Айнагүл Базарбаева акын: “Атам Эрнис Турсуновдун “Ата-Журт” романынын экинчисин күтүп жүрүп…”

Айнагүл, кыргыз поэзиясына 90-жылдардан кийин келген жаңы толкундун агымында сен да бар элең. Кээде көрүнүп, кээде көрүнбөгөн саманчынын жолундай болуп кайда жүрөсүң?

— Балким, адабият айдыңында көрүнүп-көрүнбөй жүрүшүм мүмкүн. Бирок, өз казанымда өзүм кайнап эле келатам. Бир кездери мамлекеттик кызматтарга да аралаша кеткенимди жашыра албайм. Саясат биз үчүн эмес экен. Ыр жазган, дегеле чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү эркин болуусу керектигин өзүң да жакшы түшүнөсүң да. Ойлоп көрсөм, бизге окшогон чыгармачыл адамдарга гезитте, болгондо да же адабий же маданий гезитте иштеген абдан эле пайдалуу, жагымдуу, чыгармачылыкка да ыңгайлуу жай тура. Сен айткан жылдары чынында эле поэзияга деген ишеним дем-күчүбүз абдан эле бийик болчу да. Мен “жок, акын болушум керек” деп, борбордогу жогорку окуу жайлардын бирине мугалимдикке чакырса барбай койгонумду эстесем, азыр да күлкүм келет. Дале дагы ошол оюмдан кайта элек болсом керек. Поэзия түбөлүктүү нерселердин бири деп ойлойм. Жеке өзүмдүн ыр жазбай жашаган пенде экенимди элестете албайм. Эки китеп, ырлар жыйнагым жакындарымдын жардамы менен жеке каражатыма чыкандыгына кубанам.

Сенин поэзияңда мага жаккан үч сап ырларың бар эле. Япондордун хокку стилин кыргызчага оодаргандай болгон ал ырларыңдан бир-экөөнү окуп берчи?

Коркоксуң ээ бечара караңгылык,
Анан неге деймин да байкуш мени,
Олтурасың жаныңа караан кылып.

* * *

Шуу дей түштү үшкүрүк,
Аста басып көзүмдөн,
Жылып түштү үмүтүм
, — ушул сыяктуу ырларым бар. Поэзияга жаңы кадам таштаганымда Сагын Акматбекова, ыраматылык Насирдин Байтемиров кыска саптарды жазсаң болгудай экен деп, ак батасын беришкен болчу. Сөз артындагы ой жашырылган ырлардын автору Басего таасирленгенибизди жашыра албайм. Биз үчүн япон поэзиясы да өзүнүн керемет сырлары менен кымбат. Ошентсе да элибиздин салттуу формасы менен ыр жазуу кийинки кезде мага жагып калды. Кыргыз кыргызча эле ой жүгүрткөндө, жазганда жакшы чыгат окшойт деп калдым.

Талантыңдын башаты кайдан деп ойлойсуң? Ата-энең кимдер эле?

— Жети атадан акындык кайталант деп коёт эмеспи кыргызда. Атам ыраматылык “Ак-Кемедеги” Орозкулдай эле бекем, сүрдүү киши эле. Бирок, жетинчи класста окуп жүргөнүмдө гезитке биринчи ырым жарык көргөндө кубанып, өзүнүн жарыяланбай калган үч тамсилин мага тапшырган. “Түлкү менен Арстан” деген тамсили эсимде калган. Атам чыгармаларын мага эртерээк ишенип берсе керек. Алар азыр жок. Атамдын кызык жери — өмүр бою шоопур болуп эмгектенди. Арак ичип, тамеки да тартты, алган жарынан башка арзуусу да бар эле. Жалтанбаган, бирөөдөн коркпогон эрктүү киши болгон. Ошондой сүрдүүлүгү менен олтуруп алып комуз күүлөрүн черткенде жанында жан адам жоктой берилип чертип, “Кыргыз көчү” менен “Карагул ботом” кулагымда калган. Атам Эрнис Турсуновдун “Ата Журт” аттуу романынын экинчи китебин күтүп жүрүп, аны окуй электе кокус эле жүрөгү кармап каза болуп калды. Чыгыш адабиятын казып окуган киши эле. Ушундан улам, чыгармачылык мага атамдан өтсө керек деп, атам менен сыймыктанып койом. Апам болсо жибектей аял эле. Апам бул турмушта бир да адамга жаман сөз кайрыбай өтсө керек. Менин да сапатым бар, эч бир адамга катуу айткым келбеген. Бирок, жаным ачыганда абдан катуу тийип алмайым да бар. Анда атамды ойлоп коём.

Азыркы кыргыз поэзиясынан кимдер жүрөгүңө жакын?

— Башканы билбейм, мен Сагын Акматбекованы, Турар Кожомбердиевди, Жолон Мамытовду, Салижан Жигитовду жактырып, таасирленип окудум жана да окуй берем. Кожогелди Кулуевдин салыштырууларына таң каламын.

Досуң көппү касың көппү?

— Менде дос да, кас да аз. Досторум дурус эле дечи. Бирок, чыныгы досторум бир-экөө эле. Касым деп эч кимди мен кас деле санабайм, себеби мага атайын бутун тосуп, кастык кылган адамдар бирин-экин эле болгондур. Анда да кастык эмес, түшүнбөстүк болсо керек. Айтор, бул дүйнөдө эч кимдин дилинде кир калтыргым келбейт. Ишенсең биз турмушубуздан ажырашканда да бири-бирибизге катуу сөз айтпай эле эки жолго түшкөнбүз. Балким, ал да акын болгон үчүн жан дүйнөлөрүбүздүн келишпей калганын жакшы түшүнгөн болсок керек.

Турмуш кыйынчылыгын эмне кылып жеңесиң?

— Турмуш кыйынчылыгын пилдей жеңемин. Желкемдеги оордукту сезген менен, унчукпай көтөрүп жүрө берем. Ата-энем жаш каза болуп, ажырашып бир кызым менен үйдө жүргөн мен, бир туугандарым менен бирге калдым да. Ошондо абдан оор жылдар болду мага. Бирок, унчукпай көтөрүүгө туура келди. Жан дүйнө кыйынчылыгынын азабы жаман да. Бирок, сабыр кылсаң, Кудай өзү ырыскы-бак берет экен.

Акындар кимге керек деп ойлойсуң? Ырыбызды деги окуган бирөө-жарым бар дейсиңби?

— Акындар дагы жөнөкөй эле катардагы адамдарбыз. Айырмабыз эле — ыр жазганыбызда. А ырлар адамзаттын баарына керек нерсе. Себеби, ырсыз-обонсуз жашоону элестетүү кыйын болсо керек.

Мекенчилсиңби?

— Ооба. Жүрөгүмдө кайнап турган мекенчил сезимдер бар. Кыргыз дегенде жигиттердей эле намысым ойгонот. Илгери атайын идеологиянын негизинде мекенчил ырлар жазылса, биз азыр, өзүбүз жүрөгүбүздүн идеологиясы менен мекенчил ырларды жазып жатпайбызбы?

Эң укмуштуу кыялың?

— Бала кезде бир кыялым бар эле. Асмандагы, болгондо да жайкы көпкөк асмандагы булайып чыккан апапак булуттар болот эмеспи, ошол булуттардын үстүнө олтуруп алып, ырдамай. Ошол кыялым, менин турмушумдагы ыр жазып калганым болсо керек.

Маектешкен Назгүл Осмонова, “Чагылган”, 11.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий