмө бекиткем көлөкөңдү.

Эминеле үшкүрүп азап тартам,
Жеңилбес хан болсом да бардык жактан.
Сүйүү менен кооздолгон гүлгө оронуп,
Жеңилгенмин бир гана махабаттан.

Сүйүү аккан туп-тунук булагымды,
Булгабастан өзүңө буруп алчы.
Кыйналгандан кыйналып баратам го,
Жүрөгүмдөн өзүңдү сууруп алчы.

Дирилдетип бутактан жалбыракты,
Түн артынан далай таң ашат дагы.
Өзүң кайда жүрөсүң, өзүң кайда,
Жүрөгүмдө көлөкөң жашап калды.

Өчпөйт экен жан барда үмүт деген,
Жолуң карап күтүүдөн түңүлбөгөм.
Сокпой калсын дегенсип жүрөгүмдү,
Таңып салып кеткенсиң сүйүү менен.

Асмандагы оттордой бүлбүлдөгөн,
Көздөрүңдү көрбөймүн күлүңдөгөн.
Дидарыңды сагынып, дидарыңды,
Ооруп калдым айыкпас сүйүү менен.

Жалгыз келсем томсором түнөгүмө,
Жок жоготуп алгандай жүрөм күндө.
Жүрөгү жок жашайын мындан көрө,
Жүрөгүмдү кошуп ал жүрөгүңө,
Жүрөгүмдү салып ал жүрөгүңө.

 

ААЛАМДЫ ӨРТТӨЙТ ЭКИ САП

Асмандын үстү жети кат,
Эң кыйын болсоң эбин тап.
Жүз жылдык кебиң “чепуха”,
Ааламды өрттөйт эки сап.

Өзүңө болуп өзүң сак,
Жебирей бербей эрдиң жап.
Миң жылдык сөзүң “ерунда”,
Жүрөктө калат эки сап.

Кетсе да ашып тулубуң,
Кереги тийбейт пулуңун.
Мени ким десең каралдым,
Эки эле саптын кулумун.

 

АЛТЫНЫМ ЫРЛАР, КЫЗ БОЛУП СЕНИ ТӨРӨГӨМ

Ашып да ташып көбүрүп турса көрөңгөм,
Лираны сүйүп, башымды коюп жөлөгөм.
Күйөөгө чыгып кызымды төрөй электе,
Кыз болуп туруп ырларым сени төрөгөм.

Антынан тайып жигиттер алдап кетсе да,
Ырларым жалгыз колумдан сүйөп жөлөгөн.
Алгачкы сүйгөн алкымдан өбө электе,
Алтыным ырлар, кыз болуп сени төрөгөм.

 

ӨРТТӨН ЖҮРӨК

Өрттөн жүрөк, элүүгө баратасың,
Көрктөн жүрөк, мөмөңү каратасың.
Өлбө жүрөк эл үчүн жаралгансың,
Элге дагы эмине жаратасың?
Көрктөнбөсөң мени жер каратасың,
Өрттөнбөсөң илхамды таратасың.

Сен жеткен чек болгону жол ортосу,
Өрттөнө албай өңүмү томсортпочу.
Куюндардын куюнун элестетет,
Тагдыр ташым чийилген кол ортосу.
Элдин таккан милдетин оңой эле,
Көтөрөбүз экөөбүз бир болсокчу.

Дене бойго сүйүүдөн таралгансың,
Көкүрөктүн ичинде жаралгансың.
Махабаттын бийик туу чокусуна,
Жалтанбастан шыр карап баралгансың.
Дене бойго сүйүүдөн таралгансың,
Соккун жүрөк, эл үчүн жаралгансың!

Кайгырбаска катамы оңдо жүрөк,
Ара жолго калтырып, койбо жүрөк.
Жалындуу сөз ажайып жаратайын,
Сугалак бол, сүйүүгө тойбо жүрөк.

Алоолонгон өртүңөн күйүп кеттим,
Курук кетпей элүүмдө сүйүп кеттим.
Сүйүүлөрдү жок деген жаңылышат,
Өрттө жүрөк, жолуңдан дабыш чыгат.
Өрттөн жүрөк!

 

СҮЙҮҮҢДҮ СҮРТҮП КЕТТИҢ ЖҮРӨГҮМӨ

Катарлаш жүргөнүңдө баркың сезбей,
Канатсыз каларымы неге эстебей.
Коштошуп койдум беле курган жаным,
Канетип сенсиз өмүр өтөт дебей.

Сен кеткен караңгы жол жарык чачып,
Күнүгө ыйлай берем өңдөн азып.
Билгизбей тушап коюп кетиптирсиң,
Жаралап жүрөгүмө атың жазып.

Жумуштан шаңдуу кайтып түнөгүмө,
Оорубай куландан соо жүргөнүмдө.
Доктурдун күчү жеткис илдет берип,
Сүйүүңү сыйпап кеттиң жүрөгүмө.

Асманда шамал толкуп, булут үркөт,
Ырдасам каргылданып үнүм бүтөт.
Коштошуп койдум беле курган жаным,
Канткенде эми сенсиз өмүр өтөт.

 

* * *

Аттарын койбой калгамын,
Көкүлү алтын Айдарым.
Эстесем элтеңдетишет,
Абортко кеткен балдарым.

Жети өмүр жерге киргендей,
Тоолорду таштап ийгендей.
Тиштерим мокоп зырп этет,
Күрүчтүн ташы тийгендей.

Жаштык кез кетти ойронго,
Өттү өмүр эми ойлонбо.
Сүлкүлдөп турмак эр жетип,
Абортко бербей койгондо.

Ышкырып шамал араңды,
Түшпөсүн күнүң караңгы.
Акылың болсо о кыздар,
Абортко бербе балаңды.

 

ЭКИНЧИ КЕЛБЕЙМ

Экинчи келбейм кош болчу деги.
Кечирип койчу акылсыз мени,
Күкүктөп дайым күндө эле чакыр,
Күүгүмдөп кечте келбеймин эми.

Сен үчүн эгер көрүнсөм делби,
Кимгедир балким көрүнөм пери.
Жолукпай калдык жер жүзүн изде,
Баркыма жетип баалоочу сенби.

Кайрылып келбейм, канатым сынган,
Жоголуп калды бычагым кындан.
Эстебе мени бардыгы бүткөн,
Пайда жок эми төгүлгөн ыйдан.

Экинчи келбейм кош болгун эми,
Очокко түртүп өрттөдүң мени.
Күлүмү көккө сапырсаң дагы,
Гүл болуп чыгам көрктөнтүп элди.

 

БУ ДҮЙНӨҢ КӨРКҮ ЧЫГАТ КҮНӨӨ МЕНЕН

Сумсаям, кумсарам да өңдөн азам,
Сүйгөндүн күйүтүнө жүздөн басам.
Дүйнөнү дүңгүрөткөн ырлар жазбай,
Жүрөктү муңкандырган сүйүү жазам.

Кеп угам акылы улук акылмандан,
«Сак болгун кызым калпыс жаңылгандан».
Жаңылуум санак жеткис, эсеби жок,
Жарат күч жүрөк жүзгө жарылгандан.

Кеп угам акылы кем апендиден,
«Сүйүшүү а дүйнөдө макүрө» деген.
Жашооңду а дүйнөдө урганым жок,
Бу дүйнөң көркү чыгат күнөө менен.

 

МЕНИН ТӨРӨЛГӨН АЙЫЛЫМ ДА, ЧОҢОЙГОН АЙЫЛЫМ ДА СУУ АСТЫНДА ЧӨГҮП ЖАТАТ

Ата Журт сенде жарык таң,
Чаңың да баалуу, алтын чаң.
Кушуң да алтын, ал тургай,
Бакаң да алтын таажычан.

Айылым, Журтум кайда деп,
Суу астын карап телмирем.
Сагыныч деген кусаман,
Жарыла жаздап селдирейм.

Үстүңдөн суулар бөксөрсө,
Суу толуп турат жашыман.
Айлымды көрүп жүрөт деп,
Жыландын сылайм башынан.

Көзүмдү берем балыкка,
Үйүмдү көрүп келчи деп.
Үйүмдү көрүп келген соң,
Көзүмдү кайра берчи деп.

Чулп этип чыкса балыгың,
Алдынан тосуп озунам.
Айылым кандай экен деп,
Бакаңын өбөм оозунан.

Үйүбүз калган бузулбай,
Терегим калган кыйылбай.
Куурчакты ороп жаткызган,
Төшөгүм калган жыйылбай.

Күчүгүм калган байлануу,
Ал азыр арбак тактылуу.
Ит деле болсо өлүгү,
Айлында калган бактылуу.

Издерим калган бытыкый
Бытыкый бойдон калат да.
Тагдырды тарых экен деп,
Жазылып калган баракка.

Ынсаптуу эле балдары,
Ак Бакай эле чалдары.
Балдарбыз жиксиз чачылган,
Балалык сууда катылган.

Тескейиң жансыз күн тийбей,
Адырың алсыз ай тийбей.
Кагылып кетем кара жер,
Түбөлүк калдың шай кийбей.

Түшүмө кирген бул бейиш,
Өңүмдө эми көрүнбөйт.
Туулган айлым, аттиң аа,
Өлүгүм сенде көмүлбөйт.

Чаңдаткан эрке, бейбаш кыз,
Чоңойуп калгам тирүүмүн.
Токтолуп бүтпөй дагы эле,
Кусадан ыйлап жүрүмүн.

Асман да анда бай болчу,
Тукумдай мөндүр жаадырчу.
Апамдын жалгыз чоң уйу,
Үч челек сүтүн саадырчу.

Суу басат экен деген сөз,
Кайгыга элди салды эле.
Алты жыл жаткан атамдын,
Мүрзөсү ачык калды эле.

Көрчүлөр мүрзө казганда,
Атамдын көрүн ачканда.
Буркурап ээрчип ыйлагам,
Жүктөшүп сөөктү жатканда.

Ачылбай эски мүрзөлөр,
Басылып сууда калышкан.
Арбактар сыртка чыгалбай,
Тозоктон жайын табышкан.

Жылдыздар жанат түн чыкса,
Ай чыгат түндө күн жылса.
Айылды суудан бошотсо,
Ордуна келбейт миң жылда.

«Эл кайда көчөт дыйканбай»,
Колума конду. Күз эле.
«Эл кайда көчөт, көч» десем,
Айлыма кетти түз эле.

Айлыма жетип көч дыйкан,
Тереңге боюн таштады.
Анын да ата-тегинин,
Айылы болчу баштагы.

Эл менен чогуу көтөрдүм,
Кудайдын башка салганын.
Жаш болуп анда, айлымды,
Калкалай албай калгамын.

Бала да болсом туу кылып,
Мекен деп калгам жытыгып.
Ыргытып сууга денемди,
Ыйлагым келет тытынып.

Канча жер көрдүм короздой,
Жүрөктүн кылын козгобойт.
Айылым элең керемет,
Эч бир жер сага окшобойт.

Шолоктоп жатып не десем,
Ким кайрып берет ке десем.
Таш чайнап алган тиш өңдүү,
Жүрөгүм зырп-зырп эстесем.

Өпкөлөп жатып не дейин,
Өпкөмдү басып келейин.
Токтогул Ата Журтуму,
Ыр менен шаңга термейин.

Буркурап жатып не дейин,
Буулукпай кайтып келейин.
Токтогул элим – жеримдин,
Бурулу болуп берейин.

 

АПАМА

Апа сага ыр арнабай эмгиче,
Көзүң барда баркың сезбей келем го.
Отуз жаштын толкунуна киргиче,
Ырлар жазып үлгүрөмүн дегем го.

Эч ким билбейт сен ырдаган Ыр-Көлүн,
Жалгыз гана Ай термелип кошулат.
Сен бүркөлсөң сени туурап бүркөлүп,
Жада кылса Күн да кылат кошомат.

Жүрөгүңдө кайгы, муңду ченесе,
Көтөрө албай Жанар Тоолор жарылмак.
Сеникиндей пейил берсе денеге,
Жердин үстү арамдыктан арылмак.

Жесир калдың, жетим өстүк, бирок да,
Сыр алдырбас сыйкырыңа баш ийем.
Балдарымы жетим кылбайм дечилем,
Жетим кылдым, балким анда жаш элем.

Өзүңө арнап казан асып, чай бербей,
Өкүнөрмүн же бир көйнөк кийгизбей.
Меники – деп, өз кызыман талашып,
Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей.

 

* * *

Мээнетчил ой түйшүгүн тандагам да,
Чөмүлүп ыр көлүнө канбагам да.
Апамдын жакшы кызы болот белем,
Ыр издеп тентип кетип калбаганда?

Жаштыгым жакшынакай ырга толсун,
Сүйүүнүн бульварына кадам койсун.
Ааламдын асылына сыйбай жүргөн,
Апамдын жаман кызы аман болсун!

 

ЖУМУЛБАГЫН КАРЕГИМ

Көздөрүмдүн кырында уйку олтурат,
Кирпигимди шайтандар түртүп турат.
Жумулбагын карегим, жумулбагын,
Босогодо ырларым күтүп турат.

Жүрөгүмдө бир обон ойноп жүрөт,
Жаныбызда жылаандар сойлоп жүрөт.
Төшөлбөгүн карегим беттериме,
Чагып салсак өчөт деп ойлоп жүрөт.

Шыкаалаган обонго эшик ачкын,
Күлүп туруп карегим жылдыз чачкын.
Жуурулушуп ырларым жылдызыңа,
Адамдардын ичинен түнөк тапсын.

 

БУРУЛУП КЕТЕМ СИЗ ЖАККА

Жүрөккө сүйүү төгүлүп,
Турган кез ага чөмүлүп.
Жалжылдап карап сүйлөйсүз,
Жаркыным болуп көрүнүп.

Коюу түн жарган айдайсыз,
Жарк этип чыккан бөлүнүп.
Ан сайын күлүп сүйлөйсүз,
Алтыным болуп көрүнүп.

Күлкүңүз мени өрттөдү,
Өчүрбөйм мейли өрттөсүн.
Түбөлүк оттой алоолоп,
Өрттөсүн, такыр өчпөсүн.

Аңкыган жыпар гүлдөрдүн,
Болсо да түрү биз жакта.
Түз эле үйгө келатып,
Бурулуп кетем сиз жакка.

Көз жоосун алып жатпайбы,
Алтындын даны күз жакта.
Атым да Бурул, өзүм да,
Бурула берем сиз жакка.

 

КЫЗЫМА КАТ

Сен кечиктиң, каяктасың билбедим,
Түнү менен кирпик көзүм илбедим.
Эстесеңчи энекеңдин абалын,
Жүрөгүмдү жүз жеринен тилбегин.

Күтүп-күтүп көз карегим талыды,
Көчөдөгү көпкөндөрдү сүйбөгүн.
Аяр сүйлөп, таттуу сүйлөп алдашат,
Алабарман ар кошконго тийбегин.

Келер менен оку кызым, кат жазам,
Тамгаларын каным менен жаратам.
Кат экен деп түртүп койбо, кагазга
Жүрөгүмү таштап кетип баратам.

 

* * *

Мени неге сүйбөйм дейсиң сүйүктүүм,
Сүйөм десең дүйнө чачып шай кылам.
Айылыңды бир акынга бар кылам,
Алай элин – ыр тойгузуп бай кылам.

Мени неге сүйөм дейсиң сүйүктүүм,
Сүйбөйм десең сүйрөлмөкмүн артыңан.
Ачка калып эрме чөлдө каза таап,
Жада калса ыр чуурумак тарпыман.

Дарбазамды тээп ачкан ким болчу,
Сүйөм дебей, сүйбөйм дебей тим койчу.
Ары кетип, бери кетип обдулсам,
Дүйнө бүркүп шар төгүлөр ыр болчу.
Сүйөм дебей, сүйбөйм дебей жөн койчу.

 

* * *

Жүрөгүм титиреди,
Тогуз баллга!
Сейсмолог карап көрүп,
Тогуз эмес, он бир деди!
Он бир дейби?!
Уктум да тарс жарылдым,
Урады денелерим.
Кирпичтей сынып түштү,
Буттарым, колум, белим.
Көздөрүм чарт-чурт этип,
Туш-тушка чачырады.
Көзүмүн сыныгына,
Кара жер жайнап калды.
Жайылган чачтарым да,
Бириндеп кайда калды?
Өзүмү көрбөй турам,
Көгөргөн булуттардан.
Өзүмү таппай калдым,
Карайган тумандардан.
Башымы издеп жаттым,
Бул кандай азап дедим.
Башымы тапсам эле,
Денеми табам дедим.
Сейсмолог: Он бир балл!
Өлдү – деди.
Доктурлар: Жок, жалган!
Сүйдү – дедиң.
Койчу! – деп көзүмү ачтым,
Түшүм экен!
Жүрөгүм согуп жатат,
Тирүү экен!
Кара жер аппак экен –
Кар жаап салып.
Жүрөгүм жап-жаш экен –
Сүйүп калып.
Ак карга жазып койдум:
«Ура-а, ура-а!
Жүрөгүм титиреди
Он бир баллга,
Он бир баллга!»

 

* * *

Жаз келгенде жылуу жааган жамгырда,
Жашыл көйнөк кийип чыктым көчөлөп.
Кулагыма ар бир дарак шыбырайт:
«Көйнөгүбүз окшош экен көрчү» – деп.

Күз келгенде муздак жааган жамгырда,
Сары көйнөк кийип чыктым көчөлөп.
Шуудурашып бардык дарак шыбырайт:
«Жүзүңдөн не али жазың өчө элек».

 

МЕНИН ЫРЫМ ТЕБЕЛЕНЕТ

Автобуста үзүлүп түймө-бүчүм,
Бут тепселет түрткөнгө жетпей күчүм.
Үн алгыда созолоп ошо тушта,
Менин ырым жаңыртат салон ичин.

Шоопур аке, акча деп чебеленет,
Акчасызды тумшукка уруп ийет.
Ызы-чуудан угулбай салондогу,
Менин ырым мен менен тебеленет.

 

БАР ЭКЕНИМ БИЛИНЕМ

Тирүүмдө көзүм барында,
Тик жазган ырым ыргалат.
Кыргызда жүрсөм, мендейди
Казагың көрбөй кыйналат.

Азапта жүрүп мен өчсөм,
Арманга бышкан ыр калат.
Кытайга кетсем, мендейди
Кыргызың таппай кыйналат.

Кыргызың колдо бир ууч дейт,
Акын көп дешет калкыңан.
Ушундай сонун акын бар,
Арасын ачып калпысаң.

Калпысаң колго илинем,
Бар экеним билинем.
Бир ууч эмес, миң ууч деп,
Кыргызды мактап сүйүнөм.

 

ТӨРТ САПТАР

* * *

Алаканым жайып салып асманга,
Айлап-жылдап бакыт тилеп жатыпмын.
Бүт дүйнөнү ыйлаткандай ыр жазсам,
Андан артык кереги не бакыттын!

 

* * *

Кандай сулуу жигиттерди ойлоном,
Карагандан карек оту тойбогон.
Биле келсең сулуулугу бир тыйын,
Бирок жаным, сенден сулуу болбогон.

 

* * *

Кел ырдайбыз, сүйүүлөрдү көктөгөн,
Жаныбызды тилсиз жоодой өрттөгөн.
Жай таптырбай денебизди коёрго,
Кел ырдайбыз, махабатты өчпөгөн!

 

* * *

Топуракка жуурулуп сөпөт болгон,
Сөөктөрүмү каргалар чокуп жатат.
Менин ордум башкалар отурушат,
Менин ырым башка кыз окуп жатат.

 

* * *

Жаштык ээ, не кийсем да жарашасың,
Жалт этип жалжал көздү каратасың.
Чыгарбай бекем кармап турсам дагы,
Суурулуп чыгып кетип баратасың.

 

* * *

Ал айтат: «Сүйүү жалган, ишенбе» деп,
«Чын сүйүү кинолордо, дастандарда».
– Эгерде менин сүйүүм жалган болсо,
Сенин да жаралганың жалган анда!

 

* * *

Бош жүргөндөн, бош жүргөндөн чарчадым,
Бош жүргөндүк эң оор жумуш экенин,
Эмне үчүн билбей жүрдүм, жүдөдүм,
Кечир мени, кечир Ата-Мекеним.

 

* * *

Чын жүрөктөн бүт турпаты берилип,
Жакшы дечи сүйүп калуу, жактыруу.
Бирок дагы мен билгенден бир мисал,
Сүйгөнүнө жетпей калган бактылуу.

 

* * *

Күйүп турган калемпирдей кезимде,
Көп жигиттин карегине катталгам.
Сурабачы канча жашка чыктың деп,
Паспортума эки сүрөт чапталган.

 

* * *

Таманым так-тук этет така менен,
Көйнөгүм көркү чыгат жака менен.
Көкүрөк көктү тилеп баратса да,
Ээрчишип баратамын бака менен.

 

* * *

Кийимдин түрүн тандап кийип албай,
Артынан бир шүмшүктү сүйүп калбай.
Алыста шорум катып жүргүчөктү,
Кошунанын уулуна эле тийип албай.

 

* * *

Токтобо жүрөк, эс албай дайым согуп тур,
Өмүргө өбөк, дартыма дабаа болуп тур.
Чарчабай чалбай, картайып калбай дүкүлдөп,
Айыкпас оору махабат менен ооруп тур.

 

ТАРТИБИ ЖОК ЫРЛАРЫМ

Тартиби жок ырларым,
Неге мени кыйнадың.
Түндүн көзүн кызартып,
Көз жардырып туйладың.

Түнү бою өнтөлөп,
Кээде ыйлап өпкөлөп.
Атасы жок, никесиз,
Ахаладым ыр төрөп.

Бүркүтмүн да шуулдайм,
Булбулмун да ыр ырдайм.
Чөжөлөрүм колтукка,
Корголойм да чырылдайм.

Ташта жатам, же сызда,
Бирок жүрөк жылдызда.
Тартипсиз ыр жазган кыз,
Керек болоор кыргызга.

Күнөөсү жок ырларым,
Күндөн түшкөн нурларым.
Апаңар мен, атаң Күн,
Алдейледим алты күн.

Тартиби жок ырларым,
Таңдан түшкөн нурларым.
Апаңар мен, жетең Күн,
Алпештедим жети күн.

Кереги жок ханыңдын,
Кереги жок тагыңдын.
Жүрөгүнө Кыргыздын,
Алоолонуп тагылгын.

Ырдай берем дагы эле,
Ыр төрөгөм жаңы эле.
Тамылжытып ыр чачкан,
Күнөстүү Ош таңы эле…

 

ӨРТТӨП ИЙЕМ БИШКЕКТИ

Сен өбүшпө аны менен,
Сактап калат ич кекти.
Өбүшкөнүң угуп калсам,
Өрттөп ийем Бишкекти.

Сен өбүшсөң башка менен,
Мен экинчи өппөймүн.
Алас кылып, бутуң баскан,
Бардык жерди өрттөймүн.

 

КАЛДАЙГАН СӨЛӨКӨТҮҢӨН

Үңкүрдөй болгон үйүмө,
Карааның тоодой көрүнгөн.
Кагылып эле кетсемби,
Калдайган сөлөкөтүңөн.

Аюудай болгон эрими,
Ай менен күнгө теңедим.
Атылган ачуу муштумун,
Айлакер менен жеңемин.

Сен жаткан үйдө мен жатпайм,
Каякта жүрбө аман бол.
Катынга келип бир тийет,
Качан да болсо жаман кол.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.