Эне тили – улуттун уюткусу

Ар бир улут кылымдап өнүгүп келген өзүнүн улуттук дөөлөттөрүн, рух-дараметин, кайталангыс этномаданиятын ыйык катары сактап, аны өнүктүрүү үчүн өсүп келе жаткан кийинки муунду өз эне тилинде окутуп, тарбиялоосу зарыл. Анткени, эне тили жалаң эле маалымат алмашуу, сүйлөшүү каражаты эмес, ал – ата-бабалардан калган рухий жана маданий дөөлөт.

Ошондуктан адамды улуттук маданий кыртышта ар тараптан калыптандырып, өнүктүрүүчү жөрөлгөлөрдүн баары эне тилинде камтылган. Эне тили – улуттун уюткусу. Маселен, көп кылымдап түзүлүп, калыптанган улуттук дүйнө тааным, каада-салт, үрп-адат, акыл-насаат, таалим-тарбия жөрөлгөлөрү, этномаданий кубулуштар, андагы миң түркүн өзгөчөлүктөр эне тилинде айтылган жана жазылган тексттерде, элдик оозеки чыгармаларда, эпостордо, жомоктордо, уламыштарда, макал-лакаптарда, учкул сөздөрдө, көркөм ж.б. чыгармаларда ар кайсы өңүттө чагылдырылган. Аталган жөрөлгөлөр мурунку муундар тарабынан жаратылып, узак мезгил калыптандырылып, өнүктүрүлүп, улам өзгөртүлүп, толукталып отурган ыйык дөөлөттөр болуп саналат. Дал ушул дөөлөттөр биздин жан дүйнөбүздү, кулк-мүнөзүбүздү, эл, улут катары башкалардан обочолонгон өзгөчөлүктөрүбүздү жаратат, калыптандырат. Улуттун жан дүйнөсүнө жараша анын адамдарга, жан-жаратылышка, турмуш-тиричиликке болгон мамилеси, коомдук-социалдык кредосу, көз караштары, философиясы аныкталат. Ошентип, башкаларга окшобогон, уникалдуу рух-дарамет адамда эне тили аркылуу калыптанып жетилет. Бул тууралуу кыргыз элинде: “Эне сүтү денени азыктандырат, эне тили жан дүйнөнү азыктандырат” деп таасын айтылган макал бар. Бул макалда эне тилинин кадыры, наркы адам үчүн канчалык маанилүү экендиги кылдат туюндурулган.

XIX кылымда жашап өткөн, немец элинин мыкты тилчи-окумуштуусу, акын жана философ В.Гумбольдт: «Улуттун өзүнө тиешелүү, ичинен өнүккөн руху бар, ошол рухтун өзгөчөлүгүн сыртка чыгарып, сактап, урпактан-урпакка берүүчү күч – тил» деп, эне тилинин маанисин илимий негизде далилдүү, айкын белгилеген. Тил аркылуу элдин байыркы руханий байлыгын ар тараптан таанып билүүгө болот. Бул жагынан караганда да, чындыгында эле, эне тили – улуттун бүтүндөй рухун, табиятын, маданиятын, өзгөчөлүктөрүн өз ичине камтып турган ыйык дөөлөт.

Баланы эне тилинде окутуп, тарбиялабай калуу – улут үчүн чоң жоготуу. Бул маселе тууралуу этнопедагогика багытында ургалдуу илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн орус элинин мыкты окумуштууларынын бири Г.Н.Волков мындай деп туура белгилептир: “…Материнский язык – основа основ развивающейся личности. Мать, лишивщая своего ребёнка родного языка, духовно порывает с ним, что в последующем развивает в нём комплекс человеческой и этнической неполноценности. В результате деэтнизации человек, теряя лучшие черты и свойства родного народа, взамен не приобретает ничего.” Бул үзүндүдө туюндурулган ойлор көп жылдык изилдөөнүн үзүрү экени анык жана бул ойлор талашсыз чындык экенин биздин турмушубуз далилдеп койду. Ошондуктан эне тилинин адамды түзүүчү, анын жан дүйнөсүн калыптандырып, тарбиялоочу табиятын көрсөткөн ушул сыяктуу ойлор – биз үчүн чоң сабак. Эне тилине карата болгон бүгүнкүдөй кайдыгерлик, баалабастык мамиле улутубуз үчүн келечекте көптөгөн маселелерди жаратары бышык. Ошондо эне тилинде угулган ырлардын ыргак-мукамына жан дүйнөсү элеп-желеп болуп элжиребеген, өз элинин музыкасына, көркөм казынасына толкубаган, элдик каада-салтты, наркты ыйык катары санабаган ар бир кыргыз баласы улут үчүн чоң кайгы, чоң жоготуу экенин элестетүү кыйын эмес болор. Бул көрүнүш – деэтнизация саясатынын жемиши. Деэтнизация саясаты – түпкү маңызында кыргыз улутун рухий туңгуюкка кептөөчү, анын келечегине балта чабуучу жөрөлгө. Бул саясат бүгүнкү күнү “ааламдаштыруу” деген термин менен шөкөттөлүп, түз да, кыйыр да ишке ашырыла баштаганы кыргыз сыяктуу саны аз улуттар үчүн опурталдуу. Бүтүндөй улуттук өзгөчөлүктөрдү, баалуулуктарды оп тартып соруп кетип бараткан, жалпы адамзаттык ааламдашуу кубулушунан өзүбүздү, өз улутубуздун тилин, маданиятын, улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү, рухий жүзүбүздү кантип сактап кала алабыз деген маселе учурдагы өтө маанилүү маселе болуп саналат деп эсептейбиз. Албетте, мындай дүйнөлүк алааматтан жоготуусуз, түгөл чыгуу жеңил эмес. Ошондой болсо да, болочокто боло турган туташ деэтнизация көрүнүшүнө бүгүн кам көрүп, анын кыйратуучу кесепеттерин алдын алуубуз зарыл.

Бул рухий туңгуюктан чыгуунун жолу улуттук дөөлөттөргө, баалуулуктарга өзгөчө маани берип, аларды ар тараптан колдонууда жатат деп ойлойбуз. Ошондой дөөлөттөрдүн негизгилеринин бири – эне тили. Анткени эне тилинин улуттун кутун, наркын калыптандырып, өнүктүрүүчү күчкө ээ болгон өзгөчө касиети бар. Айрыкча бүгүнкү күнү ар бир кыргыз баласын кыргыз бала бакчаларында тарбиялоо, кыргыз мектептеринде окутуу, кыргыздык нукта тарбиялоо кыргыз улуту үчүн, анын келечеги үчүн абдан маанилүү. Бул көрүнүш көп кылымдар аздектелип келген, улуттук баалуулуктарыбыз сиңирилген кыргыздык маданий кыртышты сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ар кайсы кылымдарда кыргыз баласы үчүн турмушунда олуттуу маани берип, аны чечүүгө алек болгон иш багыттары болгондур. Бүгүнкү күндө кыргыздын тилин, жан дүйнөсүн, рух-касиетин сактап калуу – дал ошондой маанилүү иш багыттардын бири.

Улуттун сөөлөтү, кадыр-баркы, аброю эне тилине болгон мамиледен билинет. Анткени улуттун бүтүндөй дүйнөсү, мүмкүнчүлүктөрү, келечеги, табылгасы, наркы – анын эне тилинде. Ошондуктан эне тили – баа жеткис дөөлөт. Эне тили – улуттун уюткусу.

Турусбек Маразыков,
филология илимдеринин доктору, профессор,
«Кыргыз тили», 21.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Пикир калтыруу