Алдей алдей ак бөбөк, Ак бешикке жат бөбөк

Мезгил өткөн сайын адамзаттын жашоого болгон көз карашы да өзгөрүп келет, аны менен бирге күнүмдүк жашоодо колдонуучу буюмдар да замандын талабына жараша өзгөрүүдө. Заман өзгөрсө да канчалаган кылымдан бери пайдаланылып келген. Бешик касиеттүү Умай энеден калган таберик.

Көчмөн турмушта бешикке салынган наристени өз энеси өңөрүп жүрчү. Ошондой эле бешик энелерге наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлашып, эненин эң чоң жардамчысы болгону талашсыз. Бешик жасоодо байыркы усталар бардык ыңгайлуулуктарды эске алышкан. Байкасаңыздар, баш жагындагы алкакка тирөөч орнотулган. Ал эне бешикке салмагын салып эмизгенде тирөөч кармап туруусуна ыңгайлашкан. Ошондой эле бешиктин эки таманына жаа сымал жыгачтар ашталып, бешикт оңой термелген.

 

Арчага албарсты жолобойт

Бешик талдан, жаңгактан, арчадан жасалат. Эң баалуусу — арча бешик. Баланы бешикке бөлөөрдүн алдында алгач ар кандай оору, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен ичи-сыртын аласташат. “Арчадан жасалган бешикке курт түшпөйт” деп эл арасында бааланып келет. Элибиз арчанын бекемдигин, чирибестигин, жайы-кышы көгөрүп турганын күнүмдүк турмушта байкап-билген. Ошондон улам бөлөнгөн баланын ден соолугу бекем, узун өмүр берсин деп арча бешикке бөлөп келишкен. Бешик ар дайым жогорудан орун алып, таза жерге коюлган.

 

Бешик той

Ымыркай төрөлүп, киндиги түшкөн соң бешикке салышкан. Ал күнү жыт чыгарылып, карындагы сары май бузулуп, мал союлуп, коңшуларга, тууган-урукка тамак берилип, бата алынган. Наристени бешикке айыл ичинде сый-урматка татыган, кадыр-барктуу апалардын бири бөлөп, келген коноктор баланын бешигине боорсок жана таттууларды чачышкан. Мындай каада бүгүнкү күнгө чейин сакталып келүүдө. Бешик той салтын айылдын кадырлуу, көп балалуу байбичеси аткарган. Бешикке салардан мурун анын ичи-сыртын аластап, жакшы тилектерин айтып, бешикти, шимекти суу май менен майлашат. Бөлөгөнгө чейин бешиктин ичине эркек балага балта же чот, бир нече чүкө, ал эми кызга кайчы, шуру же сөйкө салып коюшат. Бешиктен балта же чот, чүкөлөр түшүрүлүп, арча түтөтүлүп аластаган соң наристени бөлөгөнгө киришет. Балта же чот салуу – жаны темирдей бекем болот деген ишеним болсо, кайчы – кыздын колу уз болсун деген ниет. «Умай эне жаман жин-шайтандардан баланы сактайт» деген ишенимден улам чүкөнү бешикке байлап да коюшат.

Баланы бешикке саларда «шайтан кач, кач, кач, ээси келди!» деп жаткырышып, «Бешик апа, бек карма, Умай эне, уйку бер» деп таңуу керек. Илгери апалар эмгекти сүйсүн деген тилек менен кетмен, балта, чот баштаган жети эмгек куралын бешикти айлантып койгондугу жөнүндө да маалымат бар. Салт боюнча жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп тогуз нерсени бешикке жаап, төрөлгөн баланын таенеси берет.

Көп балалуу үй-бүлөнүн бешигин ырымдап көбүнчө баласы токтобогон аялга беришет. Андай келин бала төрөп калган учурда бешиктин ээсине белек-бечкек берип ыраазычылыгын алуусу керек.

 

Башка улутта…

Калмак элинин илгерки бешиктеринде баланын тизелерин эки тарапка түртүп туруучу атайын буюм бар болгон. Бурят калкында да бөбөктүн тизелеринин ортосуна тоголоктолгон терини же башка нерсе коюп бөлөп келишкен. Бул атайы баланын буту тайтайып өсүүсү үчүн жасалган чара. Андай буттар аттын капталына чып жабышып, ат жалында шамдагайлыкка шарт түзгөн.

 

Бешик жабдуулары

Жабуулары – бешикти сыртынан жабуучу кездеме. Жайкы жабуу баланы чымын-чиркейден сактоо үчүн тордон тигилет. Кышкы жабуу балага жылуу болуш үчүн калың кездеме – баркыттан тигилет.

Бортко – баланы байлоо үчүн жумшак кездемеден тигилген жазы курлар. Бала муну менен эки жеринен: тизесинен жана төшүнөн таңылат. Төшүн таңуучу бортко узунураак жана кененирээк болсо, бутун таңуучу бортко кыска жана ичке болот.

Олпоктору – күлтүктүн орду оюлган үч кабат төшөк. Эң астыңкы олпоктун ичине арчадан салып тигишет. Бул баланы бешик курттан сактайт. Анын үстүнө баланын асты калың болуусу үчүн эки катар төшөк салынат.

Шимек – заара агып, күлтүккө түшүүгө ыңгайлашкан буюм. Жыгачтан же козунун жото жилигинен жасалган жаңы шимекти кызып турган майга салып күйгүзүп алуу керек. Андан соң күнгө жакшылап кургатат. Ошондо жыгачтын майда таарындылары жоголуп, сыйда болот. Шимек эркек балага өзүнчө, кыз балага өзүнчө жасалат.

Күлтүк – баланын заарасы менен заңы түшүүчү идиш. Адатта бул идиш чоподон же жыгачтан жасалат. Бирок азыркы күндө айнектен, пластмассадан жасалган идиштерди да колдонуп жүрүшөт. Заара ары-бери чайпалып, чачырабаш үчүн күлтүккө топурак же күл салып коюшат.

Жаздык – баланын башына коюлат.

Бут ороосу – баланын бутунан белине чейин жабуучу жууркан.

Байыркылар так ушул Умай эненин бешигинде алдейлеген. Дегеним, айтылуу “ памперске” акча каражатын коротпой таза багып алышкан. Бүгүн шаар жеринде арча бешиктердин ордун “качеля-керебеттер” баскан.

Асел Барыктабасова, “Эркин тоо”, 23.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.