Сөз өнөрүнүн төрөсү төкмөлүк

Төкмөлүк өнөр, комуз, домбрасын ойноткон акындардын айтыштары соңку жылдары кыргыз, казактын кызыгып көргөн башкы шоуларынын бирине айланды. Эки элдин эркиндикти сүйгөн уникалдуу өнөрүнүн оош-кыйыш жактары тууралуу экономист жана публицист Сапар Орозбаков ой бөлүшөт.

Эски заманды элестеткен жаштар

Акыркы беш-он жылда айтыш өнөрү жаңы деңгээлге өсүп чыкты. Айрым акындар айтышып жатканда көзгө Жеңижок, Арстанбек, Токтогулдун заманындагы айтыштын гүлдөп турган учуру кадимкидей тартылат, алар да ушулардай айтышса керек деп. Демократия бизге эмне берди дешет. Бул демократиянын жемиши эмей эмне? Эркиндик болбосо көрөт элем, азыркыдай акындардын каалаганын айтып кызык айтыш курганын, элдин айтыш көрөбүз деп залга толо жыйылганын. Айтыш өнөрү акырындап жок болот болчу да, илгерки диназаврлар жок болуп кеткендей.

Мен Токтосун менен Эстебестин айтыштарын угуп калдым. 70-жылдары болсо керек, бир жолу филармонияга барсам экөө айтышып жатыптыр. Эстебес «ооз комуз кага албайм, он үчүнчү кыз болуп, Москвага бара албайм» дейт, Токтосундун 12 кызга кошулуп темир комуз какканына тийиштик кылып. Токтосун да жөн турмак беле, татыктуу жообун берди, «алжайган сенин оозуңа, аттын такасы болбосо, ооз комуз чак келбейт» деп. Элдин баары кыраан каткы. Бирок жоро-жолдошторум жүр дегенинен эки күндөн кийин кайра барсам, ал экөө ошону эле үтүр-чекитине чейин кайталашты. Эл күлүп жатты, а мен күлө албай койдум. Ошондон кийин мен филармониядагы айтыштарга күлгөнүм жок.

Акындардын эркин ырдашына тыюу салынса, чыныгы атаандаштык болбосо, алар канчалык таланттуу болбосун өзүнүн жаратылыштан берилген нукура сапаттарын жоготкон капастагы жаныбарга окшоп кашаң мүнөз болуп калат экен, каалагандай ырдай албай. Казактар биринчи болуп айтыш өнөрүн жандандырышпады беле. Бул ошол казактар менен 90-жылдары биздикилер айтыша баштаганда даана байкалды.

Биздикилер сөздү ыгы менен эптей албай, ой айтайын десе уйкашын таба албай, уйкашты кууп ырдаса оюн жоготуп жиберип, а түгүл кээде орой айтып алып жатса, казактардын акындары уйкашын да келтирип, оюн да айтып, айтканда да элестүү жана таамай айтылган саптар менен айтып жатышты. Биздин эл артисти, эмгек сиңирген ишмер деген наамдары бар аттуу-баштуу кишилерибизди казактын бешиктен бели чыга элек балдары жана кыздары күрөштүн тили менен айтканда жамбашка салып чаап алып атышты.

Мындан 20-25 жыл мурун Элмирбек менен Жеңишбек чыкканда, булар деле Амантай менен Абдылда сыяктуу Замирбек Усенбаевдин ордун басат го деген ойго келчүмүн. Анда алар айтыш өнөрүнө жаңыдан аралашып азыркыдай күч-кубатка толо элек кездери. Анын үстүндө Жеңишбек алгач комузу жок ырдачу эмес беле, Жолочу Рыспаев ыр окуп жаткандай. Аларга Аалы менен Азамат кошулганда үмүттүн оту тутанды. Болот, Баян, Кубат, Жылдызбек, Тураттын келиши менен айтыштын кайра тирилгенине ишене баштадым.

Мен айтышты теледен көрөм, андан көрө албай калсам интернеттен көчүрүп алып көрөм. Өткөн жылдын жазында жаш акындардын кароо-сынагы болду деген кабарды угуп, теледен көрсөтүшөбү деп теледен күтсөм, же мен билбей калып өткөрүп жибердимби же беришкен жокпу, айтор, көрө алганым жок. Интернетте бар экен. Угуп көрсөм, мен мурда билбеген ысымдар көп экен, бирок айтышкандары аябай жакты. Өздөрү жамактоону жаңыдан үйрөнүп жүргөн балдар болсо, кантип эле ушундай деңгээлде ырдай алышсын, булар жазып алып ырдаганбы деп шек санап да жүрдүм.

Кийин «Кыргыз ТВ» каналы 8-мартка жана Ашыралы Айталиевдин туулган күнүнө карата уюштурулган айтыш деп дагы бир айтыш берди. Дээрлик ошол эле балдар. Чүчү кулак кармашып айтыша турган жуптарын аныкташып жатышат. Жуптар ошол жерде аныкталып жатса жаттап алган айтыш эмес да. Айтыш болсо өзүнчө эле керемет. Мен Женишбек, Элмирбек, Аалы, Азамат, андан кийинкилердин айтыштарын көп көргөн адаммын. Булардын айтышы алардыкынан кем калбайт. Курчтугу жагынан а түгүл өтүп да кетет.

Мага өзгөчө Турат Жумаев менен кытайлык кыргыз Мамбеттокто Мамбеторозонун айтышы жакты. Экөө эркек менен аялдын мамилеси жөнүндө айтышты. Турат адегенде эле аялдарды жерге сууга тийгизбей мактап кирди эле, Мамбеттокто мен да мактасам, Тураттын көлөкөсүндө каламбы деп ойлодубу же кытайлык кыргыздар чынында эле аялзатын эркектен төмөн көргөн калк болобу, айтор, тескерисинче, аялдардын «кемчилик» жактарын айтып, Туратты «сенин аялдарды мактаганыңда бир мандем бар, аялың ажыдар болуп башыңа чыгып алган го» деп чабуулга өттү:

Эмнеге мынча мактайсың
Жеңемдин чыкпай кашынан.
Анчалык байке кор болбой
Кармабайт белең башынан.
Кабыргасы дейт эркектин
Ал жагы унут калабы
Эзелтен келген бул сөздү
Эсине элдин салалы
Аялдар эмнеге кеч карыйт десе
Күндө акча деп турган
Күндө мээни жеп турган
Аялдын жок аялы
Байкем аялдар бизди бакты дейт
Аялдар бизди тапты дейт
Какен акын айткандай
Күйөөсү жардам бербесе
Күлгө оонап төрөп алабы.

Турат да, кийинки учурда бир топ өскөнү байкалат, катыгын берди:

Жарыңды жылан деп жатса
Турасың кантип нымшыбай
Билмексен болуп отуруп
Бул бир балээни кылчудай.
Териксем мунун сөзүнө
Тез эле ажыраштырып тынчудай.

Айтыш ушундай саптарга жык толгон сонун айтыш болуптур. Анын баарын бул чакан макалада айтып берүүгө мүмкүн эмес. Мен үчүн бул жерде дагы бир жаңылык айтышка кытайлык кыргыздардын катышканы болду. Төрт-бешөөсү жүрөт. Биздин акындардан кем калышпайт экен. Алардын ичинен мага ушу Мамбеттокто абдан жакты. Уйкаштыгы да ордунда. Илгеркидей айткандай капилеттен сөз тапчу неме көрүнөт. Талантын дагы өстүрүп отурса алыска барчудай.

 

Айтыш – теңдешсиз шоу

Мен өзүм кесибим боюнча экономистмин. Менин айтышка кызыгып калган себебим мындай. Менин бир байкем бар эле. Мектепте окуп жүргөндө өздүк көркөм чыгармачылык кружогуна катышып, өзү теңдүү бир бала менен айтыша коюп да жүрчү экен. Кийин Ысмайылдын обонуна салып отуруштарда жамактай койчу. Мен ошол кишинин таасири менен айтышка кызыгып кеткем. Ал кезде Жеңижок, Арстанбек жөнүндө таптакыр айтылчу эмес. Мен алар тууралуу биринчи жолу ошол байкемден уккам.

Мен Осмонкул, Калык, Алымкул, Ысмайылдарды көрбөй калдым. Айтыштарын китептен окудум. Токтонаалы Талканбаев биздин айылга күйөө болчу. Той, аштарга келип калчу. Анын ырдаганын бир жолу уккан жайым бар. Бирок мектепке бара элек кичине бала болгонумдан сөздөрү, обону эсимде калбаптыр. Токтосун менен Эстебес жөнүндө жогоруда айттым. Ашыралы, Тууганбай, Замирбектин төгүп ырдаганын көп эле уктум, бирок алардын бири-бири менен айтышканын билбейт экем. 90-жылдардын башында казактар келип, алар менен Ашыралы, Тууганбайдын айтышканы эсимде.

Айтыштын потенциалын казактар биринчи болуп туюп, аны жандандырышты. Айрым жерлерин түшүнбөй калсак да, 90-жылдары биз теледен казактардын айтышын көрөр элек. Кыргыздын көптөгөн жаштары казак айтышынын таасиринен улам бул өнөргө кызыгып, казак акындарынан үлгү алышты. Анын таасири канчалык күчтүү болгонун мындан билсе болот, кыргыздардын жаштары казак обондору менен ырдай башташты. Андайлар азыр деле бар.

Айтышта баары бар. Анда сөздү муун-муунга салып, аягын уйкаштырып айткан кооз поэзия бар. Болгондо да жазма акындар, мисалы, 10 күн ойлонуп таба албаган элестүү айтылган кооз саптарды төкмө акындар кудай оозуна салып берип жаткан сыяктуу ошол секундда айтып салган учурлар көп эле кездешет.

Музыка бар. Ыр түрдүү обондорго салынып, музыкалык аспап менен коштолот. Айтыш кадимки обондуу ырларга окшош. Поэзия өзү эле уккулуктуу болот эмеспи. Обонго салганда ого бетер уккулуктуу болуп чыгат. Жай учурларда төкмөлөр обон менен айтылган дастандарды жана ырларды да кемелине келтирип ырдашкан. Обон чыгарып ырдагандары да болгон. Азыркылардан Элмирбек Иманалиевдин бир нече жакшы ырлары бар.

Айтышта философиялык ой болот. Акындар адатта өз доорунун акылман, ойчул адамдары болушат. Эл көрө албаган нерсени көрүп-билип турган көрөгөч, даанышман келишет. Айрым акындар эл башкаруучуларынын жакын кеңешчиси да болгонун тарыхтан билебиз. Алар мындай жөн учурда философиялык ой жүгүртүүгө сугарылган санат-насыят ырларын ырдашкан. Азыркы төкмөлөрдүн ичинен Женишбектин гана интернет жөнүндө термесин уктум. Бирок жалпы жонунан азыркы акындар ушул жагынан аксайт – ал жөнүндө мен төмөндө кененирээк сөз кылам.

Чечендик өнөр да бар. Айтыш бул чукугандай табылган сөздөр, шапалак менен тарс чапкандай таамай айтылган тамаша, эстен кетпей тургандай элестүү салыштыруулар. Тиги акын тигиндей десе, бул акын мындай деп оозун жапкан деген сөздөрдү көп эле уктук. Төкмө акындар кара сөзгө да чебер келип, сөздү куюлуштуруп айткан чечен жана сөзмөр келишет. Эстебести мен, мисалы, ырына караганда ошол илгерилердин окуяларын айткан сөздөрүн сүйүп укчумун.

Айтышта импровизация, биздин тил менен айтканда, дароо айтылган төкмөлүк бар. Ыр заматта жаралат. Үйдөн жазып алып, жаттап алып айтышуу мүмкүн эмес. Анткени айтышып жаткан адамың күтүлбөгөн теманы козгоп, ойдо жок суроо бериши мүмкүн. Эгерде сен буга дароо татыктуу жооп бере албасаң, айтыша албайсың – ал сенин жеңилгениң.

Биз батышты туурай турган жерде туурабай, туурабай турган жерде туурайбыз. Азыр кыргыздын кээ бир ырчылары батыштын реп деген нерсесин жайылтууга аракет кылып жатышат. Реп биздин төкмөлүктүн эле бир түрү. Ал деле дароо ыр жаратуу. Бирок аны биздин төкмөлөрдүн ыры менен салыштырууга болбойт. Ал анын примитивдүү түрү. Бизде төкмөлүктүн сонун үлгүлөрү турса, аны ким укмак эле. Репти кыргыздар жерип, ал бизге сиңип кетпей жатканы ошондон.

Акырында, айтыш бул таймаш. Айтыш эки адамдын дароо ыр жаратуу боюнча таймашы. Эки акындын поэзиясынын, обонунун, ой жүгүртүүсүнүн, чечендигинин, төкмөлүгүнүн таймашы. Кадимки спорттогудай эле таймаш. Кимиси жакшы өнөр көрсөтө алса, ошонусу жеңип кетет. Айтыш ошонусу менен кызык. Ал бул жагынан батыштын эли сүйүп көргөн футбол оюнуна окшошуп кетет. Ошондой эле көрүүчүлөрдүн маал малы менен тарс жарылуусу. Ошондой эле жакшы көргөн акынына күйүп, анын ырларын артынан кууп уккан күйөрмандар.

 

Төкмө акындар кыргыз тилин сактап келишкен

Менимче, биз айтыштын потенциалын дагы эле толук сезбей жатабыз. Айтыш бул тамаша куруу өнөрүнүн бир дагы түрүн алдына салбаган теңдешсиз шоу. Кыргыз менен казак баласы үчүн мындан өткөн тамаша болгон эмес, болбойт дагы. Тилекке каршы биздин телеканалдар айтыштын бирин берсе, экинчисин бербейт. Берсе да кесип, үзүп-жулмалап берет. Кыргызстанда маданият каналы деп өзүнчө телеканал да түзүштү. Анын кызматкерлери жалкоо болобу, же маданиятты жакшы түшүнөшпөйбү, билбейм, эки-үч жылы илгери өткөрүлгөн бир-эки айтышты улам кайталап эптеп эфирди толтуруп келе жатышат.

Менин оюмча, айтыштын жакшы үлгүлөрүн футбол сыяктуу эле түз эфирде бериш керек. Ансыз деле Европа футбол клубдарынын оюндарын биринчи каналы деле, спорт каналы деле күнүгө берип жатышат го. Футболго убакыт табылат да, айтышка келгенде табылбай калабы. Бир-эки жолу ЭЛТР түз эфирде берди эле. Кантсе да каналдын ошо кездеги жетекчиси Шайырбек Абдрахманов ак-караны ажырата алган, айтыштын баркын билген киши эмеспи. Ал кетери менен токтоп калды.

Айтышты ар түрдүү формада уюштурса болот. Конкурс түрүндө филармонияда гана өткөрүлсүн деген мыйзам жок да. 20-30 мүнөт дебей убакытты көбүрөөк берип, айтышчу акындарды угармандардын өздөрүнө тандатып дем алыш, майрам күндөрүндө аянттарда, теленин студияларында түз эфир кылып айтыш өткөзсө болот. 30-жылдары Осмонкулдун Бакуга барып келгенден кийинки Калык менен айтышы эшикте эле өткөрүлүп, үн күчөткүчтүн жардамы менен уктурулган экен. Мен ал тууралуу бир нече адамдын эскермесин окудум. Эсте кала турган окуя болгону көрүнүп турат.

Айтышты адамдар көп жүргөн жерде өткөрүү кыргыз тилин пропагандалоого да жардам берет. Чагылган чарт деп өткөндөй тарс жарылып жаткан угуучуларды көрүп, өтүп бараткан кандай адам болбосун эмне болуп жатат деп кайрылат, эмне сөз болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылат. Ушунча адамдын сүйүүсүнө арзыган айтышты түшүнүш үчүн тил үйрөнгөндөрү да болот. Негизи эле кыргыз тилин ушул төкмө акындар өнүктүрүп, сактап келген да. Алардын ар бир ыры калгандар үчүн тил боюнча сабак эмеспи.

Жакшылап уюштурса, акындарга акча да болот эле. Мага ишенип койгула, манасчылар бекер “Манас” айтып берем десе да эл барбайт, ал эми айтыш үчүн акчасын аябайт. Илгерки акындар үй-бүлөсүн өзүнүн өнөрү менен баккан. Бакканда да башкалардан кем баккан эмес. Ошон үчүн акындык өнөрдү аркалаган адамдар кыргызда көп болгон. Айрым жерде, Калык Акиев айткандай, түтүн сайын ырчы чыккан.

Айтыш кыргыз менен казакта гана жакшы өнүккөн. Башка элден башкырларда да айтыш болгон деп айтылат. Бирок бул эки элдегидей деңгээлге жетпесе керек. Менин ойлондурган дагы бир нерсе муну кантип башка элдерге жеткирсе болот деген суроо. Өзгөчө уникалдуу нерсенин баркын билген англис тилинде сүйлөгөн элдерге көрсөтө алсак абдан жакшы болор эле. Синхрондук котормо кылыппы, же айтышты өткөрүп алып көркөм которуп, анан аны комментарий жасаппы, интернетке салып, кыргыз тилин билбеген адамдарга айтыштын кызык өнөр экенин көрсөтсө болот болуш керек.

Сапар Орозбаков, экономист, публицист,
“Азаттык”, 02.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.